Мирлан Кудайбергенов:
"Казактар мага
100 миң сунуштап..."

Мирлан Кудайбергенов тогуз коргоол оюну боюнча өлкөбүздүн бир нече жолку чемпиону. Эл аралык мелдештерге үзбөй катышып, байгелүү орундарды жеңип келет. Жакында эле шаардын биринчилигинде атаандаштардан ат чабым астыга келип, чемпион аталды. Эми Азия чемпионатына даярдык көрүп аткан чагы экен.

- Шаардын биринчилигинде күчтүү атаандаштар бар бекен?
- Негизинен акыркы жылдары тогуз коргоолду өздөштүрүп, ышкыбоздордун саны көбөйүп атканы мени абдан кубандырат. Биринчиликтеги салгылашууда да ушундай жагдайды байкадым. Күчтүүлөрдүн ичинен эң кызыгы, жеке устатым Камчы Касымов менен шакиртим Анарбек Жамакеев экөөсүнө туш келдим. Бул оюнчулар менин ойноо ыкмаларымды жакшы билгендиктен мага өтө эле кыйын болду.
- Тогуз коргоолду бат эле үйрөнсө болобу?
- Болот. Анүчүн атайын убакыт бөлүп, көңүл коюш керек.
- Өзүң канча жашыңда үйрөнгөнсүң?
- 7-класста окуп жүргөн кезим болчу. Менден улуу эжем Бишкектин №5 гимназиясында окуп, окуудан тышкары тогуз коргоол ийримине катышып жүргөнүн угуп калдым. Оюнду бат эле өздөштүрдү. Айылга келип калган учурда, отургузуп алып мага да үйрөттү. Башында жаккан эмес. Мен үчүн түшүнүксүз болуп аткансыган. Бара-бара кызыгып, баш-отум менен тогуз коргоолго кирип кеттим.
- Ошо кезде айылда сенден башка да бул оюнга кызыккандар бар бекен?
- Бар экен. Жарым жылдан кийин айылдык мелдеш болуп, ал жерден иргелип, облусттун мыктыларына чыктым. Эки жыл ичинде облустун тың чыкма чеберлерин утуп, Чүй дубанын багындырдым да, кийинки жылы Республикалык мелдешке келип, байгелүү орундарга илиндим. "Спорттун чебери" деген наамды ыйгарышты.
- Азыркы тогуз коргоолчулар "эки тиштин" жана "көк моюндун" оюнун жакшы өздөштүрүп аткандай. Сен кайсынысын өздөштүрүп жүрөсүң?
- Мен башында эле "эки тиштин" оюнун жактырып калгам. Бүгүнкү күнгө чейин өздөштүрүп келем. Маңдайымда отурган атаандашым "эки тиштен" баштаганда "жалган" деген партиясы бар. Ошону менен ойкуп-кайкып, көпчүлүк учурда утуп алам. Эгер мен баштасам да "эки тиштин" оюну оңтойлуу. Бул жерде "туз" берип, атаандаштын чабуулун мокотуп, такта үстүндөгү таштарды жасап жеген ыкмага салганда, айласыз уттурат.
- Үйдөгү даярдыктар мелдеш учурунда жардам береби?
- Оюн башында жардам берет. Орто ченинде тобокелге салып ойнош керек. Антпесең болбойт.
- Эмнеге?
- Көп учурда казактар менен ойнойм. Алар оюндун башынан аягына чейин жаттап бүтүшкөн. Үйдөн даярданып дегеним. Андыктан, жаттап калганын байкаган болсоң, оюнду "сындырыш" керек, жолдон адаштырып. Анын ыгын таап кетсең, казактарың деле адашат. Ошондуктан тогуз коргоол мелдешинде тобокелге көп барам. Көп эле жолу уттум. Казактардын тогуз коргоол ойногондору мени жакшы таанышат. Такта үстүндө таймаш катуу башталган учурда, атаандашым "60 миң тенге берем сага, утулуп берчи" деген сунуштарын айтып ийген учурлар болгон.
- Эң чоң суммаңар канчага жеткен?
- Андайлар көп эле болот. Бери дегенде 100 миң тенге сунуштаганы эсимде. Оюнду акырына чейин ойногом.
- Ошол партияны уттуң беле?
- Финалдык таймаш болчу. Башында жакшы баштадым. Ута турган жагдайды карманып, ар бир жүрүштү кылдат эсептеп аттым. Убактым жетпей саатымдын жебеси кулачудай болуп, бир-эки ката жүрүш жасап жибердим. Натыйжасында эки ташка уттуруп ийдим.
- "Каап, казактын акчасын алсам болмок экен" деп калган жоксуңбу?
- Антип ичим оорубайт. Мен эч качан партиямды казактарга саткан эмесмин. Сатпаймын дагы. Оюнду саткандан көрө утуп же утулуп тыныш керек. Алардын акчаларын алгандан байып, маарып кетпейм да.
- Ошондогу уттуруп ийген казак атаандашың менен такта үстүндө жолуктуңбу? Таймаштык өчүңдү алдыңбы?
- Андан бери жолукпай жүрөт. Жакында Азия биринчилиги өтөт. Ошо жерден жолугуп калсам, бир тактада кездешсек деп тиленип турам.
- Даярдык кандай?
- Мыкты. Кимиси туш келбесин, көрсөтөм аларга!
- Машыктыруучулук жагын кантип атасың?
- Айылыма бат-бат барып турам. Ар бир барган сайын мектептеги балдардын тогуз коргоол оюну боюнча ийримине баш багып, жаңы партиялар менен тааныштырып турам.




Дзюдо
Дүйнө кубогунда олжосуз
Венгриянын Будапешт шаарында дүйнө кубогу аяктады. Эки күнкү мелдешке Кыргызстандан үч балбан аттанган: Ислам Баянов (66 кг.), Азат Кубакаев (73 кг.) жана Юрий Краковецкий (100 кг.). Биздин 3 балбандын тең жолу болбоду. Ислам алгач эки атаандашты утуп, үчүнчүсүнөн утулуп калган. Азат болсо, биринчи эле беттешүүдө француз балбанына алдырып ийген. Оор салмак чениндеги Юрий да атаандашына туруштук берген эмес. Ошентип, дүйнө кубогуна барган биздин балбандар олжосуз кайтышты.

Футзал
Кыргызстан бешинчи...
Испания өлкөсүндө Улуттун кубогу аттуу эл аралык мелдеш өттү. Жалпы жонунан он мамлекеттин курамынан турган топ тепкичтер катышып, биздин оюнчулар татыктуу 5-орунду камсыз кылышты. Ал жерге Италия, Швеция, Испания, Орусия жана Европанын чаңын сапырып жүргөн бир топ командалар барганын эске алсак, биздикилер турнирдин капортосун ээлегени дурус эле болгонсуйт. Кубокту орустар жеңген.

Бильярд
Алматыга кимдер аттанат?
Февраль айынын 20сынан 25ине чейин Алматы шаарында бильярд боюнча дүйнөлүк биринчилик өткөнү турат. Кыргызстандын намысын коргогону мыкты шар аткычтардан ону иргелип алынды. Алар: Каныбек Сагынбаев, Антон Нетесов, Кубанычбек Сагындыков, Комолиддин Есиддинов, Канат Сыдыков, Сапар Алыкулов, Зайлан Адамов, Изатбек Раатбеков, Азиз Мадаминов, Качкынбай Нурумбетов.

Грек-рим
Москваны багындырган Өскөнбай
Борис Гуревичтин жаркын элесине арналган кадеттер арасында эл аралык турнир Москва шаарында болуп, ага 360тан ашуун чет мамлекеттен келген жаш балбандар күч сынашкан. Бизден барган Өскөнбай Абдупатаев финалдык таймашка чыгып, натыйжасында күмүш медалга арзыган.

Баскетбол
"Көк-Жал" студенттерди утуп
"Бүтүн Кыргызстан" лигасынын кезектеги оюндары өттү. Алгач ишемби күнү үч оюн ойнолду. "Мобильные сети" командасы студенттер курамын 103:69, "Гиннес-29" "Бүркүттү" 99:78, "Бишкек-Динамо" болсо "Ак-Барсты" 75:63 эсептеринде утту. Ал эми жекшемби күнү "Мобильные сети" командасы "Гиннес-29" курамын 120:51 эсепте, "Көк-Жал" студенттерди 102:43, "Ак-Барс" болсо "Бүркүттү" 89:58 эсебинде утуп алды.

Тогуз коргоол
Жусуп Баласагындын жертөлөсүндө
Шаардын биринчилиги Улуттук университеттин жертөлөсүндө жүздөн ашуун "кумалакчылардын" ортосунда аяктады. Мелдеш 4 тайпада өттү. Бир жума созулган мелдеште төмөндөгү чемпиондор аныкталды: секелек кыздар арасында Перизат Рысбек кызы, кыз-келиндер арасында Аида Керимбекова, уландар арасында Эмир Курманалы уулу жана чоңдор арасында Мирлан Кудайбергенов.