Уй мүйүз Ааламдан берилген оюулар Канат Жапаров оймо-чийме дүйнөсүнө бала кезинде баш баккан. Табияттан берген орошон талантты ушу кезге чейин аздектеп келет. Ар бир буюмдун бетине тартылган оюунун маани-маңызы жана андагы катылган сырларын ачуу менен бирге, ал аркылуу адамга мүнөздөмө берип, ошону менен катар оору-сыркоодон да айыгарын айта отурду. Деги эле Канаттын ой-толгоосу жөн адамдардыкындай эмес экенин байкадык... Бала кезде баягы... - Бардык нерсе мектептен башталды. Мугалим сабак берип жатканда чийгилеп отурбасам, айтып аткандары башыма кирчү эмес. Сабак башталгандан бүткөнгө чейин дептердин бир топ барактарына сүрөт тарткылап отуруп, толуп калаар эле. "Баягы Канат чиймелерин баштадыбы?" деген агай-эжейлердин сөздөрү мени бир топ кыжаалат кылчу. Тажаган жаным 10 жыл бою акыркы партага отуруп, оюуларымды чийгиледим. Мугалимдин берген сабактарын, оюуларым аркылуу кагаз бетине түшүрүп турчумун. Бир эле мезгилде сабакка көңүл төшөп, ошол эле учурда чийип да жетишип, өзүнчө эле жыргай берчүмүн. Бирок, мектепти жакшы эле аяктадым. Ошо кезде "оймо-чиймелер кыз-келиндердин оокаты" деп тартынып, ишимди ата-энемден башка эч кимге көрсөтчү эмесмин. Сырдуу дүйнө - Студенттик убакта оюулар татаалдашып, кырларын-сырларын акырындап көрсөтө баштады. Эргүү оргуштап келген учурда тартканга үлгүрбөсөм, башым кысылып, "ооруп" калчумун. Колума калемсап алып тарта калганда гана, чекем нымшып, өзүнчө бир күч-кубатка ээ болчумун. Эгер кагаз-калем колумда жок болуп тарта албай калсам эсиме ирээттеп түйүп алмайынча кандайдыр бир күч аң-сезимимди кысып турчу. Жөн жерден эле ич дүйнөмө бугуп, кыйнай берген учурлары болду. Андайда эртерээк үйгө жетип, жадымдагы оюуларды кагаз бетине түшүрүүгө шашчумун. Ааламдан түшкөндү ак кагазга чийгилеп, жада калса гезиттердин четинен тамтык калчу эмес. Узак жол - Өзүнчө түтүн булатып, үйбүлөлүү болгондо да оюулар баягыдан көп кырдуу, көп сырдуу болуп өзгөрүп турду. Аларга астейдил мамиле кылуу керектиги ар-кандай жолдор менен аян түрүндө келип атты. Убакыт өткөн сайын жан-дүйнөмдү бүтүндөй ээлеп, оймо-чиймесиз жашоону элесетете албай калдым. Канчалык моюн толгоп, "бул кыз-келиндердин оокаты эмеспи", анан калса "Тынайдын баласы оймо чийип калыптырбы?" деген эл арасына тарачу сөздөн намыстанганым менен тагдырыма оюулар жазылыптыр. Муну ата-энем туура түшүнүп колдоп, ак баталарын беришти. Ошентип маңдайыма жазылган өнөрдү кененирээк билүү үчүн изденип, тереңдете баштадым. Кийин оюу-белгилерге дүйнө эли канчалык денгээлде маани берерин көрүп, ата-бабаларыбыздын буга кандайча көңүл буруп, пайдалангандарын көптөгөн булактардан окуп, изилдеген соң уялып-тартынбай калдым. Калкан талаа - Илгери журт башчылардын же көрүнүктүү аксакалдардын боз үйлөрүнүн төрүндө калкан илинип турчу. Анын бетине уздар оюу чегерчү. Териге түшкөн оймо-чийме аркылуу уруусу, коомдогу даражасы, бала-бакыра, небере-чөбөрө, мал-жанынын саны ж.б.у.с. маалыматтарды окушкан. Эшиктен кирип келген адам калканды карап эле ким экенин туюп койчу экен. Эң кызыгы ар бир жердин, ар бир үйдүн, ар бир мезгилдин оюулары бири-бирине окшошпойт. Ар бири өзгөчө био-энергетикага ээ, кубулуп, кубулжуп турат. Муну байкаганым, мен үчүн чоң ачылыш болду. Оймолордун энергия таасири - Ар бир адамдын жеке өзүнө таандык оюусу болорун кийин байкап калдым. Бул адамдын эн тамгасы. Сүйлөшүп отурган учурда, эле көзгө тартылат. Бала чактан бери өзүмө жаккан 2-3 оюуларым бар болчу. Кыжаалат болуп, же өзүмдү ыңгайсыз сезгенде, ошол оюларымды чиймелеп жиберсем, кадимкидей кубат алып, жаным сергип калар эле. Жада калса аларды саймага сайдырып, үйгө илип койгом. Жеке адамдын оюуларын тартканда, дене түзүлүшү, оорулары, колдоочу-коргоочу пирлери, ж.б.у.с маалыматтар кошо түшөт. Аны кийим-кечекке сайдырып, эс алуучу бөлмөсүнө илип койсо, коргоочу күч катары энергия берип, азык болот. Кээ бирөөлөр тумар катары тагынып жүрүшөт. Кыргыз оюуларынын деми, шыпаагерчилик жагы бар экенин ушундан байкаса болот. Сайма санжыра - Илгери биздин ата-бабалар оң-терс энергияны өздөштүрүп, теңирчилик философиясын жашоо-турмушунда кандай пайдаланып келгенин жакшы билебиз. Эски оюуларда тарыхыбыз, салт-санаабыз, үрп-адатыбыз, ырым-жырымыбыз, табиятка болгон көз карашыбыз толук чагылдырылып турат. Уста-зергерлердин кол-өнөрчүлүк сырларын толук сактай албай калгандыгыбыз өкүндүрөт. Кээ бир буюм-теримдердин өңү-түсү кандай химиялык заттардан турарын аликүнчө билбейбиз. Сайма санжыраларынын артынан түшүп, бүгүнкү күндө сырларын ачуу менен алектенип келем. Алгачкы ийгиликтер да жок эмес. Арман, арман... - Кол-өнөрчү, уз, оймочулар жана ушу жаатка кайдыгер болбогон өнөр адамдары! Биз жакынкы арада чогулуп, "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып", оюулар тууралуу кенен сөз кылганга убакыт жетти го дейм. Ата-бабабыз мурас кылып калтырып кеткен оюулар азыркыдай чалды-куйду болбош керек. Ар бирин өз-өз орду менен пайдалануубуз абзел. Мисалы, туш-кийизге түшчү улуу, касиеттүү оюуларыбызды төшөккө салып тебелеп-тепсеп жүрөбүз. Ала-кийизге салынып, таман аркылуу энергия берүүчү оюуларды ырчыларыбыз төшүнө тагып жүрүшөт. Аксакалдарыбыз, кыз оюулары түшкөн жигит калпакты кийип жүрүшөт, а элечекте болсо, кооздук үчүн эле өсүмдүктүн элеси берилген. Ушундай көрүнүштөрдү көрүп кадимкидей жүрөгүң ооруйт, зээниң кейийт. Ал эми баш калаабыздагы эстеликтердеги, желегибиздеги жана гербибиздеги оюуларды чечмелей келсек - ал башка сөз, ал арман сөз... Сурат Жылкычиев |