Кримчөйрөнүн сыры ачылды

"Московский Комсомолец Азия" гезитинин редактору Улугбек Бабакуловго Рустем С. деп аталган кримавторитет маек берип, криминалдык топтор менен жогорку кызматтагылардын түздөн-түз тиешеси бардыгын, бул чөйрөнүн лөктөрүнүн сырын ачып, бийликтин криминал менен күрөшүү боюнча пиар кампаниясы ишке ашпасын айтып берген. Биз ошол маектен кызыктуу деп эсептелгендерин кыскартып, которуп бердик. (Бул маекти бергенден кийин Рустем С. дүйнөдөн кайткан, бирок, автор өлүмдүн маек менен тиешеси жоктугун белгилеп кеткен).

- Адегенде Дүйшөбаев атын атагандар ким экенин аныктап алсак. Алманбет Анапияев - бул Камчы Көлбаевдин оң колу, анын көрсөтмөлөрүн аткарып турат. Ал Эмиратка качып кеткен, жакында келбейт деле болуш керек. Ал жок болсо Камчы колу жок адамдай эле болуп калат. Айтмакчы, Камчы Көлбаев өзү Бишкекте эле болуш керек. Качуунун мааниси да жок. Анткени, ага тагылган айыптардын баары 2007-жылы алынып салынган. (Кандай алынып салынганы маектин аягында белгилүү болот). Бокуш (Алмазбек Бокушевдин криминалдык чөйрөдөгү аты) менен "Водолазга" (Максат Абакиров) айып тага алышпайт. Анткени, расмий түрдө алар мыйзам алдында таза. Азиз Батукаев болсо Нарындагы түрмөдө жатат. Көлбаев менен "Водолаз" душмандар. Себеби, Максат Абакиров Камчы душмандашкан Рысбек Акматбаевдин командасындагы бала болчу. Максат Абакиров Ысык-Көлдү кармайт, бирок, Түштүктөгү криминалдык топторго таасир эте албайт. А Камчы болсо Анапияевдин жардамы менен дал ошол Түштүктө таасири күч.
- " ЖК спикери Акматбек Келдибеков менен Камчы Көлбаев "Каприз" эс алуу борборунда жолукту " деген маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- 100 пайыз туура. Бул "сходка" кала берсе сүрөткө, видеого тартылган. Муну айрымдар спикерди кылтакта кармап туруу үчүн атайын тартып алышкан... Ошол күндөрү кичи мекенине ооруп аткан апасын көргөнү келип, жолдон парламент жетекчисине "учураша кетейин" деп кириптир. Жолугууга Ысык-Көл облустук укук коргоо органдары шарт түзүп беришкен. Бул алардын биринчи жолугушуусу эмес. Буга чейин дагы Камчы Көлбаев Келдибековдун өзү менен да, анын кесиптештери менен да бир нече жолу жолугуп турган.
- Эмне тууралуу сүйлөшчү? Кримавторитет депутаттардан акча сурайбы?
- Жок, "черныйлар" акча сурабайт да. Бул эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык. Мисалы, ошол жолугушуулардын биринде таасирдүү чиновниктердин биринен анын адамын бир спирт заводдун жетекчиси кылууга жардам берүүнү суранган. Албетте, анан алар бул суранычты аткарышкан...
- УКМК жетекчиси кылмыштуу топтордун лидерлеринин баарынын аттарын атады. Бул аларга расмий түрдө чабуул башталды дегенби?
- Жо-ок, эң кызыгы ушул жерде. Мыйзам боюнча соттун чечими чыккандан кийин гана адам кылмышкер болуп эсептелет. Биздин күч органдарда ошондой чечим барбы? Ошол эле Алмаз Бокушевди өткөн жылдын июль айында Кара-Балтадан кармашты. Андан кийин аталган шаардын тургундары нааразычылык акциясын өткөрүшсө, милиция кызматкерлери кечирим сурап, кое беришти. Мына жакында эле Бишкектин "смотрящийи" Алтынбек Ибраимовду (Алтуха) "бирөөнүн чоң суммадагы акчасын тартып алган" деп кармашты. Мына көрөсүңөр, жакында "эки тарап элдешип алды" деп аны да кое берип жиберишет. Мына биздин мыйзамдын "тешик" жери ушул, тараптардын элдешип алганына байланыштуу дайыма ишти жаап койсо болот. Бул Алтуханы биринчи жолу кармап атышкан жок да... Мен мисал үчүн ошол Көлбаев, Бокушевдердин ордунда болсом, Дүйшөбаевдин билдирүүсү боюнча "кадыр-баркыма шек келтирип атат" деп сотко арыз менен кайрылмакмын. Анан дагы эгер мени кармап, наркотик же курал таба турган болсо, шефинин буйругун аткаруу үчүн күч орган кызматкерлеринин атайын жасаган иши деп билүүгө чакырмакмын. Дүйшөбаев "Күч органдарына криминалдык авторитеттердин аты белгилүү" деп, алардын атын атабай туруп, акылдуураак иш кылса болмок.
- Криминалдык чөйрөдө "законник" Камчы Көлбаевдин салмагы кандай?
- Анын "вор в законе" титулу боюнча талаштар бар. Аны "короновать" эткени боюнча үч жолу, ар кайсы убакта маалымат чыкканын билсеңер керек. Мен Камчынын өсүшүнө УКМКнын жетекчиси Мурат Суталинов менен анын орун басары Марат Бакиев жакшы жардам беришкен деп ойлойм. Аларга эмне керек болгон? Ошол кезде күч алып бараткан, аларга "неудобный" болгон Рысбек Акматбаевди жок кылыш керек болчу. Көлбаев "тазалагычтын" ролуна туура келмек, анткени, ал ошол кезде Акматбаев менен душмандашып жүргөн болчу.
- "Мокрушник" "вор в законе" боло алабы?
- Биздин учурда "таза түшүнүктөр" калган жок, бул биринчиден. Экинчиден, Рысбекти дал ошол Камчы өлтүргөнү далилденген эмес. Бирок, Акматбаев тирүү болсо, Камчыны баш көтөртмөк эмес, бул анык сөз. Эми карагыла, Рысбек Акматбаевди 2006-жылдын 10-майында өлтүрүшкөн болсо, июлда эле ошол кезде ИИМди жетектеп турган Суталинов "Көлбаевди Москвада "короновать" этишти. Ал Кыргызстанга келип, тартипти орното баштайт" деп маалымат каражаттарына айтып чыккан. Камчы Көлбаевди азыр мода болуп аткандай "бакиевдик-суталиновдук" долбоор деп атоого, Суталиновдин Акматбаевдин маанилүүлүгүн түшүрүүгө болгон аракети да далил боло алат. Ал "Рысбек эч качан "блатной" да, "законник" да болгон эмес" деп айткан. Рысбек тирүү болгондо ушул сөздү айта алмак беле, ким билет?..
- Эгер жаңылышпасам, Көлбаевди "короновать" этти деген маалымат биринчи жолу 2007-жылы чыккан болуш керек эле?
- Ооба, ошол жылдын 3-августунда болчу. Анын туулган күнүнө Башпрокуратура белек кылды окшойт, "Амнистия тууралуу" мыйзамга таянып, ага козголгон кылмыш иштерин жаап коюшкан. Экинчи жолу бир жылдан кийин, анын "титулун" Суусамырда "майлашканы" тууралуу айтылган. Бул жерде Алмаз Бокушев жылкы союп, конокторго бозүй тигип, той кылышкан. Үчүнчү жолу Нарындын ошол кездеги губернатору Суваналиевдин аракети аркылуу анын "короновать" этилип атканы тууралуу маалымат чыккан. 2008-жылы Суваналиев криминалдык топтордун отурушун таркатып, кууп жибергени боюнча айтып чыккансыңар. Алар Көлбаевдин "вор в законе" титулун тастыктаганы келишкен экен. Чынында Нарынга келгендердин арасында анык "законниктер" болгон эмес. Жергиликтүү бандиттерге ал маанилүү эмес болчу. "Ой, биздин Камчыны баары сыйлашат экен" деп ооздорун ачып калышкан да...
- Негизи "коронация" кандайча жүргүзүлүшү керек?
- Негизи Камчы Кыргызстанга келгенден кийин, аны "короновать" эткен Москва "ворлорунан" алып келген "прогонун" көрсөтүшү керек болчу. Тагыраак айтканда, бир нече кримавторитеттер чогулуп, "баланча деген адам, биздин бир тууганыбыз, туура жол менен бараткандыктан, аны "вор в законе" деп атайбыз" деп кол коюп бериши керек. Бирок, мындай "прогонду" эч ким көргөн эмес жана Камчынын андайы жок экенин ишенимдүү айта алам. Телефондон "короновать" этти деген болбогон сөз. Мындай болбойт...
- Азиз Батукаев өзүнүн авторитетин пайдалана албайбы?
- Анын титулу дагы кандайдыр бир шектенүүнү жаратат. Батукаев өзү "Дато Ташкентский (Датико Цихелашвилли) деген "короновать" эткен" деп жүрөт, бирок, муну текшере албайсың да. Айтмакчы, мен 90-жылдардын аягында Москвада болуп, Дато менен жолуккам. Ал мага Азизди "короновать" этпегенин айткан. Мындай болсо, анда дагы "прогону" жок болот. Батукаевдин өсүшү Советтер Союзунун кыйрап, башаламандык болгон жылына туш келип, жолу болду. Биринчи жолу Батукаев кыз зордуктагандыгы үчүн түрмөгө отуруп чыккан, бирок, авторитеттерге "бул милициянын "подставасы" деп актанган. Кийин аны Чечняга этап кылышып, ал жактан жөн эле кое берилген. Жабык, түрмөлүк режим - эң кыйын. Керек болсо, белгилүү криминалдык авторитеттер дагы колонияга чыгып кетүүгө аракет кылышат. Мейли күчөтүлгөн тартиптеги болсун, бирок жабык болбосун деп. Азиздин СИЗОдо отурушу керек болгон эки жылдык мөөнөтү бүтсө дагы, ал жактан негедир чыккысы келбей жатат. Жалгыз отурган камерага өз каалоосу менен кирип алып, башка "отургандар" жайлап койбосун (!)" деп аткан болушу мүмкүн. Анткени, зоналардын баарын Көлбаевдин балдары кармайт...Айтмакчы, Азиз менен Камчы өз ара айтыша да кеткен. Батукаев Көлбаевдин титулун тааныбайм, "прогонуңду" көрсөтчү" деген. Көлбаев болсо "өзүңдүкүн көрсөтчү" деген...
- Дүйшөбаевдин билдирүүсүндө дагы кандай кызыктар бар?
- Эмнеге бийлик капыстан эле криминалдын республикага таралышына кабатыр боло баштады? Алар кырдаалды колго алалы дегенден эле эмес. Бул жакта башка нерселер бар. Биринчиден, криминалдык авторитеттерди, анын ичинде Анапияев менен Көлбаевдерди жок кылуу баарынан мурда Келдибеков менен Ташиевге керек...
- Кандайча?
- Ооба, ооба, таң калбагыла. Эмне үчүн аларга? Мен Көлбаевди Суталинов менен Марат Бакиев өстүргөн деп айтпадымбы - демек, ал ошол топко кирген. Эми ошол топко дагы кимдер киргенин ойлоп көргүлө. Баарын жаш курагы, статусу боюнча коюп көрсөңөр, Ташиевдин, Келдибековдун адамдары экенин түшүнөсүңөр. Демек, алардын дагы Көлбаев менен тиешеси бар болчу, эгер Камчы Көлбаевди тирүү кармап калса, алар тууралуу көп кызыктарды айтып бериши мүмкүн. Андан ары. Камчы Көлбаевге дагы ким тиш кайрайт? Албетте, Атамбаев...
Рысбекке өзүнчө токтолуш керек. Кыргызстанда экинчи андай адам болбойт. Анын кемчилиги бийликке барууну чечип, "черный" болбой калган, а криминалдык авторитеттер бул чечимди жактырган эмес. Рысбектин өткүрлүгүн баалап коюу керек. Бир жолу Акаевдин тушунда анын уулу "кутуруп" атканда, Айдарды катуу сабап койгон. Азимбек Анаркулович менен дагы ушундай окуя болгон... 2006-жылы кыштын аяк ченинде, анын "Нивасы" Төө-Ашууда "КамАЗ" менен кагыша кеткен деген окуяны уксаңар керек. Ошол кезде Бекназаров Башпрокурор болуп турганда ар кандай уурулар менен шылуундарды амнистия менен бошотуп койгон эле. Анан "Азимбек Анаркулович ошол жол кырсыгынан колун сындырып алыптыр" деп айтып чыгышкан, бирок, ал "КамАЗдын" айдоочусунун үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан, машине дагы кандайдыр бир жагдайда жоголгон. Мунун баары калп. Чынында, анын колун Акматбаев сындырган. Анын жанында жан жөкөрлөрү Камчы Көлбаев, Макс Рыбачинский (Максат Карасартов) жана Адис болгон. Рысбек болсо Бекназаров менен "сүйлөшүп", 300 миң долларга "сындырган".
- Бул жерде Камчыга башталган азыркы чабуулдун кандай тиешеси бар?
- Суталинов, Бакиев менен тыгыз байланышта болгон адамдарга алардын чогуу жасаган иштеринин коомчулукка жарыяланып кетиши керек эмес. Бул иштер тууралуу Камчы, Алманбеттерден артык ким билет? Ошон үчүн аларды жок кылуу керек. Өз учурунда Зикирбаевди дагы ошондой жол менен жоготушту. Зикирбаев, Көлбаев, Анапиявдердин жагдайлары окшош. Себеби, "жакшы күбө - өлүк күбө" деп айтылат го. Ушундан улам бийликтегилер аларды кармап, камайбы (?), жыйынтык чыгарып көргүлө. Мен мисал үчүн, ишенбейм. Көлбаевде бардык чиновниктерге карата компроматтар болушу мүмкүн. Айрым гезиттерге чыккан "Анапияев Келдибековго Эмираттан чалып, "бизди коргойсуңарбы же жокпу" деп "наезд" жасаптыр" деген маалыматтар да жөн жерден чыккан эмес.
- "Черный" дүйнө лидерсиз калабы деп шектенип атам?
- Бул проблема эмес. Жакында Өмүрбек Бабановдун жердеши, апрель революциясы башталган жерден, таластык бирөө чыгат. Саясатчылар "черныйлардын" арасынан өздөрүнүн адамдары болушун каалайт, өзүнө жакпаган, кирешесин бөлүшкүсү келбеген ишкерлерге басым жасап туруу үчүн. Ошондуктан, бийлик менен криминалдын байланышы эч качан жок болбойт, болгону оюндагы таасирдүү адамдар алмашышы мүмкүн.

"МКдан" которгон
Акыл БАКТЫБЕКОВ