![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Тактоо ордуна Эркин Салымбеков, "Дордой" ассоциациясынын президенти: "Адамга байлык сыноо катары берилет" Өткөн сандарыбызга шаардагы ири соода түйүнү "Дордойдун" ичиндеги "Жунхай" базары жөнүндө жазган элек. Анда "Дордой" ассоциациясынын президенти Эркин Салымбековдун кытай ишкерлерине болгон мамилесин баяндап, Конфуцийдин тукумдары күн санап кыргыз жеринде көбөйүп баратканына кабатырланганбыз. Ток этерин айтканда, өз жеринде туруп, кытайлардай мүмкүнчүлүккө ээ болбогон, кысымга кабылган кыргыз соодагерлеринин абалына боор толгогонбуз. Макала жарык көргөндөн кийин Эркин Салымбеков редакция менен байланышып, келтирилген айрым фактыларда өтө эле аша чапкандык бар экенин кабарлаган. Ал тургай өз далилдерин да келтирип, маек берген эле. ЖМК мыйзамы боюнча биз эки тараптын тең пикирин чагылдырууга милдеттүү экенибизди эске алып, Эркин мырзага эркин микрофон карматтык. - Эркин мырза, акыркы кезде "Жунхай" базарында кытайлардын көбөйүп баратышы жөнүндө нааразычылыктар угула баштады. Дал ушул маселени тактап берсеңиз, бул базарда канча кытай мыйзамдуу түрдө соода кылат? - Рахмат. Биринчиден, Кыргыз элимди жаңы 2011-жылы менен куттуктап кетейин. Коен жылында мамлекетибизде тынчтык өкүм сүрүп, ар бир үйгө ырыскы уяласын. Бардык жамандык артта калып, өнүгүүгө арыш таштайлы. Эми суроого токтолсок, азыркы сен козгогон маселе бүгүн эле пайда болгон жок. Көптөн бери көтөрүлүп келатат. Учурда "Дордой" соода комплексинде 10 базар бар. Ар бири 10 уюмдун энчисинде. Ал эми "Жунхай" базары бул "Мурас-Спорт" ишканасына таандык. Бул базар башында эле кытай соодагерлерине ылайыктап ачылган. Өткөндө гезитке "Жумабек Салымбеков "Жунхайга" 1000ден ашык кытай кийриптир" деп жазыпсыңар. Мен тактоо иретинде айта кетейин, ар бир базар чет мамлекеттен келген ишкерлер үчүн квота алууга милдеттүү. "Жунхай" базары ушунун негизинде 2010-жылы 420 квота алган. Бүгүн атайын комиссия түзүп, текшерсек, 420 адам да толук соода кылбаптыр. Болгону 320 кытай атуулу бар экен. Ал эми "Дордойдон" башка базарлардагы кытайлар үчүн жооп бере албайм. Алардын кандайча квота алып, соода кылып жатканын билгиңер келсе, Миграция жана иш менен камсыз кылуу министрлигине, атайын органдарга кайрылгыла. Бул да болсо коррупциянын кесепети. Себеби, мурунку бийликте тургандар алкымы бузулуп, атайын фирмалар аркылуу квотаны ашыгы менен сатышкан. Анын кесепети базарларда кытай соодагерлеринин көбөйүшүнө алып келди. - Дегеле жалпы "Дордойдо" кыргыздар менен кытайлардын тирешүүсү байкалат экен. Же кытайлар товарын арзан баада сатканы үчүн атаандаштык жаралып атабы? - Эми базарда атаандаштык деген сөзсүз болот. Кээде сиз айткандай, чындап эле айрым кытай соодагерлери товарды арзан саткан учурлары кездешет. Андайда биздин ишкерлер күйүп, иши жүрүшпөй калууда. Бул маселе боюнча, биз кытай ишкерлери менен сүйлөшүп, "бааны бир калыпта кармагыла" деп талап коюп атабыз. Буга көнбөгөндөрдүн ишин да токтотконбуз. Бирок, чындап келгенде биз чет өлкөлүк ишкерлерге шарт түзүп берүүбүз керек. Алар ошого жараша салык төлөйт. Антпей келгендин баарына эле кордук көрсөтө берсек, экономика кантип жанданат? - Айтмакчы, кытайлар кыргыздардын үстүнөн арыз жазып, кысым кылып атканы боюнча да кабар алганбыз. Бул жагына не дейсиз? - Бул чындыкка коошпогон сөз. Эгер чындап эле ошондой болсо, эң биринчилерден болуп биз кабардар болмокпуз. - Соңку убактарда сиз жетектеген базардын ишмердиги солгундап бараткансыйт. Дегеним, Казакстанга, Өзбекстанга товарлардын кетүүсү начарлап калганын айтышат... - Өткөн 2010-жылы жалгыз базар эмес, бүткүл кыргыз эли кыйналганы маалым. Өзүңөр көргөндөй 7-апрелден кийин казак тарап чек арасын толук 3-4 айга жаап салды. Анын залакасы соодагерлер турмак, тачка түрткөндөргө да тийди. Базардагы ишкерлерге жардам көрсөтүү биздин башкы милдет. Ошол себептүү, кыйын-кезең шартта "Мурас-Спорт" жана "Дордой базары" уюму соодагерлерге 3 айга 30%, тактап айтсак, 20,5 миллион сомго жеңилдик бердик. Андан сырткары базар профсоюзундагы мүчөлөргө 1 жылга 10%дан 40%га чейин орто эсеп менен алганда, 10 миллион сом жеңилдик каралды. Ага катар эле салыкты да убагынан кечиктирбей, толук төлөп турдук. - Дээрлик "Дордойдун" айланасын тартипке келтирип, тазалык жагына мындан да жакшы кам көрсө болбойбу? - "Дордой" соода комплексинде 10 базар бар экенин башта айттык. Алардын ар бири өзүнө тиешелүү аймакта тазалыкты, тартипти сактаса болот. Жеке биз өзүбүзгө тиешелүү базар тегерегине жолдорду салып, оңдоп, базар ичиндеги катарлардын чатырын алмаштырып, электр жабдыктарын, трансформаторлорду алмаштырып атабыз. Бул иш-чарага 2010-жылы 10 миллион сомдон ашык каражат жумшаган элек. Өзүбүздүн таштанды чыгарган унааларыбыз бар. Андан сырткары суу түтүктөрү, канализация, өрткө каршы дренаждык гидранттар орнотулду. Автоинспекция базарга кирүүчү жолдогу коопсуздукка көзөмөл кылып турат. 2011-жылы алдыбызда дагы бир топ иштерди бүткөрүүгө белсенип атабыз. - Мамлекеттин казынасына жылына канча миллион сом киреше бересиз? - "Дордой" ассоциациясында эле 3000 адам эмгектенет. Ал эми жалпы базарда 35000 адам иш жүргүзөт. Демек, канча деген үйбүлөлөргө жардам берип атканыбызды өзүңөр эсептегиле. Салык боюнча айтсак, биздин "Дордой" ассоциациясы жылына мамлекетке 100 миллион, "Мурас-спорт" менен "Дордой базары" 87 миллион сом салык төгөт. - Күнү-түнү бизнес менен алектенген адамдар акчанын кулу болуп калышарын айтышат. Сиз бул жагынан кандайсыз, дүнүйө, байлыктын артынан катуу кууйсузбу?.. - Менин чоң апам дайыма "көр оокаттын кулу болбогула, андан көрө тууган, дос күткүлө. Колуңар ачык болсун" деп насаат айтат. Көр дүйнө эч кимге оопа болгон эмес. Мен өзүмдү ички дүйнөмдөгү адеп-ахлагым, маданий-рухий күлазыгым, биртууган, дос, үйбүлө, балдарым менен баймын деп эсептейм. Дөөлөттү Кудай сыноо катары берет. Ырысын көтөрө албай, эсирсе кайра алып коет. Азыр жалпы кыргыз эли кыйын доордо жашап атат. Андыктан баарыбыз байлыкты эмес, ынтымакты,биримдикти ойлошубуз керек. Ошондо гана биз улут катары жоголбой, жоюлбай өнүгөбүз. Сакен Бөрүбаев Кайрылуу "Отунбаеванынын мөөнөтүн 5 жылга узарталы" Урматтуу кыргыз калкым! Учурда эгемен кыргыз калкы ар кандай саясый окуяларга терең баа берүү менен бирге чайналып турат. Бүтүндөй кыргыз калкын экономикалык туңгуюктун терең сазына алып барып такап, жети баштуу ажыдаар сыяктуу колго илинээр ырыскысын оп тартып, шапар тээп, мамлекетти үйбүлөлүк башкарууга алган бакиевдер качып жоголгондон бери аз эле мезгил өттү. Бирок, кой терисин жамынган, дили бузук, тексиз мурунку президенттердин аракеттери менен жамы журтубуз болуп көрбөгөндөй кыйын кырдаалдарга тушукту. Бүтүндөй дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө буруп, аргасыздан дүрбөлөңгө салган апрель окуясынан кийин, карапайым кызыбыз Роза Отунбаева президент болуп шайланды. Бүгүнкү күндө анын аракеттери ар тараптан талданып, өз баасын алууга тийиш. Айрыкча анын апрель, май, июнь айларындагы түштүк жергесиндеги кандуу окуяларда эл башчысы катары туура аракеттерди көрүп, аз убакыттын ичинде ар улут өкүлдөрүнөн турган калкыбыздын коопсуздугун камсыздап, ар маселени өз убагында чечкен кайраттуу, өктөм мүнөзүн, кашкөй өжөрлүгүн белгилей кетпесек болбойт. Азыр президентибиз республикабыздагы кыйма-чийме жолдорду оңдоп- түзөп, реконструкциялоо иштерин ийгиликтүү жүзөгө ашырууда. Роза Отунбаева ички саясат, социалдык жашоо-шартты жөнгө салуу менен эле чектелген жери жок. Мамлекеттер аралык экономикалык катнаштарды чыңдоого эбегейсиз аракет жумшап атат. Бир нече мамлекеттин президенттери менен жолугуп, ар кандай маселелерди эч кандай тилмечсиз кең-кесири талкуулап, кеңешип отурганы биздин кыргыз калкынын бактысы. Азыркы тапта жаңыдан шайланган парламент мүчөлөрүнүн ашынган амбицияларынын шарапаты менен негедир алардын эл үчүн иш баштай турган мезгилдери кечеңдеп жатат. Премьер- министрдин, спикердин орундарын ич ара талашканын көрдүк. Дал ушул майлуу орундарга умтулган депутаттар кыргыз тилинен, адабиятынан, тарых-санжырасынан атайын иштелип чыккан программанын негизинде сынак, экзамен берүүсү керек эле. Кыргыз көз карашын (идеологиясын) талдап биле албаган, кыргызча эки сөздү жөндөп сүйлөй албаган депутаттар кыргыз үчүн эмне кылып берет? Мен парламент өкүлдөрүн текши жамандоодон алысмын, арасында кыргызга кызмат кылам дегендери жок эмес, бирок, алар саналуу. Чынын айтыш керек, бизге, Европанын партиялык (жаатташуу) негизинде шайланган парламенти туура келбейт. Биз өзүбүздүн түпкү бабаларыбыздын жолуна, элдик курултайга өтүүбүз абзел. Акыркы 20 жылдагы тарыхыбызга карасак, мурунку тексиз президенттерибиз, бийликке келгенден баштап эле тактыны балдарына берүүнүн үстүндө иштеди. Анысы аз келгенсип, акыркысы 4-5 катын да алып жибергенге үлгүрдү. Уурдап жегендерин, кылык-жоруктарын жаза берсек кагаз да түтпөйт. Эми ушундай балээлерди кайталабаш үчүн урматтуу кыргыз калкым, туура көрсөңүздөр, кыргыз үчүн жан-дили менен жакшынакай иштеп жаткан Роза Отунбаеванын президенттик мөөнөтүн дагы 5 жылга узарталы. Анткени, ал мөөнөтү аз калгандыгына байланыштуу, ар тараптуу баштап алган долбоор-аракеттерин аягына жеткире албай калуусу мүмкүн. Отунбаеванын мөөнөтү дагы 5 жылга узарса, мамлекетибиз, элибиз үчүн эгебейсиз пайдалуу болмок. Анарбек Усупбаев "Манас Ордо" коомунун президенти
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||