Мужиктөр

Мелис ТУРГАНБАЕВ, экс-опер:
"Арак ичкенде жиниме тийсе, мушташа кетем"
- Сиздин үйүңүздө кимдин айтканы закон?
- Албетте, менин айтканым да. Анан аял киши кожоюн болмок беле?
- Болсо эмне болот?
- Аялдын өзүнүн орду болуш керек да. Үй-оокат, бала-бакыра деген бар. Ошол эле учурда эркектин дагы өз милдеттери бар. Үйбүлөнү эч нерседен кем кылбай багыш керек.
- Аялыңыздын пикири менен эсептешпейт турбайсызбы анда?
- Үйбүлөлүк кеңештерде, албетте, анын деле пикирлерин угам.
- Кайсы сапатыңыз менен сыймыктанасыз?
- Азыр эркектердин арасында бири-бирин сатып кеткендер толтура. Мен эч качан бирөөнү саткан эмесмин. Кичине кезимден ушундай тарбия көргөм. Мага адамдар канчалык жамандык кылган сайын, мен ошончолук жакшылыгымды аябайм.
- Тескерисинче, кайсы саптыңыз жакпайт?
- Өтө эле ишенчээкмин. Элдин баарын эле өзүмдөй көрө берген жагым бар.
- Кырс мүнөздүүдөй экенсиз...
- Жок, мени көптөр ушинтип айтышат. Тескерисинче, ак көңүл, боорукермин.
- Эркектерге тийиштүү кайсы жумуштарды берилип аткарасыз? Мисалы, дыйканчылыкка кандайсыз?
- Бала кезде, албетте, айылда бардык эле жумуштарды жасадык. Дыйканчылык дагы кылдык. Бирок, азыр шаарда каяктагы дыйканчылык?
- Устачылыкты билесизби? Мисалы, үй салгансызбы?
- Устачылыкка дагы жокмун. Бирок, үй салдыргам. Өзүм мык кагып көргөн эмесмин.
- Мал союп, устукандап жиликтегендичи?
- Кыргыздар чоңойгон эркек баласына төрт нерсени үйрөткөн. Кой сойгонду, устукандаганды, эт бышырганды, баш бузганды билиш керек. Мисалы, биздин Нарында башты кичүүгө берет. Ушул төрт нерсени билбесең эмнең кыргыз? Мен бул төртөөнү тең билем. Бул жагынан чебермин.
- Бош учурда үйдө эмне менен алек болосуз?
- Бош учурда үйдө деле болбойм. Эртеден кечке эле спорт менен машыгам. Күрөш федерациясынын башчысымын да. Келип, балдар менен күрөшөм. Машыгам. Күн сайын эртең менен 2 километр аралыкта сууга сүзөм. Чуркайм. Кызматта жүргөндө деле эртең менен саат сегизге чейин чуркагандан кийин жумушка келчүмүн. Азыр бопбошмун да.
- Ичимдикке кандайсыз?
- Ичимдиктен аз-аздан арак эле ичип коюп жүрөм. Бирок акыркы кезде аны деле азайтып калдым. 22 жашыма чейин спирт ичимдигин бир дагы жолу оозума алып көргөн эмесмин.
- Мас болгондо кандай мас болосуз?
- Арак ичип алганда жиниме тийсе мушташа кетем.
- Эркектерде мушташкан мыйзам ченемдүү эле көрүнүш турбайбы. Сиз акыркы жолу качан мушташкансыз?
- Акыркы жолу мушташканым деле эсимде жок. Бирөө келип эле жиниңе тийип, "кой" десең болбой, койкоңдоп өзү тийишип атса...
- Мурдун жара чабасыз да, ээ?
- Жо-ок, мурдун жара чаппайм. Биз көгала кылбайбыз да. Колун акырын кайырып...
- Тактикасын билет турбайсызбы?
- Ии. Мен эми 17 жыл профессионалдык спортто жүрүп, күрөштүн бардык түрүн көрдүм да. Акырын эле колун кайырып эсине келтирип коесуң. Бирок, мага көп деле тийишпейт, анткени, Кыргызстанда баары эле мени тааныйт. "Муну менен эмне кылабыз мушташып" дейт да.
- Аялыңызга кол көтөргөн учурлар болобу?
- Аялга кол көтөрмөк белем? Аялын сабагандык эркектердин алсыздыгы деп билем. Андай күчтүү болсо, күчүн эркектер менен мушташып көрсөтсүн.
- Жубайыңыздын көзүнө чөп салган учур болгонбу?
- Ал нерсе өзүмдүн ичимде эле калганы жакшы. Эркек болгондон кийин эмнелер гана болбойт...
- Сулуу кыздарды көргөндө эркектер кыя өтө албай калат экен. Сиз дагы ошондойсузбу?
- Жаш кезекте далай эле тийишчүмүн. Азыр эми элүүгө чыгып калып, жаш кыздарга кантип тийишем? Уят го. Жашым жол бербей калды.
- Тескерисинче, кыздар сизге тийишип калган учурлар болобу?
- Тамашалап тийишип калат.
- Ошол учурда жубайыңыз кызганабы?
- Эмнеге кызганмак эле?
- Кызматка келгенде, же байлык топтогондо эркектер төшөк жаңыртууну ойлоп баштайт экен. Сиздин канча аялыңыз бар?
- Менин бир эле аялым бар. Төшөк жаңыртайын деген ой менде болгон эмес, болбойт дагы.
- Стресстен кантип чыгасыз?
- Мен эч качан стресс болгон эмесмин. Бардык нерселерди токтоолук менен кабыл алам. Канча жолу кызматтан кеттим, кайра келдим дегендей...
- Сатып кеткен достор болгонбу?
- Мен өзүм достукка бекеммин. Сатып кеткен достор толуп атат. Андай достор азыркы саясатчылардын арасынан деле толтура.
- Балдарыңызга кандай атасыз?
- Жакшы эле атамын деп ойлойм. Аларды окутуп атам. Бирөөсү Америкада, бирөө Кытайда окуйт, дагы бирөө окууну бүткөн. Колдон келген тарбиямды берип атам.
- Эркектер дагы анда-санда эч кимге көрсөтпөй ыйлап алат экен. Сизде ушундай учурлар болобу?
- Мен кайгырганда жогоруда айткандай спорт менен машыгып атып, тер аркылуу чыгарып жиберем. Көз жаш чыкпайт. Анан эң жакын достор менен жолукканга шашам. Анткени, аларга алаксып атканда кайгы-капа дагы унутулуп калат.
- Бала кезде кандай бала элеңиз?
- Жеткен тентек болчумун. Мушташып, сабактан качып...
- Атаңыздан таяк жедиңиз беле?
- Жок, менин ата-энем мени урганга жетишпей калышты. Анткени, мен 4-класстан баштап спорт-интернатта окуп калдым да. Ал жактан машыктыруучулар, тарбиячылар урчу.
- "Дедовщина" деген ошондо деле бар беле?
- Жок, ал кезде тартип өзгөчө болчу. Ал кезде интернат болчу да, азыр училище болуп калгандан бери ошондой көрүнүштөр болуп атса керек. Тескерисинче, жогорку класстын балдары бизге кам көрүп турчу. Кийин өзүбүздөн кичүүлөргө биз дагы ошондой мамиле жасадык. Кезинде сонун мектеп болчу. Мен бүткөн класстан СССРдин 12 спорт чебери чыкты. Бул аябай мыкты көрсөткүч.
- Криминалдык топтор менен кагылышкан учурлар болдубу сизде?
- Мен эми милиция кызматкери болгондон кийин кылмышкерлер менен иштегенге туура келет. Алар кылмыш кылып атса, карап тура албайсың да. Кармайсың, камайсың. Мен эч качан кандайдыр бир кылмышты өзүм уюштурган эмесмин. Орусча айтканда "подставить" этип, "муну ак жеринен карала" деп эч качан буйрук берген эмесмин. Кызматкерлерди дагы андай кылбагыла дечүмүн. Эркектик сапатың жогору болсо, кылмышкерлердин арасында деле авторитетиң болот.
- Сиздин ошол криминалдык топтор менен жеке байланышыңыз жок беле?
- Жумуш менен гана байланыш болчу. Кылмышкерлер менен бир жерден учурашып калсаң, "оо, бул муну менен учурашып атат, кылмышкерлер менен дос экен" деп алышат. Биз ар кандай адамдар менен сүйлөшөбүз. Жумушубуз ошол.
- Куру дооматка кабылган учурлар болгонбу?
- Далай жолу кабылдым.
- Баягында сизди кызды сабаптыр деген иш эмне болуп бүттү эле?
- Ошол дагы куру доомат болчу да. Сот бүтүп, мен акталдым.
- Ал адамдар менен азыр мамилеңиз кандай болуп атат?
- Көрө да элекмин. Сүйлөшкүм да келбейт.
- Кызматка барайын деген оюңуз жокпу?
- Керегим тийсе чакырышаар. "Мени кызматка ал" деп жалынып-жалбарып бармак белем.
- Азыркы учурда саясатчылар бүбү-бакшыга, көзү ачыкка катуу ишенип калышыптыр. Кабинетинен түйүлгөн жиптерди табышып. Сиз дагы ишенесизби?
- Ата-бабаларыбыз колдонуп келген ырым-жырым деген баары бир бар да. Көзү ачыкка, бүбү-бакшыларга ишенүү биздин каныбызда жатат. Төлгө ачырган учурлар далай эле жолу болгон. Дал келген учурлары дагы көп. Мен барганга жараша күчтүү делгенине барам. Бирок кабинетиме алып келип, аңтарып, издеткен эмесмин. Жип, чөп, дагы бир нерселерди дубалатып таштап кетишет экен. Менде деле толтура болуш керек эле. Мен аны сезем. Анткени, менин өзүмдө дагы кандайдыр бир касиет бар.
- Көзү ачыктыкбы?
- Бар да, эми ушундай бир нерсе... Качан бир кыянаттык, же жамандык болорун алдын ала сезип турам.
Дилбар АЛИМОВА