Миллионерден бизнес сабак

Мухтар ӨМҮРАКУНОВ, бизнесмен:
"Мага жамандык кылгандарды аячу болдум"
Ушинтип көөп баштаганда, ишиң артка кетип баштайт экен. Меники дагы ушундай болду. Мурдагыдай иштебей, жумушумду дагы кыйратпай калдым. Соода менен бир банкрот болдум, ушундан баштап ишим артка кетип баштады, карызга батып калдым.

- Муктар мырза, ийгиликтүү бизнесмен катары айтсаңыз, бизнес башташ үчүн эң алгач эмне керек?
- Биринчиден каалоо керек. Ийгиликтүү бизнесмендер адатта ишти чын көңүлү менен каалап баштагандар болуп саналат.
- Идея менен капитал кереги жокпу?
- Биринчи каалоо болуп турса, андан кийин кандай бизнес кылсам деп идея издеп баштайсың. Көпчүлүк учурда тобокелге баруу керек. "Тобокел кылса боло берет экен" деген пикир дагы туура эмес. Салмактап чыккан соң, тобокелге барыш керек. Мына ошондо канча капитал керек экендиги көрүнөт.
- Сиз кандайча баштап калдыңыз эле?
- Студент кезде жолдошторубуз менен аракет кылып, акчабыз жогунан эле болбой калган. Каалообуз дагы, бизнес-долбоорубуз дагы бар болчу. Азыр эми карап көрсөм, тажрыйбабыздын жоктугунан эле болбой калса керек. Башкача жолдор менен деле чечсек болмок экен. Институтту бүткөндөн кийин ошол жакка мугалим болуп бир аз убакыт иштедим. Мугалимдик кесип мен үчүн эмес экенин түшүндүм. Ал учурда союз тарап, аябай кыйын кез болчу. Апам, бир туугандарым менен чогуу кийим тигүү бизнесин баштаганбыз. Ошондо 2 миң сомум бар эле. Үйдө 2 кийим тигүүчү машинка бар болчу. Бир оверлог, калган акчага кездеме сатып алганбыз. Албетте, бир туугандарыбыз менен, келинчектерибиз менен күн-түн дебей аябай катуу иштедик. Анан бара-бара чоңойтуп, улантып кеттик.
- Студент кезиңиздеги идеяңыз тигүү цехин ачуу беле, же башкабы?
- Ал деле ошого жакын болчу. Союз мезгилинде бардык нерселер эле дефицит эмес беле. Жакшы кийим деле, жакшы тамак деле. Аларды алуу үчүн кезекке турушуң керек. Анан студенттерге папка жетишчү эмес. Балдар менен сүйлөштүк дагы студенттерди папка менен камсыз кылмай болгонбуз. Булгаары заводуна барып технологиясын үйрөнүп келгенбиз. Алар бүт баарын көрсөтүп берип, кала берсе, бир жабдыгын дагы сатмакка макул болушкан. Азыр эле коммерциялык сыр деп эч ким эч кимге үйрөтпөйт. Бир айландырууга акча болгондо эле ушул ишибиз оңунан чыгып кетмек.
- "Ошол кезде каражат дагы тапсак болмок экен" деп айтып өттүңүз. Азыр идеясы бар, бирок, акчасы жок болуп жүргөндөргө кандай кеңеш бересиз?
- Каражатты банктан алса болот, банктан алуу үчүн залогго бир нерсе коюу керек. Инвесторлорду тартса болот, ал үчүн залог койбойсуң. Фирмага каражаты бар адамдарды учредитель кылып кошо киргизсе болот. Ал үчүн долбооруң аябай бышып, ийне-жибине чейин эсептелген болушу керек. Себеби, адамды ишендире алышың керек да. Долбооруңду көргөндө кайсы инвестор болсо дагы ынангандай болушу абзел. Дагы бир маанилүү нерсе - бул сенин репутацияң. Акча каражаты бар киши ал деле жөн киши болбойт, каражат берерден мурда сөзсүз түрдө сенин артыңдан текшерет. Бирөөлөрдү алдаган эмеспи, кандай киши деп.
- Бизнесменде кандай сапаттар болушу шарт?
- Орой айтканда, биринчиден, көк болуш керек. Айтканынан кайтпай "максатыма баары бир жетем" деген адам болушу керек. Анткени, бизнесте жасаган иштин баардыгы эле киреше алып келе бербейт. Андан кийин сөзсүз өзгөчө ой жүгүртө алган адам болушу зарыл. Башка кесиптеги адамдар көрбөгөн, билбеген нерсени сезип туруш керек да.
- Битир болуу керекпи?
- Битир болбош керек, бирок саресеп болуу зарыл. Бизнесте эсеп болушу шарт. Акча жакшы айланып туруп, иш жакшы жүрүп атып эле жыйынтыгына келсең, киреше түшпөй калган учурлар болот. Ошон үчүн тактык керек. Битирдик бизнесменге кереги жок. Битир деген сараң деген сөз да. Ишкердин колу ачык болбосо иш жүрбөйт.
- Анда март болушу зарылбы?
- Март болуш керек, чоң бизнесмендер сөзсүз түрдө кайрымдуулук кылышы зарыл. Меценат болгон туура. "Менде гана болсун" деген адамдар чоң бизнесмен боло албайт. Бул жаратылыштын бир закону да.
- Сизден акча сурап кайрылышабы?
- Мен алдын-ала кимге береримди, кимге бербесимди билем да. Кээ бирлерге чын жүрөгүмдөн өзүм бергим келет. Себеби, ал мага, элге, Кудайга жаккан ишти кылып аткан болот. Же чын эле муктаж болуп аткандарга бергим келет. Кээде дени сак, иштесе акча табууга мүмкүнчүлүгү бар туруп, тек гана пайда көрүп алгысы келген бекерпоздор болот. Мен аларга бербесимди билем. Бирок, таарынтпай кантип баш тартсам деп аябай кыйналам.
- Бизнесмендин таржымалында банкрот деген нерсе сөзсүз жолугат дейт. Сиз дагы мындайдан куру эместирсиз?
- Албетте, болгон. Банкрот болгондо дагы аябай катуу болгом. Жанагы студент кездеги максат менен кийинчерээк тигүү бизнесин баштагандын ортосунда дагы бир чоң окуя болгон да. Бизнести мен аябай эле жаш кезимден баштагам. 26 жашта экенмин. Жаңы менчиктештирүү башталып аткан. Бир сынакка катышып, чоң дүкөн утуп алдым. Оңой эле кредит алып алдым. Оңой эле акчалар түшүп баштады. Автобустарды алдым. Ошентип баштаганда өмүр бою эле ушундай боло берет деген адамда бир ишеним пайда болуп калат да. Мен бир укмуш экенмин деп. Бул абдан жаман нерсе экен. Адам өзүн жөн адам эмес, супер адамдай сезип баштайт. Ушинтип көөп баштаганда, ишиң артка кетип баштайт экен. Меники дагы ушундай болду. Мурдагыдай иштебей, жумушумду дагы кыйратпай калдым. Соода менен бир банкрот болдум, ушундан баштап ишим артка кетип баштады, карызга батып калдым. Ошондо беш жылга жакын мен эле эмес, бир туугандарым дагы абдан кыйналган. Ушул банкроттон кийин жанагы 2 миң сом менен баштаганмын. Чыныгы эмгек кылган адамга акыбети сөзсүз кайтат экен көрсө. Күн-түн иштедик, ошол эмгектин үзүрү азыркыга чейин келатат. Ал эми мурдагысы болсо канчалык тез келсе, ошончолук бат кетти. Ошол кыйынчылыкты башыбыздан өткөргөнүнө Аллага шүгүр дейм да, анткени адам чоң сыноодон өтүп, көп нерсенин баркын билет экен. Биринчиден, адамдардын ичинен кимиси кандай экенин ажырата билүүнү үйрөнөт тура. Акчаң, байлыгың болуп турганда жаныңда кимдер жүрөт, жок калганда кимдер болот, адамдар талданат экен. Муктаж адам деген ким экенин мен билем азыр. Себеби, мен өзүм ушул абалда болгом. Бул мен үчүн чоң сабак болду.
- Азыр байлыгыңызга карап эле сиз менен дос болгусу келгендер барбы?
- Эгер мен адам менен жакшы мамиле кылсам, ал жөнүндө жаман ойлогум келбейт. Адамды кандайдыр бир деңгээлде идеалдаштырып алат экенмин да. Көрсө, андай адамдар болот экен. Акыркы бир-эки жылда көзүм ачыла баштады. Жанымда жүргөндөр туура эмес иш кылганын көрүп атам. Көңүл калуу деген жаман да. Бирок, бирөөгө ишенген сапатымды жоготпогонго аракеттенем. Анткени, эч кимге ишенбей калсаң дагы болбойт, анда кантип жашап, ким менен дос болосуң?
- Туура эмес иш кылганда өзүңүзгө каршы чыгып жатышабы?
- Каршы чыккандар деле болот. Мисалы, өзүм бизнести үйрөтүп тарбиялаган балдар өзүмө атаандаш болуп, бут тоскон учурлар болот. Же болбосо, бирөөгө ишенип бир орунга коюп койсом, ал өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып кеткен учурлар болот. Жамандык санап. Кийинки кезде мындай адамдарды жаман көрбөй аячу болдум. Мен байкабай эле жүрө берет экенмин, алар мени алдап атканына күнөөкөр болуп, кысылып жүрүшөт экен. Кээ бирине айтам "ачык эле айтсаң деле бермекмин да" деп.
- Акчаны кантип сактайсыз?
- Менде колумда эч качан акча деле болбойт. Канча акча болсо деле дароо бизнеске салып турам. Акча ар дайым айланып турат десек болот. Кээде чөнтөгүмдө миң сом деле жок болуп калат. Жубайым кээде "өзүңдөн аяп жумушка саласың" деп капа болуп калат.
- Суммасын айтпасаңыз деле канча акчаңыз бар экенин так билесизби? Же адам өтө байып кеткенде канча акчасы бар экенин билбей калабы?
- Билбей калгандар болсо болгондур, бирок мен андайды кездештире элекмин. Эсепсиз бизнес болбойт да. Мен канча акчам бар экенин билем.
- Бизнесте достук болушу мүмкүнбү?
- Мындай түшүнүктөр пайда болгондон бери эле карама-каршы келаткан нерселер. Бизнесте бир эле учурда дос дагы болуп, өнөктөш дагы болуу өтө кыйын. Себеби, бизнестин табияты ушундай, сөзсүз түрдө өйдө-ылдый болот. Мисалы, экөөбүз өнөктөш болуп, ортодо 100 сом акчабыз бар болсо, "кел, бул ишке салалы" деп мен бир долбоорго салдырам да, анан иштин жыйынтыгы жакшы болбой калса, таарынычтар көп болуп калышы ыктымал. Достор менен бизнес кылып, бирок жумушта достукту аралаштырбай коюу - бул абдан оор нерсе. Экөөнү аралаштырбай кое алган алган адамдар азаматтар десек болот. Себеби, бизнестин артынан далай достордон айрылган учурлар болду. Бара-бара тажрыйба алдымбы, азыр чогуу иштешкен досторум бар. Алар менен ачык сүйлөшүп алып иштейбиз.
- Бизнес менен саясатты аралаштырууга мүмкүнбү?
- Бир чети мүмкүн, бир чети мүмкүн эмес. Финансың болмоюн саясат жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Мүмкүн эмес дегеним саясатчынын бизнеси - бул анын баласы, эң чабал жери. Бизде гана эмес, дүйнө жүзүндө ошондой.
- Бизнес жагынан кысып коюшу мүмкүнбү?
- Бул дүйнө жүзүндөгү практика да. Болуп келген нерсе, мындан ары дагы боло бермекчи.
- Бизнесиңизге кимди мураскер кылууну ойлонгонсузбу?
- Албетте, менин бала-чакаларым менин мураскерлерим. Бирок, мен алардын баарын бизнесмен кылайын деген оюм жок. Өздөрү каалаган кесипти тандап алышсын.
- Чет өлкөдө мураскерлеринин тизмесин жазып коет эмеспи, сиз дагы жазып койгон эмессизби?
- Кудай сактасын эми, баары Алланын колунда. Анан качандыр бир кезде жазып- тайып көз жумуп кетсек, менин бала-чакам ыр-чыры жок эле жакшынакай эле оокат кылып кетээрине көзүм жетет.
Дилбар АЛИМОВА