Коңулга башты катпай

Жол ачкыла, кара кулак шер келатат!
Жолборс жылында кыргызга төбөсү көрүнгөн белгилүү адамдардын көбү мүчөл жашын белгилешет экен. Бу саам айрымдары менен байланышып, жолборско окшоштук жайын, жылды кандай тосорун сурадык.


Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер:
(29. 03.1950)
- Буга чейин төрт мүчөл жыл башыман өткөн. Эч кандай ырым-жырым деле колдонгон эмесмин. Бул ирет деле тынч маанайда, үйбүлөм менен тоскону турам. Эми астротөлгөгө деле кээде ишенсе болот. Мисалы, менде жолборско мүнөздүү сапаттар бар. Керек жерден өжөрлүк кылып, чечкиндүү кадамдарга барам. Жолборс өзү жашаган аймакка чоочун буттарды жолотпой, кайтарат эмеспи. Мен да ушул жылы туулгандарды жолборс сымал мекенди коргоого чакырат элем.


Сыймык Бейшекеев, ырчы:
(09.09.1974)
- Мүчөл жылда кызыл кийим алып, жакшы көргөн буюмуңду бирөөгө бериш керек деген түшүнүк бар эмеспи. Мен да ошентем. Жаңы жылды үйбүлөмдүн кашында тосом. Мүнөзүм тууралуу айтсам, беттегенимди бербей турган көкбеттигим бар. Келаткан жылы бардык үйгө тынчтык каалайм. Кыргыз жигиттери жолборс сымал чапчаң, өжөр, эр жүрөк болсун дегим келет.


Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
(04.04.1962)
- "Мүчөл жыл оор болот, кызыл кийинип, кан чыгарыш керек" дешет. Мунун бирин да жасабайм. Болгону келаткан жылы өзүмө кам көрүп, сулуу болгонго аракет кылам. Астротөлгө боюнча айтсак, анча-мынча жолборско окшошмун. Бир иш баштарда көпкө эзилбей, чечкиндүү кадам жасайм. Принципке тура билем. Анын үстүнө кой жылдызынын алдында төрөлгөм. Бул белгидегилер энергияга бай, шайдоот келет.


Касым Исаев, коомдук ишмер:
(24. 07.1938)
- Ак көңүлмүн. Майда-чүйдө кыжылдашууга маани бербейм. Бирок, саясатка келгенде принципке турам. Мурдагы президент Аскар Акаев менен иштешип жүрүп, анын кандай адам экенине көзүм жеткенде кызматтан баш тарткам. Кийин канча жолу чакырса да барган жокмун. Эми мүчөл жылга жеткенге ыраазы болуш керек. Менин аялым ырым-жырымды жакшы билет. "Кызыл кий" десе кийем да.



Исмаил Исаков, БЭК мүчөсү:
(13.06.1950)
- "Аскер адамы чыдамкай, убадага так, принципиалдуу болушу керек" деп тарбия көргөнгөбү, көңүлгө жакпаган нерсе менен келише албайм. Бирок, кекчил эмесмин. Ким жамандык кылбасын "Кудайга койдум" деп жүрөгүмөн кечирип коем. Келе жаткан жолборс жылында элиме тынч, бакубат турмуш каалайт элем. Эр азаматтарыбыз мекенди, үйбүлөсүн коргоп, намыска бек, жолборстой эр жүрөк, кайраттуу болушсун.


Мирбек Атабеков, ырчы:
(11.08.1986)
- Гороскоп боюнча арстан жылдызынын алдында төрөлгөм. Жылым жолборс. Астрологдор берген мүнөздөмөгө таянсак, менде эки жаныбарга тең окшош сапаттар бар. Алдыга максат койсом, ага жеткенге аябай аракет кылам. Кокус ойлогонум орундалбаса, кыйналам. Сүйүү мен үчүн ыйык. Аны оюнчук кылып, жеңил карагым келбейт. Азырынча жаңы жылды кайдан тосушту аныктай элекмин. Мүчөл жашка чыгып аткан соң, тийиштүү ырым-жырымдардын бүт баарысын жасайм.


Темир Назаров, ырчы:
(28. 08.1986)
- Апам да, келинчегим да жолборс жылы төрөлгөн. Үчөөбүз биригип, мүчөл жылды эстен кеткис кылып өткөргөнү жатабыз. Эски буюмдарды бирөөгө берип, кызыл кийим алып дегендей. Менде айтканынан кайтпаган сапат бар. Бирөөгө баш ийгим келбейт. Бирок, сүйүүдө туруктуумун. Антпесем, келинчегим менен 7-8 жыл сүйлөшүп жүрүп, үйлөнбөйт элем да.


Назира Жетигенова, куудул:
(24.04.1974)
- Мүчөл жылым экен деп анча деле даярданган жокмун. Болгону туулган күнүмдө концерт берсемби деп жатам. Өзүм кызылды жакшы көрөм. Кийимдеримдин тең жарымы ушул түстө. Ошол себептүү ырымдап, жаңысын алууну ойлогон жокмун. Мүнөзүмө баа берсем көздөгөнүмө жетмейин жаным жай албайт. Бирөөгө оңой менен таарынбайм. Бирок көңүлүм калса, такыр кечирбейм.


Элмира Ибраимова,
экс-вице-премьер-министр:
(13.04.1962)
- Мени курчагандар "принципиалдуусуң" деп айтышат. Жакпаган нерсе болсо дароо бетке айтам. Ичиме кек сактабайм. Таарынычымды бат эле унутуп коем. Анан өтө ишенчээкмин. Мүчөл жашымды кызыл кийим менен тосом го.




Кыстырма
(1950, 1962, 1974, 1986, 1998-жылы туулгандар үчүн)
Жолборс жылында туулгандар максатка умтула билип, эмгекчил келет. Оптимист, чечкиндүү, өзүмчүл. Коңулга баш катып, күн карама өмүр сүрүү булар үчүн эмес. Кайнап турган жашоону жактырат. Принципке тура билет. Көңүлүнө жакпаса, башына кылыч такасаң да кылбайт. Кокус бирөө менен жоолашчу болсо, акыр-аягына чейин кармашат. Көздөгөнүнө жетпей калса ооруп, дартка чалдыгышы ыктымал. Кишиге оңой менен ишенбейт. Энергиясы толуп-ташып, жай алып отурганды сүйбөйт.
***
Достукка бекем. Өзүн сатып кеткендерди эзели кечирбейт. Орой, майда, карамүртөздүк сыяктуу терс сапаттарга ээ. Махабатта бир адамга байлануусу кыйын. Колунан келсе далай жүрөккө чок салып, анысын күнөө санабайт. Башкалардын ою менен көп эсептешпейт. Жолборс жылында туулгандар мыкты актер, спортсмен, музыкант, саясатчы, мугалим жана илимпоз болушат. Кытай жылнаамасы берген маалымат ушундай.
***
2010-жылы жолборстордун ити чөп жейт. Саясат айдыңында, маданият тармагында жүргөндөрдө улуу күч пайда болуп, мурдатан ойлоп жүргөн тилеги ишке ашат. Ал эми жолборс бизнесмендер ишенимдүү өнөктөш табат. Бирок, "алма быш, оозума түш" деп жата берүү туура эмес. Ийгилик мээнет аркылуу келет. Андыктан, анча-мынча кыйынчылыкка чыдап коюңуз. Жалгыз бой жолборстор өзүнө түгөй табуусу күтүлүүдө. Кыскасы, бул жыл сиздин жыл. "Темирди кызуусунда сок" дегендей, бир келген мүмкүнчүлүктү пайдалана билиңиз.
***
Жолборс жылында тарыхта аты калган бир топ белгилүү инсандар дүйнөгө келген. Алар: Рудольф Нуриев, Дмитрий Донской, Иван Грозный, Александр II, Вячеслав Молотов, Юрий Андропов, Карл Маркс, Дуайт Эйзенхауер, Шарль де Голль, Людвиг ван Бетховен, Агата Кристи, Айседора Дункан, Елизавета II, Гэрберт Уэллс, Марко Поло, Мэрилин Монро, Деми Мур, Том Круз, Стив Уандер, Жоди Фостер.

Даярдаган Санжи Туйтунова