Тата Улан, ырчы:
"Интернеттен дос күтпөйм"
-Интернет же телефон аркылуу дос күтүү мүмкүнбү?
-Жок. Мен бул идеяны колдобойм. Азыр жаштардын баары интернет менен телефондун таасиринде жүрүшөт. Жүзүн көрбөгөн адам менен чыныгы дос боло албайт болушубуз керек. Мисалы, менин интернет аркылуу гана байланышкан досум жок. Көзүбүз барда көргөнгө не жетсин? Аябай эле дос күткүң келсе, эшикке чыгып, таанышып, жүз көрүшүп, дос болгондон өтөрү жок.

Токтобек АСАНАЛИЕВ, ырчы:
"Конокко кээде жалгыз барам"
-Конокко барган жагабы же конок тосконбу? Жубайыңызды тойго дайыма ала барасызбы?
-Конок тоскон да, конокко барган да аябай жагат. Экөөнүн тең сонун жактары бар. Мисалы, үйүңө жакындар, достор келерде, аларды күтүп, даярдануу эле өзүнчө ыракат. Ал эми "тойлорго дайыма эле жеңеңер менен барам" деп айта албайм. Анткени, үйбүлө менен чакырган жерлер болот, жалгыз өзүңдү коноктогондор да болот дегендей.

Жолдошбек ЖАНЖИГИТОВ, актер:
"Ишенич болбосо, үйбүлө куту учат"
-Жубайлар көп убакыт бою эки башка жерде жашаса, үйбүлө куту кетпейби?
-Азыр жан багыш үчүн көп эле жубайлар айлап-жылдап эки башка мамлекетте жашап жүрүшпөйбү. Мисалы, далай үйбүлөнүн атасы Казакстанга, Россияга иштегени кетип атат. Бактыга жараша менин үйбүлөмдө келинчегим экөөбүз эки башка жашаган учур боло элек. Менин буга көз карашым да тескери. Анткени, бири-биринин эмне кылып жүргөнүн көз менен көрбөгөндөн кийин ортодогу ишенич жоголот. Ишенич болбосо үйбүлөнүн куту качат.

Алмаз КАСЫМАЛИЕВ, журналист:
"Аялым ала жипти аттаса..."
-Жубайыңыздын кайсы катасын кечиресиз, кайсынысын кечире албайсыз?
-Ала жипти аттаса, албетте, кечирбейм. Бул мен үчүн өлүмгө тете. Экинчиден, кыргызда "Жарыңды сүйсөң, биртуугандарын кошо сүй" деген сөз бар эмеспи. Мен да ошол кепке кошулам. Эгер Зарина биртуугандарыма туура эмес мамиле кылса, мага жакмак эмес. Кудайга шүгүр, мен айткан эки көрүнүш тең жашообузда боло элек жана болбосо экен деп тилек кылам. Ал эми үйбүлөгө тиешелүү калган бардык каталарын кечире берем. "Кечирбейм" деп майда-баратын чукуй берсең, жашоо болбой калбайбы.

Айя САДЫРОВА, ырчы:
"Сөөгүм Кыргызстанга коюлсун"
-Үч айлык гана жашооңуз калса, калган убакытты эмнеге арнайт элеңиз?
-Эгер менин үч айлык гана жашоом калганын билсем, өзүмө мекенимден сөөгүмдү кое турган жер даярдатып коймокмун. Бирок, бул туурасында жакындарыма билдирбегенге аракет кылмакмын. Жөн гана тамаша-чынга аралаштырып, "мен каза болгондо сөзсүз ушул жерге сөөгүмдү койгула" деп айтып коймокмун. Анан көптөн бери эңсеп жүргөн максатымды ишке ашырып, дүйнөгө саякаттап келмекмин. Ушул убакка чейин тапкан каражатымдын бир бөлүгүн алып, эки ай бою жакындарым, балам Искендер менен чет өлкөлөрдү кыдырат элем. Мен чынында ар дайым ойлоно жүрөм, "Кудай берген өмүрүм бүткөндө кайсы жерде жүрсөм да, сөөгүм Кыргызстанга коюлушу керек" деп.

Элмира КАЙЫП кызы, ырчы:
"Мени кайненем өз кызындай көрөт"
-Келин менен кайнененин мамилесинде кимиси жумшак болушу керек?
-Келин кичүүлүк кылып, кайненин сөзүнө, сынына көтөрүмдүү болушу зарыл. Келини жандили менен жакшы мамиле кылса, каражаак кайнене деле жибийт. Эч качан амбицияга алдырбаш керек. Мисалы, өзбектердин "Супер келинчек" деген тасмасы бар эмеспи. Келин деген ошол кинодогудай болсо гана? Чыдап, акыл калчап иш кылса, бир нече жылдын ичинде келин кайненесинен кыйын катын болот. Өзүмө токтолсом, эч качан кайненеме баш көтөрүп, катуу сүйлөгөн эмесмин. Ал мени өз кызындай көрөт.

Байыш МОМУНОВ, ырчы:
"Акылман эмесмин..."
-Акылдуулук менен акылмандыктын айырмасы эмнеде?
-Менин оюмча, бул эки түшүнүктүн айырмасы жок. Экөө синоним эле сөздөр да. Мисалы, бир нерсени акылдуулук менен чечүү керек деп коелу. Ал эми акылды ким айтат? Акылман айтат да. Мен өзүмдү мактап, акылман адаммын деп айта албайм, бирок, жашоодогу маанилүү нерселердин баарын көпкө ойлонуп, акыл менен чечем.

Рысбек ЖАБИРОВ, режиссер:
"Саясатка аралашмакмын"
-Азыр он жыл мурунку Рысбекке кат жазсаңыз, текст кандай болмок?
-"Рысбек, келесоо болбо, убакытты текке кетирбе. Ал учкан куштай, ушунчалык тез өтөрүн азыр сезбей атасың. Концерт уюштуруп жүрө бербей, кинону көбүрөөк тартканга аракет кыл. Балаң менен кызың тез эле чоңоет экен, ошолордун камын көр. Өкмөткө ишенбе. Он жылдан кийин турмушуң мындан да оор болушу мүмкүн. Саясатка азыртан баштап аралаша бер. Бирөөлөрдүн "саясат сасык нерсе" дегенине ишенбе! Иште, иште жана иште!" деп жазмакмын.

Элдар АТТОКУРОВ, акын:
"Чыгармачыл адамдан качышат..."

-Гений адамдар бактысыз жашашат деген туурабы?
-Генийлердин дүйнө таанымы өзгөчө, ошонун аркасынан көбү үйбүлө күтө албайт. Анткени, элден башкача көз караштагы адам менен тагдырын байланыштыргысы келбегендер көп. Экинчиден, генийлер коомдон оолактап калышат. Анткени, көзгө сайган чындыкты айтуудан кайтпайт. Мунусу материалдык абалына да чоң таасир этет. Кыргызда деле мындай адамдар көп. Мисалы, Рамис Рыскулов мене Кубатбек Жусубалиев. Бул адамдардын өзгөчө, көнүмүш эмес жүрүм-туруму кээ бирөөлөргө сүймөнчүк болсо, кээ бирөөлөргө жат. Кубатбек Жусубалиев өзүн дүйнөлүк инсан катары эсептейт. Дагы бир кыргыз генийи - Чыңгыз Айтматов. Бирок, ал өз доорун жакшы жашап өттү.

Торгой БЕКМУРАТОВА