Көл толкуйбу?

Датканын атын жамынган Жолдошеванын жоруктарынан...

Архитектура жана курулуш департаменти Ысык-Көлдүн жээгине Курманжан Датканын эстелиги тургузуларын маалымдап, аны ишке ашыруу 45,2 млн. сомго бааланганын Каныбек Нарбаев билдирди.

Рысбек Токсобаев:
"Биздин үлүштүк жерлерибизде Жылдыз Жолдошеванын кандай акысы бар? "

Жалпы кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмерине эстелик көл жээгине тургузулушу бизди кубандырбай койгон жок, биз Улуу инсаныбыз менен сыймыктанабыз. Бирок, ансыз деле таңсыктык менен каралып жаткан бюджет кантет (?) деген маселеге кызыктык.
Бул маселени териштирип отуруп, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошеванын шумдуктай жоруктарына күбө болдук.
Курманжан-Датканын эстелигине Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Сары-Ой айылынан жер бөлүнүп берилген. Бирок, ал кадимки эстеликтерден айырмаланып, беш сотук эмес, дээрлик 20 гектар жерге барабар экен. Ал эми көл жээгиндеги пляждык аймакты кошкондо, андан да ашат.

"Курманжан Датка" фонду көл жээгинен 20 гектар жерди кантип алган?
Ысык-Көл жээгинен жер үлүшүн алуу боюнча фонддун жетекчилиги 2000-жылдан бери эле аракеттенип келет. 2003-жылдын 20-мартында "Курманжан-Датка" фондуна Чоң-Сары-Ой айылынан 8 гектар жер убактылуу колдонууга берилсин" деген №148 өкмөттүн токтому чыккан. 49 жылга берилгенден кийин аны "менчикке өттү" деп түшүнө берсе болот. Токтомдо ал кезде премьер-министр болуп турган Николай Танаевдин колу турат.
Ал эми 2005-жылы премьерликте Ф.Кулов отурганда "Курманжан Датка" фондунун жетекчилиги, Ысык-Көлдүн жээгинде бөлүнгөн жерди мамлекеттик каржылоонун артынан ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген токтом чыгартууга жетишет. Атап айтканда, мемориалдык комплексти мамлекеттин эсебинен тургузуу (2006-жылы 2 млн. сом бөлүнүп берилген); ТИМдин жардамы менен гранттарды алууга мүмкүнчүлүк алган; Мемориалдык комплекстин долбоорун иштеп чыгуу архитектура жана курулуш департаментине жүктөлгөн; "Чыгышэлектро" трансформаторун орнотуп берип, жарыктын жарымын төлөсүн!" деген жеңилдиктер жазылган токтомдо.
Ал эми 2008-жылда чыккан өкмөттүн 507-токтому менен Жылдыз Жолдошева мемориалдык комплекстин аймагын дагы 11,8 гектарга кеңейтип алды. Бул токтомдо Чудиновдун колу жүрөт.

Өкмөттүн чечимине көлдүктөр нааразы
Шектенүүнү жараткан маселени андан ары чукуп, bulak.kg Чоң-Сары-Ой айылына барып, көйгөй менен жакындан таанышууну туура көрдү.
Көрсө, жергиликтүү эл жыйырма жылдан бери бул бош аянттарды бала-чакасына алып бере албай чуркап жүрүптүр. "Бала-чака чоңоюп калды. Эл 5 сотук жер ала албай жүрүшөт, Жылдыз Жолдошевага 20 гектар берип жатат. Мемориалдык комплекске бир-эки гектар жер эле жетишмек", - дейт айылдык Кеңештин депутаты Базарбек Мамытов.
Өкмөттүн токтомуна нааразы болуп айылдыктар сотко кайрылышкан. "Арызды Ысык-Көл райондук сот карап, бирок мыйзамсыз чечим чыгарды" дейт, айылдын тургуну Рысбек Токсобаев "Сот өкмөттүн токтомуна таянып, Жылдыз Жолдошеванын пайдасына чечим чыгарып койду. Бул туура эмес . Биздин үлүштүк жерлерибизде Жылдыз Жолдошеванын кандай акысы бар? Эмне үчүн мемориалдык комплексти Алайда курбайт?", - деген нааразылыктарын билдиришти.

Мемориалдык комплекс эмей эле байлардын эс алуу жайы
"20 гектар жерди ээлеген ал кандай мемориалдык комплекс болду экен?" деп долбоордун өзү менен таанышканыбызда мейманканалык-ресторандык, спорттук-дени сактык, маданий-оюн-зоок мемориалдык-тарыхый комплекс деп ачык эле жазылып турганына күбө болдук.
Мейманкана, теннис ойногон жай, баскетбол, улуттук оюндар аянты, кыргыз айылы, шашлык жеген жай, ресторан, айтор, байлардын эс алуу жайын элестетет.
Аталган мекеме 1000 орундук болуп, жылына 110 000 туристти кабыл алууга каралган, байлар менен чет элдиктер эле кирбесе , VIP бөлмөлөргө карапайым адамдын акчасы кайдан жетсин? Айтор, 45 млн. сом менен бүтүп калбайт, 22 млн. АКШ долларга бааланууда. Анан ортодо жогорудагыдай болуп акча желип жатса, анын бүтүрүлүшү дагы күмөн.
Бул жайда Курманжан Датканын эстелиги ашып кетсе 5-10 сотук жерди ээлейт, калганын Жылдыз айым туристтик аймакка айландырып, чөнтөгүн кампайтарына бул долбоор айдан ачык далил болуп турбайбы?..
Мындан улам ар бир жаранда жөндүү суроолор туулат. Мейли, эстеликти орнотууда сөз жок. А бирок эмне үчүн мамлекет фондго 20 гектар жерди акысыз бөлүп берет? Эмне үчүн мейманкана, ресторан, кафелердин курулушун мамлекет каржылаш керек? Эгер бул жай мамлекетке таандык болбосо? Эмне үчүн бул долбоор салык төлөгөндөрдүн каражатына курулушу керек, ага кирүү, эс алуу акысыз болбогондон кийин?

Мемориалдык комплекстен түшкөн киреше...
Фонддун атын пайдаланып, Жылдыз Жолдошева эмне иш кылып жатканын Курманжан Датканын урпактары дагы толук билишпесе керек. Алай ханышасынын небереси Чыныбек Абдыкапаров менен сүйлөшкөнүбүздө көл жээгинен 10 гектар жер берилгенин гана укканын айтты.
Бул долбоорду ишке ашырууну макулдашканы менен Жылдыз Жолдошева бизнестен түшкөн пайданы даткайымдын түздөн-түз урпактары менен бөлүшүү тууралуу сөз кылган да эмес. Бирок, ал Мемориалдык комплекстен түшкөн каражатты элдин керегине жараганын туура көрөт. "Комплекстен түшкөн акча апабыз туулуп-өскөн аймактын өнүгүшүнө жумшалса туура болмок. Алай районунда көйгөй жетиштүү. Мектептер, социалдык мекемелер курулсун деген таризде маселе көтөрөм", - деди Чыныбек Абдыкапаров.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошеванын өзүнө кайрылдык. Депутат айымдын айтымында, эки жылдан бери көлдөгү Мемориалдык комплексти курууга мамлекет тарабынан 15 млн. сом бөлүнгөн. "Бул акчага музейдин жер төлөөсүн салып, аймакка электр жарыгын, канализацияны киргиздик. Казынадан дагы каражат бөлүнсө Курманжан Датканын эстелигин, мейманкана, оюн-зоок борборлорун курат элек" деди Ж.Жолдошева.
Белгилей кетсек, биздин фотокабарчы Чоң-Сары-Ойго болгон сапарында Мемориалдык комплекске бөлүнгөн жерден бир үй менен жер төлөнүн пайдубалынан башка эч нерсе тапкан жок. Чын-чынына келгенде 15 млн. сомго эстеликтин өзүн куруп койсо болмок.
Жылдыз Жолдошева ошондой эле Курманжан Датканын атын тарыхка калтыргысы келсе, эмне үчүн, бул акчаны максаттуу пайдаланбайт? Көлдүн ажайып кооз жеринен 20 гектар жерди ээлеп алып, мамлекеттен бөлүнгөн акчаны кулкунуна куюп, тарыхый комплекс менен элдин башын айландырып атабы?
Эгер туристтик бизнес менен алектенгиси келсе, "тарыхый комплекс" дебей эле ачык айтпайбы. Ансыз деле эс алуучу жай экени көрүнүп турган долбоорго жерди эмне үчүн мамлекет бөлүп бериши керек, эмне үчүн ал мамлекеттин эсебинен курулушу керек? Эртең эле толгон-токой ишкерлер чыгат, "бизге деле мамлекет жер бөлүп берсин" деп.
Баарынан да өкүнүчтүүсү, бул мемориалдык комплексте Курманжан Датканын жыты да жыттанбайт. Оюн-зоок, арак-шарап турган жерде Курманжан датканын арбагы кантип ыраазы болот? 15 жыл ичинде фонддун төрайымы Жылдыз Жолдошева Алай ханышасы жөнүндө бир китеп чыгарганга жарабагандан кийин, дээрлик мемориалдык комплексти кантип курат?

Асел АКМАТАЛИЕВА,
bulak.kg