Асел продюсеринен кол үздү
Алгачкы чыгармачылык жолун Ибрагим Жунусовдун "Элегия" тобунан баштаган ырчы Асел Касымова учурда продюсери Миргүл Эсеналиева менен иштешпей калды. Эске салсак, Миргүл айым көптөн бери ырчынын чыгармачылыгына жардам берип, бирге иштешип келген. Ырчы Асел "Миргүл менин эң жакын курбум. Бир топ убакытка чейин чогуу иштеп, мага колунан келген жардамын берди. Эми ал менин продюсерим эмес. Мындай оюн ал убактысынын тардыгына байланыштырды" дейт.


Чолпонай казак режиссерун күтүүдө
Жагымдуу күлкүсү, мукам үнү далай жигиттерди багынткан ырчы Чолпонай менен продюсери Эрнест катуу эмгек кылууда. Башкача айтканда, Казакстандан атайын кинорежиссер чакырып, "Ша-ла-ла" аттуу орусча ырына жаңы клип тартууну пландоодо. Мунун себебин, "жаңы идея, өзгөчө сценарий менен иштөө" деп билдирди. Ырчылардын мындай эмгегине чындап жүрөгүң жылыйт экен. Ансыз деле коендой окшош клиптерден эл тажады көрүнөт...


"60 мүнөт-Максат" 23 жашта
Эл арасында "Максат десе, "60 мүнөт", "60 мүнөт" десе Максат" деген сөз бекер айтылбайт. Анткени, ЭлТР коомдук каналындагы "60 мүнөт" теле долбоорунун автору жана алпаруучусу Максат Довранов. Ал жигит 12-февралда 23 жашка толуп, өздүк майрамын кесиптештери менен бирге муз аянтында жана Ош шаарындагы белгилүү кафелердин биринде өткөрдү. "Былтыр туулган күнүм эфирге туш келип, иш менен күн өткөн. Быйыл өзүм каалагандай эс алып, жакындарымдын жанында болдум. Куттуктоо СМСтери, белек-бечкектер жайнап эле калды. Атайын Таиланддан келген Махабат аттуу жеңемдин кооз буюмдары жүрөгүмдү жылытты" дейт алпаруучу.


Сүйүү күнүндө үйлөнгөн жубайлар
Кыргыз "мачосу" Урмат Усенов 11-февралда туулган күнүн белгиледи. "Башка жылдардан айырмаланып, бул жылы үйдө тынч отурайын дедим эле, баары бир досторсуз туулган күн көркүнө чыкпайт экен. Кечинде күүлүү-күчтүү дем менен досторум үйгө кирип келди. Бул күнү мени таң калтырган Нелянын оригиналдуу белеги болду. Ал белекти айтууга болбойт" деп кубанат Урмат. Кошумчаласак, мындан үч жыл мурда 14-февралда жубайлар үйлөнүү үлпөт шоу-концертин Спорт ордосунда өткөргөн. Махабат майрамы алар үчүн "үч жылдык кече" катары уланды.


Куш бооңор бек болсун!
Элдик ырларды жеткиликтүү аткарган жаш ырчы Тынара Кубаныч кызы турмушка чыкты. Болгондо да белгилүү актер, "Куурчак" театрынын жетекчиси Темирлан Сманбековдун келин баласы болду. Темирлан аганын бир тууган иниси менен жылдызы келишкен Тынара айым учурда Токтогулда. Келиндик кызматын аткарып жүрөт. Эмне демекчибиз, жаштардын кармашкан колу ажырабай, ылайым бактылуу өмүр сүрүшсүн.


Качкыла, Назира "джип" менен....
Быйыл махабат майрамын жаштар өзгөчө белгиледи көрүнөт, айтор, "сүйүү күнүндө белек алдым" деген эле жаштар. Алардын катарында теле алпаруучу Назира Айтбекова бар. "Жолдошум махабат майрамында "HONDA CRV" үлгүсүндөгү темир тулпар белек кылды. Эми таңкы саат алтыда коркпостон машинемди айдап, "Замана" студиясына ишке барам". Мына сага, бир уулдун энеси болгон Назира айым, кайрадан телеге кайтып келди. Болгондо да, жөө эмес, "джип" менен...


Мирбек махабат майрамын утурлай...
Махабат майрамын ырчы Мирбек Иманбеков өзгөчө тосту. Бул майрамды жыл сайын сүйгөнүм менен тоскон кызыксыз дедиби, 13-14 - февралда Талас шаарына чоң программадагы "Супер шоу" концертин тартуулады. Ырчыны коштоп чыгармачылыктагы эң жакын досу Акбар Сүйүнбаев барды. Мирбектин ырларына суусаган жердештери, эки күн бою залдын көркүн ачып, шаңдуу тосуп алышты. "Майрамдын көркүн сүйүшкөн жаштар ачса, сахнанын көркү махабат темасындагы ырларым менен коштолду. Майрамдын шаңы жаштардын деминде экенине ынандым" дейт Мирбек мырза.


Азамат, азаматтыгын көрсөттү
Төкмө акын Азамат Болгонбаев бир айдан бери Алымкул Үсөмбаев атындагы "эл шайырлар" тобунда эмгектенүүдө. Устаты Замирбек Үсөнбаев жана бир топ таланттуу адамдар менен бирге иштөө жаш акындын аруу тилеги эле. "Эркин иштеп көнүп калганым гана болбосо, топ менен иштеген кызыктуу экен. Бир айдын ичинде кесиптештериме көнүп кеттим" деген төкмө акын, эми өз ордун тапты окшойт.


Айнура Касымова