Антракт

Жакшы сөз айтчы мага?
"Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат" деп коет элибизде. Анын сыңарындай, жылуу сөз кимдерге гана жакпасын? Мейли сырткы келбетибизге байланыштуубу, же жасаган ишибиз тууралуу болобу, баарыбыз жакындарыбыздан жакшы сөз укканда маанайыбыз көтөрүлүп, андан да мыкты болууга аракет кылып калабыз. Бүгүн ошол комплименттин сырдуу күчү тууралуу сөз кылмакчыбыз.


Эрнис АБДЫЖАПАРОВ, кинорежиссер:
"Кээде куру мактоо болуп калат"
- Мырзалар комплимент укканды жактырабы?
-Эгер комплименттин артында чындык сөз турса, албетте, жактырат. Жакшы кабыл алат, маанайы көтөрүлөт дегендей. Анан комплимент куру мактоо болуп атса, бул жөн эле жагалданмай катары бааланат.
- Сиздин дарегиңизге көбүнчө кандай комплименттер айтылат?
- Мага көбүнчө ишмердүүлүгүмө байланыштуу, тарткан кинолорума комплименттер айтылат. "Эмгегим элге жаккан экен" деп сүйүнүп калам.
-Жеке сапаттарыңызгачы?
- Адамдык сапаттарыма айтылган комплименттерге көп көңүл бурбайм. Анткени, мен өзүм кайсы сапаттарым жакшы, кайсынысы жаман экенин мыкты билем.

Нуриса Абазова, ырчы:
"Жолдошум комплимент аябайт..."
- Комплимент укканда ыңгайсыздык жаралбайбы?
- Комлимент айтып турган абдан жакшы да. Турмушка чыккандан бери жолдошумдан аябай көп комплименттерди угуп атам. Баскан-турганым, тамак жасаганым, сырткы келбетим боюнча комплимент айтылып атат. Башында бир аз ыңгайсыздыкты жаратып аткан. Күндө жакшы сөз уга берсең, жагып калат экен да.
- А сиз жолдошуңузга комплимент айтасызбы?
- Азыр өзүнөн сурап көрөйүнчү... "Сен мага айтпайсың" деп атат го...


Аида КУЛУЕВА, ырчы:
"Жыты сонун экен" деп коем"
- Кандай комплименттерди көп угасың?
- "Көздөрүң сулуу экен" деп көп айтышат. Анан дагы чачтарыма, эриндериме көп мактоолор жаап турат.
- Аларга кандай жооп бересиң?
- "Рахмат" деп эле коем.
- Өзүң комплиментке сараң эмессиңби?
- Жок, мен мактай турган нерсени дароо эле мактайм. Кыздарды деле, мырзаларды деле. Көбүнчө мырзалардын атырына комплимент айтам. "Жыты сонун экен" деп коем.

Жанар АКАЕВ, теле алпаруучу:
"Бабановго комплимент жагып..."
- Сага комплименттер көп айтылабы?
-Мен экранга чыккан учурдан баштап түрдүү комплименттер жаап баштаган. Жумуштагылар комплимент айтса маанайды көтөрүүгө болгон аракети деп эле түшүнөм, бирок, мага кыздар тараптан айтылган комплимент өзгөчө жагат. Дердейип калам тим эле.
- Аларды укканда, ыңгайсыздык жаралбайбы?
- Жакында эле айылга барсам, досторум тост көтөрүп жатып, "Жанардын билим деңгээли айрым депутаттардыкынан ашса ашат, кем калбайт, керек болсо Жанар президент боло турган жигит" деп атпайбы. Мындай учурларда, албетте, абдан ыңгайсыз абалда каласың.
- Интервью ала турган адамдарыңа комплиментти курал катары пайдаланган учурларың болобу?
- Андай учурлар көп эле болот. "Көрөрмандар же угармандар суранып атышат" деп койсоң, ким болбосун магдырай түшөт. Саясатчылардан Өмүрбек Бабановго айткан комплиментим эсимде, "суроолорго абдан жакшы жооп бердиңиз, сизди мындай ачык, шайыр киши деп ойлогон эмесмин, операторлор да мактап жатышат" дегем. Ал кишиге бул сөз жага түшкөнү дароо байкалган.

Замира МОЛДОШЕВА, стилист:
"Чыныгы эркексиң" деш керек"
- Эң мыкты комплимент кандай болот?
- Эркектер үчүн эң мыкты комплимент "сен чыныгы эркексиң!" деген сөз, анткени, эркектер бири толук, бири арык болгону менен бардыгы чыныгы эркек болгусу келет. Ал эми аялдарга болсо "сулуусуң" деген сөздүн айтылганы туура.
- Жолдошуңуздан кандай комплименттерди угасыз?
- Менин жолдошум комплименттерди көп айтып турат. "Сулуусуң, ак көңүлсүң!" деп айтат. Мага "менин жашоомдун маңызы" деп айтканы жагат. Жолдошумдун айткан комплименттерин жакшы кабыл алам, кайра-кайра уккум келет, ал эми башкалар айтса, бир аз ыңгайсыз болуп калам.

Назира Айтбекова, теле алпаруучу:
"Төшөктө комплименттин ролу чоң"
- Комплимент уккан жагабы?
- Жакпаганда анан? Уккан сайын уккуң келет да. Үйбүлө кургандан бери жолдошумдан таң аткандан баштап, уктаганга чейин жакшы сөздөрдү угам.
- Кандай сөздөр менен айтат?
- "Менин жубайым дүйнөдөгү эң сулуу аял", "тамагың сонун болуптур, колуңа береке!" деп калат. Кесиптештерим "жумуш менен үйбүлөнү айкалаштырып аткан азамат экенсиң" деп айтышат.
- Төшөктө комплименттин ролу кандай?
- Аябай чоң да. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди куру эле мактай бербейбиз. Экөөбүз тең бири-бирибиздин мактообузга татыганга аракет кылабыз. Жаңы турмушка чыкканда эле баарын укмуш билип кетпейсиң да. Анан интернеттеги булактардан окуп, кинолорду көрүп дегендей, мактоого татууга аракет кыласың.

Лунара МАМЫТОВА, теле алпаруучу:
"Жолдошум дайымамактайт"
- Жубайлар бири-бирине комплимент айтып туруусу керекпи?
- Албетте, айтып турушу керек. Бул алардын ортосундагы мамилени ого бетер бекемдейт.
- Жолдошуңуз кандай комплименттерди айтат?
- "Сулуусуң" дейт, "тамакты сонун жасайсың" деп мактайт. Айрыкча, бала менен үйдө отурганыңда мындай жылуу сөздөр аябай керек экен. Бир аз өзгөрүү болсо дагы жолдошуң ошону байкап, жакшы сөзүн айтып койсо, маанайың көтөрүлөт. Мен дагы жолдошумдан жакшы сөздөрүмдү аябайм. Сырткы келбетине байланыштуу, же болбосо жумушуна байланыштуу болобу комплимент айтып турам.


Урмат, Лунара МАМЫТОВАнын жолдошу:
"Үйгө келгенде сүйлөшүп коем"
- Жубайыңызга башкалар комплимент айтса кандай кабыл аласыз?
- Кандай комплимент айтылганына жараша.
- Мисалы, сырткы келбетине башка мырзалар суктанып атса...
- Унчукпай эле коем, анан үйгө келгенде сүйлөшүп коем да (күлүп).

Тынай АЛЫБАЕВ, ырчы:
"Жубайымдан мактоо көп угам"
- Комплиментти кандай кабыл аласыз?
- Ким айтканына жараша кабыл алам. "Душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат" дегендей, куру мактоолорго алдыра бербейм. Көппөйм да, чөкпөйм.
- Жубайыңыздан кандай комплименттерди угасыз?
- Көп эле жакшы сөздөрүн угам. Айрыкча, үйдө жасаган иштерим боюнча көп айтылат. Анткени, мен үйдө электр зымдары бузулабы, сантехника бузулабы, айтор, авариялык кызматтарды такыр чакырбайм, жалаң өзүм жасайм. Ошол учурларда жубайым мактап калат.
- А сиз кандай сөздөрүңүздү арнайсыз?
- Аялга "кандай сулуусуң, акылдуусуң" деп айтып туруу мырзалардын милдети.

Даярдаган Кызжибек ЖУМАБАЕВА