Саресеп сай!

Ажонун орду кимге буюрат?
Курманбек Бакиев экинчи (акыркы) мөөнөткө шайланаары менен баштаган административдик реформа баягы орустардын "телега впереди лошади" деген ылакабындагыдай болуп, мыйзамдарды кабыл алып, жаңы структуралар түзүлүп, кызматкерлерди дайындоодон башталды. "Мыйзам бузулду" деп "атамекенчилер" Консотко арыз жолдоду эле, алар арызды кароодон баш тартты. "Ай, чын эле мыйзамдарды кабыл алып, Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип туруп баштайлы, жок дегенде удаа мыйзамдаштыра берели" дегендер бийлик тарабындагылардан да болду, бирок алардын сөзү көңүлгө алынган жок. "Жат!" десе жата калчу "акжолчулар" турганда, каалаган күнү кабыл алып коёбуз" деп жатышса керек деген ойлор дагы айтылып жатты. Убакыт өтө берди. Реформаны мыйзамдаштыруучу аракеттер көрүлбөгөндөй болуп, Башмыйзамга өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке жөнөтүлбөй создуктурулуп кетти. Эки айга чукулдай баштаганда "булар референдум жолу менен кабыл алганы жатыптыр, биротоло парламенттик шайлоо да өтөт экен" деген сөз тарап, ал сөзгө жадагалса "акжолчулар" да ишене баштагансыган. Эми минтип кайра ЖК аркылуу Башмыйзамга өзгөртүү сунушталып, көпчүлүктүн башы маң болуп турган чагы.
Эмне үчүн административдик реформаны мыйзамдаштыруу мынчалык созулуп кетти, эмнеге референдум идеясы четке кагылды (?), деги эле Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү референдум аркылуу кабыл алуу жолу каралган беле, а каралбаса эмне үчүн ЖКга мыйзамдын долбоорун жөнөтүү мынча кечеңдетилди? "Кайчы пикирдеги билермандардын долбоорлорунун кагылышуусунан заказчиктердин баштары айланып, эмне кылаарын билбей жатышты, өлкө башчысынын жакындарынын кызыкчылыктарына туура келбей, бирине жакса, бирине жакпаганынын айынан создуктурулуп кетти" деген ой канчалык дэңгээлде чындыкка коошот? Айтор, ушуга окшогон далай суроолор жоопсуз…
Башмыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдүн арасынан 52-беренеге байланыштуу ызы-чуу чындыгында эле көңүлдүн сыртында калчу маселе эмес. Күздө башталган реформа деген уу-дуунун баары ушул тактыны кантип, кимге өткөрүү үчүн жасалган сыяктуу, чындап эле ден-соолук маселеси кыйнап жатабы (?) деген ой келет.
"Эгерде президент милдетин аткара албай калса (ооруп же пенсияга кетсе), анын милдетин аткаруучуну президенттик кеңеш дайындайт" деген кооптуу өзгөртүүнү козгоп, Башмыйзамга сунуштоонун артында эмне турат? Ден-соолугу тууралуу айтылып келгендерди эске алсак, чын эле ошондой оорунун айынан четтеп кетүү мүмкүндүгү реалдуубу? Андай дейин десең, жыйындарда, көчөдөгү жолугушууларда кадимкисиндей эле шайдоот жүргөнсүйт, же билинбеген дартпы? Болбосо айлана-тегерегиндеги интригалардан тажап, бийликти жакындарынын бирине мөөнөтүнөн мурун өткөрүүнү көздөп жатабы? Белгисиз. Андай эмес болсо, эмне үчүн "президент милдетин аткара албай калса, анын ордуна спикер, же өкмөт башчысы президенттин милдетин аткаруучу болот" деген Башмыйзамдагы берене алмаштырылып жатат?
Шайлоо аркылуу элдин, депутаттардын элегинен өткөн, кандайдыр бир деңгээлде легитимдүүлүгү бар спикер менен өкмөт башчысынын ордуна, кимдин кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн өлкө башчысынын милдетин аткаруучуну дайындоо функциясы президенттик кеңешмеге табышталууда? Милдетин аткара албай калган президенттин катышуусусуз өтүүчү ал кеңешмедеги жети адам бир пикирге келе албай калып, көкбөрү ыкмасына ооп кетсек кандай күн болот?
Кандай айткан күндө дагы бул жагдайдан алганда, мындай көрүнүш бийликти колдон чыгарбай Бакиевдердин кланынын колунда сактап калууну көздөп жасалып жатканы оркойуп эле көрүнүп калгандыктан, коомду катуу дүргүтүп, бийликке карата терс маанай жаратып жатканы ачык байкалууда.
Бул темада ооз ачкандардын баары эле баласын мураскер кылуу аракети катары баалашууда. А Максим болсо үч жылдан кийин гана 35 жашка келип, президенттикке ат салышуу курагына толот. Андыктан, Курманбек Бакиев чукул арада бийлигин өткөрүп берет деп да айтуу кыйын. Эгерде "аракеттин баары Максим үчүн жасалып жатат" дей турган болсок, анда бул долбоор - алдын алып, "алдуу-күчтүү кезде мыйзамды бышырып коюп, үч жылдан кийин баласына бийликти өткөрүп бериш үчүн жасалууда" десек болчудай. "Балиттехнологдордун" ою боюнча, бул ызы-чуунун зыяндуу эле эмес пайдалуу жактары да каралып жатса керек. Коомдун дагы кулагы жатыга берет, эл дагы "кеткени калбадыбы эми" деп ичинен дымып, кичине бас-бас болуп дегендей…
Ал эми президенттин кокустан (чукул арада) милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой калуу жагдайы чын эле бар болуп, ушул себептен улам бийликти өткөрүү үчүн Башмыйзамга өзгөртүү киргизип жаткан болсок, анда башка жакындарынын кандидатурасы каралган деп божомолдоого гана болот.
Ошентип, атасынын аркасы менен президенттик кеңешмеге мүчө, ЦАРИИге баш бакан болуп, өлкөнүн болгон байлыгына, мүлкүнө, финансы каражаттарына ээлик кылып жаткан Максим мырза жакынкы үч жылда кандай ишмердикти көрсөтө алат, кеп ошондо. Эл оозуна алына турган алгылыктуу иштер менен көрүнө алса, бийликти өткөрүп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени, жашырганда эмне, азыркы күндө "кой оозунан чөп албаган" момун элибиз өтө эле пассивдүү болуп, жерине ээ боло албай, башчысын шайлай албай отурганы калппы? Бийлик "өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илген" заман орнободубу? Андыктан, бийликти мурастоо ишке ашмак тургай, салтка айланып кетүүсү деле толук мүмкүндөй болгон кырдаалда жашап жатпайбызбы. А эгерде, ханзааданын ишинен майнап чыкпай, жаманаттысы көбөйүп, жөөт досторунун алкымы үчүн иштеп калса, алары жеп-ичип туруп, Бакиевдерди "кидать этип" кетсе, иши кылып Кудай айтпаса, анда ага эч ким жардам бере албай, бийликке жетпей калышы да ыктымал эмеспи. Бекеринен ата-бабаларыбыз "жүгүргөн албайт, буюрган алат" деген сөздү айтпаса керек, андыктан "кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту" демекчи, азырынча алтын таажыны ким кийээрин алдын ала айтуу оголе кыйын.
Эл ичинде Курманбек Бакиевдин балдары эмес, бир туугандары тарабынан да бийликке умтулуу бар экени, реалдуу талапкер катары Мамкүзөттүн башчысы Жаныш Бакиев менен немис жергесиндеги Кыргызстандын элчиси, иниси Марат мырзанын аттары тынбай айтылып жүргөнү маалым. Акыркы кезде, "Жаныш мырзанын "Салам" партиясы аркылуу парламентке келип спикер болуусу, анан өлкө башчысы милдетин аткара албай калган шартта анын ордун басуу үмүтү бар" деген маалыматтар эл ичине кеңири тарай баштаган. Эми минтип жаңы Башмыйзам боюнча спикер болуу тактыга отуруу үчүн жетишсиз болуп калганы турат. Деген менен, Башмыйзамга сунушталган жаңы вариант деле, Жаныш мырзанын жолун тосуп, өзгөчө тоскоолдук түзбөйт. Анткени, президенттик кеңешме да кимди өлкө башчысынын милдетин аткаруучу катары кароосу так жазылган жок.
Эгерде Жаныш Бакиев президенттик кеңешмеге "Максимди эмес, мени койгула" деп кайрылып, маселесин чечкенге аракеттенсе кандай болот? Андай жол менен агасынын ордун басуу мүмкүнчүлүгү бар экени ачык эле көрүнүп турат. Чындыгында, "антип омуроолоп коюуга Жаныш мырзанын чечкиндүүлүгү жетпейт" деп да айта албайсың. Бир эсе аны колдогон элита арбын экенинен да кабарыбыз бар. Топтогон командасы да күчтүү тура. Мындай көрүнүштөн соң, анын хан тактыга жетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү дешет. Бирок, бу кадамды каратаман эл кандай кабылдайт? Кеп мына ушунда. Андыктан, көпчүлүк алдыдагы такталаш жеңил болбойт деген сыяктуу ойлорду айтууда.
Ошентип, Бакиевдердин кимиси тактыны өткөрүп аларын, же колдон чыгарарын алдын ала айтуу кыйын. Бирок булардын бийликтин даамын жаңыдан татып алып, Акүйгө түбөлүктүү орногусу келип жатканынан улам калайманга түшүп, реформа жасап жатканы жашыруун болбой калды окшойт. Ошондо реформа элдин, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн эмес, кайсы келечек үчүн жасалууда (?) деген ой кетет.
А чындыгында, Бакиевдердин мындай кыялдануусу ишке ашабы, ашпайбы, аны бир Кудай билет. Ал ошол бийлик алмашып жаткан кездеги өлкөдөгү саясый кырдаалдан, элдин маанайынан көз каранды маселе. Ким билет, бүгүн эл бийликке кыжыры келсе да, ашканасында сөгүп, жерге түкүрүнгөндөн башкага чамасы келбей отургандыр, балким жашоо кымбатчылыгы менен каатчылыктан улам бышып жетилип, кыжырдануусу чегине жетип, көчөгө каптап чыккан кез бийлик алмашуу учуруна туш келип калсачы?
Бийликтин ооштурулушу тынч убакытка дал келбей, массалык нааразычылыктар менен коштолуп кетсе, элдин сүрүнөн корккон президенттик кеңешмедегилердин үрөйү учуп, толкуп чыккандардын анабашыларынын бирин өлкө башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындап салуусу да толук мүмкүн. Анткени, жаңы мыйзамда кандай категориядагы адамдардын тандалуусу так кесе такталган жок. Башкача айтканда, президенттик кеңешменин кимди болсо да, деги эле Кыргызстандын туш келген жаранын дайындаса боло берет дегенге жол ачылып отурбайбы.
Бу сапар 2005-жылдагы оппозиция лидерин алып келип тактыга отургузганыбыздай мыйзамсыз болуп, анан Акаевдин артынан барып, арызын алганыбыздай болбойт, тактыга мончого бараткан адамды деле алып келип отургузсак да мыйзамдуу болуп калат.
Мурун "президент бастыра берсе, анын ордуна спикер болот" деген жазуу амбицияларды тыйып, тартипке салып турган болсо, азыр андай тоскоолдук жок. Кимиси болсун, каалагандын баары президенттик кеңешменин мүчөлөрүнө таасир этип, кандай жол менен болсо да максатына жетүүгө жол ачылып отурат. Бул стабилдүүлүккө шек келтирип, граждандык кагылышууларга алып келүүчү өтө кооптуу жагдай экенинен кабар берет. Айрыкча бизге окшогон, шору арылбаган элдин амбициялуу аткаминерлери бийлик үчүн талпынып атып, натыйжада Орусия, АКШ сыяктуу дөөлөрдөн спонсорлорду тапса, анда өлкөбүз аскер полигонуна айланып калбайт (!) деп эч ким кепил боло албайт.
Андыктан, "эсибиз барда этегибизди жаап", бул долбоорду тезинен токтотуп, баштагысындай эле калтырганыбыз оң, же болбосо ачык эле мураскер "баланча адам" деп жазуу, албетте, бул долбоорго караганда коопсузураактай көрүнөт. Антпесе, 7-кабаттагы жети адам "илибой жаранды" президент кыла алат деген мыйзам бүйүрдү кызытып, ошол жетөөнүн эле өмүрүнө эмес, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө, элдин тынчтыгына эле эмес, Бакиевдердин максаттарынын келечегине да өтө кооптуу болуп калган сыяктуу.
Сабыр МУКАНБЕТОВ