Сулуулар ааламына баш багып…

Айгерим МАМЫРОВА:
"Сулуулар өз бактысы үчүн өздөрү жоопкер"
Моделдик ишмердиктеги дагы бир кыргыздын кара көз кызы Айгерим МАМЫРОВА менен бул ирет учкай маек курдук.

- Сулуулар коомдо суктанууну жаратышат, ал эми алар сүйүүдө дайым бактылуубу?
- Бүтүндөй адамзат махабатта тегиз бакытка бөлөнө албасы анык. Ал эми сулуулардын сүйүүдө бактылуу болушу андан да сейрек кездешсе керек. Себеби, сулуу адамдарга баары көз артышат. Алар менен таанышууга умтулуп, мамиле түзүүгө, көңүлүн алууга бар күчүн салып аракеттенгендер арбын. Тилекке каршы, көпчүлүк жигиттер кыздардын сырткы сулуулугуна ашык болуп, бал тилин салып, жалган убада берип, алдоодон да тартынышпайт. Ошондой мамиле түзүүгө аракет жасагандар арасында кимдин дили, жүрөгүндө не бар экенин, сага болгон ою канчалык таза, канчалык ыплас, мамилеси жалган же чын экенин билүү кыйын. Андайда сулуулар адашып, тагдырына таасир эткен туура эмес кадамдарды жасап алышы ыктымал.
Дайым коомчулук карегинде болгондуктан, сулуулар дайым ушак-айың, кызганыч, жалган-жалаа кепке көп кабылышат. Мунун баары биригип келип, сулууларга жашоодо кошумча кыйынчылыктарды жаратат. Бирок, сулуу адамдын өз акылы зирек, жакшы таалим-тарбия алса, ак менен караны ажырата билсе, ыймандуу болсо мындай тоскоолдуктарды оңой жеңип, катачылык кетирбейт. Ар бир адам өз бактысынын устасы дегендей, сулуулар деле өздөрүнүн сүйүү бактысына өздөрү жоопкер.
- Ушул кезге чейин сиздин дарекке айтылган кандай комплимент же мактоо көбүрөөк эсте калды?
- "Жылуу сөз жыланды да ийинден чыгарат" дегендей, мактаса же комплимент айтса кимге жакпайт экен. Мага деле күнүмдүк турмушумда тааныш, туугандар, курбуларым жакшы жактарымды айтып мактап койсо, көңүлүм учуп калат. Бирок, эң өзгөчөсү: сүрөткө түшүп атканда сүрөтчүлөр "көзүңдө линза барбы же дары куюп алдың беле?" деп сурашкан. Неге эле мындай суроолорду бере беришерин сурасам, көздөрүм өзгөчө жылтырап турарын айтышкан эле. Бул комплимент дегеле эстен чыкпайт. Көздөрүмдүн жылтыраганы, элге жылуу көрүнгөн жүзүм, мүчө-келбетим түгөл Жараткандан, жаратылыштан. Кудайдын мага белеги деп билем. Ата-энем экөө тең сулуу, келишимдүү адамдар. Алардан да мага берилген үлүштөрү бар болсо керек…
- Сулуулар стереотип менен жашайбы же агымга каршы ага алышабы?
- Табиятынан топ элден аз-маз болсо да айырмаланып турганы үчүнбү, агымга каршы агуудан коркпосо керек. Бирок мындай нерсе, өң-келбетинен улам эмес, адам баласынын өз мүнөз-касиетинен көз каранды го деп санайм. Эгерде бирөөдө элден артык же башкача көз карашы болсо, же кызыккан нерсеси бөтөнчө дүйнө болсо, эч кимди көңүлүнө албай деле ойлоп, көздөгөнүн акырындан аткара берсе, өз мүдөө-максатына жетээр. Мындай адамдарды жактырам, сыйлайм жана эрки күчтүү адам деп бааласам болот.
- "Сулуулар моданын артынан кууп жашашат" дегенге кошулат белеңиз?
- Албетте, ар бир адам, өзгөчө кыздар жакшынакай, татына болуп көрүнгүсү келет. Ошол себептен, моданын мыйзамына же талабына жараша кийимби же жарашыктуу бир буюм болобу, ага жетүүгө умтулушат. Бирок, өзүмдү моданын артынан кубалап жашагандар арасына кошо албайм. Себеби, модага берилгенден көрө өзгөчөлүктү көбүрөөк баалап, ошого умтулам. Тиричиликте өзүмө кызыктуу болгон нерселерге гана көбүрөөк көңүл бурууну туура көрүп, кийимде да өзүмө жакын стилге басым жасайм.
Айым НУРЖИГИТОВА