Сырмаек

Расул Маматкулов, ырчы:
"Студент кезде бай элем..."

Убагында "Мен бийге чакырсамбы?", "От болдум", "Жамила" ж.б. ырлары менен популярдуу болгон ырчы Расул Маматкуловду ким билбейт?.. Узун чачынан улам, "кыргыздын Жимиси" деген атка конуп, көптөн бери теледен, концерттен көрүнбөй калган Расул мырзаны маекке тарттык.

- Расул мырза, акыркы убакта эмне менен алексиз?
- Чыгармачылыктын үстүндө иштеп, өзүмө, кызым менен уулума жаңы ырларды жазып жатам. Байкалбаган менен ушунун баары эле эмгек экен. Андан сырткары, Жаныш Кулмамбетовдун идеясынан жаралган "Мен сага ишенем" аттуу көркөм тасмага продюсерлик кылып атам. Учурда улан-кыздарга кастинг жарыяланды. Башкы ролду Айгерим ойнойт. Азыр Айгеримдин боюна ылайыктап, башкы каарман мырзаны издеп атабыз.
- Айгеримдин аткаруучулук чеберчилигине кандай баа бересиз?
- Айгерим азыр Искусство институтунун кино жана актерлук чеберчилик факультетинде окуйт. Белгилүү актерлордон сабак алууда. "Көч бара-бара оңолот" дегендей, алгачкы кинолорунда кетирген кемчиликтерин оңдоп, кийинки тасмага жакшы даярдыктарды көрүп атат.
- Буга чейинки репертуарыңыз сүйүү темасына бай эле. Акыркы убакта кайсы темага басым коюудасыз?
- Илгери атактуу бир киши өлөрдө "дүйнөдө бардыгын көрдүм, көрсө, сүйүү менен музыка гана түбөлүктүү экен" дептир. Анын сыңарындай, чыгармачыл адам болгондон кийин сүйүүнү ырдап, ага ыр жазмайынча чыгармаларың көркүнө чыкпайт. Акыркы ырларым деле махабат темасын козгойт.
- Эмне үчүн чыгыш музыкасына жакынсыз?
- Менин ырларымдын көбү бийге ылайыкталган. Сөздөрүн жөнөкөйлөтүп, оңой жаттагыдай жазам. Бир топ жыл мурун тойго кызмат кылып калдым. Байкасам, антракт учурунда жалаң эле өзбек, казак, түрк ырлары жаңырып, кыргызча ырларга бийлеген эч ким жок. Ошондон кийин менде "эмне үчүн кыргыз ырларына бийлесе болбойт?" деген идея пайда болгон. Анан "От болдум" деген тамашалуу ырымды чыгардым. Кийин популярдуу болуп кетти. Жакшылык-тойлордо "От болдумду" койгула" деп сурангандар көп эле. Өз жерибизде жашап аткандан кийин өзүбүздүн ырларыбыз менен жакшылык ээлерин сүйүнткөнгө эмнеге болбосун?..
- Кызыңыз Айгеримдин ийгиликтерин көрүп жүрөбүз. Уулуңуз Русланды да ырчылыкка үндөп аткан турбайсызбы?
- "Алма сабагынан алыс түшпөйт" дегендей, Русланды башка кесипке окуткан күндө деле, баарыбир ырдайт экен. "Андан жок, же мындан жок, орто жерде калбасын" деген ойдо, КМАДТнын алдындагы театралдык окуу жайына бердик. Белгилүү актерлордон сабак алууда. Менимче, актерлук кесип, ырчы болууга эч кандай зыянын тийгизбейт. Ал эми Айгерим кыргыз шоу-бизнесинде өз талантын көрсөтүп, аракет кылып жүрөт. Учурда экөөнө тең колумдан келишимче, жардам берип атам. Чыгармачылык эргүү мага түн ичинде келет. Айгерим да уктабайт окшойт, кыңылдап ырдап атсам, "ата, бул чыгармаңызды мага бериңиз, мен ырдап чыгам" дейт, ошол жерден маселе чечилет. Демек, ал ыр Айгеримдики (күлүп). Негизи мен "муну мен ырдайм, муну Айгерим" деп заказ менен жазбайм. Көбүнчө сөзүнө карап тандап алабыз.
- "Ибрагим Жунусов устатым" деп каласыз...
- Ооба, менин ырчы болуп калышыма Ибрагим Жунусов себеп болгон. Эсимде, 9-классымда ийинге магнитофонду көтөрүп алып, устатымдын "Алтын апа", "Чынара", "Карындаш" деген ырларын ырдачумун. Азыркы күнгө чейин Ибрагим аке экөөбүз чыгармачылык тууралуу кенен сөз кылабыз. Кээде, мага жаккан ырларын "мен ырдайм" деп күчкө салып эле тартып алам (күлүп). Ал эми классика боюнча Токтонаалы Сейталиевден тарбия алгам.
- Жаз келери менен чыгармачыл адамдардын көбү концерт бере баштайт эмеспи?
- Кыргыз элиме кызмат кылып келатканыма 20 жылдан ашты. "Быйыл отчеттук концерт берейин" деп пландап атам. Жоро-жолдош, классташ, тааныштарым жолуккан жерден "эмне ырдабай калдың, концерт бербейсиңби?" деген окшош суроолорун берип жатышат. Кудай буюрса, өз жолу менен чыгармачылык кечемди тартуулайм.
- Кээде тамашалап, "сахнага батпай атам" деп каласыз?..
- Сахнага чыкканда эптеп эле ырыңды ырдап кетип калбастан, залда отурган элдин маанайына да көңүл буруш керек. Өзүмө байланыштуу тамашалардан айтып, элге жакын болгум келет. Керек болсо, сахнадан түшүп, эл аралап, сүйлөшүүнү каалайм. Ыраматылык Манас аке, "Расулдун чачын өзүм өстүргөм" деп тамашаласа, Рахман аке, "ушу сен мени менен чогуу сахнага чыгышың керек" деп көргөн жерден тийишип калат.
- "Чачыма тийишет" деп калдыңыз, чын эле чачыңызды кестирип, "имиджди өзгөртөйүн" деген ой болду беле?
- Чачыма асылып, тийишкен артисттер көп эле. Анан чачымды кестирип көрдүм. Тысырайып, таз жүргөнсүп, жарашпайт экен (күлүп). Өзүмдүн көлөкөмдү көрүп, күлкүм келчү. Анан кайра өстүрүп алдым. Негизи адам өзүн ыңгайсыз сезбеш үчүн өзү көнгөн, жактырган нерсесин жасаш керек экен.
- Сизди жакшы билгендер "Расул артист болбогондо, МАИ болмок" дешип калат?
- Атам 25 жыл айдоочу, апам тигүүчү, ашпозчу болуп эмгектенди. Ал кезде айдоочулардын корккону МАИ болгон да. Мен онду бүткөндө атам "МАИ кызматкери болосуң" деп Фрунзеге жөнөттү. Бала кезимде эле беттегенимди бербеген, өжөр элем, МАИнин окуусуна кызыккан жокмун. Ырчылык өнөр апамдан жукса керек. Апам ыр-бийге жакын болчу. Атам башында ырчылыкка аралашканымды түшүнгөн деле жок. Кичинемде "чоңойсом, белгилүү адам болом" деп кыялданчумун. Кыялымдын алгачкы баскычы өздүк көркөм чыгармачылык ансамблинде солист болуу менен башталды. Ошол жерде гитарада ойногон байке, "Расул сен ырчылык өнөрүңдү улантып кет, сенде талант бар экен" деп кеңеш берген.
- Студент кездеги кыйынчылыкты жон териңиз менен сездиңиз беле?
- Өз жанымды өзүм бакканга өспүрүм кезимден эле такшалгам. Төрт бир туугандын улуусу болгондуктан, эс алуу убагында талаада иштеп, окууга кийимдеримди өзүм даярдачумун. 5-классымда колхоздун алмасын жүктөшүп, үч рубль акча алгам. Ал кезде өтө чоң акча эле. Апама берсем, "балам, акча тапканга жарап калган тура" деп сүйүнгөн. Кийинки жылдары пионер лагерине барганда бирөөнүн чөбүн чаап, акча таптым. "Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" деп коет го. Студент кезимде болсо, группалаштардын эң байы мен элем. ЦУМдагы чоң сааттын алдындагы "Күмүшай" деген кафеде музыкант болуп иштеп, күнүнө 50 сом табат элем. Күндө майрам, күндө той болуп, студент кезде акчадан кыйналган жокмун.
- "Балам балалуу болгондо билерсиң" дейт го. Балдарыңызга кандай тарбия берип атасыз?
- Бир уул, үч кызыбыз бар. Улуусу Жанна жакында эле турмушка чыкты. Айгерим менен Руслан чыгармачылык менен алышып жүрөт. Кичүүсү Аяна бала бакчага барат. Улуу кызым төрөлгөндө өзүм деле бала экенмин да, баланын баркы сезилбептир. Токтолуп калганда көргөн балаңдын жыты бөлөкчө экен, Аянаны көргөндө ичим эзилип кетет. Бир күнү жеңең "кызыңды бала бакчадан ала кел" деп калды. Барсам мойнума асылып, "ата, мен бала бакчага барбайм" деп ыйласа, ага кошулуп өзүмдүн ыйлагым келип кетти. Баласаак болгондуктан, балдарды такыр уруша албайм. Болгону, мындай кыл деп жол көрсөтүп, кеңешимди айтып коем, айтканымды аный дебей аткарышат. Калганын апасы өзү тарбиялайт.
- Улуу кызыңыз турмушка чыгыптыр, эми кезек Айгеримде экен. Куда түшкөндөр болуп атабы?
- Чынын айтсам, достор, тааныштардын арасында апасына айтып, "куда түшөлү" дегендер да бар. Өткөндө Күмөндөр аке "Айгеримди келин кылып алам" деп тамашалайт. Эми жашоодо мындай чын-тамаша аралаш сөздөр боло берет. Бардыгы Кудайдын буйругу, Айгеримдин көз карашынан болот да. "Кызым, сен буга тиесиң, болду чечилди" деп айта албайм.
- "Мырза ашпозчулар тамакты жакшы жасайт" дешет...
- Туура, эркектер тамакты жакшы жасайт. Балдарым менин тамагымды сагынганда "ата, бүгүн сиз жасаңызчы?" деп суранышат. Билекти түрүп, бешбармакты баштап калам. Ал күнү биздин үйдө өзгөчө майрам болот. Айгерим "ата сиз, атайлап эле тамакты аз жасап коесуз, бат эле түгөнүп калат" деп таарынат. "Аз эмес, даамдуу болуп атпайбы, апаңар жасаган тамакты үч күн жылытып ичебиз" деп тамашалайм (күлүп).
- Мас болгондо бирөөлөр ырдап, бирөөлөр ыйлап калат экен...
- А мен уктап калам (күлүп). Биздин шаарда орустар аябай көп эле. Бир күнү орус досумдун туулган күнү болуп, чакчасына чогулткан 95 тыйынына үч бөтөлкө жинди суу алып, ар бирибиз бирден түгөттүк. Анан мас болгонду көрүп ал... Аябай уят болгон элек. Азыр анда-санда гана ууртап коем. Менин мас болушумду үйбүлөм каалабайт, демек, мага жарашпайт экен деп билем. Кээ бирөө арак ичип алса, иши жүрүшүп, өңүнө чыгып, сулуусымак болуп калат. Кээсинин иши артка жылып, өңүнөн кетип, шалдырай түшөт. Арак деле организмге жараша, жаккан кишиге жагат окшойт. Мен арак жакпагандардын катарына кирем.

Айнура Касымова