|
|
Жылгаякта чарк айланган Розалино
Мурда күнү шаардын муз майданына өлкө президенти Роза Отунбаева келип, Казакстанда өткөн кышкы Азия оюндарынын хоккей (топ жана шайба) боюнча жалпы спортчулары менен жолугушуп, төмөнкүлөргө токтолду: "Мен сиздер менен Астана жана Алматы шаарларында алгач кезиккем. Бүгүн болсо бул жерден жолугушуп отурабыз. Абдан сыймыктанып атам. Анткени, топ менен ойноло турган хоккей боюнча коло медалды багындырдыңар, ал эми шайба менен ойноло турган жаатынан алтын медалды жеңдиңер. Сиздердин ушундай жигердүү жеңишиңиздердин аркасы менен биздин өлкө Азия оюндарына катышкан 27 мамлекеттин ичинен татыктуу 7-орунду камсыз кылды. Биз үчүн чоң иш болду. Сиздерди чын дилимден кызуу куттуктайм" деди. Ошол эле учурда Ажого шайба менен ойнолуучу хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов "Сиз биздин тумарыбыз болуп калдыңыз. Биздин оюнчуларга таймаш алдында дем, шыкак бердиңиз" деп, 10 саны жазылган футболканы белекке берди. Ушундай жылуу маанайдан кийин Роза Отунбаева муз майданына чыгып, коньки менен жылгаяк тепти. Коньки тепкенди 5 жашында Нарын шаарынан үйрөнгөнүн жана ушу кезге чейин дем алыш күндөрү көк жылгаякка келип турарын өз оозунан уктук.
Сурат Жылкычиев
|
|
|