Данчиктин кличкасы
"крокодил" беле?
Билдирүүлөр аптанын ар күнү кабыл алынат.

1716. Салам "Учур"! Баары кымбаттады, эл кандай күн көрөт? Бийлик элди качан ойлойт? Акүйдү түп орду менен талкалоо керекпи?
0514 абоненти
1717. Сүйүктүүм, түшүмө кирдиң… Көздөрүңө арбалдым…
Рома

1718. Салам "Учур"! Сүйүү деген эмне? Сүйүү деги барбы? 22 жаштагы балдардан жооп күтөм. Менин номерим: 0554-333201
3201 абоненти

1719. Данчик, деги сен качан акчага тоесуң? Элди ойлочу кагылайын!
Азиз

1720. Эх, кыргызымдын качан багы ачылат болду экен? Кырылыша берип, глобалдашуу доорунан калып калбас бекенбиз? Ойгон элим!
2825 абоненти

1721. Бегалы Молдогозуевич, сиз кыргыз үчүн канчалык деңгээлде күйөсүз?
Азиз

1722. Сен абдан сулуу экенсиң, мага жагып калдың…
0058 абоненти

1723. Ат-Башы ойгон! Үзөнгү-Кууш үзүлдү эле, эми Аксай, Арпа аңтарылып кетеби?
Атбашы

1724. Жаным Наргиза, келе жаткан 11-февраль туулган күнүң менен куттуктайм! Бар бол, жанымда жаркылдап жүрө бер! Мен сени сүйөм.
Нурбек

1725. "Укмуштуунун төөсү жорго" дегендей, "укмуш" тарифи чынында эле 1 сом 60 тыйын болуп калды. Элди таңгалдырып. Шумдугуң кургур! Билайн кызматкерлери, "укмуш" тарифине өткөн кардарлардын кем-карчын кайрып бересиңерби, же көзүңөрдөн чыксынбы?
Тыныч
1726. Ата-бабаларыбыз кыргыз эли үчүн көптөгөн согуштарды баштан кечирип, жерин сактап келген. Мына ушул ыйык жерлерибизди сатып бүтөсүңөрбү? БАКСтарга баары бирби? Кыргыздарга сталиндик режим керек!
Динара 93

1727. "Учур" газетасынын жалпы жамаатына салам! О.э. кыздарга салам! Келгиле таанышабыз, сырдашабыз. Номерим: 0705-111520
1520 абоненти

1728. Роза Исаковна, орустар сизге акча бербейт…
Чындык

1729. Президент Кыргызстанды качан Бакиевстан деп өзгөртөт?
Сер Чындык

1730. Карапайым эл кыйналдык го! Эми эмне кылабыз?
2135 абоненти

1731. Кыргыз элим, бул бийликтин кылган ишине чыдап жашай беребизби? Мындай зордукчул, элин аябаган бийликке чыдай албай калдык го. Эми кайда барып, кайда жашайбыз?
6255 абоненти

1732. Жаным Аскат, жалган айткым келбейт. Экөөбүз бактылуу болобуз!
Азиза 92

1733. Бегалыга суроо: Максимди президент болот дейсиң, а өзүң ага жарабайсыңбы?
0125 абоненти

1734. Кар калың жаады, кыргыздар тоңуп өлбөйбүзбү? Бийлик светти өчүрөт, анысы аз келгенсип кымбаттатты. Кимдин чөнтөгүн толтуруп атабыз деги?
Жеңиш, Жалал-Абад

1735. Наргозуевдин көзү ачыла баштаган го. Алдын ала "Максим утат" деп.
Азиза

1736. Бегалы Наргозуев, сен кыргызсың, Америкада жашаган жоксуң! Куке баласына бийликти мураска бергидей эмне, кыргыз эли көзүңө мал көрүнүп атабы? Кошоматка кой сойсо, сен төө союп атасың го. Кыргыз калкы сокур эмес, көрүп атышат. Атасынан жыргап, эми баласы калыптырбы? Максим такка отурса, элибиз тентип кетпесин?!
Азиза 92

1737. Бийлик салыктарды көбөйттү, ар тараптан. Чечмелесең тим эле жиниң кашаят. Кайран элге убал болду!
5468 абоненти

1738. Мелис Карыбеков мырза, кыргыздарды качан Манас атанын арбагы колдойт?
Шаршен

1739. Досум Малвинаны 22-февраль туулган күнү менен куттуктайм! Ата-энеңдин ишеничин актаган, мээримдүү кыздардан бол! Бакыт башыңдан кетпесин! Досуң
Айчүрөк 93, Лейлек

1740. Атам Азиреткулду жана иним Бекболду 23-февраль майрамы менен куттуктайбыз! Бактыбызга бар болуңуздар!
Гүлзат, Айзирек, Айчүрөк, Лейлек району

1741. Урматтуу "Учур" гезити, силер дайыма эле Турусбек Мамашевди "элүүдөн ашкан" деп тергеп жазасыңар. "Эр ортону элүү жаш" дегенди уккан жок белеңер? Турусбектин акчасына баары эле кызыкпайт, анын адамгерчиликтүү сапатына деле кызыккандар бар. Маселен, мен аны баардык жагынан төп келген кыргыздын чыгаан жигити катары сыйлайм. Инимдей көрөм.
Гүлназ, Бишкек шаары

1742. Бакиевдин "куйругу" Турусбек Мамашевге убал барбы? Мындай экс-чиновниктердин "көчүгүн" казса, далай былык чыгышы мүмкүн. Турусбектин орду түрмөбү?
Желдең

1743. Кыргыздар, качан өз намысыбызга келебиз? Деги бизде ар жок. Алакандай жерди да бөлөсүңөр, "Түндүк-Түштүк" деп. Бул нени түшүндүрөт өзү?
2825 абоненти

1744. Лидер Аликбек Жекшенкуловдун акталып кетишине тилектешмин!
Бек, Өзгөн району

1745. "Акжолчу" депутаттар билесиңерби, силер эл душманындай иштерди кылып атканыңарды? Деги элдин кызыкчылыгын качан өйдө коесуңар? Кыргызымды кыйнадыңар го…
2825 абоненти

1746. Салам "Учур"! Жылдыздар жөнүндө жазгылачы? Силерди урматтоо менен
Жыпара

1747. Досум Каныкейди 18-февраль туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Кыргыздын керегине жараган кыз болушуңа тилектешмин!
Айчүрөк 93, Лейлек району

1748. Оштук кыздар менен таанышам. Көңүл ачуу үчүн. Жашы 20-25 болсун. Тел. номерим: 0554-808506
Алеша

1749. Кыргыздын "дүжүр" чалдарына салам!
Эрбол, Москва шаары

1750. Ди-джей Назира Кадыева бар бол! Сиздин үнүңүздү радиодон угуп жүрө берели. "Учурга" жакшы чыгып коюпсуң…
7654 абоненти

1751. "Бала ыйлабаса эмчек кайда?" демекчи, дагы кеч болуп кала электе жанданалы, эл өзүбүз аракет кылып, бул бийликтин башына нокто катпасак, жалгыз-жарым адамга баш берчүдөй түрү жок. А болбосо, чидерин үзгөн азоо аттай эч кимге ээ бербей баратпайбы. Аттиң, "ханды Кудай урарда, элине жаман кас болот" деген ушул белем? Үн кошуңуздар! Алсырап, кансырап кала электе…
6678 абоненти

1752. Жылуу, жагымдуу кыздар телефон чалгыла. Бир келген жошоодо таанышалы. Тел. номерим: 0778-881070
1070 абоненти

1753. Салам "Учур"! Оппозицияга эмне болгон? Үндөрү угулбай калды го, же бийликтен коркуп калыштыбы?
0874 абоненти

1754. Бегалы мырза, кошоматчылыктын да чеги болот. Элге жакпаган сөз айтыпсың! Исмаил Исаков кызматта жүргөндө эле ГЭСтеги сууну, ж.б. маселелерди иликтегенде, аны "аралашпа" деп кызгана башташкан…
Абдимажит уулу Осмон, Кара- Кулжадан
1755. Кыргыздын кыздары дунган, уйгур, сыган сыяктуу мекени жок немелерге күйөөгө тийип, улутубузга доо кетиргени Кудайга жагабы? Деги эле кыргыздын кыздары башка улуттарга эрге тийип, не муратка жетет? Улутубузга шек келтиргендерди ата-бабабыз аесуз жазалаган! Бул - биздин байыркы жоочалыш дүйнөбүздүн мурасы!
Каныбек, Жайыл району

1756. Ылдыйкы Ала-Арча мектебинин 6-"Г" классында окуп аткан досторума чоң салам! Мен силерди сүйөм!
Айшоола

1757. Бийлик тарапкерлерин генерал Исаковго алдырды! Урматтуу генерал, кыргыз эли сиз деп күйүп турат!
Патриоттор

1758. Данчик мырза, сиздин кличкаңыз "крокодил" беле? Эми билдим, себеби, азыркы тарифтердин кымбаттаганы боюнча элди бир ойлобойсуңарбы?
Ош, 77

1759. Исаков мырза, сизге Кудайым кайрат күч берсин! Бакиевге наалат! Кыргыз элдин каргышына калгандан коркпойсуңарбы?!
Бишкек

1760. Жылдыз Мусабекова мыкты журналист. Атына заты жарашкан…
2223 абоненти

1761. Бийлик Исаковду камады, эми Жекшенкуловду камаса, анда сөзсүз бул бийлик аңтарылып түшөт! Акүйдүн 7-кабатындагылар элдин ичиндеги абалды байкабайбы? Же булар акаевдердин үйбүлөсүндөй болуп качканда баарын түшүнөбү?!
0987 абоненти

1762. Самара, сен кайдасың? Турмушка чыктың беле? Эгер турмушка чыкпасаң, байланышчы? Билесиңби, акыркы жолу университеттин жанынан жолукканбыз. Экөөбүз жолуксак жакшы болмок…
Эски сүйгөнүң

1763. Бакиев эмне үчүн баардыгын кымбаттатып жатат?
8472 абоненти

1764. Элдин энчиси болгон "Түндүкэлектрону" 3 миллион долларга сатканына өкүнүп атабыз. Ансыз да электр энергетикасына жарыбай отурганда, эми түбөлүк куруйбузбу? Деги сатылбаган эмне калды? Кыргыз элинин келечек мууну кайсы күндү көрөт?
Бекболот, Сокулук району




  Гороскоп

15-февралдан, 21-февралга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Алтынчы туюмуңуз иштеп, келечектен түш аркылуу аян аласыз. Ар тараптан колдоо таап, ташыңыз өйдө кулайт. Жуманын экинчи жарымында достор менен көңүл ачууга шарт түзүлөт. Жаныңызга түгөйүңүздү ээрчитип алыңыз.

Букачар (21.04 - 20.05)
Жан дүйнөнү байытып, жашоо тууралуу ойлонууга ыңгайлуу учур келди. Бул келечек максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөт. Аптанын экинчи жарымында кызматка байланыштуу маселелер менен убара тартасыз.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Жашооңузга байланышкан сыр түйүндөрү чечилиши ыктымал. Жеке турмушуңузга кам көрүп, олуттуу ойлоно баштайсыз. Опурталдуу жагдайларга кабылбаш үчүн узак жолго чыгууну артка жылдыра туруңуз.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Жаман ойлордон, санаадан арылыңыз. Акчага байланышкан иштер жеңил чечилет. Бирок, узак мөөнөткө кредит алууну пландабай эле койгонуңуз оң. Жашоого сергек карап, жубайыңызды таарынтып алуудан сактаныңыз.
Арстан (23.07 - 23.08)
Жакындарыңыз менен мамилени бузбаңыз. Чыр-чатакка баргандан көрө ишеним артып, чын пейилиңиз менен мамиле кылсаңыз акыбети кайтат. Жалгыз бой арстандар болочок түгөйүнө жолугушу ыктымал.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Жылдыздар ден-соолукка кам көрүүнү сунуштоодо. Материалдык абалды жакшыртуу үчүн көбүрөөк иштегенге туура келет. Ойду тазалап, план түзө билиңиз. Эң башкысы ашыкпаңыз.

Тараза (24.09 - 23.10)
Чыгармачылык жөндөмүңүз ойгонуп турган чак. Аны туура пайдалана билсеңиз, ишиңиз алдыга жылышы мүмкүн. Ар кандай азгырыктуу сунуштар күтүлүүдө. Келечекте кыйналууну каалабасаңыз, алардан баш тартканыңыз оң.

Чаян (24.10 - 21.11)
Сиз үчүн азыр ичара түшүнүү, эмоционалдык эс алуу маанилүү. Аны үйбүлөдөн табасыз. Жакындарыңыз менен мамилени чыңдап, мурдатан келе жаткан таарынычтарды унутууга мезгил жетти.

Жаачы (22.11 - 21.12)
Ким менен мамиле түзбөңүз сак болуңуз. Айрыкча бейтааныш адамдардын сунуштарына макул болбоңуз. Алданып калып, шоруңуз кайнайт. Аптанын экинчи бөлүгүндө достор менен жолугууга шарт түзүлөт.

Текечер (22.12 - 20.01)
Моралдык да, материалдык да жардамыңызга муктаж адамдар чыгышы мүмкүн. Бейшембиден тарта көздөп жүргөн максатыңыздын үстүндө иштеңиз. Бирок, бирөөгө таянбастан, өзүңүз аракет кылыңыз.

Суупери (21.01 - 19.02)
Ак көңүлдүгүңүздү бөлөк максатка пайдалангысы келгендер чыгат. Абайлаңыз. Үйбүлөлүү жаачылар түгөйү менен чырлашкандан качканы дурус. Андан көрө кызматка баш-оту менен киришсе, көп нерседен утат.

Балык (20.02 - 20.03)
Жуманын биринчи жарымында табышмактуу окуяларга тушугасыз. Айрыкча, кимдир-бирөөлөрдүн бал тилине кирип, сызга отуруп калуу коркунучу жогору. Андыктан чала тааныштардан оолак болгонуңуз эле жакшы.