Үйдөгү тиран

Вампир-эркектен
кантип кутулуу керек?
Аялдар артын карабай кача турган эркектердин кээ бир түрлөрү бар. Мындай мырзалар аялды байкатпастан туруп курттай жеп салат. Биз бул жолу аялдын энергиясын "соруп" турган тиран, вампир эркектер тууралуу сөз кылабыз.

Аял күтүп жүргөн мырзасына жолукканда бакыттын кучагына батып, энергияга толуп турган кези болот. Анан бир канча жыл өткөндөн кийин нерви жабыркап, өзүнө болгон ишенимин жогото баштайт. Өзүн баалабай, жашоо ага супсак сезилип калат. Эгер бул айтылгандардан өзүңүзгө таандык нерселерди баамдап аткан болсоңуз, анда сиз вампир-эркектин чеңгелине түшүп калгансыз. Алар ар кандай образда болуп, ар түрдүү ыкмаларды колдонгону менен баарынын максаты бир - аялды өзүнө баш ийдирип, жардамга муктаж, азап тарткан куурчакка айлантуу!

Ойноок эркек
Эркектердин бул түрү көбүрөөк кездешет. Алар менен жылуу мамиле өтө бат башталып, тез ылдамдыкта өнүгөт. Бат эле сүйүүсүн арнап, жүрөгүңүздү, колуңузду сураганга дагы үлгүрөт. Алгач бул эркектер убада берген учурунда телефон чалып, эгер сиз менен жолугушуу керек болсо, маанилүү ишин дагы кийинкиге калтырып койгонго даяр болушат. Аял мындай мамилеге башы айланып, "таза сүйүү деген ушул экен да" деп өзүн жоготот. Бирок мындай мамиле көпкө созулбайт. Ойноок мырза аялдын жүрөгүн ээлеп алганына толук ишенгичекти гана "идеалдуу" болуп турат. Айымдын сүйүүсүн багындырып, аны менен бир канча күнгө дагы дайынсыз жоголуп кетиши мүмкүн. Башында айымга жакшы сөздөрүн арнап, өөп-жыттап жүргөн мырза "сенин ойлогонуң эле ошол нерсе" деп жекирип коюуга да даяр. Айымды сүйдүрүп алгычакты үйүнө азык-түлүгүнөн бери алып келип берип, анын туугандары менен таанышканга жетишкен соң "эмне ошентип жүрсөм эле мага үйлөнөт экен деп ойлодуңбу?" деген сөздөрүн айтканда таң калбаңыз. Анткени, ойноок эркектерге бул тубаса берилген сапаттар. Эгер мындай мырзалар кимдир бирөө менен ойноштук мамиледе болсо "бүттү, аялым менен ажырашам!" деген сөзүн жүз мертебе кайталап, бирок "Кантсе да абийирим жол бербейт" деп айтып, аялды эзип жибериши мүмкүн. Эркектердин бул сапатын тарбиялап, оңдоп алам дегендер жаңылышат. Анткени, бул айыкпас оору. Мындай мырзалардын чеңгээлинен кутулууга аракет кылбаса, айым вампирдин курмандыгы болуп калышы ыктымал.

Трагедиялык "каарман"
Аялзатын "жеп түгөтчү" эркектердин бул түрү өзүн аябай таланттуу, башкаларга окшобогон өзгөчө адам катары санайт, бирок анын оюн эч ким "түшүнбөйт" деп ойлойт. Бул мырза дайыма эле кызматтан айдала берген, балким, сүрөтчү, режиссер, жазуучу, же жөн гана программист болушу мүмкүн. Мындай эркектерге аялзатынын энелик мээрими ойгонуп, аяп баштайт. "Муну чын эле эч ким түшүнбөй атат, мен түшүнөйүн, колдоюн, жардам берейин" деп ойлошот. Анан алаканына салып, айтканын эки кылбай колдоо көргөзүшөт. Жумушка орноштурушу мүмкүн, же карыздарын төлөп ж.б... Эсиңизде болсун, адамга кыйын кырдаал учурунда гана жардам берүү керек. Дайыма эле калкалап, колдой берсе аялдын күчү кетип, нерви жабыркай баштайт. А убакыттын өтүшү менен мырзаңыз да ошого көнө түшүп, сизге болгон жүгүн артып алат. Айымдын "Иштесең боло" деген сын пикирин аялынын тили узарып баратканы катары кабыл алат. Аял мындай эркек менен чогуу жашоо учурунда өзүнө, балдарына аз көңүл буруп, мырзасы менен гана алектенип калат. Ал вампир кандайча "соруп" атканын айым кечирээк түшүнүшү мүмкүн.

Вирус-күйөө
Эркектердин бул түрү бир караганда токтоо, ишенимдүү сезилиши мүмкүн. Көбүнчө мындай мырзалар юриспруденция тармагында, бийликте иштеши мүмкүн. Бул түрдөгү эркектерди аялды "талкалоочу" эркектердин эң куусу десе болот. Анткени, сыртынан караганда, алардын зыян келтирип атканы такыр байкалбайт. Бул "вампирлер" эч качан жаңжалды өздөрү биринчи баштабайт. Жөн гана бир жума, же кала берсе бир ай таарынгансып сүйлөбөй коюшу мүмкүн. Мындай учурда аял "эмнеден жаздым?" деп, күнөөнү өзүнөн издеп баштайт. Эгер мырзасынан сураса, ал "өзүң менден жакшы билесиң да" деп коет. Аял ыйлап, жалдырап сурай баштаганда "мындайда долу болуп чыга келесиң" дегендей орой жооп берип коюшу ыктымал. Бул түрдөгү эркектер вирус сымал айымдын ички дүйнөсүнө кирип алып, акырындан талкалай баштайт. Бара-бара айым өзүнө таандык болгон сапаттарын жоготуп, күйөөсүнө кантип жагынуу жолдорун гана издеп калат. Мындай эркектерге жагынуу мүмкүн эмес. Сиз укмуш идеалдуу болсоңуз деле алар кемчилик таба беришет. Ошондуктан, мындай шартта аял өзүнө гана тийиштүү болгон сапаттарды сактап калууга аракеттениши зарыл.

Куурчак ойногондой
Көп айымдар дал ушундай мырзаны кыялданышат: ийгиликтүү ишкер, бай, коомдун жогорку катмарынан. Бул эркек менен үйбүлө курса эле баары бут алдына төшөлүп калчудай сезилиши мүмкүн. А бирок бул түрдөгү мырзалар аялдарга куурчак катары мамиле жасашат. Айымдарын "алтын капаска" камап алганды жактырышат. Аялды иштебей үйдө отуруш керек деп эсептешет. Кала берсе, дос кыздары менен жолукканга дагы тыюу салышат. Башкалардын көзүнчө басынтып, "ой, бул деген келесоо да" деп аялын какканды жакшы көрүшөт. Аял күйөөсүнүн айтканын чындык катары кабыл алып, өзүнө ишенбөөчүлүк пайда болот. Ошон үчүн вампирди таштап дагы кете албайт.

Профессор Хиггинс
Бул түрдөгү эркектер көбүнчө мугалим, врач, адвокат, же психолог кесиптерин аркалашат. Аялды "окутканды" жакшы көрүшөт. Кудум эле гүл саткан аялды аксөөк аялга айланткан "Пигмалион" чыгармасындагы профессор Генри Хиггинске окшоп, аялды кайрадан "куруп" чыгууну каалашат. Кийингенинен баштап, баскан-турганына чейин көзөмөлдөп, өзүнүн каалоосундагыдай кылып өзгөртүүнү максат кылышат. Эгерде аял буга нааразычылыгын билдирсе "Профессор Хиггинс" "бул сен үчүн эле жасалып аткан нерсе" деп коет. Мындай шартта аялда "эгер мени өзгөртүүнү каалап жатса, демек, мен жаман экенмин да, ага жакпайт экенмин да" деген ишенбөөчүлүк пайда болот. "Оңолууга" канчалык аракет кылган менен күйөөсү кемчилик жагын таба берет. Бул нерсе бара-бара айымдын канатын кайрып коюшу ыктымал.




  Кеңеш-кеп

Гүлсина ЧОТОНОВА, актриса:
"Аял өзүн "жебей", басып кетсе..."
- "Эзме" эркекке жолугуп көрдүңүз беле?
- Кудай сактасын, мен мындай "эзме" эркекке жолкуккан жокмун. "Аял менин энемдей болуш керек, эркек атамдай болуш керек" деп айтып коюшат эмеспи. Адамзаты дагы түгөйүн ушул критерий менен тандайт болуш керек.
- Күйөөңүздөн таяк жеген учур болгонбу?
- Жок, андай болгон эмес. Аял деген бардык жактан эркектин колдоосуна муктаж жан. Аял - бул эне. Анан энедей ыйык аялзатына кол көтөрүүнү жүзүкаралык деп эсептейм.
- Дал ушундай "тиран" эркек менен жашап жүргөн аялга кандай кеңеш берет элеңиз?
- Ошондой зомбулукта жашап аткан аялдын психологиясы дагы ошого көнүп калат окшойт. Бирок, буга аял чыдап, өзүн-өзү "жеп" жүрө бербеш керек. Баланы жарык дүйнөгө алып келип, бир үйбүлөнү кармап турган аял мындай жашоону токтотуп койгонго күчү жетет. Болгону чыгынып туруп, басып кетсе болот. Басып кетсе, жаңы, жакшы жашоо башталарына мен аябай ишенем.