Ыңгайсыз собол

Азиз ТУРСУНБАЕВ, ЖК вице-спикери:
"Москва бир күндө курулган эмес"
"Ыңгайсыз собол" рубрикасында дайыма саясатчыларды бурчка такаган суроолор берилет. Бул рубриканын суроолоруна жооп берүүгө буга чейин бир дагы саясатчынын, чиновниктин жүрөгү дааган эмес болчу. Биринчилерден болуп Жогорку Кеңештин вице-спикери Азиз Турсунбаев ыңгайсыз соболдорго жоопторду узатты. Төрага орун басарынын артынан ушак-айың кептер көп айтылчу. Алардын баарын массалык маалымат каражаттары тизип жазып келген. Азиз мырза аларга такыр жооп кайтарчу эмес. Дал ошол ээрчиген имиштерге байлап, вице-спикерди кызыктуу маекке тарттык. Айрымдарчылап чычалабай, орой суроолорго дагы түз жооп берди.


- Азиз мырза, сизди спикерликке катуу чуркады дешет. "Мен Айтибай Тагаевден кыйын депутатмын" деген сыягында. "Талапкерлиги жогор жактын купулуна толбогондуктан кайрадан кетенчиктеп калды" деп айрымдар айтса, дагы бирөөлөр "жок, ага Акүй тараптан ишеним күч болуп атыптыр" деп айтып жатышат. Мунун кайсынысы чындыкка жакын?
- Спикерликке жулунуп атат деген сөз чындыгында туура эмес. Мен эч качан "бул же тигил депутаттан кыйынмын" деп айткан эмесмин, айтпайм дагы. Азыркы Жогорку Кеңеште отурган 90 депутаттын баары татыктуу депутаттар. Спикерликке татыктуу дагы депутаттар толтура. Ким канчалык чуркап атканын мага караганда силер жакшыраак билсеңер керек. Бирок, "чуркагандыкы эмес, буюргандыкы" деп коет кыргызда. Ким спикер болуп шайланса деле, биз аны менен иштешкенге даярбыз.
- Сизди ажонун аябай жакын адамы деп коюшат экен, ал кишинин ишенимине кантип кирдиңиз экен?
- Президент Курманбек Салиевич менен мамилем жакшы экени чын. Мен бул кишини уят кылбаганга колумдан келишинче аракет кылам. Өзүңүз жакшы билесиз, биздин айрым саясатчылар, же чиновниктер кээде өлкөдө болуп жаткан окуяларды бурмалап жеткиришет. Кээ бир маселелер Курманбек Салиевичке түз жетпейт. Мен андай жигиттерден эмесмин.
- Президент менен кандайча тааныш болуп калдыңыз эле?
- Курманбек Салиевич 2002-жылы биздин Алабука, Чаткал округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз талапкерлигин койгон. Ал кишиден башка дагы беш талапкер коюлганына карабастан, эл 70% менен колдоп берген. Баардык тепкичтерден өтүп келген киши биздин райондон талапкерлигин коюп атса, биз сыймыктануу менен аны колдогонбуз. Дал ошол кезден тартып биз таанышпыз.
- Мурдагы чакырылышта президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Рысбаев деген сиздин кабинетиңизге кирип, анан көзү көгөрүп чыккан дешет го?...
- Чынында ошол кезде бул сөз боюнча көп гезиттерге жазылып кетти эле. Бирок мен өзүм бир дагы жолу бул жөнүндө интервью берген эмес элем. Силерге биринчи жолу айтып атам. Ортобузда түшүнбөстүк болгон. Аны биз жигитче чечишип алганыбыз чын.
- Былтыр "Апельсин" ресторанында экс-генпрокурор Элмурза Сатыбалдиев сизди чаап жиберейин дегенде айрым чиновниктер кармап калган имиш. Ушул чынбы?
- Бул боюнча сиздердин гезит жазып чыккан. Бул чынында туура эмес маалымат. Кээ бир саясатчылардын чымындан пил жасаганы болуш керек. Элмурза Ракиевич менен биз студент кезибизден бери доспуз. Мамилебиз аябай жакшы. Биз мушташа турган деңгээлде эмеспиз. Бул маалымат газетага чыкканда, ал киши экөөбүз бири-бирибизди карап күлгөнбүз да. Бул жөн гана айрым саясатчылардын жасаган интригасы болсо керек.
- Кесибиңиз боюнча стоматолог экенсиз. Бирок сизди "тиш салбай эле күбүп салат" дешет экен?
- Кесибим боюнча стоматологмун. Медициналык институтту бүтүргөм. Бирок, мен эч кимдин деле тишин сындырган эмес элем. Бул сөз кайдан чыкканын деле билбейм. Эгерде силерге бирөө "тишимди Азиз Турсунбаев сындырды" деп кайрылып келген болсо, мага жөнөтүп жибергиле.
- Сизди бизнес менен эмес, рэкетчилик менен байыган деген дагы сөз ээрчийт экен. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- "Рэкет экен" деген сөз кечээ эле чыккан жок. 2005-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо болуп аткан учурда, менин оппоненттерим тарабынан колдонулган кара пиар болгон. Чындыгында менин рэкетчиликке эч кандай деле тиешем жок. Мен ошондо шайлоочулар менен жолукканда дагы "рэкет болуп бирөөнүн машинесин же үйүн тартып алыпмынбы?" деп айтканмын. Эл деле ал сөздөр суу кечпей турганын түшүнүп, мага ишеним көрсөтүп берген. Мен ошондон тартып эле колумдан келген жардамымды берип, алардын ишеничин актаганга аракет кылып жүрөм. Азыр дагы шайлоочуларым менен жолукканы барганымда "ии, "рэкет" кандай депутат болот экен?" деп тамашалап калсам, эл дагы күлүп калат.
- Анан кандайча байыдыңыз, бизнесиңиз күчтүүбү?
- Депутат боло электе эле өзүмдүн бизнесим бар болчу. Өзүңөр жакшы билесиңер, Кыргызстанда жер семирткичтерди чыгара турган завод жок. А айыл жергесинде эл негизинен жер менен оокат кылат. Жер семирткичтер болмоюнча, түшүм да болбойт. Мен дал ушул тармакта бизнес баштагам. Сырт жактагы тааныштарым аркылуу коңшу өлкөлөрдөн жер семирткич ташыганбыз. Бүгүнкү күндө ал бизнесимди жолдошторум улантууда.
- Рэкеттер менен байланышыңыз дагы жокпу?
- Менин алар менен мамилем жок. Бирок, адам болгондон кийин баардыгы менен учурашасың, көрүшөсүң да. Арийне, рэкеттердин ичинде дагы адилеттүү адамдар болот. Мисалы, өзүнүн эмгеги менен байыгандарга тийишпегендери бар. Кимдир бирөөлөр шылуундарга акчасын тарттырып жиберген болсо, алып бергендер болот.
- "Тынычбек Акматбаевдин портфелин көтөрүп жүргөн" дешет экен, ал адам менен мамилеңиз жакшы беле?
- Тынычбек Акматбаев кесиптешим болгон, мамилебиз дагы жакшы болчу. Бирок, ачык айтканда агасы менен эч кандай мамилем болгон эмес. Анан мен эч кимдин портфелин көтөрүп жагалданган эмесмин, көтөрбөйм дагы.
- Баяман Эркинбаев менен дагы мамилеңиз "5" болгон экен, ээ?
- Ооба, Баяман менен дос болчубуз. Ал кыргыздын мен-мен деген патриот жигиттеринен болгон.
- "Улугбек Ормоновду урам" деп жүргөнүңүз чынбы? Эгер чын болсо ал кишиге неге мынча ызырындыңыз экен?
- Силердин гезитиңердин өткөн санынан ушул боюнча окуп калдым. Чынында, Улугбек Зулпукарович экөөбүздүн ортобуздагы мамилебизди туура эмес жазыпсыңар. Мен депутат Ормонов менен парламенттин мурунку чакырылышынан бери чогуу иштешип келем. Экөөбүздүн ортобузда бөлүшө албаган маселе жок. Мамилебиз жакшы.
- "Азиз Турсунбаев чала сабат саясатчы" деп айтылып калат экен. Буга кандай жооп кыласыз?
- Чынында, саясатчы болуп эч ким туулган эмес. Саясатчы болом деп деле ойлогон эмес экенмин. Бешенеме ушундай жазылган экен, депутат болуп жүрөм. Саясатта жаш экеним чын, ошон үчүн балким, кээде жаңылышаттырмын. Мен буга "Москва бир күндө курулган эмес, бүгүнкү күндө дагы курулуп атат" деп жооп айтат элем.
- Сиз айрым чиновниктерди калкалап коргоп, өстүрүп, анан алардан салык жыйнап жүрөт экенсиз...
- Колдон келсе өсө турган жигиттерге колдоо көрсөтүп жардам берген адамгерчилик деп билем. Өзүнүн керт башынан башканы ойлобогон саясатчыларды деле көрүп жүрөбүз. Алар колдон келсе, өсүп чыгып келаткан кадрларды буттан чалып жыгылтканга аракет кылышат. Мен колумдан келишинче, өсө турган жаштарды колдоп жүрөм. Ал эми салык жыйнайт деген сөз - болбогон кеп. Кудайга шүгүр, менин өзүмдүн байлыгым өзүмө жетет.
Дилбар АЛИМОВА