Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0212_10.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0212_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0212_10.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0212_10.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0212_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0212_10.htm on line 2
п»ї
  Отко жарап

Камчыбек Жолдошбаев:
"Салымбековго бизнес жасаганды мен үйрөткөм"
Атактуу адамдардын артынан ар кандай өңүттө кептер ээрчип жүрөт эмеспи. Ушундай таризде, "Беш - Сары" ар тараптуу ишканасынын жетекчиси жана мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев менен ар кыл темада баарлашып, суроо узатып, жообун алганга аракет кылдык.

- Депутаттыкты сагынган жоксузбу?
- Сагынбай койбойсуң. Ошондогу кесиптештеримдин он чактысы менен жолугуп турам. Топ ойнойбуз. Жусуп Иманалиев, Авас Момункулов дагы атай берсе көп. Ар сайын кезиккенде чайлашып, тоого барып лыжа тээп келмейибиз бар. Досчулуктагы сагынычтын черин жазып. Калгандарына жолукканда саламыбыз түз.
- Сиздин убагыңыздагы шайланып келген депутаттар менен азыркы депутаттардын айырмачылыктары бардыр?
- Биздин убагыбыздагы депутаттардын иштеген иши, шайланып келгени, кылган эмгектери өзгөчөлөнүп турат. Бул жөнүндө кыргыз журтчулугу өз баасын таамай белгилеп, жакшы сөздөрүн бүгүнкү күндө эскерүү катары айтып келет. Ал кездеги депутаттар, элдин элегинен тыкыр өтүп келишкен да. Бул эң негизгиси болсо керек.
- "Ак-Талаа" автобазасы тууралуу сиздин адресиңизге айтылган кептерден кабардарбыз. "Автобазаны мыйзамсыз түрдө менчиктештирген. Андагы айдоочулардын жеке кызыкчылыктары эске алынбаган" деп кеп кылып жүрөт. Бул жөнүндө эмне айтат элеңиз?
- Бул сөздөрдүн айтылып келген жайы бар... Бир күн ичинде "Ак- Талаа" жана "Кочкор" автобазасын сатып алганбыз. Ошол мезгилде ушул автобазалар мамлекетке миллиондогон сом салыгын төлөй албай, жумушчу орду, айлык маселеси каатчылыкка учурап, автобазалар тонолуп турган чак эле. 5 жолу аукционго коюлган. Эч ким даа тутуп, эрдик жасаган эмес. Анан расмий түрдө, мыйзамдын негизинде менин карамагыма өткөн. Сатып алгам. Башында кыйынчылыктар көп болду. "Ак-Талаа" автобазасын Кочкорго көчүрүп келдим. Кара - Кечеден көмүр ташый башташты. Жумушчу орун менен камсыз кылып. Айлык- акы маселесин чечип бердим. Мактаныч болбосун, айдоочулардын маянасы, асты 20 миң сом ала баштады. Бүгүнкү күндө аялдары норка шуба кийип, баргылыктуу жашап атышат. Агарды, көгөрдү.
- Ош базарында жайгашкан "Беш - Сары" соода тармак комплексинде иштеп аткан кардарлардын бир нааразычылыгы бар экен. Кышкысын суук, жайкысын желдеткичтер иштебейт деген. Бул канчалык деңгээлде негиздүү?
- Туура. Себеби, биздин комплекс Кыргызстан эмес, Орто Азия мамлекеттеринин ичинде биринчи жолу жаңы моделдеги курулуштун эсебине кирет. 3- 4- кабаттарына темир унаа токтотуучу жайы бар. Жүздөн ашуун жеңил машине сыят. Ошондуктан, мындай имараттарды курууда өзгөчө техникалык каражаттарды колдонуу зарыл. Анын кээ бир тетиктери жана аны жайгаштыруу жактары оңой оокат эмес да. Ушунун баары бири-бирине байланыштуу. Кези келгенде, өз ордуларына кынапталып коюлат.
- Аскар Салымбеков менен мамилеңиз кандай? Ишкерликтин көзүн сизден үйрөнгөнү чынбы?
- Аскар Салымбеков биз менен жердеш. Мага тууган болот. Кичинекей кезибизден чогуу чоңойгонбуз. Аскардан бир жаш кичүүмүн. Бирок, боюм узун болгондуктан, Сайраке апа (Аскардын апасы) айтчу, "Камчыбектин жанынан чыкпа, балдар уруп койбосун" деп. Аскарга топ тепкенди, машина айдаганды, бизнес жасаганды үйрөткөм. Андан да көп нерселерди алдым. Эң негизгиси, бүгүнкү жасап аткан ишкердүүлүгүн менден үйрөнгөн десем жаңылбайм. Ооба, тууганмын. Эми мага жакшы тууганды ким бермек эле.
- Биздин өлкөдө жанар майы сырттан келет. Ошол эле учурда, көмүр кени жетишээрлик десек болот. Айтайын дегеним, азыр көмүрдөн жасалма түрдө нефтини алып атышпайбы. Эгер, сизге бирөө жарым келип, "кызматташалы" деп сунушун киргизсе, кандай чара көрмөксүз?
- Көмүрдөн нефть чыгат. Купуя сыр эмес. Кабардармын. Бирок, ушунун баарын каражат чечет. Эгер, мага келип, "иштешели" деп конструктивдүү долбоорун сунуштап, алыбыз келе тургандай жумуш болсо, эмне үчүн ал кишинин сунушун четке какмак элем? Тескерисинче, кош колдоп жардам бермекмин. Өлкөдө жанар майы чыгып, экономикабыздын алдыга өсүшүнө кандайдыр бир деңгээлде шарт түзүлмөк.
- "Кара - Кечеде" иштеген жумушчулар менен жолугушуп турасызбы?
- Жолугуп турам. Ансыз болбойт. Биз иштеткен тилке ачык асман астында болгонго байланыштуу жумуш бир кыйла оор. Андагы иштегендер үчүн колдун келишинче бир топ ыңгайлуу шарттар каралган. Мисалы, шахтерлор 15 күн иштеп, 15 күн эс алышат. Айлык акылары өз убагында берилет. Ашканасында 3 маал ысык тамагы бар. Медпункт иштейт. Техникалык коопсуздук жагынан адистер маал-маалы менен түшүндүрмө-көрсөтмөлөрүн айтып турат. Жайкысын бээнин сүтү бар, кымыз ичип эс алса болот. Кышында ал жерде иштегендери үчүн көмүр менен камсыз кылабыз. Ар бир вахтага бодо мал союлат.
- Көмүрдөн башка да бизнесиңиз барбы?
- Алар жөнүндө айтуу али эрте. Качан бутка тургузуп, жакшы иштеп баштаганда айтпасак. Ошол эле мезгилде "Кочкор" жана "Ак-Талаа" автобазаларынын ишмердүүлүгүн кеңейтүү жагын ойлоп атам. Ал жерде жүздөгөн жумушчу орун бар. "Беш - Сары" соода комплексинде да. Мына, ушуларга заманбап шарт түзүп берсем дейм.
- Кичи мекениңиз болгон Ат - Башы элин унута элексизби?
- 1995- жылы Жогорку Кеңешке депутаттыкка коюп атканда, Ат - Башы элине минтип убада бергем. "Мен шайланып, шайланбасам да, силерди көмүр менен камсыз кылганга аракет кылам" деп. Ошондон улам көмүр казып калганым ушу. Себеби, Ак - Талаа жергесиндеги "Турук" көмүр кенин жаңыдан өздөштүрүп, каза баштаганбыз. Ал жерге барчу 30 чакырым жолду азап менен курдук. Бийиктиги 3 миң метрден ашуун жерде жайгашкан. Бүгүнкү күндө Ат - Башы эли толугу менен ошо жердин көмүрү менен камсыз болуп келет. Андан сырткары Ак - Талаа, Нарын да "Туруктукун" алып жүрүшөт. Сапаты Кузбастыкына жетпесе да, Донбастыкындай десем болот. Кубаттуулугу күчтүү.
- Сиздин атыңызда канал бар дешет..
- Бизде Ат - Башыда, Кара - Коюн деген жер бар. Ошо жерде Шырыкты каналы болгон.15 чакырымдан кийин суусу жерге сиңип кетип турчу. Мына ошону улап, дагы 10 чакырым канал курдурдум. 5 миң гектар жерди сугарганга алы келет. 6 жылдай алпурушуп атып. Толук каражаты 3 мектептин кунун жеди десем болот. Анан жергиликтүү эл, бул кылган кызматымды жогору баалап, каналды "Камчыбек" атындагы деп атап коюшту. Мен үчүн мындан артык сый жок деп ойлойм.
- Сын пикирге кандай карайсыз?
- Менин ишмердүүлүгүмө багышталган, калыс айтылган сөздөргө терикпейм. Туура чечим чыгарып, жакшы натыйжа берүүсүнө умтулам. Ал эми көралбастык болсо ата-бабадан келаткан салтпы же башкабы, билбейм. Колуң дурус бирдеме жасаса эле бүттү. Көралбоо, бут тосуулар башталат. Эң кызыгы, ошолордун колунан эч нерсе келбеген немелер болот экен.
- Өзүңүз спортко чукул адамсыз. Кайсы түрүн өздөштүргөнсүз?
-Чынын айтканда волейбол оюнун бала чактан жактырып ойнодум. Ал кездеги Кыргызстандын курама командасында жалгыз кыргыз бала мен болчумун. Тиягы, дүйнөлүк биринчиликке иргеп алуу, биягы Республиканын бир нече чемпиондугун жеңгем. 15 жылдан ашуун Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясын жетектедим. Кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Федерациянын азыркы күндө ардактуу президентимин.
- Күчтүү спортчулар айылдан чыгат. Эң негизгиси аларга шарт керек. Спортклуб, стадион, же жөнөкөй эле спорт аянтчасы дегендей. Оңоп-түзөө жагына кол кабыш кылдыңызбы?
- Ат - Башы жергесиндеги чыгып келаткан спортчуларга өз убагында бир топ эле жардам бергенбиз, дале болсо берип келатабыз. Анан, өзүмдүн Кызыл - Туу айлына чакан стадион куруп, бүтө жаздап калдык. Заманбап моделинде. Миңге жакын көрөрмандар сыят. Ал жерде спорттун ар-кыл түрүнөн мелдеш өткөрсө болот. Мисалы, футбол, волейбол, баскетбол, гандболдон. Кышкысын хоккей, ордо таймаштарын уюштура турган кылып эске алынды. Тегерек чети курчалып, аз-маз жумуштары гана калды.
- Спорт темасын улай бир суроо берейин. Волейбол боюнча кыздар арасында "Беш - Сары" командасы бар эмеспи. Акыркы учурда алдыңкы катардан четтеп калган сыяктанат. Же андай эмеспи?
- Бул команда 10 жылдан ашык мезгилде топтолгон команда. Себеби, ошо кезде ойноп аткан кыздардын аркасы 5- класс, асты 10- класста окушчу. Алардын кийим- кечеги, спорт залы жана машыктыруучулар менен камсыз кылынып, жакшы жыйынтыктарын 8 жылдан кийин берген. Кыргыз Республикасынын 10 жолку чемпиону болгон. Казакстандын жогорку лигасында Кыргызстандын атынан 5 жыл катары менен ойноп, байгелүү орундардан ээлечү. Казакстан курамын 2 жолу уткан. Эл аралык турнирлерди багынткан. Анын ичинде Нурсултан Назарбаевдин, Ислам Каримовдун кубокторуна арналган мелдештеринде, корей, жапон, кыздарына дакаат көргөзүп, биздин кыздардын адресине жылуу сөздөрүн багышташкан. Ошо кыздар былтыркы эл аралык турнирге кайрадан аттанышып, чемпион болушту. Ондон ашууну спорттун чебери деген наамды аркалап жүрүшөт. Дале болсо алдыңкы катардан четтей элекпиз. Эми кайрадан команданын учугун улап, мектеп жашындагы кыздар менен толуктап жатабыз. Мындай жумушту ырааттуу алып баруу оңой иш эмес.

Сурат Жылкычиев





Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0212_10.htm on line 52

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0212_10.htm on line 52

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0212_10.htm on line 52

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
12-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Бүгүн Исаковдун апелляциялык арызы каралат
2-бет
Адвокат Н.Зотова автокырсыкка учурады
3-бет
Нарындын 4 орто мектебинин жамааты нааразычылык акцияга чыгышат
4-бет
Элдин мүлкү тар чөйрөнүн байлыгына айланды
5-бет
"Суу куймайдын" устасыбы?
6-бет
КАЙРА ЖАРАЛГАН МЕЛИС
7-бет
"Кайненеңдин айынан сүйүүңөр
сууйт, күйөөңдүн колу тиет..."

8-бет
Ысырапкорчулук- кашыктап жыйганды, чөмүчтөп чачуу...
9-бет
Жылдыздардын жакасын агартчулар
10-бет
Камчыбек Жолдошбаев:
"Салымбековго бизнес жасаганды мен үйрөткөм"

11-бет
Вампир-эркектен
кантип кутулуу керек?

12-бет
Жаным, биздин сүйүүнү танып кетпе...
13-бет
Данчиктин кличкасы
"крокодил" беле?

14-бет
Атаандашын бир тээп уктаткан Жылдыз
16-бет
Айгерим МАМЫРОВА:
"Сулуулар өз бактысы үчүн өздөрү жоопкер"



Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0212_10.htm on line 52

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0212_10.htm on line 52

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0212_10.htm on line 52




а ­е¦Є.НҐй«