Соболчак

Электр энергиясын үнөмдөө максатында быйыл да маал-маалы менен жарык өчмөй болду. Сиздин көз карашыңыз?

Жумакадыр Акенеев,
Коомдук палатанын мүчөсү:
- Жайында 11 млрд. куб суу топтолсо суу өчпөйт дешти эле. Ал кезде суу 6 жарым эле млрд. кубду түзүп турган. Азыр суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 млрд. кубга жетип калды. Бирок, дагы деле үнөмдөп 4-5 сааттан өчүрөбүз деп жатат. Бул кабарга биз да түшүнгөн жокпуз. Жакында коомдук палата жыйын өткөрүп, Ильяс Давыдовдун өзүн чакырабыз го. Маселенин чын-бышыгы ошондо билинет.
Болот Жанузаков,
"Кут" партиясынын жетекчиси:
- Жарыктын өчүшү экономикага таасир тийгизбей койбойт. Мындан көбүнчө тамак-аш өндүргөн жайлар чыгым тартат. Анткени, муздаткычка сактачу азыктар бар. 4-5 сааттан жарык жок болгондо алардын сапаты мөөнөтүнөн мурда начарлай баштайт. Эми жарыкты экономдоо бул аргасыздан келип чыккан маселе. Аны түшүнбөй коюуга да болбойт. Себеби, ошого жеткирип коюшкан.

Айылчы Сарыбаев,
экономист:
- Бул мыйзамдуулукка жатпаган көрүнүш. Отун, энергетика министрлиги мындайга жол бербеши керек эле. Эми суу аз деп болбогон шылтоону айтып жатат. Андан көрө жакшылап иштесе, мындай кырдаал түзүлмөк эмес.

Бегиш Ааматов,
коомдук ишмер:
- Коңшу Казакстандан жылына дүйнөлүк баа менен көмүр алабыз. Ага бюджеттен олчойгон акча сарпталат экен. Ошол эле маалда электр энергиясын дүйнөлүк баадан 20 эсе арзан кылып сыртка сатабыз. Тең салмактуулук жок. Эми көмүр бизде деле жетиштүү да. Россиядан келген кредитке темир жол куруп, Миң-Куштан алып келсек деле чөнтөккө күч келбейт болчу.

Анаш Сейитказиев,
ЖК депутаты:
- Биз алды-артыбызды карашыбыз керек да. Быйыл суу жетиштүү деп баарын агызып салдык дейли. Эмдиги жылы кургакчылык болсо кантебиз? Мындан да жаман акыбал туулганы турбайбы. Биз жайында эле өчүргүлө деп сунуш кылганбыз. Анткени, жайында электр энергия аз колдонулат эмеспи. Бирок, ага сугат иштери аксайт деп көнбөй коюшкан. Электр энергиясын үнөмдөөгө мен каршы эмесмин.

Бейшенбек Абдырасаков,
ЖК депутаты:
- Жарык такай күйүп турушу үчүн суунун көлөмү 16 млрд. куб болушу керек. Токтогул суу сактагычында азыр болгону 12 млрд. гана суу турат. Былтыр мындан да аз эмес беле. Ошон үчүн күндүр-түндүр жарык жок болуп жаткан. Быйыл эми андай болбойт. Түнкүсүн эле өчөт. Мектеп, балабакча, ооруканаларга электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип турат.

Жыпар Жекшеев,
ЮНЕСКОнун
Кыргызстандагы башчысы:
- Мен бул логикага такыр түшүнгөн жокмун. Мунун себебин атайын эксперт, экономисттер эле жакшы билсе керек. Эгер суу сактагычта суу жетиштүү болсо, эмнеге жарык өчүшү керек деген суроо мага да табышмак туудуруп жатат.
Собол узаткан
Санжи Туйтунова





Кайрадан "Мен ишенбейм"
"Мен ишенбейм" кыймылы аскер прокуратурасынын алдына нааразылык акциясын өткөрөт. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү Гүлшайыр Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди. Кыймылдын мындай кадамга баруусунун себеби, Гүлшайыр Абдирасулова жана Каныбек Сарымсаковго Улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болгон. Жаштар бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылса, алар ишти аскер прокуратурасы карай турганын билдирген. Ал эми аскер прокуратурасы "УКМК кызматкерлери мыйзам чегинде иш алпарган" деген жооп кайтарды. Кыймыл мүчөлөрү УКМК кызматкерлери тарабынан адам укуктарын бузуу жана коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын айтып, аскер прокуратурасынан түшүндүрмө талап кылышмакчы.


"Альфа Телеком" Мегакомдун жаңы кожоюну болду
Business АКИpress маалымат сайты "Мегаком" уюлдук байланыш компаниясынын кожоюндары алмашканын кабарлады. Компаниянын абоненттери менен болгон келишимдерде жаңы "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун реквизиттери көрсөтүлө баштаган жана банктык эсеп-кысаптар "АзияУниверсалБанк" банкында жүргүзүлүүдө. "Мегакомдун" мурдагы ээси "Бимоком" ЖЧКсы бул тууралуу эч кандай маалымат берген жок. Айтмакчы, былтыртан бери россиялык "Мегафон" компаниясы биздин "Мегакомго" кызыгып, "Бимокомдон" колун сурап жүргөн. Алар бери чети дегенде 300млн. доллардын четин кыйытып келишкен.


Балмуздактардан ичеги митеси табылды
Кыргызстандагы белгилүү балмуздактардан ичеги митеси табылды. "Московский комсомолец" гезитинин журналисттери атайын адистер менен биргеликте балмуздак чыгаруучу "Умут и Ко" ("Super пломбир"), "Ice Queen" ("999"), "Шин-Лайн" ("Super семейка") "МК-Кыргызстан" маркаларына көз карандысыз экспертиза жүргүзүшкөн. Аталган гезиттин редактору Улугбек Бабакуловдун айтымында, текшерилген маркалар микробиологиялык көрсөткүчтөр боюнча стандарттарга туура келбегени аз келгенсип, үч марканын экөөндө ичеги митеси табылган.


Акаев китепканадан "ажырады"
"Кыргызстандын тунгуч президентинин китепканасы" коомдук кору мамлекетке өттү. Бул чечим Жогорку Сот тарбынан кабыл алынган. Аталган кор жетекчиси Санаткүл Жамакеева "Имарат экс-президент Аскар Акаевдин жеке менчиги эмес болчу. Бишкек райондор аралык соту менен Жогорку Сот бул чечимди Акүй тапшырмасы менен аткарды" деп нааразы пикирин билдирди.


Күйүүчү май кымбаттайт
Кыргызстанда акыркы үч айда күйүүчү май дээрлик 10 сомго кымбаттады. Ал ортодо Казакстан да сыртка күйүүчү май экспорттоого тыюу салды. Бирок, коңшулардын бул чечими Кыргызстандагы мунай базарына таасирин тийгизе албастыгын "ГазПромНефтьАзия" басма сөз катчысы Ольга Волосатых "Азаттыкка" билдирди. Ошол эле Ольга айым бизге күйүүчү май Россиянын Омск мунай заводундагы бааларга көз каранды экенин жана прогноздорго караганда баалар сентябрь айында дагы көтөрүлөрүн кабарлады.


Аксыда
катуу сел жүрдү
Райондун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө жааган мөндүр аралашкан катуу нөшөрдүн кесепетинен 7-сентябрь күнү кечке жуук Улук, Токтогул жана Семет айылдарында жүргөн сел жашылча-жемиш, айыл чарба эгиндерине зыян келтирген. Сууга аккан жандыктардан сырткары, 99 гектар аянттагы эгин менен бак-дарактар зыян тарткан. Бактыга жараша, кишилер менен турак-жайлар жабыр тарткан эмес. Облустун Токтогул районунда 8-сентябрда ылдамдыгы секундуна 24-28, 30-34 метр болгон катуу шамал жүргөн. Азырынча анын районго кандай зыян келтиргени тууралуу маалыматтар жок.


БЭК төрагасы А.Атамбаев

Бириккен элдик кыймыл бир партияга айланууга аракет кылууда. Оппозициялык топ кечээ жыйын өткөрүп, кыймылдын жобосуна бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу БЭК штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, жобого "оппозиция күчтөрүн бир партияга бириктирүүгө жана кеңейтүүгө багыт алуу" деген жаңы пункт пайда болду. Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлмөй болду. Ага бардык оппозициялык партиялардан өкүлдөр кирет. Саясый бюро төрагасы Бириккен элдик кыймылдын төрагасы деп эсептелет деген чечим кабыл алынган. Бул ирет саясый бюро төрагасы болуп Алмазбек Атамбаев кайра шайланды. Ошону менен катар эле БЭК жобосу "жаштар, жергиликтүү жамааттар боюнча иштеген атайын аналитиктер болот" деген дагы бир жаңы жобо менен толукталды. Азимбек Бекназаровдун айтымында, эми мындай жыйындар такай өтүп, анда коомдогу орчундуу маселелер талкууланып турат. "Жобого дагы бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Аларды кийинкиге калтырдык", - дейт Бекназаров.
P.S. Бирок, буга чейин айтыла келген жаңы оппозиция жакында баш көтөрөрү, анан эски оппозицияга атаандаш болуп оппозициялык жарыш, күрөш күчөгөнү калды окшойт. Айтор эрикпейт экенбиз.


Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акунга
атасынын
дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
"Учур" жамааты