Сапар кичи мекенине сапар алды
Орозо айтка үлгүрөлү деп достору Мирлан Жетигенов, Роза Шакирова, Назмини ээрчитип Сапар СОПУБЕКОВ Түштүк жергесине багыт алганы турат. Рамазан айынын жакшылык менен узашын тилеп Сапар концерт даярдыгы менен чуркап жүрөт. Эки жылдан бери баралек ата-энесинин үйүнө да токтоп, ушул жайда эле алган дөөтүсүнө бата алып келет. "Эки аяктуу келинчек алып келет десе, төрт дөңгөлөктүү "жолдош" алып келет" тура деп тамаша-чынга салган апасы чыдамсыздык менен эки жылдан бери уулун үйдө күтүүдө.


Айдиндин балкондон балкон тандаганы неси?
"Махабат - өмүр көркү" деп атап, жакында эле жаңы жаңырткан ырына клип тартуу үчүн Айдин ШЕР Бишкектен кооз, өзгөчө жасалгаланган балкон издеп, көп кабаттуу үй, мейманканаларды караштырып жүрөт. Көзүнө ылайыгы илинсе эле ушул жума клип тартууга киришет. Балкон издегенинин себеби, ырчы бир адамдын турмушуна ошол балкондон көз чаптырат. Анын сүйүүгө, үй-бүлөгө, адамдарга болгон мамилеси дал ошол балкондон бааланат.


Айжамал жамалы ашып, ашыгына шашып…
Көптөн бери борбор калаага келе элек Айжамал КАБЫЛОВА учактан түшөөрү менен фотостудияга, анан шашыла балачактан берки "ашыгы" - ыр жазуучу студияга жөнөдү. Жубайына багышталабы же ырга болгон сагынычыбы, ырчынын узак тыныгуудан кийинки эле биринчи ыры - "Ашыгым" деп аталат. Сөзүн Сейит Жээнбаев жазып берсе, обонун Сайкал сиңдиси Москвадан келери менен белек кылган. "Ырдаба" деп тыюу салгандын ордуна алыста жолдошу телефон менен Айжамалдын концерттик костюмдарына чейин санаркап турат. Күйөөбаланын мындай камкордугунан улам Айжамалдын күйөрман калкы камсанабай деле койсо болчудай.


АЙЖАН Крымдан кандай кайтты?
Быйыл Кыргызстанды "Чыгыш базары" сынагында Айжан атту жаш ырчы таанытып келди. Студент кыз адегенде Аэлита деген псевдоним менен чыгып, шоу-бизнестин ыңгайлуу сезону ачылгандан бери баары менен кеңешип, өз ысымы менен чыга турган болгон. Кичинесинен бери ырын ырдай өсүп келаткан бийкечтин бул акыркы эларалык сынагы эместир…


Дайырдан даяр тартуу
Ырчылык менен бирге окутуучулукту аркалап келаткан Дайыр ИСМАДИЯРОВ студенттик турмушун сагынганбы, "Студенттик күндөр" аталган ырын кайра жаңыртып, клубдук версиясын жаратты. Артка кылчайсак, дал ушул ырдын клиби алгач былтыркы Студенттер майрамына карата элге сунушталган. Быйыл да салтынан жанбай, remix вариантындагы ушул эле ырдын экинчи клиби студенттер күнүнө арналмакчы.


Гүлнара күбөлүк кубалай…
Мындан бир топ жыл мурун турмушка чыкканы менен "Кызбурак" катарынан калбай келаткан Гүлнара КАЛДАРОВА кайненеси менен бирге орозо кармап, ар таңда ысык тамак, ысык чайы менен ооз бекиттирип, ар кечте кайнене көңүлүн ала дасторконун жая ооз ачтырат. Кечке маал жолдошу экөө үйдү айлана машине айдап көнүгөт. Гүлнара айымга кандай күч келди десек, көптөн бери айдоочулук күбөлүк күтүп, автоунаа айдоого ашыкканы экен.


Айжан жашоосун жаңылагысы бар
Консерваториянын күндүзгү бөлүмүнө которулганы кубаты күч алгандай. Ортодо калып кеткен ишмердигин улантып, 16-25 жаштагы кыз-жигиттерге кайрадан вокалдан сабак берип жатат. Алардын ырга болгон умтулуусун көрүп, үйрөнүүгө ынтызарлыгын туюп өзү да сахнадан сахна самап турган убагы. Ырдоо сырын үйрөткөнү менен өзү алардан эргүү алып, турмушка да көзкарашы жашарып бараткандай. Ачык-айрым Айжандын бөлүшкөн сырларынан бүтүм чыгарсак, жеке, жаңы дүйнөлөрдүн эшигин ачууга, дүйнө таанымын жаңыртууга, турмуштагы баалуулуктарга көзкарашын жаңыртууга дилгир.


Эх, жаштык!
Деп белгилүү шоу-мэн Бакыт Букаев жума башында жаштыгы менен коштошуу майрамын өткөрдү. Бул күн анын туулган күнүнө туш келгендиктен, чакырылган коноктору куру келишкен жок. Мисалы, жакын досу Айчүрөк Иманалиева Букаевдин ден-соолугуна кам көрүп, "Кремль таблеткаларын" белек кылды. Ал эми Нурдөөлөт Копоев, Нена, Элмара Турсуналиева сыяктуу сахна түйшүгүн түшүнгөн курдаштары Бакыт мырзага оригиналдуу кийим-кечелерди тартуу кылышты.

Даярдаган Айым НУРЖИГИТОВА