sMs Ыйынып ырдаган Ибрагим Жунусов, сен Жаныш Бакиевдин тоюнда чимирилип бийлеп, жер төшөк болуп салынып, кумгандай куюлгансың... 5986. Асмандагы Аллах пенделерге белек берди. Белек болуп теңдешсиз ыйман берди. Түбөлүктүү жашоо деп биз эңсеген. Сага да насип этсин бейиш жерин. Аллах бейпил түн берсин! Нурка 5987. Бүгүнкү туулган күнүң куттуу болсун! Башыңа балбылдаган бакыт консун. Келечекте сен басчу узун жолдор, сен үчүн ар дайым ачык болсун! Нурка 5988. 14-февралда балдарга кандай белек бердиңер? Ой бөлүшкүлө. 5892 абоненти 5989. №39 мектепте окуган 9-класстын окуучуларына ысык салам! 5892 абоненти 5990. "Ауди С4" сатам. 1991-жылкы. Өңү кызыл. Баасы 4300$. Тел: 0551-00-79-89 5991. Салам "Учур"! Шайыр тамада+музыка. Тел: 0779-20-00-71 5992. "Төрдөн орун тийген болсо нааданга, улагада калганыңа арданба. Акылман улагада калса эгер, анда ал жер ардактуу деп биле бер" деп ойчул Жусуп Баласагын айткандай, мен дагы "Ата Мекен" партиясы кайсы жерде болсо, акыл менен акыйкат ошо жерде деп билем. Өмүрбек Текебев чыныгы улуттук лидер! Максат, Ат-Башы 5993. "Ата Мекен" партиясын шайлоодо жеңет" деп, добуш берген эмес элек. Чөп, пахта ж.б. жумуштары менен алек болуп. Ошондо шайлоого катышпай калганыбызга азыр өкүнөбүз. Жалпысынан шайлоого 57% эл катышты. 5 партиянын жалпы добушу 37% болду. 20%ын майда-чүйдө партиялар алды. Ошондуктан эки турдук шайлоо өткөзүш керек эле. Менимче "Ата Мекен" партиясы жеңмек. АКМАКбек, алМАСбек, КУКЛАВод, БОБИКтер "элдикбиз" деп кыялданбай эле коюшсун! 4045 абоненти 5994. Өмүрбек Текебаев! Калк ичинде кадыр-баркың өтө эле жогору. Оппозицияда калсаң да сыйлуусуң. Кас-душманың көп үчүн кайгырба. Өзүңдөй өткүр жигиттер Болот, Темир, Равшан, Дүйшөн шакирттериң турганда майтарылбайсың деп ойлойм. Кайталап айтам дагы бир, кадырлап сыйлайт элиңиз. Тарыхта калат түбөлүк, сиздин талбаган эмгектериңиз. Президенттик шайлоого тартынбай чыга бериңиз! Памир, Чоң-Алай 5995. Атамбаев! Эркин Мамбеталиевди Камчы Көлбаевдин ордуна "вор в законе" кылам дегениңиз чынбы? Айбек 5996. Шамил Басаев мындай сөз айткан: "мени жоокер кылган менин элим" деп. Ошондуктан кыргыздын "Робин Гуд" балдарын жоготуп албайлы. Керек болсо, ошолор Ошту сактап калышты. Заир 5997. Айланайын кыргыздарым! Эмне эле кыргызды, кыргызга кайраштырып жатасыңар! Депутаттар азаматсыңар! Жүрөгүңөр ыйлап жатат. "Кантип элди жакшы турмушка жеткизебиз" деп. Бардыгы жакшы болот. Кудай жаратылыш кырсыктарынан сактасын деп тилейли. Химара, Бишкек 5998. Ташиев эр адамсыз! Сизди ким жамандаса, ал кыргыздын душманы! 7255 абоненти 5999. Нуркыз, "орус тилин билбеймин" деп капаланба. Кыргызча сүйлөбөгөн ала допучандарды Оштон кууп чыктык. Кезек "киргиздерге" келди. Аларды да кууп чыгыш керек. Ал күн жакындап калды. "Ата Мекенди" колдойсуңбу? Айбек 6000. Жазында төңкөрүш кылып, Мадумаровду алып келебиз. Бул жигиттин тажрыйбасы көп. Бакиевдин жансакчысы болуп иштеген. Кыскасы, Мадумаровду колдойлу. Ушу адам бизди оңдойт. Биздин больницаны курорт кылат. №89, Чымкоргон 6001. Бакиев кеткенден бери свет өчпөй жыргап калдык эле. Шадиев келгенден бери көп өчүп калды. "Авариялык өчүрүү" дешет. Осмонбек Артыкбаевдин убагында эмнеге өчпөйт да азыр өчө баштады? Бул жерде бир мандем барбы? Электр зымдары Бакиевдин кишиси экенин билип атабы? Министрликке Шадиевден башка татыктуу киши жокпу? Динара 6002. Кыргызстанды кыйынчылыктан Өмүрбек Текебаев гана алып чыгарына ишенем! "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей болуп, баалабай жатпайбызбы? Мекендештерим ойлонолучу, Текебаев кыргызга күйгөн, эң таза саясатчы! Динара 6003. 7-Азия кышкы олимпиадасы өттү. Кыргызстан 7-орунду камсыз кылды. 7-апрель... Улан-Батор 6004. Урматтуу кыргыз элим, "жазда дагы эл көтөрүлөт" деп жатышат. Кичине кое тургулачы. Казактар дагы чек арасын жаап койсо, бизге эле кыйын болот экен. Өзгөчө Алматыдагы кыргыздарды казактар жаман көздөрү менен карашат, "ушулардыкы өттү" дегенсип. Мигрант 6005. Урматтуу "Учур" гезити! Сиздерден сураныч, Мелис Эшимкановдон интервью албай эле койгулачы. Өткөндөгү гезитиңерге чыгарыпсыңар. Кадыр-баркыңар көтөрүлбөй, түшүп калган чыгаар? Ал киши кимге жакшылык кылды эле? Бардык саясатчыларды бири-бирине тукуруп, ынтымагын ыдыраткан. 0229 абоненти 6006. Шайлоолордо карапайым эл такай жеңилип келет. Бу жолу да ушундай болду. Ар кайсы ишке ашпаган убадаларды берген саясатчылар кайрадан бийликке келишти. Аларды карап туруп эле билесиң. Эртеден кечке кабинеттеринде манчыркап олтурушуп, аркы-берки ушак-айың кептерди талдап, иш кылышат. Кечки саат бештен кийин, ойду омкоруп, тоону томкоруп салгансып, кафе-ресторан, сауналарда эс алуу менен бирге кызмат бөлүштүрүп, жеке өзүнүн кызыкчылыгын карапайым элдикинен жогору коюп, мээ чайкашат. Качанкыга чейин ушундай илдет менен ооруй беребиз? Бийликтин ээси болгон элибизге менин сунушум. Келгиле, алдыдагы шайлоолордо азыркы валет, дама, королдорго добуш бербей, карапайым элдин арасынан татыктуу уул-кыздарды издейбиз. Керек болсо, тез аранын ичинде коом, уюмдарды түзөлү. "Чапкан сайын көз чыкпайт" эмеспи. Кайдыгер болбойлу, изденели, биригели! Ушундай ойлорду камтыган СМС жазгыла. Талкуулайлы! Нукен 6007. Салам "Учур"! ишиңерге ийгилик, бар болгула! Байжан 6008. Беш жыл сайын тажаткан кыргыз элим, качан мээбизге акыл кирет! Ушундай акмак жашоо менен, эмки беш жылдан кийин эмне болот? Бүткүл дүйнөгө уят болдук. Ишенгиле дейсиңер! Кана? Эмнеге? Кимге? Баракелде кыргыз элим! Чыпчын Алдабековна 6009. Кандайсыңар СМСчилер? Таанышып алсак болобу? Тел: 0778-53-44-09 6010. 1111 абоненти, сен "Текебаевдин спикерликке жетпей калганына байланыштуу эч ким сыйлабай калган" деп жазыптырсың. Менин оюмча адамды ээлеген креслосу үчүн эмес, жасаган иштери үчүн сыйлаш керек. Революционер 6011. Чыныгы кылмыш дүйнөсү менен Чыныбек Алиев, Уран Алиев күрөшкөн. Азыр болсо, Бакыт Парманкулов, Сүйүн Өмүрзаковдор күрөшө алат. Булар сүрдүү, оор басырыктуу, харизмасы күчтүү жигиттер. Ал эми Зарылбек Рысалиев менен Мелис Турганбаев шоумендер. Борис Моисеевге окшоп баратышат. Арын 6012. Роза Отунбаева эжекебиз 14 мүчөдөн турган Убактылуу өкмөт деген кылмыш дүйнөсүнүн жетекчисиби? Элдин акчасын жөн эле бөлүп алышты деген сөз тарады. Бул жөнүндө Темир Сариев ким канча алганын айткандан кийин, кыргыз "Робин Гуддар" кустурабыз десе, аларга согуш жарыялаганы эмнеси? Элдин акчаларын кусушсун! Аида 6013. Сооронбай Жээнбеков, Р.Отунбаеванын мөөнөтүн узартууга кол топтоону токтотуңуз. Атыңыз айткандай, сооронуңуз. Андан көрө үйлөнүп алыңыз. Сизден туяк калышы керек. Айжан 6014. Мелис Турганбаев байкеге айтарым, өзүңүздү жарым миллион долларга баалабаңыз. Айтматовдун "Гүлсарат" чыгармасын окуңуз. Ошо чыгармадагы негизги каарман менен тагдырлаш болуп калбаңыз. Убактылуу өкмөткө ишенгендин баары уят болушту. Айка 6015. Биздеги убактылуу аким, губернаторлор качан туруктуу жетекчи болушат? Италиядан эс алып келген Акбаранын көз жашын актагылачы! Айжан 6016. Урматтуу "Учур" гезити, мен ыр жазам. Сиздердин гезитиңерге чыгаргым келет. Не кылсам болот? Жардам бериңиздер. Мүмкүн почто аркылуу салып жиберсем карап көрөсүздөр. Окуп көрүп, гезитке ылайыктуусун саныңарга берип турасыңар. Чыкпай калса таарынбайм деле. Кайыр 6017. СМСчилер эмне кылып атасыңар? Кызыктуу ишиңерден ой бөлүшкүлө. Мен силердин гезитке жиберген СМСтериңерди бүт окуйм. Кызыкдармын. 4409 абоненти 6018. Равшан Жээнбеков 7-апрелге чейин кайда элең? "Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап" дейт кыргызда. 3533 абоненти 5619. Ноокаттын МАИ бөлүмүнүн командири Мухамед акеге Екатеринбург шаарынан салам! Ишиңизге ийгилик каалайм. Ар дайым жол жүрүү эрежесин бузган тентектерди тартипке чакырып, алкышын алып жүрө бериңиз! Бакыт, Кызыл-Тейит 6020. Камчы Ташиевди көргөндө чоң маймылдын жүрүш-турушун, кулк-мүнөзүн элестете берем. Кебетесин бузуп, кыйынсынып, "мен президент болом, жөн эле болом" деген сөздөрү өттү. Камчы, сен президенттик шайлоого чыгып көр, анан Түпкө кел, жумурткадан жасалган амлетке (омлет) тойгузабыз. Эркек болсоң келип көр! Бөрү 6021. Жалгыз чымын Жалгыз чымын учуп жүрөт бөлмөмдө, Аң-таң болдум ал шордууну көргөндө. Ушул кышта учуп жүргөн себеби, Убакыт жок болгон окшойт өлгөнгө. Канткенде да тирүү жандык замандаш, Арман сырын эч ким жанга айталгыс. Кенен учуп коногумдай бол дедим, Анткен себеп ал жалгыз да, мен жалгыз... Күйдүмчок 6022. Менин сүйүктүү жарым, балдарымдын татынакай супсулуу апасы Канымгүлдү 20-февраль туулган күнү менен куттуктайм! Сага Аллахым берекелүү өмүр, бактылуу турмуш, ооматтуу жашоо берсин. Пейилиң кенен, жүзүң жарык болуп, бизди дайыма кубантып жүр! Коломтобуздан эч качан от өчпөсүн. Менин куттуктоомо балдарың Данияр, Нурсултан, Алия, Алихан кошулат. Бекен, сүйгөн жарың 6023. Акаев беш күн дегенде, Бакиев бир күн дегенде качышкан. Элдин кускусун келтирген "Ата-Журт" бир саатта качат. Ишенбей атасыңарбы? Анда апрель айы келсин! 5765 абоненти 6024. Ыйынып ырдаган Ибрагим Жунусов, сен Жаныш Бакиевдин тойлорунда чимирилип бийлеп, жер төшөк болуп салынып, кумгандай куюлуп, эми бийликтин биринчи баскычында отурасың. Чынымды айтсам сени көргөндө же сен жөнүндө укканда жийиркенип кетем. Сен мени кечир. Тагдыр ушу экен кантели. Башка арга жок. 5765 абоненти 6025. Мага бир аксакал айтат, "бийликтен үмүтүңдү үз. Бийлик алып-жеп, көнүп калган. Берейин дебейт. Жардам сурап кайрылбай эле кой" деди. Демек, эл эшек арабасын сүйрөп жүрө берет экен. Анда элдин турмушу качан оңолот? Руслан, Талас 6026. Эки жүздүү Акылбек Жапаровго "кандай машинаңыз бар?" десе, "эки джип машинам бар. Бирок, маркалары кандай экенин билбейм" деп жооп айтты. Анан кантип чыдап отурасың. Короодогу машинасын бир да жолу караган эмеспи. Кыргыз минген атын, өңү-түсүн, жорук-жосундарын билиш керек эле да. Же бирөөнүн атына учкашып көчүгү жооруп жүрөбү? Мына биздин өкмөттүн жүзү. Анан кантип оңолобуз? 5765 абоненти 6027. Элмурза Сатыбалдиев, Азиз Турсунбаев, Мелис Мырзакматов, Марат Султановдор кыргызга күйөт. "Ата-Журтка" кошулбагыла! Мурка 6028. Кыргыздар! 7-апрель жакындап келатат. Кана люстрация, кана элди аткандардын камалганы? Убктылуу өкмөт атайын элдин көзүнө чаң чачып, Түндүк-Түштүк маселесин таштап койду. "Эрмектей бергиле" дегенсип. Эми уялбай, 7-апрелди улуттук майрам кылбаса болду. Башым жетпей турат. 8878 абоненти 6029. Үчүнчү төңкөрүш болот деп жатасыңар. Төңкөрүштөн эмне өзгөрдү? Кайра артка кетип жатабыз. Кыргызстан сызга отурду. Чынында Бакиевдин заманында жакшы болчу. Ким кандай ойлойт өз эрки. Бирок, мен кашкайган чындыкты айтып жатам. 4984 абоненти 6030. Шайлоо алдында "Ата-Журтту" себепсиз каралап, штабын трайбалисттер өрттөп, Ташиевге кол салып, өздөрү казган орго, өздөрү түштү эле. Эми кеч боло электе, "маңка да болсо өзүбүздүкү" дей бербей, ичиңерди кеңейтип, регионалдык оорудан улуттук ооруга өткүлө. "Ата-Журтка" асылбагыла! Баргы 6031. Регионалдык деңгээлден чыга албаган трайбалисттер! Кыргызды биримдикке чакырган "Тилегим Кыргызстан" деген бирикме уюшулду. Кыргызстан үчүн ким чындап күйсө, келип ич дүйнөсүн тазаласа болот. Адреси: "Илбирстин" жанындагы имарат, 411 кабинет. 7171 абоненти 6032. "Ата-Журт" бакиевчилер дегенге кошулбайм. Антпей эле бийликтин бир топ бутагы ушу партиянын мүчөлөрүнө өтүп кеткенге байланыштуу, кээ бир көрө албагандар чычалап жатышат. Ичи тардыктын да чеги болот. Келдибеков, Ташиев, Мырзакматов элдик баатырлар. Алар болбогондо, Отунбаева кимге президент болмок? Ош үмүтү 6033. 0199 абоненти, сенин кыргыз экениңе күмөнүм бар. Качантан бери мыйзамды сыйлап калгансың? Бизде М.Мырзакматовдой жетекчилердин жоктугунан ала допучандар кутуруп атат. Ал жер кыргыздын жери. Бизге ата-бабабыз калтырып кеткен. Ал жер үчүн канын төгүшкөн. Сен жөн жүр! 4984 абоненти 6034. Кыргыз эли илгертен мамлекеттикти билип, өлкө үчүн глобалдуу ой жүгүрткөн эл. Ошону менен катар уруу-урууга бөлүнүп чабышып, бири-бирин сатып, тууганын чанган. Орустарга жем болгон. Дагы деле ошо деңгээлден чыга албай келебиз. Же калпбы? 7171 абоненти 6035. Бакиевдердин "куйрук" депутаттары аны менен байланышы жок деп ким кепилдик бере алат? Алардан арылуунун бир гана жолу бар. Эмки революцияда аларды качырбай эсебин берүү... Антпесе кайра эле келишет. 5765 абоненти 6036. Карышкыр, түлкү, мите-курт, кайберенге тоссо бут, коенго да жеталбай көчкүдө калат тут! Памир 6037. 8097 номериндеги Айпери, мен сени сүйөм, сен менин жанымсың! Байжан 6038. Аткарылбай калат окшойт элдин мүдөө-талабы, элдин мыкты уулдары четтетилип калабы? Баары эле кайра келишти, Курманбектин көрүнбөйт го карааны? Бакиевчил "куйруктардын" бардык жерде жүрүп турат арааны. Дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн революция "Б" тамгасын "О" тамгага алмаштырганга зорго жарады. Памир 6039. "Бакиевчилерди бийликке жибербешибиз керек" деп айткан жигит, мен сага толугу менен кошулам! 7710 абоненти 6040. Саламатсыздарбы кыргыз калкым! Жездем Улан, эжем Жыпаранын 12-февраль үлпөт тою менен куттуктайм! Кармашкан колуңар түбөлүк ажырабасын, бирге өмүр сүргүлө, жашоонун ачуу-таттуусун бирге таткыла! Акмарал, Багыш 6041. Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Дүйшөн Чотонов, Асия Сасыкбаевалар мекеним деп жүрөгү соккон кыргыздар! Сиздер менен элибиз түбөлүк сыймыктанат! 4663 абоненти 6042. Айдар Акаев деген сөрөй атасы, энеси үчөө кыргыздан айланып кетишсин! Кыргыз элин үйбүлөлүк башкарууга алып келишкен. Анысы аз келгенсип, кыргыз элинин башынан кыйынчылыктар өтүп жатса, Айдар тайраңдап жүрөт! Кыргыз элинен уурдап кеткениние маарып! Улутман 6043. Закиржан Бакиев, Мурат Суталинов, Жаныш Бакиев, үнүңөр Кудайга жетпей калган күнүңөр да келет! Жесир 6044. Роза Отунбаеванын Майрам Акаеваны мактаганы, бул кыргыз элине чыккынчылык кылганы жана кыргыз элин мал катары көрүп, жөөттөрдүн ырын ырдаганы! Улутман 6045. Мамлекеттик деңгээлде "Кумтөрдү" мамлекетке 100% өткөзүп албасаңар, алакандай эл чогулуп, 100% өткөзүп беребиз! Жеп-ичкич, коркок чиновниктер "эл аралык" келишимдерди жөөттөр менен кеңешип, өзүңөр ырастап аласыңар! Мукаш Ырсалиев 6046. Урматтуу Турсунбек Акун, сиз Турсунбай Бакир уулуна теңелем дебеңизчи. Сиз ким? Бакир уулу ким? Ал киши Баткен окуясында башын өлүмгө сайып коюп, барымтага калгандардын башынан кыл түшүрбөстөн куткарып чыккан. Канчалаган карапайым элдердин укугун коргоп, түрмөлөрдү кыдырган? Айта берсе, жасаган иштери көп. Ал эми сиздикин болсо көрө элекпиз. Мүмкүн көзгө сайып көргөзүп коерсуз? Менимче анте албайсыз. Себеби, андай жасаган иштериңиздин дайын-дарегин биз билбейт экенбиз. Калп эле бекинип жатып, "мени уурдады" деп элге күлкү болгонсуз. Бакир уулунун тырмак учуна да тең келбейсиз! Же андай эмеспи? 3113 абоненти 6047. Айдар, Максимдердин кылыктарынан тажаган кыргыздар, Роза Отунбаеванын балдарынан дагы кооптонуп турушат. Бирок, "чапкан сайын көз чыга бербейт" дегенди билебиз. Акчасы жок болсо, карыз болот да. Азыр карыз эмес кыргызды таппайбыз. Ася 6048. Тажиниса! Депутат башың менен ушундай күмөндүү ишке эмне себептен бардың? Азыр калп эле өлүмүш болуп койгонуңуз кыргыз эли үчүн абсурд! Түшүндүңүз да?! 5215 абоненти 6049. Жалаң күчтүү саясатчылар "Ата Мекен" партиясына чогулган. Алар: Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Абдрахманов, Равшан Жээнбеков, Жоомарт Сапарбаев, ж.б. Серепчи 6050. Салам "Учур"! Бул заман баарыбызга кыйын болду. Бул заман жашка жалаң сүйүү болду. Акча үчүн кыз денесин сатса жолдо. Бул заман арамдарга жол бошотту! Мерикей 6051. Байдылда ыр жазыптыр. Жаш жигиттер курч, мыкты болсун деп, ырдын бир куплетин айта кетейин. Толкун болот деңиздин күчтүү жери, Толкундай бол кыргыздын жигиттери. 99 өнөрдүн ээси бол деп, Тоолук эне төрөдү сени, мени. Таамай айтылган экен. Чынында, жегич, ниети жаманды ээрчибей, ар-намыстуу болуп жүргөн жакшы го дейм. Аларга канчалык кошомат кылсаң деле баары бир өзүңдүн тамагыңды ичесиң. Жайчыбек, Талас 6052. Кыйнады жүрөгүмдүн сагынычы, ачылбады жүрөгүмдүн кабак-кашы. Суктанып тиктей берип күндөр өтөт. Бир кыздын түбөлүктүү махабаты. Мерикей 6053. 9509 абоненти, сен чыныгы кыргыздын бузукуларынын бири окшойсуң. Жүрөгү жок балбандардай... 0406 абоненти 6054. Урматтуу кыргыз элим, спикер Акматбек Келдибековду туура тандап, шайладык. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев да туура шайланды. Эми президент кылып, Адахан Мадумаровду шайлап алсак, Кыргызстан эч уттурбайт. Себеби, чыныгы эркектер бийликке келет эле. Казакта мындай макал бар. "Аштыктан жарды болсоң бир жылдыктыр, жакшыдан жарды болсоң миң жылдыктыр" деген. Ошондо Кудай кааласа оңолобуз! 6355 абоненти 6055. Парапсихолог Мелис мырза, бешик бооңуз бек болсун! Курманбек 6056. Ош шаарынын вице-мэри Таалай Сабировдун ишине ийгилик каалайм. Анткени, сиз элдин жашоо-шартын жакшы түшүнүп, шаарыбыздын өнүгүп-өсүшүнө жигердүү кызмат кылып атасыз. Калкыбыздын өз жеринде билим алып, иш тажрыйбасын өтөөгө жана жаңы завод-фабрикаларды куруу үчүн жаңы программаларды иштеп чыгышыңызды каалайм. "Өмүр сизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" дегенди айткым келет. Акылыңыз тунук, дениңиз сак, ыйманыңыз бүтүн. Демек, эл үчүн иштейт деген ойдомун. 0046 абоненти 6057. Кош бол деп, колуң сунбай кете бердиң, коштошууга кайгы тартып өзүм келдим. Көргөндө жумулган карегиңди, калтырап муунум бошоп, ыйлай бердим. Кайран досум тагдырың тайкы беле? Кара жорго караңгыга тартуу беле? Капысынан кулаптырсың кара жерге, шум ажал жорго мин деп айтты беле? Атакелейт кыздарың, кумарына тойбойт беле? Артынан уул келип, улак берсең болбойт беле? Ач көз ажал 34тө албай сени, дагы элүү жаш кошуп сага койбойт беле? Кан жутуп, ыйлап турдук досторуң, эстеп сенин күлүп айткан тостторуң. Элесиң арабызда унутулбайт, эми досум түбөлүккө кош болгун! Нурканбек 6058. Ильяз мен сени сүйөм! Сенсиз жашоо мен үчүн кунарсыз. Сени сүйгөндөн тажабайм. Кыялымда сени менен кайкып учуп жүргүм келет. А... 6059. Текебаевге асылбагылачы. Богуна куурай сая албайсыңар! Нарындык кыз. 6060. Болбо менин арманым Өкүнөм убакыттын өткөнүнө, Өткүр жаштык жалбырагын төккөнүнө. Өзүңө бүт өмүрдү арнамакмын, Карабай каршы туруп сөккөнүңө. Мына эми 30 да артта калды, Шашып өмүр 40ка карай чыйыр салды. Эртең эле элестетип калабыз го, Картайып куурап жаткан кара талды. Ким билет канча дагы өмүр калды, Колдон келсе болбо менин арманым. Күнүмдүк көр жашоого азгырылбай, Колум сунам, келчи жаным, ардагым. Нурканбек 6061. Ай эркектер, жакында биз менен ишиңер жок болуп калат го. Бири-бириңер менен эле таанышып жатасыңар. Бизден талашпагылачы, ансыз деле кыздарга жигиттер жетпей жатат. Жигиттер дагы бир жолу эсиңерге келгиле! 3550 абоненти 6062. Арзуу Жагымдуу жадыраган жаздайым, Эркин учкан жапайы каздайым. Жылуусу саратандуу жаздайым, Жайлоодо азоо күлүк тайдайым. Куса кылба берекелүү күздөйүм, Күтүп сени сагынам, өзүңдөн күдөр үзбөйүн. Аруусуң аппак карлуу кыштайым, Аччы коюнуң, түбөлүккө кыштайын. 5681 абоненти 6063. Атам Кылычка, апам Уркуяга жана Өзгүргө салам жолдойм! Бар болгула, бай болгула! Аида 6064. Аида+Клара=дос. А+?=345 7651 абоненти 6065. Мен Текебаевди аябай сыйлайм. Күчтүү саясатчы. Бу кишинин эмгегин биз баалабай жүрөбүз. Жөн жерден асыла беребиз. Көрө албайбыз. Эгер ушу кишиге Кыргызстандын тагдырын тапшырсак, уттурбайт элек. Экономика, ички жана тышкы саясаттар өз ордунда болмок. Өнүгүүнүн жолуна түшүп, кыска мөөнөттүн ичинде Орто Азия чөлкөмүндө бирден-бир өнүккөн өлкөлөрдөн болуп калмакпыз. Силердин оюңар кандай? Көлдүк периште 6066. Темир Сариевди колдойлу. Президент болчу кимиң бар? Бул адамдын эмгеги каякка кетет? Эгер ушу адамдар болбогондо Бакиевге кул, баласына кой болуп жүрмөкпүз. Ооз ачалбай. Же андай эмеспи? Айткыла оюңарды. Былтыйып унчукпай калбай. Сүйлөгүлө да. Мүмкүн мен туура эмес айтып атам. 6101 абоненти 6067. Элдин башына оор иш түшүп турганда, 130 миң сом айлык албай, бекер иштеп бермекмин. Жок дегенде ушу жагынан пайда кылмакмын элге туугандар! 4984 абоненти 6068. Анапияев Алманбетке издөө бергенден көрө, Кадыржан Батыровду, Жалалуддин Салахутдиновду жана Сампада лидер болгон Момун деген спортсменге издөө салбайбы? Мен ушу чоңдорду түшүнбөйм. 7093 абоненти 6069. Кыз-келиндер менен таанышам. Маяк бербегиле жана шакаба чегем дегендерге жол жок. Тел: 0777-24-28-42 6070. УТРКда "Керемет көч" деген балдар берүүсү бар. Ар кечте балдарым телевизор тиктеп, тынч отуруп алып көрүшөт. Кийинки учурда тажатма кайталануудан "апа, башка каналга кое бериңиз. КТР бузулду. Муну ушуну менен үчүнчү жолу берип атат" дейт. Тезинен бирдеме ойлоп таппасаңар, балдардын ишеничинен чыкканы калдыңар. 8955 абоненти 6071. Капчыкты сүйгөн президент, "качкынчыга" айланат. Күйдүмчок 6072. Урматуу "Учур" гезити! Сиздерге Гүлойрондун чыгармалары чыкпай калып жакшы болду. Анын кайбары турбай калды окшойт же ошо жактан ооруга чалдыктыбы? Айтор, ошону көрмөк. Мүмкүн эмдиги сандан баштап, "Медсестралардын махабаты" деген сериалды даярдайт чыгаар? Кантип кайбарын айыктырганы тууралуу... Ойронгүл 6073. Ж.Мусабекованы колго түшүрүп берген Сулайманов деген журналист акмак турбайбы. Бирок, Жылдыз айым деле абайласа болмок. "Учур" гезити силерге да сабак болдубу? Жолдошбек 6074. Кыш мезгилинин чыгышы менен кыргыздар дагы митингге чыгабы? Же бу жолу андай болбойбу? Жүрөгүм бир нерсени туюп атат. Деги жакшы эле болсунчу. Желтаман 6075. Өткөндө ар бир партиянын кеңселерин сүзгүлөп көрдүм. Кээ бир партия члендери менен баарлашып үлгүрдүм. Уйдун жампасынын астындагы коңуздарга окшоп быкылдай баштаптыр. Президенттик шайлоону утурлап аткандагы кербези го? Жөөтуман 6076. Эмне үчүн К.Ташиевди баатыр кыла беришет? Кайсы эрдигине? Эмне кылганына? Жаш туруп популист болуп алганына жийиркенем. Тфу... Жаркынай 6077. Ээликкен аялдын кутурганы жаман, эскирген машиненин бузулганы жаман. 0100 абоненти 6078. Кыргыздар ар 5 жылда хан алмаштырган. Биздин жашоону карап, анан казактардыкын салыштырып көргүлө! 8878 абоненти 6079. Жаш келиндер менен таанышам! Тел. Номерим: 0556-59-69-45 Сабыр 6080. Ыймандуу кыздар менен таанышам. Атым Жику. Тел: 0777-30-05-05 6081. А.Атамбаев - президент, А.Жекшенкулов - премьер-министр, Ө.Текебаев - спикер, Ө.Суваналиев - ИИМдин жетекчиси, М.Эшимканов - вице-премьер, Т.Сариев - 1-вице-премьер, К.Кадыров - губернатор, Р.Жээнбеков - ТИМ чоңу, Ө.Абдрахманов Ош базарга базарком, Ф.Кулов - Башпрокурор, Э.Сатыбалдиев - Жогорку Сот, К.Байболов - УКМК, А.Турсунбаев - Жалал-Абад губернатору, А.Абжалиев - Ош губернатору... Бийликти мына ушундай үлгүдө курап баштасак, оңолот элек. 0429 абоненти 6082. Улутман! Жөөттөргө дайыны жок асылгандан не пайда? Андай кыйын экенсиң Акайдын, Закиржандын убагында ушул оюңду эмнеге айтпадың? Кыргызстанды курутуп кеткенден кийин ичиң ачышып атабы? Гүлалы |