Үмүт үзүлбөй

Бийликтин ээнбаштыгына каршы турабыз
"Эл арманы" партиясынын Саясый кеңешинин
БИЛДИРҮҮСҮ

СССРдин кыйрашы менен кыргыздар улут катары өз тарыхында биринчи жолу иш жүзүндө өз алдынча болуу укугун алышты. Бизде улуттук кайра жаралууга нукура мүмкүнчүлүк пайда болду. Замандаштардын алдында эми түпкү жана кечиктирилгис милдеттер: мамлекеттүүлүктү ар тараптан чыңдоо, өлкөнүн аймагынын бүтүндүгүн жана элибиздин биримдигин сактоо турду. Мамлекеттик көз карандысыздыктын жаңы шарттарында өз рыногубузду тыштан көз карандылылыктан ырааттуулук менен арылтуу үчүн өзүбүздүн эгемен экономиканы түптөө талап кылынды. Мамлекет жана улут катары өз алдынча аныкталуунун колубузга тийген укугу элдин жеткилеңдигинин өзүнчө бир сыноосу болуп калды.
Бирок, көз карандысыздыктан бери 18 жыл өтсө да, өз алдыбызча жашап кетүүгө даяр эместигибизди белгилөөгө мажбурбуз. Колго тийген эркиндиктин жана романтизмдин азгырык-эргүүсү коомдун өнүгүшүнө дем бергендин ордуна, тескерисинче, тоскоол болуп калганын да моюнга алуу керек. Бирок, мамлекеттин жогорку жетекчилигинин иш билбегендиги өлкөдөгү жалпы төмөндөөнүн башкы себеби болууда. Жалпы эл шайлаган президенттер иш жүзүндө мамлекеттик ишмерлер эмес эле кадимки көрпенделер болуп чыга келишти, анткени, алар өзүлөрүнүн жеке жана үйбүлө кызыкчылыктарын мамлекеттин таламдарынан алда канча бийик коюшуп, бийликтин, жалган ата-даңктын жана акчанын барымтасында калышты. Мамлекеттик курулуш маселелеринде айкын максаттары жок болгондуктан, бийлик советтик мезгилден мураска калган эбегейсиз зор байлыкты акылсыздык менен коротуп салышты. Мамлекеттик менчик улуттук саясаттын эң ыплас кейпин кийип, бүткүл бийлик шатысына жем болду. Акыр аягында мындай менчиктештирүүдөн мамлекеттин казынасы толуп кеткен жок. Тескерсинче, биз тышкы каржы институттарынын барымтасында калып, тышкы карызыбыз азыр 2,5 миллиард долларга жетти.
Кыргызстан бүгүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардыгында мурдагы советтик мейкиндикте акыркы орунга түштү. Мунун айынан карапайым элдин жашоо-тиричилигинин сапаты уламдан-улам начарлоодо. Болгон бардык кризистер, керектөө товарларына баанын өсүп кетиши, жапырт жумушсуз калган миңдеген адамдардын мындан ары жашап кетишин кооптуу абалга алып келди. Чындыгында өлкө Россиянын, Кытайдын, Казакстандын экономикалык артыкчылыктарына байланып, өнөр жай жана айыл чарба өнүмдөрүнүн дээрлик бүткүл бардыгын алардан сатып алууда. Мында жумуш күчүн тышка сатып чыгаруу карапайым калктын кирешесинин негизги булагына айланды. Мындай мажирөө саясат, албетте, кимдир бирөөлөрдүн жеке керт башынын кызыкчылыгында ишке ашырылууда. Мыйзамсыз киреше алуу бийликтин жашоо маңызына жана мүдөөсүнө айланды. Кыргызстан туруксуз саясый жана экономикалык начар республика катары таанылып калды. Ал эми коррупциянын, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо деңгээли боюнча өлкөбүз азыр дүйнөлүк баамдоодо акыркылардан болуп саналат.
Бийлик өз элинин гана эмес, ошондой эле жакынкы кошуналардын көзүнчө да ишенимден кетти. Эл аралык укуктун бардык чен-өлчөмдөрүн тебелөө менен бизге чектеш мамлекеттер Кыргызстандын эгемендигин жана көз карандысыздыгын эске албастан, талаш маселелерди өз пайдасына бир беткей чечип алышууда. Кээде бизге карата ачык эле күч колдонуп зордогон учурларга жол берилүүдө. Мунун баары кунарсыз жүдөңкү тышкы саясаттын жана бийлик органдарынын тиийштүү чечимдеринин жоктугунун айынан болууда. Коркунучтуу көрүнүштөргө карата алардын жоопкерсиздиги Кыргызстандын аймагынын бүтүндүгүнө жана элинин биримдигине коркунуч келтирүүдө.
Ички жана тышкы саясаттагы көзгө көрүнүп турган орой каталарга карабастан, бийлик өзүнүн жөндөмсүздүгүн мойнуна алгысы жок. Анын ордуна ал өлкөнү чексиз жана көзөмөлсүз башкарууга ниеттенгенин эч жашырбай калды. Жогорку Кеңеште "Ак жол" партиясынын желеги астына жогорудан таңууланган көрсөтмөлөрдү кыңк этпестен аткаруучулар чогулушкан. Конституциялык сот, Борбордук шайлоо комиссиясы бийликтин кол алдындагы аспаптарына жана саясый туруктуулукту негизги бузгучтурга айланды. Соңку шайлоолор муну дагы бир ирет ырастап, ал шайлоолордо жогоруда аталган органдардын жардамы менен чындыгында президент бүткүл бийликти мыйзамсыз тартып алды. Ошентип, бийлик бутактарынын ортосунда өз ара машташуунун жана уюшкан коопсуздуктун ырайы суук системасы түзүлдү. Ошонун аркасында эми демократия чынында башкаруунун борбордошкон катаал системасына негизделген автократияны жашырган бет парда болуп калды. Мындайча айтканда, бийлик кой терисин жамынган бөрүгө айланды десек болот. Мурдагы тескеп-нускаган режим эскинин саркындысына окшоп, кайрадан турмушубузга кайтып келгендей. Кадр саясаты мааниси жагынан бурмаланып, коомго жат мүнөзгө ээ болду. Бирин-бири жең ичинен ымалашуунун, жердешчиликтин, тууганчылыктын кеңири жайылышы кадрлардын кесипкөйлүгүнүн төмөндөшүнө жана ыймансыздыгына алып келди. Башкаруу жана укук сактоо маданияты төмөн түштү. Президенттин жанындагы жан-жөкөрлөрдөн башталган коррупция мамлекеттин жашоо-тиричилигинин бардык жактарын өрдөп кетти. Коомчулук бийликтин ишмердигин көзөмөлдөй албай, ал эми бийлик болсо турмуш көйгөйлөрүнөн таптакыр четтеп кеткен жалган маалымат мейкиндигин зордоп таңуулоодо. Өлкөдөгү чын абалды калыс жана тайманбай чагылдырган журналисттер зордук-зомбулукка дуушар болуп, кээде күч колдонгон жазалоонун курмандыгына айланууда.
Бирок, ошол эле учурда мындай жосунсуз жоруктардын бардыгы калайык-калктын көз алдында жасалып жатса да, эл кейип-кепчимиш болуп, баш чайкагандан башкага жарабай, кандайдыр бир укмушту күтүп, турмуш өзүнөн-өзү оңолуп кетчүдөй сезимге жетеленип калганын да моюнга алуу керек. Чыгыш элдеринде салт катары кадырланып, урматталып келген аксакалдар жана билимдүү адамдардын көпчүлүгү оппортунисттерге айланып, бийлик алдында бөйпөңдөп жагынып, анан кайра алардын артынан түкүрүмүш этишет.
Өткөн жылдарда өлкөдө аракеттенип келген оппозициячыл күчтөр идеялык жактан бириге албай, жетекчилери болсо эл алдында миң кубулуп, керт башынын же кууш ой-мүдөөлөрүн көздөп калышканы аларды эл ишениминен ажыратты. Бул соңку президенттик шайлоодо өзгөчө айгинеленди.
Иштердин азыркыдай абалында биздин өлкөнүн келечеги жок. Кыргызстандын эли өз мамлекети жана анын келечеги үчүн бүткүл жоопкерчиликти өзүнө алаарын түшүнүүгө мезгил жетти. Улуттун өзү мамлекеттин көз карандысыздыгынын анык маанисин жана накта маңызын чындап түшүнмөйүнчө, же болбосо өз жерибизде конок сыяктуу жашап, байкуштай болуп жүрө берсек, кургуйга кулай беребиз жана мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калышыбыз толук ыктымал. Адалдык жансыз болсо, жамандык дайым үстөмдүк кыла берет.
Ошондуктан, өлкөдөгү саясый жана ыймандуулук жагынан бузулууну чечкиндүү токтотуу зарылдыгы келип чыгууда. Анткени, бизди ныгырып, бутубузга тургузбай жаткан социалдык-экономикалык оор кырдаал дал ушуга тике байланышкан. Бийликтин ээнбаштыгына, зомбулугуна жигердүү жарандык демилге гана каршы тура алат. Биз дагы. Ушундай кедергилерди, бузуктарды жеңип чыгуу замандаштардын эң маанилүү милдети жана улуттук кайра жаралуунун зарыл шарты болуп саналат.
Ушундай бийик максаттарды көздөө менен биз "Эл арманы" ("Чаяния народа") саясый партиясын түзүүдөбүз. Конституциялык укуктан пайдалануу менен партия биздин өлкөнүн жарандарында өз мамлекетине жекече тагдырлаш болуу сезимин калыптандырып, аларды өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, бардык жерлерде адилет турмуш орнотууга чакырмакчы. Мында кеп бузук жолдон чыгуу, өлкөбүздү үзгүлтүксүз кризистен жана басмырланган абалдан биргелешип алып чыгуу үчүн маданий-атуулдук революциянын зарылдыгы тууралуу жүрүп жатат.

"Эл арманы" саясый
партиясынын теңтөрагалары
Мирослав Ниязов, Касым Исаев

P.S. КР "Саясый партиялар жөнүндө" Мыйзамынын негизинде конституциялык укугубуздан пайдаланып, 5 ай мурун демилгечи-жарандар тобу "Эл арманы" саясый партиясын түзгөнбүз. Ушул убакыттын ичинде КР юстиция министрлиги ар кайсы шылтоолор менен "партияны мамлекеттик каттоодон баш тартылсын" деген 7 жолу буйругун токуду. Министрликтин кээ бир талаптары мыйзамдуулукка гана эмес, турмуштук логикага да жатпайт.
Ар бир жолу айтылган талаптарды аткарып, мурда эле каралып жана жаратылып келген документтерди кайра тапшырсак, 10-15 күн биз менен ачык сүйлөшүп бирге талкуулашпай, жашырылган жаңы талаптары менен юстиция министрлиги кезектеги терс буйругун чыгарып таштайт.
Өз жарандарынан корккон бийликтин биздин партияны мамлекеттик каттоодон өткөрбөө тууралуу берген катуу тапшырмасы юстиция министрлигинин кызматкерлеринин жүрүш-туруштарынан эле көрүнүп турат. Бечара "адилет" министрлиги Конституциянын, башка мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө иши жок эле, бийлик кызыкчылыгынын тапшырмасын гана аткарып калгандай.
Баягы эле документтерде "табылган" жаңы талаптарын аткарып, 4-декабрда 8-жолу кайра кароого тапшырдык. Биз каттоодон өтүүгө чексиз жолу барууга даярбыз деп чечкенбиз. Анткени, биздин партия тийиштүү мыйзамдардын талаптарынын толук негизинде де-факто түзүлгөн, жетектөөчү органдарынын курамы де-юре шайланып, чечим документтери КР юстиция министрлигине расмий түрдө тапшырылган. Министрлик токуган бир нече буйруктарда мыйзам талаптары аткарылбады деген эскертүүлөр болгон эмес.
Мындай айласыз амалдары менен КР юстиция министрлиги тарабынан "Саясый партиялар жөнүндө" Мыйзамдын 12-беренесиндеги мамлекет саясый партиялардын укуктары, мыйзамдык кызыкчылыктары сакталууга жана Конституциянын, башка мыйзамдардын негизинде алардын ишине бирдей шарт түзүүгө кепилдик болот, мамлекеттик органдардын жана алардын жооптуу кызматкерлеринин саясый партиялардын ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербейт деп айтылган талаптары одоно бузулуп жаткандыгы.
Жакында ЖКнын жумушчу тобунун текшерүү иштеринин натыйжалары боюнча депутат Д.Молдошева, этика жана регламент боюнча парламент комитетинин төрайымы Ш.Садыбакасова КР юстиция министрлигинин иштеринде мыйзам бузуулар болбогондугу жөнүндө маалыматтарды айтып чыгышты. Бир нече айдан бери айтылып келген (гезит беттеринде да) бир гана биздин маселе боюнча министрликтин мыйзам бузуу фактылары эмнени билдирет? Элде "карга карганын көзүн чукубайт" деп айтылат го. Анан дагы бүгүнкү үйбүлөлүк бийликтин өзүн карабай, "көзүн" гана караган Кыргыз Эл Баатыры, хирург-академик М. Мамакеевге окшогондор азыркы парламент сөрөйдө да толтура окшойт.
Касым Исаев