Күч берен

Эрлан Бообеков:
"Атам "күчтүү бол" дейт"
Өткөн жуманын акыркы үч күнү сууда сүзүүчүлөр үчүн чоң мелдеш болду. Анткени, шаардык биринчиликке ат салышып, баардык көнүгүүлөрүнө жалпы жонунан 300дөй чабак ургандар катышты. Арасында Бээжин олимпиадасынын катышуучулары Юрий Захаров, Василий Даниловдор менен тең тайлаша сүзүп, бийик көрсөткүчкө умтулгандар да жок эмес экенине күбө болдук. Алсак, 11 жаштагы Эрлан ушу чоңдор менен жарышка түшүп, экөөнө куйрук улаш марага жетип, татыктуу коло медалды жеңген. Келечекке чоң үмүт артаары талашсыз.

-Коло медалды алганыңа кубанып турсаң керек?
- Бассейнди эми бир жолу айланып келгенде сөзсүз Юрий Захаровду жеңмекмин. Себеби, кошуна тилкеде сүзүп келатып, чарчап калганын байкадым. А мен тескерисинче, күчөп бараткам.
-Сени менен жарышка түшкөндөрдүн баары эле чоңдор го?
-Өзүм теңдүүлөр арасындагы мелдеште мен үчүн татыктуу атаандаш жоктой сезилет. Анткени, алардын арасында өзүмдүн күчүмдү билемин. Далай жолу жеңишке жеткем. Ошондуктан, устатым чоңдорго кошуп койду да.
-Устатың баарын байкап, билип турса керек?
-Бул устатым менен алты жаштан баштап чогуу келатабыз. Башында эки жаш улуу байкемди ээрчип келип жүрдүм. Жөн эле. Сууда сүзгүм келчү. "Жашың жетпейт, бир аз кое тур" деп урушат. Ага болбой көгөрүп туруп алдым. Аягында ынандырдым окшойт.
-Ошондо эле жакшы сүзчү белең?
- Жок. Баллон менен бир жума сууда жүрүп, кийин анысы жок эле сүзүп кеттим.
-Кайсы түрлөрүн өздөштүрүп кеттиң?
-Чабак ургандын төрт түрү бар: кроль (эркин), баттерфляй, брасс, чалкадан. Ушулардын баарын тең билем.
-Өзүңө жакканычы?
-Мелдештерде баттерфляй жагына ыктайм. Анда эки колуңду алдыга кере тартып, сууну жерийсиң. Суу ичине көп кире бербей, денеңдин көпчүлүгү сыртта болот.
-Канча аралыкка сууда чарчабай жүрө аласың?
- Бир жуманын ичинде алты күн бассейнге келип, такай машыгам. Устатым болсо күндүк нормама бир жарым саат убактысын бөлөт. Анын ичинде 2-2,5 километр узундукта сүзүүсү дагы бар.
-Бассейндин узундугу 25 метр эмеспи, ушундан кысылып кеткен учурларың болобу?
-Андайлар болбой койбойт. Жайкы каникулга чейин чыдап он күнгө Ысык-Көлгө үйбүлөбүз менен эс алганы барабыз. Ошондо көлгө чумуп кирип, 2 километрге тынбай сүзүп алам. Бугум чыгат.
-Каникулдун калганын кантип өткөрөсүң?
-Апамдын бир туугандары турган Нарын жакка барып, тоого чыгып, кымыз ичип, эт жеп эс алам. Ат да минем. Ары-бери чаап кызыгына кирип кетмейим бар. Салыштырып, аттын атырылып чуркап баратканы менен сууда сүзүүнүн баттерфляй ыкмасынын окшоштугун туям.
-Мелдеш учурунда утуп же, утулуп калсаң көкүрөгүңдү эмне уялайт?
- Утуп алганда кубанам, кубанычым койнума батпайт, бир жума маанайым түшпөй жүрөт. Ал эми утулуп калганда тескерисинче. Эсимде, бир жолу керебеттин астына кирип алып ыйлагам. Токтоно албайм десеңиз. Ошондо марага биринчи келгем. Калыстар туура эмес кылып койгон. Ызам ичиме батпай кетсе керек. Апам байкап калып, эркелетип атып араң соороткон. Аны кийин атама айтсам "эркек да ыйлачу беле. Жеңилүүнүн аягын жеңиш менен тастыктагын. Күчтүү бол" деп дем берип койгон.
-Атаң бул өнөрүңө каршы эмеспи?
- Каршы болгон жок. Өзү да спортко жакын. Дзюдо боюнча спорт чебери.
-Кийин спортту таштап салбайсыңбы?
-Өзүңүз деле билсеңиз керек. Сууда сүзүү жааты биздин өлкөдө көп өнүгө элек. Атактуу спортчулар жокко тете. Андыктан дүйнө же олимпиада чемпиону болсом деген максатым биринчи орунда турат. "Жаштын тилегин берет" дейт. Балким тилегим ишке ашып калаттыр.
-Дагы эмне жөнүндө кыялданасың?
-Чоң спортко аттанган жаш балдарды өкмөт колго алып, шарт түзүп, көп-көп мелдештерди өткөрүп турса, чет өлкөнү көрсөтсө жакшы болмок. Аларга карап түздөнүп, биздин спортко деген шыгыбыз мындан дагы артмак.

Блиц-анкета
Кичи мекени - Бишкек шаары
Жашы - 11
Бою - 153 см.
Салмагы - 42 кг.
Жакшы көргөн тамагы - котлет
Бош болгондо - Муз тебет
Жакын адамы - Апасы
Кумири - Атасы
Спорттогу жетишкендиктери - КРнын өспүрүмдөр арасындагы бир нече жолку чемпион
Сууда сүзүү түрү - Баттерфляй
Суу астында дем албай 25 метр сүзүп бара алат.