Жол азабы

Түркиядагы студенттер
жан кыюуда
Түркиядагы студенттер жыл сайын Бишкек-Стамбул маршруту боюнча жаңы рейс ачылат деген имиш менен жашайт. Бул иштин жүзөгө ашырылышы жомок болсо да, студенттер үмүт үзгүлөрү келбейт.

2005-жылы "Итек-Эйр" авиакомпаниясы Кыргызстан-Түркия каттамын токтоткондон бери Түркиядагы студенттер үчүн мекенге келүү машакаты арбыды. Биринчиден, билет кымбат. Каттамды "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы тейлегени үчүн өз билгенин кылат. Мунун айынан каникул убагында мекенин, ата-энесин көрө албаган 18-20 жаштагы студенттер ар кыл психикалык ооруларга дуушар болууда. Бөтөн өлкөгө көнө албаганы аз келгенсип, сабактарынан жетишпей, моралдык жактан чүнчүп, депрессияга кабылганда өз жанын кыюуга барган фактылар бар.
Айрымдары жайкысын туулган жерине бир жумага баруу үчүн мыйзамсыз түрдө, арзыбаган акыга жалданып, курорттук зоналарда айлап иштөөгө мажбур. Алардын көбү өз укуктарын жакшы билбейт. Анын айынан басмырлоого, күнүмдүк нормадан ашык иш кылууга, алданып калууга дуушар болууда.
Эптеп акча тапканы, Стамбул-Киев-Алматы-Бишкек каттамы менен мекенге жеткиче далай азапты баштан кечирет. Ошол себептүү, Түркиядагы кыргыз студенттер, "Бишкек-Стамбул же Бишкек-Анкара аба каттамында учактарыбыз болсо" дегенде эки көзү төрт. Ушундан улам кыргыз өкмөтү "Түрк аба жолдору" мамлекеттик авиакомпаниясы менен келишим түзүп, Кыргызстанда билим алып жаткан Түркия жарандары менен Түркияда билим алып жаткан Кыргызстан жарандарына арзандатылган баада билет алуу (эч болбосо, жылда бир ирет) мүмкүнчүлүгүн түзүп берсе деген ойду айткыбыз келет.

Талант Чокутаев




  Чырдын башы

Шайирбек Маматокторов, "Ата-Журт" партиясынын мүчөсү:
"Ош окуясына бийлик күнөөлүү"
- Шайирбек мырза, сиз мүчө болгон "Ата-Журт" партиясы Ош окуясынын чыгышына ошол кездеги Убактылуу Өкмөттү айыптап келет. Мындай пикирди кайсы негиздер менен ырастайсыңар?
- Апрель окуяларынан кийин К. Батыров өзбек диаспорасын чогултуп, Жалал-Абадда жыйын өткөргөн. Анда ал сепаратисттик маанайдагы автономия болуу маселесин көтөрүп чыккан. Тополоңго жакын Оштогу курал саткан дүкөндөрдө мылтык тургай, ок да калган эмес. Баарын сатып алышкан. Согушчандар келип, ачык эле штаб-квартира ачып, топтоло баштаган. Мунун баарын бийлик көз жаздымда калтырып койду. Эмне себептен? Кыргызда "тегин жерден өрт чыкпайт" дешет. Эгер УӨнүн айрым мүчөлөрү өзбек лидерлери менен кол алышпаса, буга жол бербейт эле да туурабы? Дагы бир мисал, Ө. Субаналиев июнь окуясы чыкканда Нариман, Сталин айылдарын курчоого алып, андагы куралчан күчтөрдү толук тазалап чыгууну сунуш кылган. Бирок, УӨ мүчөлөрү ага көнбөй койгон. Анткени, сепаратисттердин башында турган, К.Батыров, И.Абдрасулов, Д.Сабиров, Ж. Салахуддинов сыяктуу өзбек лидерлеринен жалтанган. "Ортодогу сырды ачып коет" деп чочулагандай түр көрсөтүшкөн.
- Сөзүңүзгө аралжы, ошол кездеги УӨ мүчөлөрү өзбек лидерлери менен кол алышууга эмне себептен барган?
- Себеп, жаңы бийлик Түштүктө аброюн көтөрүп, бийликти күчөтүү аракетин көргөн. Анан эптеп Бакиевдерден кутулууну көздөгөн. Буларга автономия дегенде ак эткенден, так эткен өзбек лидерлери жакшы курал болуп берди. Адам байыганда эч кимди көзүнө илбей калат тура. Өзбек лидерлери да акыркы кезде Түштүккө өзү бий, өзү хан болгусу келе баштаган. Өзбекстанга болсо бара алышпайт. Анткени, Каримовго "тайраңдап", ажосун тааныбаган жарандардын кереги жок. Ал жакта таптакыр башка система. Муну баягы июнь окуясында качкын болуп баргандар өздөрү деле көрдү. Өзбек аскерлерине жалаң макарон беришет экен. Качкындардын басымдуу бөлүгү байлар болгондуктан, аны "жебейбиз" деп танып чыгышты. Биз алпарган сууну төгүп-чачып, буту-колун жууп, даарат алып жатышты. Эми намаз окуган жакшы дечи. Бирок, ошол 1 литр сууну алпарыш үчүн канча деген авиакеросин кетет? Анан ошентип жаткан немелердин Кыргызстанга келе жатканда ыйлаганын көрүп ал. Көрсө, өзбек чек арачылары коюнундагы алтыны менен акчасын толугу менен шыпырып алып, паспортторуна "5 жыл ичинде Өзбекстанга кирбесин" деген мөөрдү басып туруп, чыгарып коюшкан экен. Өзбек туугандар убагында чагымчылдардын тилине кирбей, кыргыз элин сыйласа ошол абалга жетпейт эле да.
- Оштогу тополоңду чыгаргандарды сепаратисттик топ, согушчан күчтөр деп атасыз. Далилдер барбы?
- Ананчы. Мен ошол тополоң чыккан күнү Ошто элем. Конституциянын жактоочусу катары, референдумга байкоочу катары баргам. Жанымда "Франс-пресстин" кабарчысы жүргөн. Күндүз ага Ошту көргөзүп, бир топ кыдырганбыз. Кечинде бирөө конокко чакырды. Ал жерден түнкү саат 2ге жакын чыгып, менин туулуп-өскөн айылым Мөнөккө кетүүгө камынып жатканда, мечиттен азан чакырылды. Алгач түшүнгөн эмесмин. Качан гана бир тууган агам чалганда, ызы-чуу чыкканын билдим. Ошону менен айылда 14-июнга чейин болдум. 12-июндан тарта өзбек айылдарында жашынган сепаратисттик топтун колунан жан таслим болгондордун сөөктөрү канал аркылуу айылга агып келе баштады. Ал ортодо нотариус болуп иштеген менин айылдашым Аскаров Кубаныч аттуу жигит окко учту. Нариманда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Кара-Суу ИИБинин начальнигинин айдоочусунун башы жок денесин да суудан биз алып чыктык. Сепаратисттер бизди толук мусулман деп эсептешпейт көрүнөт, айтор, колуна түшкөндөрдүн бармагын чаап, кулактарын шылып, аябай кыйнаптыр. Кийин балдар Фуркат айылынан эки көзгө атарды кармашты. Таптакыр тили буруу немелер экен. Жакшы даярдыктан өткөнү көрүнүп турат.
- Демек, иштин баары бир ууч өзбек байлары менен исламчыл күчтөрдүн колунан келгенби?
- Бул үчүн жалпы өзбек элин да, исламды да каралаган болбойт. Исламды жакшы билген киши эч убакта мындай мыкаачылыкка барбайт. Мен өзүм өзбек балдар менен аралашып өстүм. 1990-жылкы тополоңдо өзбек кошунанын үйүнө жашынгам. Карапайым элде эмне күнөө? Алар деле тынч оокат кылгысы келет. Кептин баары кыргыз аткаминерлеринин ачкөздүгүндө болуп жатпайбы. Ошол К. Батыровго окшогон байларга 20 жылдан бери эле бийликте тургандар жакшы жерди, жакшы кызматтарды соодалап отуруп, алар кыргыз элин, кыргыз мыйзамын таптакыр сыйлабай калган.
- Ош окуясынын чыгышына сырткы күчтөрдүн да тиешеси бар деген имиш чыкты эле?
- Ошол окуя чыккан маалда өзбек президенти гана кара кылды как жарган калыстыгын көргөздү. Качкындарды убактылуу болсо да, калкалады. Ал эми "бир тууган" деген казак тарап чек арасын жаап койду. Мен айылда жүргөндө, суу менен агып келген өлүктөрдү видеого тартып алгам. Бул жакка келгенде дискке көчүрүп, журналисттерге берсем, бири да жарыялаган жок. Орус ЖМКсы болсо бизди жырткыч кылып, көрсөтүп жатты. Деги эле биз маалымат согушунан утулдук. Бир гана "Франс-пресстин" кабарчысы туура маалымат берип турду. Анткени, ал биз менен башынан аягына чейин жүрдү да. Ал эми америкалык Анна Стейт деген журналист аялга болгонун болгондой көргөзсөк деле тыякка барып, бизди жамандап чыкты. Ушул жерден АКШ менен Россия кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөнбү (?) деген ой кетет экен.
- Бирок, өзүбүздүн деле укук коргоочулар июнь окуясында өзбек улутундагылар көбүрөөк өлгөн деп атышпайбы?
- Июндагы тополоң тууралуу бүтүм чыгарууга 5-6 ай жетишсиз. 1990-жылкы окуяны аликүнчө изилдеп бүтө элекпиз. Укук коргоочуларга азыр Түштүктө нааразы болгондор көп. Азиза Абдрасулова кечээ жакында "кыргыздар азыраак өлүптүр, өзбектер көбүрөөк өлүптүр мен ошого кубандым" деп жатат. Эмнесине кубанат? Ал жерде сепаратисттер өлсө бир жөн. Жөн эле карапайым эл кырылды да. Баары эле биздин жарандар. Андан мурда "жалаң эле өзбек кыздары зордукталып, өлтүрүлгөн" деп чыккан. Эмне дегенде бул кызматы үчүн батыштан акча алат. Эгер чындап жалпы эл үчүн күйсө "жаңжалды ким баштаган?" деп анализ кылмак. Мен ачык эле айтам, эже бир тараптуу иштеп жатат. Анан ушундай "кызматтары" үчүн Роза Отунбаева ага "Даңк" медалын тапшырып отурат. Мындай жорук - кыргыз элине жасалган чыккынчылык! Ошол тополоң чыгаар күнү эртең менен кыргыздар жумушка баратса, өзбек сепаратисттери согушка даярданып жаткан. Түшкө чейин бир да кыргыздын колунда курал болгон эмес. Анан жөндөн-жөн эле атып, жакындарын мууздап атса ким карап турат? Кыскасы, бул этникалык кагылышуунун чыныгы күнөөкөрлөрү өзбек же кыргыз эли эмес, ошол кездеги бийлик жана пайгамбарды тааныбай калган өзбек лидерлери. 7-апрелден кийин УӨнүн жүргүзгөн "кыйшык" саясаты Түндүк-Түштүк маселесин курчутуп тим болбой, ушуга алып келди. Мамкызматтагы саясаттан тышкары эле жүргөн түштүктүктөрдү ачык эле кызматтан бошотуунун зарылчылыгы бар беле?.

Санжи Туйтунова