Жашоону пландоо - ийгиликке жол чабуу

Убакытты, каражатты туура жагына бөлүштүрүү менен биз жашообуздагы ар нерсени пландап алабыз. Мунун терс жактары болбосо керек. Айрымдар бул нерсе менен кабарсыз жүрүп, өмүрүнүн бир нече жылын текке кетиришет экен.

Жашоону пландоо туурабы?
Албетте, туура. Өзүңүздүн жашооңузду кандайдыр бир имарат деп элестетиңиз. Ал кооз, жакшы шарттары менен, жашоого ыңгайлуу болуш үчүн кайсы жерге, кандай пайдубал, кайсы каражат менен куруларын ойлонушуңуз керек да. Эч пландалбаган үйдү элестетип көрүңүз. Пландалбаган жашоо дал ошондой.

Кантип пландайбыз?
Алгач сиз жакынкы жылдары жашооңузду кайсы нукка өзгөртүп, кайсы бийиктиктерди багындыргыңыз келгенин аныктап алыңыз. Анан ошол тарапка кадам таштайсыз. Мисалы, кызмат боюнча карай турган болсок, борбордогу ишканалардын биринде директордун орун басары болгуңуз келет деп коелу. Ошол жаат боюнча жогорку билим алуудан баштайсыз. Эне тилден башка эки-үч тилди үйрөнүп алганыңыз жакшы. Андан соң каалаган ишканаңызга жөнөкөй, катардагы кызматкер катары болсо да ишке орношууга аракет кылыңыз. Кызматка так, көздөгөн максатына жете билген адис экениңизди көрсөтө алсаңыз, 30-35 жашта каалаган креслоңузга отура аласыз.

Каалоого каршы
Адамдын бүткүл жашоосундагы аруу тилегин ишке ашырууга күнүмдүк каалоолор тоскоол болот. Мисалы, чоң үй салып, же бизнес баштоону каалайсыз дейли. Ал эми азыр чөнтөгүңүздө бир машиненин баасындай акчаңыз бар. Сиз темир тулпарлуу болгуңуз келип жатат. Канткен күндө да, чөнтөктөгү акчаны майда-чүйдөгө коротпой, топтоп, суммасын көбөйтүшүңүз зарыл. Анткени, чоң максатка жетем десеңиз, күнүмдүк каалоодон баш тартышыңыз керек!

Күн тартиби
Убакытты текке кетирбөө үчүн күнүңүздү үчкө бөлүп алсаңыз болот. Күндүн башы, ортосу, аягы деп.
Күн башталышы: алгач ички сезимдер менен макулдашып алыңыз. Дегеним, эртең менен жакшы маанайда болууга аракеттениңиз. Анткени, таң эртеден башталган жакшы маанай сизге күн бою оң энергия берип турат. Көзүңүздү ачарыңыз менен өзүңүзгө "мен бул күнү өзүмө пайдалуу эмне иш кылам?" деген суроо бериңиз. Андан соң бүгүнкү жолугушууларды, иштерди тактоо үчүн тиешелүү адамдар менен телефон аркылуу такташып алыңыз.
Күндүн ортосу: бул учурга ар кандай жолугушууларды белгилегениңиз ыңгайлуу. Анткени, дал ушул маалга түшкү тамак туш келет. Кимдир бирөө менен келишим түзүп, же сизге кирешелүү иш болуп жатса, керектүү адамыңызды түштөнүүгө чакырыңыз. Ишенип коюңуз, кабинетте сүйлөшүлгөн сөзгө караганда, тамак үстүндөгү сөз алдаканча жемиштүү болот. Муну психологдор далилдешкен.
Күндүн аягы: бул мезгилди жан дүйнө жыргалына арнашыңыз керек. Кечки убак жакын адам, балдар, туугандар, жоро-жолдошторго арналганы жакшы. Мында кеп 18.00дөн баштап 22.00гө чейин болуп жатат. Ал эми андан кийинки түн жарымга чейинки убакытты керектүү адабият окууга, компьютерде иштөөгө, кагаз иштерин бүтүрүүгө жумшасаңыз болот. Медиктер түнкү кагаз иштерине каршылыгын билдирип келишет, көздүн көрүүсү начарлайт деген ойлорун билдирип. Бирок, психологдор көзгө зыяны аз жарыкты пайдаланып, түндө иштөө пайдалуу деген жыйынтыкка келишкен. Анткени, дал ушул мезгилде адамдын ою бир жерге топтолуп, анализдөөсү мыкты болуп калат экен. Бекеринен дүйнөдөгү эң сонун чыгармаларды, сүрөттөрдү жана башка эмгектерди жараткан инсандар түнү менен иштебесе керек.
Баланы пландаштыруу
Артында тукум калтыруу, албетте, ар бир адамдын бул дүйнөдөгү негизги милдеттеринин бири. Буга өтө олуттуу көз карашта болуу зарыл. Кыргызда, "Кудайдын буюрганы" деген кеп бар, аны тана албайбыз. Бирок, бүгүнкү замандын талабына ылайык үйбүлөдө канча наристе болорун ата-эне ойлонуп, ошого жараша кадамдарга барганы жакшы. Анткени, өлкөбүздүн азыркы экономикалык абалын жана ушул сыяктуу башка орчундуу маселелерди эске алганда 9-10 баланы жарык дүйнөгө алып келип, тарбиялап, татыктуу билим берип, бутуна тургузуу оңой эмес. Эгер жаш жубайлар балалуу болууну чечсе, биринчиден, эненин ден соолугуна кам көрүшү керек. Медициналык кароолордон сырткары аял чылым, ичкилик, стресс сыяктуу нерселерден оолак болуусу шарт. Ал эми үйбүлө кожоюну өзү мындан кийин бала багып үйдө отурган жубайын жана келечектеги баласын багыш үчүн айлык-маянасы жетиштүү жумуш менен жок эле дегенде акыркы үч жылга камсыз болушу керек.

Жазуунун жардамы
Пландарыңыз ишке ашуусу үчүн аны кагаз бетине жазып алып, маал-маалы менен окуп турганыңыз дурус. Мисалы, дептер алып бир жылдык планыңызды түшүрүңүз. Төмөндө чоң-чоң ийгиликтерге жетишкен адамдардын план-дептери кандай тартипте жазылгандыгын сунуштайбыз. Өзүңүзгө сабак алыңыз.
1. Биринчи бетине "Менин эң ийгиликтүү жылым" деп жазып коюңуз. Бул сизге психологиялык жактан жакшы таасир этип, демиңизге дем кошот.
2. Пландаган нерселер дайыма эле жүзөгө аша бербесин билесиз. Ошол себептүү, планыңыздын башка дагы варианты жазылышы керек.
3. Жазылгандардын арасынан эң маанилүүлөрүнө атайын белги коюп же алдын сызып коюңуз. Бул сизге негизги максатыңызды унутпоого, ар дайым ага умтулууга жардам берет.
4. Белгиленген убакытта өтөсүнө жетпей калган иштерди белгилеп алып, эстей жүрүңүз. Балким аны алдыдагы айларда аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калаар.
5. Ар бир ишке ашкан оюңузду болушунча ачык түстөгү сыялуу калем менен белгилеп алыңыз. Кызыл-тазыл боек канчалык көп болсо, маанайыңыз ошончолук жайдары болот. Анткени, сиз тараптан аткарылган иштин көптүгүн көргөндө, андан дем-күч алып, алдыга умтулуу күчөйт.





Жашооңузду пландайсызбы?
Жакынкы жылдарга кандай пландарыңыз бар?
Кыял ШАРШЕЕВА, теле алпаруучу:
"Пландарымдын көбү орундалды"
-Мен жашоомдо үйбүлөнү болобу, кызматты болобу, айтор, ар нерсени пландап жүргөндү жакшы көрөм. Бирок кыргызда "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" деген макал бар эмеспи. Ишке ашырууну каалаган нерсеңдин баары эле орундала бербейт. Ага карабай мен көп жылдан бери койгон максаттарымды багынтып келатам. Мисалы, окуумду бүткөндө эле журналистикага катуу басым коюп, карьералык жолдо өсүүнү, көтөрүлүүнү каалагам. Ошону менен катар үйбүлөлүү болуп, эне болсом деген тилегим бар эле. Азыр ошол нерсенин баарын ишке ашырдым. Жарым жыл мурда Айтаажы аттуу кыздуу болдум. Менин оюмча жөн гана пландабай, бир нерсени алдыга максат кылып коюу керек. Анан ошого карай жакындап, ага жетүүнүн ар кандай жолдорун издешиң керек. Кудайдан да сурануу зарыл. Ал эми жакынкы жылдарда кыргыз адабияты боюнча кандидаттык диссертациямды жактап алсам деген планым бар.

Нурбек ДАЙЫРБЕК уулу, ырчы:
"Тагдырга ишенем"
-Жашоону пландап жашоого мен анча деле түз көз карашта эмесмин. Айрыкча бир нече жыл алдыга кароого. Анткени, менин 2-3 жылдан бери үйлөнөйүн деген пландарым ишке ашпай келет. Мындан улам "алдыга пландабаш керек" деген туура окшойт деген ой кетет. Бирок, адамдын үмүтү үзүлбөйт турбайбы. Күздө болбой эле үйлөнүүнү каалап атам (күлүп). Чыгармачылыкта да бир топ максаттарым бар. Быйыл жакшы ыр жаздырып, клиптерди тарттырып алып, гастролго чыксамбы (?) деген оюм бар.

Азиз МУРАДИЛАЕВ, актер:
"Балдарыма үй сатып беришим керек"
-Келечекке, албетте, план коюп жашаш керек. Ансыз болбойт да. Мен алдыга пландарды, максаттарды коюп, ар бир ишти өз маалында кылууга аракет кылам. Азыр да алдыга койгон максаттарым бар. Алар: эки баламды окутуу, үй сатып берүү, бутуна тургузуу.

Торгой БЕКМУРАТОВА