Сот залынан

Бүгүн Исаковдун апелляциялык арызы каралат
Бүгүн Республикалык аскер соту экс-коргоо министри Исмаил Исаковдун аппеляциялык арызын кароону улантат. Аппеляциялык арызды судья Тилек Абдырашитов жетектеген соттук инстанция кечээ карап баштады. Сот процессине СДПКнын лидери Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган оппозиция өкүлдөрү, Исаковдун 400дөй колдоочулары келди. Соттун алдында тургандар "Саясый куугунтукту токтот!", "И.Исаков элине ишенет", "Исаковдон колуңду тарт!", " И.Исаков туура соттолсун" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. Сот процессинин башталышында генералдын адвокаты Азимбек Бекназаров соттон адилет карап берүүсүн өтүндү.
Соттун бул күнкү отурумунда күбөлөр "Бишкеккурулуштун" жетекчиси Аскарбек Молдобаев, Коргоо министрлигинин мурдагы жооптуу кызматкерлери Мырзалы Бөрүбаев, Кубанычбек Орузбаев жана Борис Югай суралды. Борис Югай Исаковдун баласына берилген квартира боюнча көрсөтмө берип жатып, Башкы прокуратура тарабынан кысым болгонуна байланыштуу буга чейин Исаковго каршы көрсөтмө бергенин ачык айтып, соттон адилет чечим чыгарып берүүсүн суранды. Башка күбөлөр дагы Исаковдун айыбы жок деген көрсөтмөлөрдү беришти.
Ушул эле күнү генерал Исаковдун кичи Мекени Алайдын борборундагы стадиондо 700дөн ашык адам катышкан митинг болуп өттү. Алар буга чейин бийликтен Исаковду боштондукка чыгарууну суранып келишкен болсо, эми "Исаковго боштондук!" деген талап коерун билдиришти.

Дилбар АЛИМОВА