Көздүү мончок

Айгерим Нурдин кызы, модель:
"Колумду сурагандар көп..."

Жаш модель Айгерим Нурдин кызы учурда Замира Молдошеванын модель мектебинде окуйт. Чоң энесинин колунда чоңоюп, камырды катыра жайган Айгеримдин кесиби бухгалтер.

- Айгерим, алгачкы сөздү моделдик кесибиңден баштасак...
- Модель болуп калышыма бир тууган эжем себеп болду. КГУСТАда модельер-дизайнер факультетинде окугандыктан, тиккен кийимдерин мага кийгизип, көрсөтмөлөргө чыгарат. Жакында эле моделдер арасында сынак жүрүп, биз биринчиликти жеңип алдык. Ошондо стилист Замира Молдошева менен таанышып, модель мектебине чакыруу алгам. Бир айдан бери сабактарга катышып, баскан-турганды гана үйрөнбөстөн, стилист-визажист кесибинин сырларын өздөштүрүп, психология боюнча сабак алып атам. Буюрса, бир айдан кийин толук кандуу модель болом.
- Бир убакта эки окууну уланткан кыйын эмеспи?
- Кыйынчылык туудурганын байкай элекмин. Тескерисинче, "бардыгына жетишейин" деп убактымды үнөмдөйм. Шаарда эжем, иним үчөөбүз жашайбыз. Түшкө чейин үй жумуштарын бүтүрүп, түштө колледжге барам. Андан чыгып, кечки саат бештен жетиге чейин модель мектебинде болом. Башында ата-энем модель десе эле коркушканбы, "кызым, кыйналып каласың го, мунуңду кое турсаңчы?" деп каршы чыккан. Бирок, эжем "моделдик кесиптин жаман жактары жок. Өзүм жардам берип, көзөмөлдөйм" деп аларды жоошуткан. Замира эже тартипти катуу кармайт. Дайыма "бири-бириңерге бир туугандай мамиле жасагыла" деп айтат. Бизде "түнкү клубдарга баруу" деген жок.
- Сени биринчи көргөндө, "өзбек кызы го" деп ойлодум...
- Ата-энем экөө тең кыргыз. Кашы-көзүм кара болсо ушинтип ойлошот окшойт, "өзбек же уйгур көрүнөсүң?.." деп сурашат. Кээде жигиттер "татынакай кыз экенсиң, Индиядан болосуңбу?" деп тийишет. Мындай суроолорго көнүп деле калдым. Кыргыз болуп төрөлгөнүмө кубанам. Атам милиция кызматкери болгондуктан, улам башка районго которулуп, биз дагы көчүп-конуп калдык. Анан тогузунчу классымда Бүбүсара чоң энемдин колуна келдим. Сөздүн каймактарын терип, макал менен сүйлөгөн киши. Мага бир да жолу катуу сөз айткан жок. Дайыма "кагылайын, багың ачылсын, жакшы адам бол" деп батасын берет. Кичинемде анын алкоосун угуш үчүн камыр ийлей берер элем.
- Чоң энеңдин колунда жүрсөң, оокатка бышыпсың да?
- Апам менен чоң энем бизди оокатка тың, таза жүргөнгө тарбиялады. 3-классымда апамдан камыр жууруганды үйрөнгөм. Баарыбыз эле эмгекчил, тырышчаак болуп өстүк. Азыркы күнгө чейин тамак жасоо менин моюнумда. Мектепте окуп жүргөндө эжемдин чачын кыркып берчүмүн. Бир жолу кесип атып, аркасын бузуп алдым. Айтсам тил угарымды билдим да, байкатпай фен менен көтөрүп, гель сүйкөп койдум. Күзгүдөн каранып "ай-ий, сонун болду, азаматсың" деп мактаган. Шаарга келгенде чач тарачтын окуусуна тапшырып, диплом алганга да жетиштим. Бир нече сулуулук салонунда иштеп, тажрыйба топтодум. Буюрса, моделдик агенттигин бүтсөм, "алган дипломдордун үзүрүн көрөм" деген максатым бар.
- "Модель кыздардын көбү элита сойкуга айланган" деген имиштер көп айтылат...
- Башында айтып өткөндөй, "модель" десе эле, жаман ойлошот. Мен буга кошулбайт элем. Жеке пикиримде, модель кыздар аялзатынын назиктигин, аруулугун, сулуулугун даңазалаган үлгү болуш керек. Мыкты тигилген кийимдерди көрсөтүп, жарашыктуу моданы чакырган айымдарды мындай имиштер ээрчибеш керек эле. Тилекке каршы, андай болбой жатканы өкүнүчтүү... "Ар бир кесип ардактуу" дегендей, бардык иштин өзүнүн түйшүгү, жыргалы бар. Аны ар ким алган тарбиясына, мүнөзүнө жараша кабылдайт. Ошондуктан, жаман жолго барган да, жакшы жолдо жүргөн да, убагында жообун алат деп ойлойм.
- Өзүң айтмакчы, моделдик кесиптин жыргалы кандай?
- Биринчиден, бул кесипти жүрөгүң менен сүйүп, фанат болушуң керек. Ар кандай көрсөтмөгө катышып, биринчилерден болуп, сонун кийимдерди кийип чыгабыз. Элдин сыноосунда жүргөндүктөн, моюнуңда чоң жоопкерчилик бар. Демек, сен өзүңдү-өзүң тарбиялайсың, өсөсүң, талыкпай эмгектенесиң. Мунун бардыгы жыргалга жеткирчү жакшы нерсе го...
- Байкасам, сенин боюң башка моделдерге салыштырмалуу кыска экен...
- Ооба, боюм 172 см., салмагым 50 кг. Көбүнчө 15 сантиметрлик бийиктиктеги бут кийимдерди кийип чыгам. Моделдик кесипке аралашкандан баштап, күн сайын көчөгө бийик така кийип, бутумду көндүргөм. Көрсөтмөгө жаңы чыкканда залда отурган элдин сүрүнөн коркуп, бутум титиреп калган. Азыр болсо подиумга чыгаар алдында бир толкунданып алам.
- Качан ак жоолук салынайын дейсиң, колуңду сурагандар бардыр?
- Ата-энемден колумду сурап келгендер бар. Азыр мага турмушка чыгууга эрте. Болгону, он тогуз жаштамын. Көңүлүмө аздектеп, жигит сүйүп көрө элекмин. Ар нерсенин өзүнүн убактысы келет эмеспи. Буюрса, ал күндөргө да жетермин.

Айнура Касымова




  Жубаймаанай

Түшүмө кирчү болдуң...
Акыркы убакта уйкудан күлүмсүрөп, жакшы маанайда ойгончу болдум. Анан кечке чейин түндө көргөн түшүмдү унута албай, ар бир сөзүңдү, көз карашыңды көз алдыман миң ирет өткөрөм. Ошол ирмемди элесимден жоготкум келбейт. Анткени, чыныгы турмушта сенден ошончолук жылуулук алган эмесмин. Турмушуңда өтө кеч пайда болуптурмун. Сага жолукканда жүрөгүңдү эчак башка бирөө ээлеп алган экен. Досторум канча айтышты, "койсоңчу аныңды, баары бир бирге болбойсуңар" деп. Мен сүйүүмө жооп күткөн жокмун, мендик эмес экениңе көзүм жетчү. Жолугуп калганда учурашып, жылмайып койгонуңдан кубат алып жашачумун. Сенин эсиңде болбосо керек, а мен алүгүнчө бакытка бөлөгөн бир күнүмдү унута албайм. Ошол күнү туулган айлыма эс алууга кетип жатып, "сагынганда даба боло турган бир буюмуңду берчи?" деп сурадым. Сен сумкаңдан кичинекей жыгачтын сыныгын алып чыгып, "бул менин өмүрүмдү сактап калган бактын бутагы болчу. Мен үчүн абдан кымбат, тумар кылып алып жүрөм. Келгенде кайра бересиң" деп колума карматтың. Ошондогу сүйүнгөнүмдү сүрөттөй албайм. Азыр ойлосом, балалык сезимден четтей албаптырмын. Канчалык сүйсөм дагы сени менен кучакташып, өбүшүүнү ойлонгон эмесмин. Балким, кол жеткистигиң мага андай ой жүгүртүүгө да жол берген эместир... Быйыл сени көрбөгөнүмө алты жыл болду, өзгөрүп кеткендирсиң. Бирок, түшүмө мурда кандай болсоң, ошол түспөлүң менен киресиң. Арабызда бир адамдын өмүрүндөй алыстык болгону менен сезим чиркин өлгүсү келбейт, өчкүсү келбейт. Канчалык кыйналса да эңсегенинен жазбаган жүрөгүмдүн өжөрүн кара...

Жебе