![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Генерал. Сүргүн. Жөө жүрүш…№1 СИЗОдо жаткан Исмаил Исаковду 19-колонияга которуу боюнча маалымат беришти. Бүгүн генералды Жаңы-Жердеги сүргүнгө айдаса, ал эми алайлыктар мындай көрүнүшкө жөн жатмак беле? Алар И.Исаковдун боштондугу үчүн Бишкекке жөө жүрүшкө камынып атышкандары маалым болду. Нааразычылык акциясы генералды актамайынча токтобойт экен. Кыскасы, Кыргызстанда чоң көтөрүлүш оту тутанып келаткандай… Ажо Германияга дарыланууга кеттиби? Курманбек Бакиевдин Германияга дарыланууга кеткени боюнча имиш тарады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы эч кандай маалымат берген жок. Биздин угушубузга караганда, К.Бакиев эки жума медициналык кароодон текшерилип, дарылануу менен Бишкекке кайтат экен. Эсиңерде болсо, ажо ушул жылдын башында да Германияга барып, бир жумадай дарыланып келген. Денсоолугу начарлап баратканы чынбы?.. Жол ачкыла, кара кулак шер келатат! Жакында "Компромат" аттуу гезит жарык көргөнү атыптыр. Кыргыз тилинде. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, бул басылма төбө чачты тик тургузгандай эле кабарларды берет имиш. Өзгөчө белгилүү аткаминерлерге, саясатчыларга, анын ичинде "акжолчу", СДПКчы депутаттар туурасында да интимдик материалдар чагылдырылат дейт. Бул жагынан оппозицияга да компромат топтолгонун уктук. О.э. чуулгандуу кептерди алып жүргөн тележылдыздар, ырчылар да мындай "фокс-мокстан" кур калбаса керек. Айтор, оңду-солду карабаган компромат материалдар коомчулуктун назарын буруп, чо-оң сенсацияны чагылдырса, кызык кырдаал жаралчудай. Бирок, "Компроматтын" редактору ким болору азырынча белгисиз. Батыш үлгүсүндөгү мындай гезит кыргыздарга канчалык деңгээлде жагып, эмне дүрбөлөңдү баштай турганын байкап көрөлүчү. Даниярды В.Путин кабыл албай койду Премьер-министр Данияр Үсөнов Орусияга барып, кыйраткан иш кыла албады. Башта айтылган 1,7 млрд. доллар кредит маселеси чечилбей, анысы аз келгенсип, В.Путин да кабыл албай коюптур. Болгону Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүмүш этти. А эң негизгиси, Кремлдин жарыгы кыкеңдерге тийбей турганы дайын болду. Мына, чиновнигиңдин "аброю зор" болсо, ушунакай тескери жоруктар боло берет тура. Элге пайдасы жок дегенибиз. Кыязы, Даниярдин "соодасы" бүткөнү аз калды окшойт. Бийлик Курултайынан кийин ээрден шыпырылып түшүп, бармагын тиштеп калбагай эле… Эжең депутат болсо, чет өлкө кеп бекен?.. Депутат Динара Молдошеванын БГУда окуган сиңдиси туурасында маалыматтар түштү. Чыгыш таануу факультетинен Японияга окууга которулуу боюнча. Бизге жеткен кептерге караганда, депутаттын сиңдиси Японияга окууга өтө турган конкурстан кулаганы, бирок депутаттын жакын тууганы болгону үчүн анын артынан министр жардам берип атканы, айтор, Динара айымдын көзөмөлүндө окуу маселеси чечилип атканын айтышты. Атаңгөрү, эжең депутат болсо, билим сынагынын деле кереги жокпу? Бу заманда таанышы барлар "таңка" болуп, чет өлкөлөп окууга деп сайран куруп кеткендер толтура эмеспи. Ошолордун катарын Динаранын сиңдиси толуктап, эл-жер көрүп, эс алып келсе жарашпайбы эмне? Эжеси биякта "Акжолдун" гүлү болуп турганда… Үсөн аке элди үркүтөт дейби… "Карт бөрү", эски "партбосс" Үсөн Сыдыков революциянын 5 жылдыгын майрамдоо боюнча уюштуруу комитетин жетектеген атыптыр дейт. Кызык, кайсы жетишкен ырыстарына майрамдашат ыя? Революциялык идеяларды тебелегени үчүнбү? Айтор, бул жагынан суроолор көп. Буга чейин Акаев режимин ураткан саясатчылар куугунтукталып, түрмөгө тыгылып, айрымдары өлтүрүлгөнү эсибизде. Исмаил Исаков менен Эркин Бөлөкбаев түрмөдө жатса, Баяман Эркинбаев өлтүрүлгөн. Ал эми Алмаз Атамбаев, Роза Отунбаева, Топчубек Тургуналиев, Дүйшөн Чотонов, Ырыскелди Момбеков сыяктуу революция каармандары оппозиция байрагын көтөрүшүп, куугунтук азабын тартышууда. Мындай шартта Үсөн аке эмне болгон майрамды баштаганы туру? Баса, кезинде өзү да Акаевдин "куйругу" болуп жүрбөдү беле, эми да эски "куйруктар" менен табакташ болуп, би-ир жыргалга батабы? Мындай болсо элди үркүтүп алышат го. Көрө жатарбыз. "Сары ооз балапандардын" духу көтөрүлүп Абдыганы Эркебаев улам-улам сыркоологонуна байланыштуу саясатка толук кандуу кирише албай атты эле. Учурда ден-соолугун чыңдап, табына келип турган чагы. Кечээ Коомдук парламенттин жыйынын ачып, төрага катары милдетин аткарды. Абдыганы мырзанын мындай батыл иш аракетин көргөн айрым "сары ооз" оппозиция өкүлдөрү жандана түшүштү. Дем, дух алып дегендей. Эгерде А.Эркебаев ушул калыбынан жазбай, саясый айдыңда иш алпара берсе, анда кө-өп нерселерден үмүт этсек болот. (Коомдук парламент боюнча маалыматты 5-беттен окуңуздар.) Максим Орусияга кетеби? Акүйдүн Ынтымак Курултайынан кийин Максим Бакиев ЦАРИИдеги иштерин жыйыштырып, Орусияга бизнес кылганы кетеби? Дегенибиз, учурда ушунакай кептер козголо баштады. "Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, алгач имиш чыгып, анан жүзөгө ашып кетчү эле. Бир эсе ажонун биртуугандары да Максимдин Орусияга кетишине кызыкдар деген да кептер бар. Айтор, ич ара келишпестиктерден улам, М.Б. "тойдум байдын кызына!" деп басып кетиши да ыктымал. Себеби, негизги байлыктар менчикке өттү, "болор иш болду, боесу канды" дегендей. "Бектер кетет - эл калат, бетеге кетет - бел калат" деген ушулбу? Кыргыздын шору арылбайт экен да… Курултай коопсуздугун Т.Мадылбеков тескейт 17-марттагы оппозициянын Элдик Курултайына катуу даярдыктар көрүлө баштады. Бул жыйындын коопсуздук жагын Турат Мадылбеков колго алып, ардагер-ветерандар менен тартип жагына көз салмакчы. Оппозициянын Курултайына ар кандай провокациялар болушу мүмкүн да. Бул жагына полковник Турат мырза жол бербесе керек.
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||