Коломто

Сүйүү бизден качканда...

Качандыр бир кезде махабатка мас, бактылуу жубайлардын мамилеси убакыттын өтүшү менен сууп, сезимдери гүл сымал соолушу ыктымал. Мындай абалдан кээ бир түгөйлөр тажаса да, ортодогу балдарды кыя албай эт менен чел ортосунда жүрө берет. Албетте, үйдөгү температуранын муздашы жакшы натыйжа бербейт. Андыктан жарашып, мурдагы сезимдерди кайтарып алуудан өтөрү жок. Бирок, кантип? Буга психологдор төмөнкүдөй кеңеш берет.

Жаманын жашыруу
Сүйүүнү 20 жылга чейин ысык бойдон сактоого мүмкүн эмес. Сезимдердин өзгөрүшү табияттагы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Көпчүлүк жубайлар бири-биринин жакшы сапаттарын көндүм нерсе катары кабылдап, кемчилигин чукуганды адатка айлантышат. Психологдордун айтымында, бул процесс үйлөнгөндөн бир жыл өтпөй башталып, 5-жылга аяк басканда критикалык абалга жетет. Түгөйлөрдүн бири экинчисинин баскан-турганынан кыйкым издеп, акыры чыдамы түгөнгөндө "тарс" жарылышы мүмкүн.

Буга жеткиргиңиз келбейби?
Анда түгөйүңүздүн артыкчылыгын баалай билиңиз. Адамдар эч убакта бири-бирине окшош болбойт. Бирөөнүн аялына же күйөөсүнө көз артып, "эмне үчүн меники мындай эмес?" деп наалыганды токтотуңуз. Бири-бириңердин баскан изиңерди аңдый берген да туура эмес. Анүчүн саамга болсо да алыстап, өз-өзүнчө эс алган пайдалуу. Бирок, кандай болгон күндө да узакка созулган өргүүгө чогуу баруу кажет. Болбосо, көртириликтен улам жаралган тескери эмоция жубайыңызды элестетип, үйдөн кача баштайсыз.

Жаңычылдык
Жубайлар үйлөнгөндөн кийин бири нече айга чейин ысык болушат. Анан акырындап кызыгуу таркайт. Бул учурда алар бири-биринин кулк-мүнөзүн толук өздөштүрүп бүтүп, көндүм нерсе катары кабылдап калат. Дал ушул көндүм, кайталанма жашоо адамды чарчатып, жаңы сезим издөөгө түртөт. Өкүнүчтүү жери, муну менен күрөшүү мүмкүн эмес. Албуут сезим, күчтүү таасир адамга мемиреген тынчтык сыяктуу эле керектүү нерсе.

Эмне кылуу керек?
Маал-маалы менен күчтүү эмоция чакырган кыймыл-аракеттерди жасап туруу керек. Мисалы, бирге тоого чыгып, же машинаны катуу ылдамдыкта айдап, сууга сүзүп, ат чаап, жарышып же чанага отуруп алып, ызгыта муз тээп... Таза болбой баратса чыны-табакты сындырып, урушуп алган оң. Бирок, аны убагында токтотуп, бүтпөс чырга айланышына жол бербеңиздер.

Кечирим
Бирге өмүр сүрүү -бул түбөлүктүү майрам эмес. Жубайлар күтүлбөгөн кырдаалдарга дайыма даяр болушу керек. Дээрлик бардык үйбүлөдө чайпалуу болуп турат. Кээде жубайлардагы бул чайпалуу бири-бирине дал келбейт. Бирөөнүн маанайы шат болсо, экинчисиники пас болуп дегендей. Кызык жери дал ушундай дал келбөөчүлүк турмуш чөйчөгүн соолутпай сактайт экен.

Демек...
Үйбүлөлүк кризистен коркуп кереги жок. Ар бир кризис бул алдыга карай эски мамилелерден алыс секирик жасоо. Көпчүлүк жубайлар кризистин жардамы менен кыйынчылыкты жеңүүгө үйрөтөт. Алар ушундан кийин бири-бирине ынак тартып, артыкчылыктарын көрө баштайт. Эгер ортодогу жарака тереңдеп баратса психологго кайрылыңыз. Жакын туугандар, курбу-курдаш, дос-тамыр көңүл жубатып, колдоо көргөзгөнү менен жан дүйнөңүздө эмнени каалап атканыңызды жакшы билбейт.
Жубайлардын сүйүүсү муздаганда
o Төшөктө бири-бирине болгон каалоо азаят;
o Баштагыдай бири-бирине жагуу үчүн аракет кылышпайт;
o Балдарды тарбиялоого байланышкан сөздүн баары чыр-чатак менен аяктайт;
o Пикир бир жерден чыкпайт (туугандар жана достор менен болгон мамиле, келечекке койгон план, үйбүлөлүк кирешени бөлүштүрүү ж.б.у.с. маселге келгенде);
o Эрди-катын бири-биринин ички сезимин жакшы түшүнбөйт же түшүнүүгө аракет да кылбайт;
o Ар бир кыймыл-аракет, кулк-мүнөз кыжырланууну, жек көрүүнү пайда кылат;
o Бири экинчисине аргасыз баш ийип, моюнунан байланган иттей жашоого мажбур болот;
o Кубанычын, кайгы-капасын, ички көйгөйүн тең орток бөлүшө алышпайт.





Үйбүлөнү сактайлы!
Дүйнөлүк рухий дөөлөттөрдөн

Инжилден
... Жана айтты: "Ошондуктан киши атасын жана энесин калтырат" жана өзүнүн аялына байланып, экөө бир дене болот.
Ошондуктан, алар эми экөө эмес, бирок, бир дене. Мына ошентип, Кудай эмнени бириктирген болсо, ошону адам ажыратпасын!
Баарынан мурун бири-бириңерди ынтаалуу сүйгүлө, себеби, сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коет.

Курандан
Ким салмактуу, сабырдуу болсо, ал турмушунан жыргал табат.
Ким желаяк, жеңил болсо-"жарга" кулайт.
Никеси колунда тургандар бирин-бири кечирише алат. Эгер кечиримдүү болсоңор-Кудайды сыйлаганыңар.

Тоораттан
... Жалган жалаага күбө болбос үчүн ушак сөздү укпа, арам ойлууга колуңду сунба.
Жараткан Теңир алдына мүлдө эркек жамааты жылына үч мертебе келүү керек.
Киши өлтүрбө, ууру кылба, ойнош күтпө...




Үйбүлөлүк кризисти кантип жеңүү керек?
Эрнест Абдыжапаров, режиссер:
- Чыдамкайлык менен. Ар бир үйбүлөнүн өзүнүн формасы болот. Ынтымактуу жубайлар эч убакта "биз сонун түгөйлөрбүз" деп жашоосун реклама кылбайт. Жубайым экөөбүздүн кол кармашканыбызга 26 жыл толду. Ушул убакыт ичинде казан-аяк көп эле жолу каңгыраган. Бирок, биз катуу кетпей, баарын өз убагында акыл-эс, сабырдуулук менен жеңчүбүз. Турмушта өйдө-ылдый сөзсүз болот. Жалаң сезимге таянып, өмүр сүрүү мүмкүн эмес.
- "Боз салкын" тасмасындагы бири-бирин кыртышы сүйбөгөн жубайлар аркылуу үйбүлөлүк кризисти бергенсизби?
- Жок. Тескерисинче, ыркырашып сүйүшкөн жубайлардын образын бергем. Мындай үйбүлөлөр арабызда көп да. Урушмайын тура алышпайт, бирок, жашоосу улана берет.

Лариса Асанбекова, акын:
- Кечиримдүүлүк, токтоолук, сабырдуулук менен. Эң негизи, жүрөктө чыныгы сүйүү болушу шарт. Сүйүүнүн күчү бардык кризисти жеңе алат.
- Сиздин турмушуңузда ушул нерсе болду беле?
- Болгон. Мени эң жаман кризистен сүйүү гана алып чыккан.
- А эгер күйөөң же аялың көңүлдү оорутуп, кордоп, буюм катары көрө баштасачы. "Сүйөм" деп чыдай бериш керекпи?
- Сүйүү эки адамда бирдей болгондо гана күчкө ээ. Бири-бирин кемсинткен, кордогон - ал сүйүү эмес!

Таалайгүл Жаныбекова