Кал-жараткандын эн тамгасыбы?
Эмне үчүн кал же мең дененин тигил же бул бөлүгүнө чыгат? Эмне үчүн ал башка адамдыкына окшобойт? Эмне үчүн кээ бирөөлөрдүн калы кошо төрөлүп, башкалардыкы кийин пайда болот? Эмне үчүн киши карыганда кал чоңоюп кетет же таптакыр орду-түбү менен жоголот? Бул суроолорго азырынча медицина толук жооп таба элек. Ал эми астрологдордун айтымында, кал-бул маалымат топтому. Адамдын келечеги анын жайгашуусуна жараша. Анын кай жерде экенин карап туруп, тагдырды айтса болот.


Чекеде
Мамлекеттик ишке, дипломатияга шыктуулар. Буларда кубат-даарым (энергия) ашыкча топтолгон. Болбогон нерсе үчүн убакыт короткулары келбейт. Эки каштын ортосунда калы барлардын алтынчы туюму жакшы иштейт. Келечекте эмне күтүп турганын алдын ала сезет. Ошол себептүү, мындай адамдарды Индияда өтө урматташат.

Көздө
Көздүн астындагы кал мээримдүү жана жумшак жандарда көп кездешет. Булар кээ бир нерсе үчүн өзүн курмандыкка чалуудан кайра тартпайт. Көзүнүн үстүндө калы барлар акылга караганда, сезимге көбүрөөк баш ийишет. Кыялкеч, көз карашын жана ынанымын бат-бат өзгөртүп, туруктуу бир позицияны карманбайт.

Бетте
Чечкиндүү адамдарга таандык. Идея үчүн бүт өмүрүн күрөшкө салууга даяр. Чукугандай сөз тапкан, тубаса чечен. Эгер ал оң жакта болсо, анын ээси шайыр жана кайталангыс талантка эгедер. Чыгармачылыкка шыктуу келип, жан дүйнөсү назик. Анан дагы бир өзгөчөлүгү адамдар менен баарлаша билет.

Башта
Аалымдык менен алектенген ойчулдарга тийиштүү. Ошону менен катар эле бир мүнөз келишет. Будда динине табынгандар мындайлардан "мурдагы жашоосунун биринде оор кылмыш жасаган" деп кооптонуп турат экен.

Чыкыйда
Ички туюмдун күчтүүлүгүн, көсөмдүктү, инсандык сапаттын өзгөчөлүгүн кабарлайт. Элдик ырым-жырым боюнча мындай эн белгини чоочун көздөрдөн жашыруу керек.

Кулагында
Мактанчаак адамдар. Ошону менен катар сөзүнө тура албайт. Бирөөнү алдаганга жана уурдаганга жөндөмдүү. Кулагынын артында калы барлар, нерв ооруларына көп чалдыгат.

Моюнда
Интеллектуал жана ички дүйнөсү бийик адам. Булардын көрө албаган душмандары көп. Моюнунда калы бар аялдар кыялкеч болушат. Анын тагдыры көбүнчө энесиникин кайталайт.

Ийинде
Мурдагы жашоодо каргыш тийгенди билдирет. Булардын ээси такай чыр-чатакка, кырсыкка жакын. Күчтүү болушканы менен чечкиндүү эмес. Анча-мынчаны теңсинбеген текебер дагы.

Эмчекте
Өтө опурталдуу белги. Эгер аялдын сол эмчегинде кал болсо, ал бактысыз сүйүүнү баштан кечирет. Оң жагындагылар ишенимдүү аял жана камкор эне. Ал эми эркектин эмчегиндеги кал анын боорукер экенин билдирет.

Эрин
Катуу, чыргоо мүнөздөн кабар берет. Мындай адамдардын көпчүлүгү карьера дегенде эт-бетинен кетип, ийгилик багындырууга уста.

Мурун
Жеңил-желпи мүнөздү айтып турат. Өтө тамашакөй. Ал эми мурун менен бетинин ортосунда калы барлар бирөөгө кеңеш бергенге маш. Сырды сактай билип, кыйын-кезеңде ким болбосун жардамын аябайт.

Ээкте
Эрктүү, бир ишти аягына чыгармайын жаны жай албаган адамдар. Мындай эркектер эки жүздүү келип, атак-даңк кумары менен "ооруйт". Ал эми аялдар оптимист, айкөл келет. Бирөөнү уга билип, акыл таразалап чечим чыгарат.

Колдо
Каруудагы кал жүрөгү назиктерге таандык. Билекте болсо анын ээсин бактылуу нике күтүп турат. Манжаларыңда калы барлар өжөрлөр. Кайсы ишти колго албасын, майын чыгарат.

Мең жөнүндө жоромол
o Мең көлөмүнө жараша тагдырга таасир берет. Ал канчалык чоң болсо ийгилик да, кайгы да ошончо болот.
o Кийин пайда болгон тоголок кал жакшылыктын белгиси. Ал эми ал анар болсо, ээсинин жашоосу оңолот. Урчуйуп, көөп чыккан мең адамга астыда күтүп турган кайгыдан кабар бериши ыктымал.
o Кээ бир меңдер ийне менен сайса да, ооруну сезбейт. Орто кылымда мындай калды чиркөө кызматкерлери "азезил мөөрү" деп аташып, ээсин тирүүлөй өрттөшкөн.
o Тарыхта меңге байланыштуу мистикалуу окуялар көп кездешет. Белгилүү жазуучу Максим Горькийдин денеси романындагы каармандын бычак жеген учурун жазып атканда, сайгылашып ооруп чыккан. Айткандай эле кийин ал жерге кал пайда болгон.
o Мындан бир нече жыл мурда америкалык жана англиялык окумуштуулар илимий ачылыш жасашкан. Алар денесинде 400гө жакын майда калы барлар, калы жокторго караганда 10-15 жылга узак жашарын далилдешкен.
o Ал эми франциялык косметологдор калын алдырган адамдардын мүнөзү терс жагына өзгөргөнүн байкашкан. Алардын айтымында, пациенттердин көбү мындай процедурадан кийин алкоголь менен никотинге ыктап, сөз көтөрө албай ачуулуу тартышкан. Айрымдарында болсо сексуалдык каалоо күчөп, мерчеминен ашып-ташкан.