email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



  Чакталаш

Президент мураскерин аныктайбы?
Мурдагы күнү Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча президент сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан Конституциялык Сотко жөнөтүлдү. Конституциялык соттун корутундусу келгенден кийин бул маселе Жогорку Кеңеште талкууга алынмакчы. Айрым депутаттардын айтымында, буга бери дегенде үч ай кетет.

Ушул жылдын октябрь айынын аягында президент Бакиев реформа жасаш үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керектигин жарыялаган эле. Ага ылайык, Президенттик администрация, Мамлекеттик катчы, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматтары жоюлуп, алардын ордуна Президенттик институт түзүлгөн. Бул институттун курамына Президенттик аппарат, Катчылык, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик, Коопсуздук жана коргонуу боюнча мамлекеттик кеңешчи, Мамлекеттик тышкы иштер министри киргизилген. Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн долбоордо бул өзгөрүүлөрдү Конституцияга ылайыктоо сунушу айтылган. Президенттин жаңы долбооруна ылайык, эгерде президент өзүнүн милдетин аткара албай, же дүйнөдөн кайтып кетсе, президенттин милдетин аткаруучуну Президенттик кеңешме аныктайт деп көрсөтүлгөн. Ал эми азыркы Конституция боюнча президент өз милдетин аткара албай калса, автоматтык түрдө Жогорку Кеңештин төрагасы, же ал болбосо Өкмөт башчы аткарышы керек.
"Президенттин милдетин аткаруучуну Президенттик кеңешме аныктайт" деген демилгени ар кандай жоромолдошуп, президент өз мураскерин аныктоого өттү дешүүдө. Мындай шартта, президенттин уулу Максим Бакиевди көрсөтөт дейин десең, анын жашы президенттикке талапкер болууга жете элек, анын үстүнө кыргыз тилин дагы билбейт. Бул шарттарды тепселеген бойдон баласын алып чыкса, анда эл көтөрүлүп чыгары турган иш. Бул вариантты жокко чыгара турган болсок, анда мураскер Президенттик кеңешмеге мүчө болгондордун арасынан чыгышы мүмкүн. Кеңешменин ичинен азырынча ким чыгары бүдөмүк.
Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн парламенттеги 90 депутаттын 61и сөзсүз түрдө макулдугун бериши керек. Эгерде ушул ирет да Конституцияга өзгөртүү киргизилсе, Баш мыйзам сегизинчи жолу жаңыртылмакчы.
"Учур"-пресс