КАРЫШКЫР САЙ

Шантаж

Парламенттик системабыз кас-кастап араң туруп, коалициялык өкмөт жаңыдан түзүлүп, экономикалык кырдаал оорлоп турганда, алдыда келе жаткан президенттик шайлоо абалды ого бетер курчутуп, шаштыны ала баштагандай. Буга чейин айтылып келген, "о-ой, президентте эч кандай ыйгарым укук деле калган жок, болгону төш белги, жарандык берет, анан кечирим кылат экен, бийлик да, акча да өкмөттө эч ким президенттикке кызыкпайт, талашпайт, ал жөн эле бир мамлекеттик башкы нотариустун кызматы болуп калды" деген сөздөр бул жакта эле калып, даана аламан ушу президенттик шайлоодо болчудай...

"Ата-Журт" фракциясы башкаруучу коалициянын катарынан чыгат экен" деген кабарды угуп, чын-төгүнүн биле албай элейип эле калдык. Бийлик башындагы бирикменин ыдырай тургандыгы тууралуу маалымат "атажуртчулардын" өзүнөн чыккандай. Акыркы кездерде оппозициялык "Ар-намыс", "Ата Мекен" фракциялары менен жакындашып, келечекте "үч-А" башкаруучу бирикме куруу тууралуу кыялданып жүргөн "атажуртчулар", Феликс Кулов менен Өмүрбек Текебаевге, "биринчи күнү (өткөн дүйшөмбүдө) коалициядан чыгабыз" деп сөз берип, берки жактагылар, ким кайсы министрликке барат деп кызмат бөлүштүрө баштаганга чейин жетти. Бирок, Алмазбек Атамбаевге угузганы барган Камчы Ташиев, айткан сөзүнүн өтөсүнө чыга албай кайтты. "Кетем" деп барган эмени "Кабылан" (А.Атамбаев) алдап-соолап, беш портфель карматып, жолго салыптыр дейт. Кампайып кайткан Камчыкең, дагы эле баягысын улантып, "эми төртүнчү күнү (бүгүн) кетем" деп беркилерди сооротуп, тил эмизүүдө.
Ошентип, "атажуртчулар" чындап эле коалициядан чыкканы жатабы же кынык алып, шантаж кылмайды жактырып калыштыбы?" деген суроо туулат. Бул суроого кайрылган серепчилердин баамында, "Ата-Журт" фракциясынын коалициядан чыгуу ниети чындап эле бар сыяктуу. Ал алдыдагы келе жаткан президенттик шайлоого байланыштуу болуп турат. Парламенттик шайлоодо озуп келген "бөлтүрүктөр", өзүлөрү айткандай "карышкырга" айланып, президенттик шайлоодо жеңишке жетүүнү көздөгөнү жашыруун эмес. К.Ташиевдин бир убакта "мен президенттик шайлоого катышам, жеңем, президент болом" деп айтканы да бар. Анан алардын мындай амбициялуу пландары ишке ашуусу үчүн, албетте, таасирдүү атаандаштардын жок болгону жакшы. К.Ташиев деги эле "атажуртчулар" үчүн административдик ресурстун баарын колго кармап турган өкмөт башчы А.Атамбаев өтө таасирдүү атаандаш. Андыктан, А.Атамбаевди ээрден оодармайынча шайлоого аттануу өтө эле опурталдуу болуп жатпайбы. Мындай жагдайда жеңишке жетүү чындыгында эле кыйын. Өткөн шайлоодон катуу сабак алган "Кабылан" бу сапар Бакиевдин ыкмасына түшүп, административдик ресурсту ашкере колдонбойт" деген кепилдик жок. Анүстүнө бу ирет оюн да оңойго турбачудай. Астыдагы шайлоого катышкан талапкерлердин ар кимиси, бери дегенде 50 млн. доллардын тегерегинде каражат сарптары айтылууда. Эгерде, К.Ташиев чындап эле шайлоого катыша турган болсо, анда, негизги атаандаштарына азыртадан тиш салары турган иш. Болбосо, курулай акчаны сапырып не керек?
"Атажуртчуларды" ээрчитип, коалициядан чыгып, өкмөттү отставкага кетирген соң "Ата Мекен" (Ө.Текебаев, башкаруучу коалиция лидери болуп), "Ар-намыс" (Ф.Кулов, өкмөт башчылыгын алып), "Ата-Журт" (А.Келдибеков, спикерлиги менен калып) фракциялары башкаруучу коалицияны курап, "мени өкмөт башчы кылсаңар, президенттикке чыкпайм" деп жаткан Ф.Куловду өкмөт башчысы кылып калтыруу бардыгы үчүн өтө ыңгайлуу болуп тургандай. Ошондон кийин, аттан оодарылып, административдик ресурстан ажыраган "Кабылан" менен кармашууга неге болбосун? "Бул "бөлтүрүктөр" президенттикке аттанат" деп айтылып келе жаткан Ахматбек Келдибековго, Марат Султановго, Камчы Ташиевге да, айтор, кимисине болсо да ыңгайлуу эмеспи. Коалицияны ыдыратып, негизги атаандашты аксатуу, өкмөттү кайра түзүү, министрликтерге өз адамдарын отургузуп, ресурстарга ээ болуу, албетте, "Ата Мекен", "Ар-намыс" фракцияларынын да шайлоодогу шансын жогорулатат. "Ата-Журт" мурунку алгандары менен калып, "Ар-намыс" менен "Ата Мекен" КСДП менен "Республиканын" энчисин бөлүп алышса болбойбу? Ал эми КСДПнын негизги өнөктөшү болуп эсептелген "Республика" фракциясы кандай позицияны карманат? "Кабылан" менен акырына чейин бирге туруп колдоо көрсөтөбү же өз жолун таап кетеби? Буга чейин бир жолу КСДПны таштап баса берген жаш көпөс, "Кабыландын" көчүгү ээрден кыйшая баштаса кантээр экен? Түштүктөн чыккан депутаттары "Ата-Журттун" филиалына айланып, түндүктүктөрүн Роза Акназарова айдап алган "Республика" фракциясынына депутаттыгын өткөзүп берген Өмүрбек Бабановдун абалы да анча эмес. Деген менен, ал дагы майлуу жерлерге көз артып, шайлоо алдында ресурс топтоого жандалбастаганы байкалууда. Анан эми, минтип өкмөт оошо турган болсо кантет? "Республикачыларга" тийген орундарды коргоого чамасы келбей, "үч-А"га салып берип, өз кара башынын айласын кылып, Ф.Куловдун колуна өтүп, эптеп отурган ордунда калып, кийинки шайлоону эңсейби? Же, бала баатыр тобокелге салып, аламанга өзүнчө аттанар бекен?
Айтор, азыркы кырдаалда фаворитти мүңкүрөтүүгө Ким да болсо кызыкдар экени талашсыз болуп тургандай. Айрыкча, мындай жагдай (негизги атаандашты тизеге чабуу) парламенттен сырткары күчтөргө: "Акшумкар", "Акыйкат", "Бүтүн Кыргызстан", "Замандаш", "Мекен ынтымагы" ж.б. үчүн да оңтойлуу болуп, өлкөдөгү негизги саясый күчтөрдүн баары, өкмөттү кайра түзүүнү самап тургандай. Эки тизгин бир чылбырды колго алганы эки айдан аша элек Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Атамбаев, жыртык-тешик казынанын камын жегенге шайы келбей жатканда, минтип саясый оюндар алагды кылып, айласы куруп турган кези. Азыркыдай кыйын кырдаалда А.Атамбаевдин негизги таянычы КРнын президенти Роза Отунбаева болуп турат. Орто жолдон эски партиясына жан тарта койгон эжеке да ашыкча опурула коем деп, "катуу саясатташып, калыстыктан тайды" деген кепке калып, чабуулдун объектисине айланып отурат.
Айрыкча, "Ата-Журт" фракциясы коалициядан чыгып, өкмөттү таратып, А.Атамбаевди бийлик башынан кулатса, Түндүк-Түштүк болуп жарылуу чоң чатакка айланары айтылууда. "Бөлтүрүктөрдүн" мындай көмүскө аракеттерин "Кабылан" байкабай атат деген да калпыстык болор. "Атажуртчулардын" аңгекке тыгып кетүү планына "Кабылан" кандай жооп кайтарат болду экен? "Атажуртчулар" Бакиевдин куйруктары, жаз менен Акүйдөн кууйбуз" деп, ээлигип жүргөндөрдү, курултай-сабантуй дегендерди колго алып, согумун берип, мамиле түзө баштаганына караганда, "Кабылан" да оңой менен алдыра койбочудай. Айтор, азыркыдай криминал менен күрөш башталып турган заманда, ар кайсынысында жоон топ автоматчандары бар партияларыбыз кагылышып кетсе, жарандык согуш башталып, мүшкүл жалпы элдин башына түшүп, тажиктердей болуп калбайбызбы? КСДПнын Чүй боорундагы күйөрмандары, "эгер "атажурчулар" Кабыланды "кидайт" этсе, оштуктар таарынбасын, Кетмен-Төбөдөн ашыра сүрүп, Таш-Көмүргө пост коюп, аркы даана сарттардын колуна салып беребиз" деп опурулгандары да угулууда. Анан эми бул дөө-шаалардын так талашы кандай аяктайт? Бийлик талашуу акыры барып жарандык кагылышууларга айланып, бейкүнөө адамдар жапа чекпейби? Чуру-чуу түшүп жүрүп, мамлекеттүүлүгүбүздөн айрылып калбайбызбы (?) деген санаркоо күч боло баштады.
Ошентип, алдыда келе жаткан аламандын (президенттик шайлоонун) жел ыргагы эмитеден эле сезилип, күлүктөрдүн туягы тыбырап, коом жиктеше баштагандай. Кыкеңдерди канча аракет кылып 150 партияга, оң, сол, ичкилик деп бөлгөнгө аракет кылсак деле, акыры барып эле баягы, көнүмүш Түндүк-Түштүк деген оорубузга кабылат экенбиз. Мына азыр деле, "атажуртчулар" менен Адахан Мадумаров, же дагы бир Түштүктүн талапкери, айтор экинчи турга ушулардын кимиси чыкса ошол жеңет, Түндүктөн экинчи турга чыккан жеңилет, анткени, түштүк электораты 60 пайызды түзөт (!) деген кептер чыгууда. Түндүк-Түштүк маселесин курчутуп, элди бөлүп-жарып, чатак чыгарганга аракет кылып жаткандар толтура. "Айла кетип, жеңиле турган болуп баратсам, чатак чыгарып болсо да максатыма жетейин дегендер чыкпайт" деген кепилдик жок.
Коомчулук болсо, жогору жактагылардын саясат менен алектенип кеткенин жактырган жери жок. "Экономикалык абал оор болуп жатканда, жаңы бекиген өкмөткө жок дегенде алты ай мүмкүнчүлүк бериш керек" деп ашыкча саясатташууну колдогондор жокко эсе. Бирок эми, парламенттик республика деген ушундай болот экен. Реалдуу саясый атаандашуу жүрүп жатат. Сен кече эле отурбадыңбы, бир жылча, тоюнуп алганыңча күтө турайын дебейт экен. "Жаңылдыңбы, жаздыңбы, бүттү, керт башың менен жооп бер, эч ким сени эркелетип отурбайт" деген заман келиптир. Көнүшүбүз керек ушуга. Жеке адамдын бедели эмес, мыйзам менен жашаганга үйрөнүшүбүз керек. Өкмөт күндө алмашып жатса да, былк этпей мыйзам менен жашай берели дешибиз керек. Акыры барабыз, жетебиз ошого, дүйнөдөгү парламенттик өлкөлөрдүн баары ушу жолду басып өтүшкөн.

Сабыр МУКАНБЕТОВ