Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0113_11.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0113_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0113_11.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0113_11.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0113_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0113_11.htm on line 2
п»ї
Loading...
Чоро Кожомжаровдун табышмактуу өлүмү
Кыргыз жергесине биринчи жолу эстрада деген түшүнүктү Чоро Кожомжаров алып келген эле. Өткөн кылымдын 70-жылдары айыл жергесине "Чоро агабыз жетектеген ансамбль келиптир" дегенде, андагы мага окшогон боз балдар, бойго жеткен кыздар, жаш жеңелер, кыл мурут жигиттер чакан клубду тегеректеп, айланчыктап чыкпай калышчу. Улам-улам суранып, сахнадан кетирбей, түн ортосу оогончо концертте жүрө берчүбүз... Андан бери 40 жылдан ашык убакыт өтүптүр. Чоро агабыздын дүйнө салганына быйыл 30 жылдай (1981-жыл 13-апрель) болуп кетиптир. Көзү тирүү болгондо эмдиги жылы 70ке чыкмак экен. Артка кылчайып, өнөр адамдары жана жубайы Зоя (Зюбина) эжебиздин кээ бир эскерүүлөрүнө кулак төшөдүк.


Зюбина Кожомжарова:
"Эстеген сайын көзүмдүн жашы куюлат"
- Чоро агабыз менен таанышкан күн эсиңиздеби?
- Эсимде. 1964-жыл. Дзержинский (Эркиндик) гүлбагында. Анда медучилищеде окучумун. Ал болсо "Ала-Тоо" кинотеатрынын бет маңдайындагы "Соң-Көл" кафесине келип, такай тамактанчу. Досторунун арасынан токтоолугу, тыкандыгы, менен өзгөчөлөнгөн сулуу жигитти бир көргөндө эле жактыргам.
- Канча убакыт сүйлөшүп жүрдүңөр жана сиздин колду кантип сураган эле?
- Ал убакты азыркы кез менен салыштырып болбойт. Бири-бирибизди жактырып калганыбызды көз-карашыбыздан эле билчүбүз. Бир жылдай сүйлөшүп жүрдүк. 1965-жылы 31-декабрь күнү Чоро мени "алып качам" деди. Төлөгөн Томотоев күйөө жолдош болуп, туулуп-өскөн айылы Учкунга жаңы жыл астында кирип бардык. Үч күн кадимкидей жоолук салынып, көшөгө артында отурдум. Келиндик вазийпамды аткарып.
- Ал кезде гастролго көп чыкса керек?
- Одоно түрдө айтканда, жылдын жарымы үйдө болсо, жарымы гастролдо. Кээде эки айдан ашык жер кезип калчу. Калган учурда репертуарды жаңылап, үйдө иштечү.
- Кызганчу белеңиз?
- Албетте. Аны менен көчөдө чогуу жүргөнгө болбойт эле. Зоопаркты элестетчүмүн. Баары бизди карап тургандай сезилип. Кыздар Чородон көздөрүн албай, бир жерде катып калышчу. Жашмын да бир чети кызгансам, бир чети сыймыктанып калаар элем. Кээде көбүрөөк урушчумун, "балдарды тарбиялабайсыңбы?" деп. Бирок, ал эч качан мени да, балдарды какмалаган жок. Жада калса, үнүн жогору чыгарып сүйлөчү эмес. "Балдарды сен тарбияла, бир үйдө экөө кыйкырса, жинди болуп калышат" дечү.
- Балдар жөнүндө токтолсоңуз...
- Экөөбүздүн ортобузда эки уул бар эле. Улан жана Асан. Экөөндө тең атасына окшоштук жактары көп болчу. Уландын көзү өтүп кетти. Асан азыр Москвада. Чоронун кесибин улап, музыка жагына ык коюп баштаган. Бирок, жашоо-шартка байланыштуу ишкерлик жакка ооп кетти.
- Келип-кетип турабы?
- Чанда-чанда. Ага караганда мен аларга бат-бат барып турам. Бир жылда эки жолу.
- Жетишкен ийгиликтери менен ой бөлүшчү беле?
- Бөлүшчү. Гастролго же конкурс, фестивалга барып келгенден кийин бажырап эле жатып калчу. Ал кездеги мерчем боюнча 32 жашта "эмгек сиңирген артист" деген наамды эч ким деле алган эмес. Жалгыз Чорого берилиптир. Мен абдан кубанып, ийгилигине ортоктош болгом.
- "Муруту өзгөчө эле" дешет?
- Чоронун сулуулугу мурутунда болчу. Күлүйпа Кондучалова эжебиз маданият министрлигинде иштеп турганда, ансамблге келип, "баарыңар сакал-мурутуңарды алгыла, Чородон башкаңар" деген сөзүн уккан жайым бар.
- Зоя эже, Чоро агабыз күтүүсүздөн дүйнө салды. Ар кандай кептер айтылды?..
- Ал күндү эч качан унутпайм. 1981-жылы 13-апрель дүйшөмбү күнү эле. Таң эрте жумушка барып, саат экилерде үйгө жөнөдүм. Жолдо келатканда эле ичим уйгу-туйгу боло баштады. Бирдемени сезгенсип. Эшиктин босогосун аттадым. Көз ирмемде боштондукта каалгып калдым. Бир терезеге келип, бир кошунага барып, чебелектеп. Өзүмдү коерго жер таппайм. Аңгыча короонун алдына милийсанын машинеси токтоду. Ичинен эки орус улутундагы кызматкер түшүп, биздин подъезди көздөй бет алды. Жүрөгүм огобетер оозума тыгыла түштү. Эшиктен кирип келип, Чоронун сүрөтүн көргөзгөндө эле бакырдым. Кошуна-колоңдор чогула калышты. Өкүрүп ыйлап атып, эс-учумду жоготуп коюпмун. Чиедей эки балам мени кучактап, алар да шолоктоп бүтүп калышыптыр. Ошондо бир ай ыйладым. Эстеген сайын көзүмдүн жашы көл дайра... Чоро бирөөнүн колунан каза тапты. Аны өлтүрүшкөн. Менимче, ошо кездеги аткаминерлердин балдарынын катышы бар. Себеби, тергөө, изилдөө жагы кан буугандай буулду. Кекин деген эжеси Л.Брежневге кат жазган экен. Аны билип калышып, үй жана башка бирдемелерди сунуштаган. Эжеси көшөрүп, албай койгон. Мага да келишип, "унчукпа" деп кетишкен. Ошону менен Чоронун эмне болуп, ким колдуу болуп (?) өлгөнүн билбей калдык. Азыр да эчтеке айта албайм.©




Асан Мурзабаев:
"Чорого кыздар тийишип..."
- Чоро менен бир үйдө туруп калдым. Токтогул менен Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги жерде. Музыкант катары жана адам катары менин көңүлүмдүн чордонунда эле. Мисалы, алгач таанышкан жылдары Хачатуряндын "Кылычтар менен чабышуу" чыгармасын мыкты ойноп, таң калтырган. Аны дасыккан пианисттер гана ойной алышчу. Адамгерчилиги жагынан астына киши салган эмес. Ак көңүл, жүрөгүндө кири жок, сөгүнүп-сагынуу дегенди такыр билбеген жан эле. Кээде мени ээрчитип алып көчө аралап басып калганда, Чорого кыздар "таанышып алсак болобу?" деп тийишчү. Анда ал "силер биринчи жанымдагы жигит менен таанышкыла. Ал уруксат берсе, таанышам" деп тамашалап калчу. Менин даражамды көтөрүп...

Төлөгөн Томотоев:
"Киши колдуу болгону анык эле"
- Экөөбүз бир жатаканада жашадык. Жакын теңтуштардан элек. Жада калса Чорого күйөө жолдош болуп калдым. 1965-жылы 31-декабрда мага келип, "Төлөгөн, сен мага күйөө жолдош болуп бер. Учкунга кеттик" деп калды. Асанакун деген жалгыз агасына бардык. Жолдон жаңы жыл болуп атса деп, бир балатыны бандиттик жол менен кыйып, сүйрөп алганбыз. Чоронун атасы Улуу Ата Мекендик согушка барып, келбей калган. Апасы башка бирөөгө турмушка чыккан экен. Кийинки күнү келинди "отко" киргизип, ал жерде конок болдук. Эки балалуу болушту... Чоро өлөргө бир күн калганда экөөбүз "жолугалы" деп убадалашып, сүйлөшкөнбүз. Кашайып ашказан оорум кармап, бүк түшүп төшөктөн турбай калдым. Кечкурун Зоя мага "Чорону өлтүрүп кетиптир" деп буркурап чалып калды. Ошо жерден "гастрит" оорумду унутуп, чуркап жетипмин. Бозүй тигиле элек экен. Себеби, сөөгү моргдо дешти. Ал жерден моргго Артык Мырзабаев менен барып карасам, чын эле Чоро жатат. Кулагынын ичи карарып калыптыр. Киши колдуу болгону анык эле.

Айша Базарбаева:
"Дзержинский бульварымды" ырдаткан"
- 1965-жылы К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине жумушка келдим. 15 жаштагы секелек кызмын. Ошо кезде Чоро, Окен Усубалиев, Сардарбек Жумалиев агайлар бар экен. Эки жылча такшалдык. Гастролго Чоро агай менен кошо барып. Ара-чолодо кыңылдап ырдап калар элем. Бир күнү "мен эстрада ансамблин түзгөнү жатам. Үнүң жакшы көрүнөт. Кел, бизде ырда" деп калды. Ал кезде эстрада десе орусча ырлар деген түшүнүк бар эле. Жөн-жайды түшүндүрсөм, "атайын сага ылайыктуу бир ыр бар. Сардарбек агайың музыкасын жазган "Дзержинский бульварым" деген. Мен сага нотасын жазып берем. Эч кыйналбайсың" деди. Чоро агай ошентип оркестровкасын жасады. Бир жума репетиция кылып, угармандар астына алып чыгып, эл оозуна бат эле алынып кетти.

Алтынбек Сапаралиев:
"Адамдын көңүлүн сындырчу эмес"
- Чоро Кожомжаров - кыргыз эстрадасынын башатында турган адам. 1967-жылы Канаданын Монреал шаарында болгон "Экспо-67" деген бүткүл дүйнөлүк көргөзмө-сынакка барып, көзү ачылган. Эстраданы Кыргызстанга биринчи алып келген жана өнүктүргөн. Турган турпаты "оркестр-адам" десем жаңылбасам керек. Урма аспаптан башкасын бүт билчү. Комуздан баштап кыягына чейин "тытчу". Эгер репетиция учурунда ансамблдин бир музыканты келбей калса, анын ордуна ойной берер эле. Абсолюттук слуху (угуу сезими) бар болчу. Ката ойноп атканды, жаңылганды жаза кетирчү эмес. Адамдын көңүлүн сындыруу дегенди да билбейт эле. Биз жаңыдан чыгып атканда "силерге ырдайбыз" дегендер сан жеткис болду. Ошонун баарын эринбей ар бирин угуп чыккан эле. "Жөндөмү, шыгы барбы?" деп. Купулуна толбой калгандарга "сен жарабайсың" деп так кесе айта албай, биз аркылуу айттырчу.

Сурат Жылкычиев









Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0113_11.htm on line 69

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0113_11.htm on line 69

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0113_11.htm on line 69

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0113_11.htm on line 69

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0113_11.htm on line 69

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0113_11.htm on line 69




а ­е¦Є.НҐй«