Карышкыр сай

Беш тажаал
Авторитардык режимге каршы көтөрүлүш менен башталып, бийликти легитимдештирүү убарасы, түштүктөгү тополоң менен коштолгон 2010-жыл да аяктады. Абдан оор, кыйын жыл болду деген жолборс жылыбыз да элеңдеп кирип келген коён жылына эски жылдан карыз калтырбайын дегенби (?), элдир-селдир коалиция түзүлүп, эптеп-септеп мамлекеттик бийлик бутактарын түптөп кетти. Ошентип, жыл бою эл менен эл аралык коомчулукту түйшөлткөн бийликтин легитимдүүлүгү тууралуу маселе "тамам" болгон менен, бийликке болгон ишеним деле жарала калган жок. СДПК, "Республика", "Ата-Журт" башкаруучу коалициясы түзгөн өкмөттү эл суз кабыл алып, "эми кантээр экен" деп күмөнсүп карап тургандай. "Булар кыйратпайт" деп, СДПКнын "атажуртчуларга" кошулганына нааразы болуп, элди козутуп жаткандар, "жаз менен дагы бир революция жасашарын" жашырбай эле жар салууда. "Ак шумкар", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары менен шайлоодон өтпөй калган партиялар негиздеген "Улуттук Конгресс" нааразы болгондордун уюгуна айланууда. Арманы аттын башындай "Ата Мекен" менен аргасыздан оппозиция болгон "Ар-Намыс" фракциялары электорат менен тыгыз байланыш түзүүгө умтулуп жатат. Көчө оппозициясы менен парламенттик оппозициянын ортосунда жакындашуу тенденциясы да ачык байкала баштагандай.


Айтор, "диктаторду кууп салып, жаңы Башмыйзам кабыл алып, жаңы эрежелерди киргизип, элге эркин шайлоо мүмкүнчүлүгүн түзүп берсек эле баары өз ордуна келет" деген ишеним акталбай, турмуш жаңы шартта, жаңы сыноолорду алдыбызга койгон сыяктанат. Мурун үйбүлөлүк, криминалдык бийлик менен бир ууч оппозициянын теңдешсиз күрөшүнө күбө болуп келсек, азыр өз колубуз менен жууруп, жасап алган "бейжай беш тажаалдын" (беш фракция) айыгышкан күрөшү, тынымсыз бийлик талашуусу тууралуу спектаклди көрүүгө мажбурбуз. Тажап бүткөн эскиге караганда, жаңысын көрүп жатканыбыз эле болбосо, буларды мактоо али эрте. "Элге кызмат кылып, мамлекеттин жүгүн аркалайт" деген фракцияларыбыз бийлик, байлык талашуудан башы чыкпай, экономикабыз сазга батып, калктын турмушу оорлоп, өлкөбүзгө кароосуз калуу коркунучу да жок эмес.
Ошентип, СДПК, "Республика", "Ата-Журт" башкаруучу коалицияны курап, А.Атамбаев, Ө.Бабанов өкмөт башына келип, спикерликти А.Келдибековго берип, калгандарын, майда-чүйдөсүнө чейин үчкө бөлүп алышып, Ф.Кулов менен Ө.Текебаев баштаган "Ар-Намыс", "Ата Мекен" фракциялары оппозиция болгуча жыл жаңырды. Коалиция куруу оңойго турган жок. Бул процедура, бийликтеги беш фракция үчүн парламенттик шайлоодон кем эмес катаал сыноо болуп, прагматиктер менен реалисттер мөрөй алып, фанаттар менен романтиктер куру калгандай. Ал эми Бакиевдин авторитардык режими менен кармашып, жеңишке жеткен Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) анабашылары Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин жолдору кайчы түшүп, "биригип алабыз" деп жүргөн СДПК менен "Ата Мекен" партиясынын ажырашуусу, бири бийликке кетип, экинчиси оппозиция болуп тирешип калышы коомду "шок" кылган жылдын акыркы жаңылыгы болду. Айрыкча, "жаңы замандын жарчысымын, жаңы Башмыйзамдын атасымын" деген "атамекенчилердин" лидеринин таландыга түшүп, спикерликке өтпөй калышы, СДПК менен "атажуртчулардын" биригиши коомчулуктун оозун чындап эле Ошту каратып койду окшойт. Бул, "кыялдары чалпоо" эки эргулдун жоругу, кудум баягы "досум дос элек коон үзгөндө, эми кас болдукпу бозо сүзгөндө" дегендин эле өзү болду.
Эмне үчүн мындайга жол берилди? Кимден кетти? Бул суроолорго ар ким өз алдынча ой жоруп жатат. Бири "коалиция куруу татаалдыгынан болду" десе, экинчиси "экөөнүн кыялдарынын татаалдыгынан" болду дейт. Баягы эле Бакиевден көрүп жаткандар да жок эмес. Алардын айтымында, бу эки лидерди бириктирип, жабыштырып келген "жападан жалгыз клейдин" ролун, "алардын мурунку президентке каршы күрөшү, К.Бакиевге болгон жек көрүүсү" аткарчу экен. Анан "клей" Белорусияга кеткенден кийин иш такыр болбой, жабышуу эч мүмкүн болбой калган имиш.
Кеп чынында, коалицияга кирүү маселеси беш фракция үчүн тең өтө актуалдуу болуп, ар бир фракция биринчи ирет өз тагдыры үчүн чапаны айрылгыча салгылашууга мажбур болду. Бул жерде достор менен тилектештер тууралуу ойлонууга эч мүмкүнчүлүк жок эле. Шайлоодон катуу тоскоолдуктарга дуушар болуп, капчыктары бошоп, Кыргызстандын кокту-колотундагы аттуу-баштуулардын көбүнө сөз берип койгон фракциялар үчүн акыбалын оңдоп-түзөөнүн бирден бир жолу эптеп коалицияга кирүү болду. Анан тайгак кечүү, тар жолго туш болгондо, акыркы үч жылда, ансыз да текеберликке кокосунан тоюп бүткөн Кабылан, "кечтим байдын кызынан" деп ат куйругун кесип, өнөктөшүн кыйдыбы? "Бүгүн минтип "атажуртчуларга" кошулуп кетти" деп СДПКны тилдеп жаткандар арбын. Кеп чынында, "Ата Мекен" фракциясы деле СДПКны таштап, коалиция курууга дайын болчу, алар да жаналакетке түшүп, болгон аракетин кылып көрүштү. Тилекке каршы, Ө.Текебаевдин удаа-удаа кетирген катачылыктары, жеке касиеттери (фанатизм, көктүк, кежирлик ж.б.) сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизип, анын көп багыттуу сымал, чаржайыт жүрүштөрү оң жыйынтык бербеди. Учурду туура баалап, жоопкерчиликти сезип, саясый келечеги тууралуу терең ой жүгүрткөн А.Атамбаев реалдуулукка басым жасап, прагматиктер менен тил табышып, бийликти кармап калды. Натыйжада, ресурстарын калыптандыруу, кадрларын сактап калуу, региондорго берилген убадаларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп отурат. Ушудай эле "ийгиликтерге", даректүү электоратка басым жасаган "Республика", "Ата-Журт" партиясынын прагматиктери да жетишти десек болот. Эми бул, бүгүнкү мөрөйү үстөм болуп турган коалициянын өмүрү, келечеги кандай болорун, бүгүнкү "жеңиштин" артынан эртең кандай мүшкүл келерин ким билсин? Биз ал тууралуу кеп кылалы дегенибиз жок. Тек гана, кыска мөөнөттүү максаттарын ишке ашырып, бой тиреп баштаган жаңы замандын, жаңы саясый күчтөрүнүн жүрүшүнүн бир элеси тууралуу кеп кылган кербезибиз да.
Ал эми, Эл деген абстрактуу түшүнүккө ашыкча ишеним артып, саясый ШОУ менен романтизмге берилип, жер-жерлердеги конкреттүү тараптар менен убадалашуулардан колдон келишинче боюн ала качууну эп көргөн "Ата Мекен" партиясы (фракция эмес, алардын мандаты бар, көңүлдөрү ток) бүгүнкү күндө каржалып тургандай. Партиянын ичинде нааразычылык чыгып, финансылык милдеттенмелер менен айрым убадалардын аткарылышы абалды оорлотуп дегендей… Ким билет? Балким, азыркы кыйынчылыктар да артта калгысы бардыр? Оппозиция болду деп, боор тарткандардын катары калыңдап, келечегинде шык башка жакка ооп, "атамекенчилердин" багы жанчу күн да келээр. Ылайым эле ошондой болсун. Табалайлы деген оюбуз деле жок. Тек, акыркы убакта, "кийинки шайлоолордо "атамекенчилерге" ставка жасап, спонсор чыгышы кыйын, баары прагматиктер тарапка ооп кетет, бүгүнкү күндө эле, бул фракция добуштарын толук кандуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырады" деген серепчилер көбөйүп кеткенинен улам чыккан сөз.
Айтор, бул парламенттик системаң деле, кудум, баягы кыргыздын эр оодарышы сыяктуу экен десек да болчудай. Бүгүн сен оодарып түшсөң, эртең сени оодарып, айтор, оомал-төкмөл дүнүйө… Мына, өкмөт башчы болду деген Алмазбек Атамбаевди "бир айга жеткирбей кетиребиз" дегендер четтен чыкты. Бул сөз да кур сөз эмес дешүүдө. Анткени, океңдердин күйүүчү майдан экспорттук пошлинаны алып салуусу бир жарым айга эле созулуп барып, кайра эски калыбына келиши мүмкүн экен (алардын шарты, Ганси, ж.б. аткарылбаса), ал эми, Евразия реконструкция банкынан келчү 200 млн. АКШ долларына орустардын макулдугу болгону менен казактарсыз чечилбейт, а баурдастар болсо А.Атамбаевге каршы болгондуктан, принципиалдуу түрдө бул маселени оңунан чечпейт дешүүдө. Анан ушундай жагдайлардан улам, өлкөдө экономикалык абал оорлоп, азыркы өкмөттүн иши жылбай калса, "атажуртчулар" коалицияны бузуп, орустар оң караган Ф.Куловду өкмөт башчылыгына алып келүү планы бар экени айтылууда. Коалициянын ыдырашына, алдыдагы президенттик шайлоо да кескин таасир этиши толук ыктымал.
Ал эми илгерки муундун мамлекет башкаруучуларынын дээрлик баары (А.Акаев, К.Бакиев, Т.Чыңгышев, Ү.Сыдыков, Ж.Сааданбеков ж.б.) саясый аренадан четтеп, жаңы муун бийликке келип жаткан кезде, Феникс кушундай болуп саясаттан ордун тапкан Феликс Куловдун Эл аралык абройу өскөнүнөн кабардарбыз. Өзүнүн ак сакалдыгы, ишенчээктиги, романтиктиги, сөзгө туруктуулугу менен жаш саясатчыларга үлгү болуп, кадыр-баркы күн санап артып, Эл ичиндеги генерал тууралуу терс пикирлер азайып баратканы көрүнүп эле калды. "Ата-Журттун" бөлтүрүктөрү да, такшалган, тажырыйбасы мол саясатчынын таасирин сезгендей үйрүлө түшүп, жакындаганы байкалууда. Андыктан, азыркы системага ылайык, жыл айланбай өкмөт алмашып кетсе, таң калуунун деле кажети жок. Ошондой жашоого (жаңы системага) канчалык эрте көнсөк, өзүбүзгө жакшы. Стресс аз болуп…
Ошентип, жакшы деген жаңы системаны орнотуу менен эле маселе бир жаңсыл болбосу, жаңы шартта өмүр сүрө турган жаңы коом дагы калыптанышы керек экенин турмуш өзү далилдеп отургандай. Б.а. заманбап коомдор кийүүчү "кафтанды" (жаңы системаны) тигип алып, орустар аймакчы "штаны через голову одеваем" болуп жаткандайбыз. Бул жерде, албетте, багытыбыз туура эмес, тетири кеттик деген кеп жок. Бул жалпы адамзат басып өтүп, өнүккөн демократиялык коомдорду курууга жетишкен, далай эл агарып, көгөргөн эле жол. Кеп коомубуздун чийкилигинде гана болуп жаткандай. Андыктан, өнүгүү жолуна түшөбүзбү, же тетири кетебизби (?) өзүбүзгө көз каранды десек жаңылышпайбыз. Мына азыркы шартта да, "акыйкаттык үчүн күрөшүп, бийликти көзөмөлдөп, элдин талабын аркалайт" деген парламенттик оппозициянын бийлик коалициясын ыдыратып, кулатып, алардын бийлигин тартып алуу аракети (азыркы оппозициянын болгон максаты) коомдун талабына шайкеш келбей калып жаткандай. Оппозицияга азыр бийлик коалициясы жаңылып, элдин турмушу начарлап, нааразычылыктар күчөшү эле керектей. Карасаңыз, бийлик талашкандардын багын ачыш үчүн, Эл кыйналышы керек экен?
А бирок, мыйзам жагынан карасаң баары эле туура. Оппозиция бийлик үчүн күрөшүүсү керек. Анын табияты жаңы эрежелерге ылайык, ошондой болуусу зарыл. Болуптур эми, муну өнүгүүнүн "балалык оорусу" деп коёлу. Анда, элди кууратпай эле, бийликти айгинелеп, мына "момундай кылабыз, жакшыртабыз, жыргатабыз" деп, иш жүргүзгөндү үйрөнгөнгө дагы канча убакыт керек? Ал кез кайда (?), жакынбы? Же, алыспы?

Сабыр МУКАНБЕТОВ