Уурусу күч болсо... ЖАЗАСЫЗ КАЛГАН КЫЛМЫШ Ушул жылдын 1-февралында Түп райондук сотунун кезектеги отуруму болуп, анда өткөн жылдын 23-июлунда Ысык-Көл облусунун Түп районунан Байзак айылындагы тоо арасынан адам өлтүрүүгө байланышкан кылмыш иши каралды. Сотто кылмышка шектүү катары өтөп жатышкан К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү: Баяманов Мирлан 13 жылга, Касымбеков Азамат 3 жылга, Дүйшеев Ильгиз 1 жылга эркинен ажыратылды. Соттук отурумда сот шектүү адамдардын биринчи берген көрсөтмөлөрүн, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн эске албастан, соттолуучулардын сотто айткан сөзүнүн негизинде гана өкүм чыгарып, аларды "Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 123-ст. 1,2-б. 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын курамы жок" деген тыянак менен актаган. Эсиңиздерге сала турган болсок, 2010-жылдын 23-июль күнү Балыкчы шаарынын тургуну 30 жаштагы Дүйшөналиев Жанатбекти белгисиз адамдар коркутуп, "Мерседес" автоунаасына салып кетишкен. 24-июль күнү Ж.Дүйшөналиевдин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси Түп районунун Байзак айылындагы тоо арасынан табылган. Кылмышкерлер мал кайтарып жүргөн адамдар көрүп калгандыктан, өлүктү чала көмгөн тейинче качууга аргасыз болушкан. Соттук- медициналык экспертизанын корутундусунда жабырлануучунун 17 жерине бычак сайылып, үч жолу мууздалып, өзгөчө жырткычтык менен өлтүрүлгөндүгү дайын болгон. Жергиликтүү изкубарлар ошол замат маркумдун өздүгүн такташып, кылмышка шектүү адамдарды издей башташкан. Бир айга чукул жүргүзүлгөн оперативдүү иликтөөнүн негизинде кылмышка шектүү адамдар колго түшүрүлгөн. Алар К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, мурда соттолгон, Балыкчы шаарынын "смотрящийи" Баяманов Мирлан (кличкасы Байпак), Токмок шаарынын "смотрящийи" Касымбеков Азамат, Дүйшеев Ильгиз дегендер болчу. Кылмышкерлердин төртүнчүсү ошол бойдон кармалган жок. Маркум Дүйшөналиев Жанаттын келинчегинин берген көрсөтмөсүндө, 23-июль күнү Жанат Мирлан аттуу таанышы телефон чалып, чакырганынан улам сыртка чыгууга камынган. Келинчегинин " чыкпай эле кой" деп каршы болгонуна "эгер азыр чыкпасам, силерге да залакасы тиет" деп жооп берген. Ушундан кийин артынан ээрчий чыккан жубайынын көзүнө кара түстөгү "Мерседес" автоунаасы урунган. Анан алдыңкы орундугунда отурган Мирлан Жанат менен учурашып, бир нерселерди сүйлөшкөнүн, бир маалда унаанын арткы эшиги ачылып, эки бала түшкөнүн көргөн. Көп өтпөй алар Жанатты машинага сүйрөп киришип, бир нече жолу төшкө мушташып, катуу ылдамдыкта айдап кетишкен. Жанат үйдөн чыгып баратып келинчегине "эгер, телефонуңа бош SMS келсе милицияга кабарлап, мени издегиле" деп айтып кеткен. Ушундан улам, Ж.Дүйшөналиев өзүнө кастарын тиккен адамдар бар экенин жакшы билгенин баамдоого болот. Алар кеткенден кийин бир саатка жетпеген убакытта эле Жанаттын келинчегинин уюлдук телефонуна бош SMS түшүп, ал милицияга кабарлап, издөө башталат. Бирок, ал күнү Балыкчы шаарынын аймагынан табылган эмес. Сотто, соттолуучу Баяманов Мирлан Дүйшөналиев Жанатты өлтүргөндүгүн, өз ара чырлары бар экендигин айтып, күнөөсүн моюнуна алган. Ал эми соттолуучу Касымбеков Азамат болсо, 23-июль күнү түш ченде Токмок шаарынан Балыкчыга жумуштап келгенин, ал жерден таанышы Баяманов Мирланга жолукканын айткан. Анын айтымында, Мирлан "Түпкө барып келели" деп суранып, жанындагы үч бала менен машинага отурган. Анан Түп айылынын кире беришиндеги сол тарапты көздөй айдатып, ээн жерге келгенде Мирлан машинаны токтотуп, жанындагы балдардын бирин чакырып түшүп, өздөрүнчө сүйлөшкөн. Бир маалда Мирлан өзү жалгыз келип отуруп, "берки кана?" деген суроого, ал "бычакка сайылып калды" деп жооп берген. Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүргөн мындай кылмышкерлерге карата чыгарылган өкүм укук коргоо органдарынын жана жабырлануучу тараптын нааразычылыгын пайда кылууда. Баарынан кызыгы, сот отурумга жабырлануучунун жакындары, күбөлөрдү катыштырбастан чечим чыгарган. Учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы мамлекеттик деңгээлде иш-чара башталып, аларды түп-тамырынан бери жок кылуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканда, сот органдарынын мындай кайдыгерлиги, теңсиздиги, көз боемочулугу башталган иштин тамтыракайын чыгарары турган нерсе. Кылмыштуу топтордун ондогон мүчөлөрү кылмыш үстүндө колго түшүшкөн менен алардын бардыгы шарттуу түрдө бир, бир жарым жылга соттолумуш болушуп, айрымдары сот залынан эле эркиндикке чыккандыгы тууралуу ондогон мисалдарды келтирсек болот. Чөөлөргө аңчылык УЮШКАН ТОП ОҢОЙ ЖОО ЭМЕС… Жыл жаңыргандан тартып эле өлкө жетекчилиги уюшкан кылмыштуу топторду ооздуктоо боюнча демилге көтөрүшүп, укук коргоо органдарынын дарегине олуттуу сын айтуу менен иш башташты. Буга чейин мындай катуу сынга, бийликтин каарына кабылбаган укук коргоо органдарынын жетекчилери кыска аралыкта кылмыштуулуктун тамырын кыркууга катуу даярдык көрүүдө. Алсак, өнөктүк башталган 10 күн аралыгында уюшкан кылмыштуу топтун 37 мүчөсү жана лидерлери кармалгандыгын белгилүү болууда. Алар чын эле кылмыштуу топтун өкүлдөрүбү же укук коргоочулардын "уюштуруу" иштеринин натыйжасыбы (?) азырынча айтуу кыйын. Аны эми сот аныктайт. Бирок, өлкөдө азыр кримчөйрөнүн 5 лидеринин уюшкан топтору "өз бийликтерин" жүргүзүп келатканын, алар: К.Көлбаев, А.Бокушев, М.Абакиров, А.Анапияев, А.Батукаевдин кылмыштуу топтору экендигин эске ала турган болсок, А.Батукаев менен М.Абакировдон башкалары бүт эркиндикте жүрүшөт. Демек, аларга карата жарыяланган "согуш" эки ай эмес, эки жылдын аралыгында да ийгилигин берсе жаман эмес. Ал ортодо, тагыраак айтканда, 11-февраль күнү Бишкек шаарында саат 01 чамаларында Манас проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн бириндеги каракчылык тууралуу кабар Бишкек шаардык милициясына маалымдалган. Маалымат алынары менен Бишкек шаардык башкармалыгынын жана Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын оперативдүү тобу окуя болгон жерге келишкен. Окуяны тактай келгенде төмөндөгүлөр аныкталган. 11-февраль түнү саат он эки чамаларында азият улутундагы 20-25-жаштардагы бир нече адам баштарына моюн орогучтарды ороп алып, Бишкек шаарынын тургуну Н.Алтынбаевдин үйүнө келишип, үй ээсинин бир тууганын байлап, ур- токмокко алышып, арачы түшкөн үй ээсине да кол көтөрүшүп, 10 миң сом талап кылышкан. Бу маалда үй ээсинин аялы телефон аркылуу милицияда иштеген таанышына кабарлаган. Таанышынын чакырыгы боюнча ИИМдин уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш башкармалыгынын кызматкери жанына Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген эки изкубарды салып, окуя болгон жерге жөнөгөн. Алар келген учурда каракчылар дале болсо үй ээлерин сабап жатышкан. Каракчылык жол менен кол салгандар милиция кызматкерлеринин эскертүүсүн уруп ойношпой, кайра аларга каршылык көрсөтүп, эки кызматкер бычактан жараат алган. Милиция кызматкерлери мындай чабуулдан соң өздөрүн коргоо максатында каракчыларды көздөй ок атууга барышкан. Натыйжада, каракчылардын экөөнө ок тийип, жаракат алышып, экөө окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Атылган октон жаракат алган эки кайбар Кемин районунун Кемин айылынын тургундары 28 жаштагы А.Кадыров менен 22 жаштагы Б.Тазабеков дегендер экендиги аныкталып, ооруканага жеткирилген. Учурда берки качып кеткен кылмышкерлерди издөө боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ушундан улам, кылмышкерлер, кылмыштуу топтун өкүлдөрү милицияны, дегеле укук коргоо органдарын, мыйзамды тоготпой, өз билгендерин жасай баштаганын көрүүгө болот. Мындай өлөрмандыкка жол беришкендиги алардын жогору жакта, жалгыз эле кримчөйрөдө эмес, бийлик бутактарында да "колдогон кожолору" бар экендигинен кабар берген жокпу? Ушундан улам, өлкөбүздө тамырын кенен жайган кылмыштуу топторго каршы күрөштү бийликте отурган чиновниктер менен сот системасынан баштаган оң болор беле (?) деген ой пайда болот. Себеби, буга чейин деле "кылмыштуу топтун мүчөсү" деп, жасаган кылмыштары боюнча колго түшкөн кылмышкерлердин басымдуу бөлүгү алган мөөнөтүн толук отурбастан ээн-эркин жүргөндүгү, болбосо сот залынан эле бошонуп кеткен фактылары ондоп саналат. Алар жөнүндө кеңири маалыматты гезиттин кийинки санында окуйсуздар. Бетти даярдаган Бакай Кайдакеев Куру кол кайтышты 9-февраль күнү эртең мененки саат 08.30 чамаларында Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы 1 байланыш түйүнүнүн имаратына медициналык беткап кийген 3 каракчы кирип келип, байланыш түйүнүнүн начальниги А.Бекбагышовага бычак такашып, акча талап кылышкан. Куураган каракчылар кассада акча жок экендигин көрүшкөндөн кийин көздөн кайым болушкан. Ушул эле күнү түшкү саат 13.40 чамаларында Кара-Балта шаарынан 22 жаштагы З.Усубалиеванын үйүнө жулунуп кирген беткапчан эки адам үй ээсин мылтык менен коркутуп, колу-бутун таңышып, сөйкө-шакектери менен телефонун алып кетишкен. Контрабанда Малаводное айылынан Казакстандан келе жаткан 5 "КаМАЗ" автоунаасы жакында милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Аларды текшерген учурда контрабандалык жол менен алынып келе жаткан 119 тонна буурчак жана 21 тонна ун табылды. Жалпы суммасы 3 млн. сомду түзгөн бул товардын ээси Р.Абайдуллаев деген болуп чыкты. Учурда тергөө алдында отчет берүүдө. Гиппократтын анты урду Көлмө жаңы конушунун тургуну баласын балдар бакчасына орноштуруу үчүн №13 ГСВдан справка алуу үчүн барса, анда иштеген ак халатчандар 1000 сом пара талап кылышканын айтып, арыз берген. Текшерүүдө оорукананын дарыгери А.Жунусова менен эмчи айым Ж.Качкеева 1000 сом алып жатып кармалышты. Келемиш кайдан жыттанат? 9-февраль күнү Ысык-Көл районундагы "Ибин-Сина" балдарды реабилитациялоо борборунун директору милицияга арыз берип, борбордун бухгалтериясынын темир сейфинен 48 000 сом уурдалгандыгын кабарлаган. Балдардын ырыскысына сук арткандар сырттан келгенби же ичтеги эле "келемиштер" кедерги болгонбу (?) азыр белгисиз. |