Балмуздак эригенче

Малвина БЕДЕЛБЕКОВА,
"Кыз-Бурак" тобунун экс-солисти:
"Атымды Муслима деп өзгөрттүм"

- Малвина, "Кыз-Бурак" тобунан кеткенден кийин сахнадан көрүнбөй калдың. Чыгармачылыгың кандай болуп атат?
- Мен юрист болууну чечтим. Учурда 2-курстун студентимин. Сырттан окуйм. Убакытты текке кетирбеш үчүн бош убактымда дизайнерликти да үйрөнүп жатам. Андан тышкары англис, түрк тилдери боюнча курстарга баруудамын.
- "Кыз-Бурактан" неге кетип калдың?
- Чыгармачылык менин чөйрөм эмес экенин сездим. Келечекте алдыга койгон башка максаттарым бар, ошого жетишим керек.
- Аталган топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова интервьюларында сени "костюмдарды кошо алып кеткен" деп айыптап жүрдү эле, ошол чынбы?
- Мен кээде туруп таң калам, макал-ылакаптар жөн жерден чыкпаптыр деп. "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген жакшы сөз бар эмеспи. Эң башкысы мен Кудай алдында акмын. Негизи "Кыз-Бурактан" кеткен кыздардын баарын жамандамай -адат болуп калды.
- Жакында "Кыз-Бурактын" мурунку курамындагы кыздар Кенже, Гүлнара, Айжамалдар менен Гүлшайыр эженин кайым айтышууларына күбө болдук. Негизи "АГК" тобунун түзүлүшүнө сен кандай көз карашта болдуң?
- Мен аларды колдойм. Эжекелеримдин ар биринин кайталангыс таланттары бар. Алар өздөрү үчүн жашап, башка бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, кыргыз эли үчүн талантын тартуулай турган кез келди.
- Шоу-бизнес таза эмес чөйрө бекен? Бул чөйрөдөн неге анча көңүлүң калды?
- Туура айттыңыз, шоу-бизнес таза эмес, кир чөйрө экен. Ар ким өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп "мен-мен" деп турат экен. Көңүлүм калганы, азыр таланты бары деле, жогу деле мааниси жок ырларды ырдап чыгууда. Азыр акчаң болсо эле болду, талантыңа деле карашпайт.
- Сулуу кыздарга эркектердин көзү түшпөй койбойт да, сен ырдап жүргөндө улуу мырзалар сөз айткан учурлар болгон жокпу?
- Мен ырдап жүргөн учурда андай нерсе болгон жок, анткени, биз концерттерде жалаң Кенже эже менен жүрчүбүз. Кенже эже андай нерсеге жол бербейт. А өзүм ырдап жүргөндө тийишкен эркектерге үйүн көздөй жолун көрсөтүп коем.
- Атың "Буратинодогу" каармандын атынан коюлганбы?
- Ооба, мен төрөлгөн жылы ошол жомок теледен аябай көп берилип, апама жомоктогу Мальвина абдан жагыптыр. Бирок мен кийин азан чакыртып, өзүмө Муслима деп сүннөт ат койдургам. Кудайым буйруса, ошол атка татыктуу болом.

Кызжибек
Жумабаева