Масондук ложа тууралуу

Кыргызстанды жөөттөр башкарабы?

Жөөттөрдүн жашыруун "масондук ложа" аттуу уюму бар экендиги, бул уюм дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн тымызын башкарары тууралуу көп айтылат. Ал өлкөлөрдүн катарынан Кыргызстан дагы калбагандыгы, а тургай бул уюмда мүчө делген кыргыз инсандар бар экенин уктуңуз беле?

Кыргызстандагы жөөттөр кимдер?
2007-жылдын апрелинде Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов Мурат Суталиновдун дагы бир паспорту бар экендигин, ал документтеги фамилиясын Мурат Маковецкий деп жубайынын фамилиясынан алгандыгын айтып чыккан. Ушундан кийин Муратбек Суталинов маалымат каражаттарына ал масондук ложанын мүчөсү экенин, орусиялык бизнесмен Роман Абрамович кайнагасы болорун, Марата Трахтенберг деген ат менен Израиль өлкөсүнүн паспортун алганын айтып чыккан. Суталинов муну тамашалап айтканбы, же чын эле ошол уюмдун мүчөсүбү?
Жакында vesti.kg сайтына "Роза Отунбаева - масондук ложанын мүчөсүбү?" деген макала чыгып, анда "азыркы президент дүйнөлүк эксперттер масондук ложанын уюму делген Бильдерберг клубунун жашыруун жыйындарына бир нече жолу катышкан. Бул жыйынга жөнөкөй адамдар кире албайт" деп жазып чыккан. Бул сайттын маалыматына караганда, аталган уюмдун жыйындарына мурунку президент Аскар Акаев дагы катышып турчу экен. Айрым маалыматтарда экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев, "Сорос" фондунун мурунку жетекчиси Чынара Жакыпова да масондук ложанын мүчөлөрү деп айтылат.
Мындай жыйналыш жыл сайын өтүп, өлкөлөрдөгү экономикалык, саясый чечимдерге таасирин тийгизет. Бул уюмга мамлекет башчылары, ири ишканалардын, компаниялардын башчылары мүчө болуп кирген.

Дүйнөлүк масондор
Дэвид Рокфеллер,
Нидерланддын ханышасы Беатрикс
Испаниянын ханышасы София
Белгиянын ханзаадасы Филипп,
АКШнын тышкы иштер министри Тимоти Гейтнер
Дүйнөлүк Банктын президенти Роберт Зеллик
Дүйнөлүк соода уюмунун жетекчиси Паскаль Лами ж.б.

Бул эмне болгон уюм?
Бул жашыруун уюм бардык өлкөлөрдөн өзүнүн катарына ишенимдүү өкүлдөрдү кошконго аракет кылат. Алар аркылуу өздөрүнүн кызыкчылыгын ишке ашырып, дүйнөнү башкарууга аракет кылышат. Дүйнөдө алты миңден ашык масондук ложа бар. Алардын баары Англиядагы эң башкы ложага баш ийишет. Бул уюмдун мүчөлөрү көбүнчө коомдун жогорку катмарынан чыккан, бардар турмушта жашаган адамдар болуп саналат. Масондор өздөрү дагы еврейлердин түзгөн уюму экенин, алардын синоисттик көз карашын таратып атканын моюнга алышпайт.
Масондор "эркиндик, теңдик, туугандык" деген девизге жашынышат. Масондук үч тепкичтен турат: жалпы масондук, падышалык масондук, бүткүл дүйнөлүк масондук. Жалпы масондук өзү 33 баскычтан турат. Бул баскычтагы уюмдун мүчөлөрү кайрымдуулук менен алектенишет, аларды уюмда "сокурлар" деп атап коюшат. Анткени, бул биринчи баскычта аларды масондук идеяларга такыр үйрөтүшпөйт.
Бул 33 тепкичти басып өткөн мүчөсү падышалык масондукка кабыл алынат. Масондуктун бул баскычтары өтө купуя болуп эсептелет. Бул тепкичтин мүчөлөрү еврейлердин идеяларын окуп, аларды ишке ашырууга аракет кылышат.
Падышалык масондуктун чанда бири гана дүйнөлүк масондук тепкичине жетет. Бул топтун мүчөлөрү калган тепкичтегилерди дүйнөлүк анархияны (башаламандыкты) уюштуруу үчүн пайдаланышат.
Айрым маалыматтарда Россия, Кытайда, жакынкы Европа өлкөлөрүндө коммунизмди сионисттик масондор орноткону, албетте, анан кайра өздөрү ыдыратканы айтылат. Алар өз идеяларын Америкалык долларга, Американын желегине орното алган.

Масондордун максаты
Дүйнөдө диний эмес, демократиялык республикаларды куруп, дүйнөнү башкаруу. Израиль мамлекетин куруу керек болгондо калган өлкөлөрдү оңой эле бузуп салуу;
Бардык диндерге каршы күрөшүү;
Атеисттик көз карашты таратуу ж.б.


Табылды АКЕРОВ, саясат таануучу:
"Масондук ложанын бизге таасири бар"
- Масондук ложанын Кыргызстанга кандай таасири бар?
-Негизи таасири бар деп айтышат. Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда мындай маалыматтар айтылчу. Акаевдин үйбүлөсүн ушул еврейлердин жашыруун уюмуна мүчө деп жүрүшчү. Кийин Максим Бакиевдин тегерегиндеги бизнесмендерди ошол уюмдун өкүлдөрү деп айтышкан. "Кумтөр" сыяктуу чоң-чоң долбоорлордун маселелери көтөрүлгөндө ошол жакта масондордун кызыкчылыгы бар делип жүрөт. Бирок, канчалык деңгээлде таасир этишет аны айтуу кыйын.
- Бул уюмдун максаты неде?
- Булар бардык жакта еврейлер үстөмдүк кылып туруш керек дешет. Белоконь, Березовский деген еврейлер бири-бирин колдоп, Кыргызстанга да таасир этип атканына караганда, масон уюму таасир этип жатат деп айтууга болот.


Марс САРИЕВ, саясат таануучу:
"Бул жөн гана миф"
- Жөөттөрдүн масондук ложасы Кыргызстанды башкарат деген чынбы?
- Масондук ложанын Кыргызстанга таасири бар деп айтып аткандар туура эмес түшүнүп жатышат. "Кумтөр" кендеринде еврейлердин кызыкчылыгы бар деп айтып атышат. Бул кендерде алтын, уран менен иштеген трансулуттук ири компаниялардын кызыкчылыктары болушу мүмкүн. Бирок, аларды масондук ложа пайдаланып атат деген жөн гана миф. Кыргызстанда андай жок.
- Анда бул сөздөр кайдан чыгып жатат?
- Жөн гана саясый күрөштө пайдалануу үчүн ушундай сөздөр чыгып атат да. Америкада, Европа өлкөлөрүндө, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө масондук уюм бийлигин жүргүзсө керек. Бирок, Кыргызстанда алар жок.


Даярдаган
Акыл Бактыбеков