Эл түркүгү

Ташкул аке...

Ысык-Көл облусундагы "Аалам-Ордо" маданий-этнографиялык борборунун базасында 30-августтан 5-сентябрга чейин Эл аралык түрк оюндары өтөт. Бул тууралуу коомдук ишмер Ташкул Керексизов үстүбүздөгү жумада "АКИ press" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул мелдеш - спорттун эски, салттык түрү боюнча биринчи эл аралык мелдеш болуп саналат жана бүткүл дүйнөлүк телеканалдарда түз трансляция аркылуу чагылдырылат.
Мелдеш спорттун 5 түрү боюнча жүргүзүлөт: көкбөрү, оодарыш, тыйын эңмей, байге жана күрөш. Ал эми оюнга түрк тилдүү өлкөлөрдүн бардык өкүлдөрү чакырылат. "Биз азырынча мелдешке канча мамлекеттен, канча команда, канча оюнчу келерин так айталбайбыз. Муну Маданият жана маалымат министрлиги, Спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте чечебиз" - деди ал.
Т.Керексизов белгилегендей, таймашта спортчулар 6 комплект медалга ат салышат. Ал эми мелдеш өтө турган жер 100 миң мейман катыша тургандай кылып пландалган.
"Мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар мурда өкмөттүн демилгеси менен өтүп келген болсо, бүгүнкү күндө эл өздөрү демилге кылууда. Биз карапайым эл менен биргеликте казак туугандардын жардамы менен өткөрүүнүн аракетин көрүп жатабыз. Өлкө башчылар кайдыгер карабай, колдоо көрсөтөт деген ишенич бар" - деп айтты ал.
Казакстандык "Адал Азамат" фондусунун вице-президенти Ерлан Сержан уулунун айтымында, түрк оюндарын Кыргызстанда өткөрүүнүн эң негизги максаты - өлкө кыйын кырдаалда турганда эл аралык өкүлдөрдүн катышуусунда чоң той өткөрүү. "Бул той элдин биримдигин, ынтымактуулугун, эл аралык достук мамилелердин чыңдалышына өбөлгө түзөт" - деп белгиледи Е.Сержан уулу.

"Баракелде"

Р.S. Эсиңерде болсо, былтыр Ташкул Керексизов 7-апрелде шейит кеткен 87 баланын арбагын сыйлап, алардын кыркашын "Аалам-Ордодо" өткөргөн. Ал эми быйыл Ташкул аке ошол 87 баатырдын ашын өткөрүүгө камылгасын баштаптыр. Мындан сырткары, аз күн мурун премьер-министр Алмаз Атамбаев Ысык-Көлдүн акесин кабыл алып, ак калпак кийгизип, үстүнө чепкен жаап, колуна камчы карматып, астына ат тартуулаптыр. Баракелде! Ошондой эле А.Шаршенович Эл аралык түрк оюндарын өткөрүүгө жардам берерин убада кылыптыр.




Арабдардан башталган толкун Азияны каптайбы?

Хосни Мубарактын режими кулаганына байланыштуу Каирдин Тахрир аянтындагы элдин кубанычы Батыш Европадагы коммунисттик режимдер кулатылган 1989-жылды эске салат. Бирок, мурда Советтер Союзунун курамына кирген көп өлкөлөрдө демократия эч качан терең тамыр жайган эмес. Эми аларга Тунис менен Египеттеги көтөрүлүштүн өртү капташы мүмкүнбү?

Айрымдары азыртан эле кескин божомол жасап киришти. Польшанын Тышкы иштер министри Радослав Сикорский декабрда оппозициянын нааразылык акцияларын кууп тараткан Беларустун президенти Александр Лукашенкого "эртедир-кечтир сиз да качасыз, анан сизди өз элиңиз куугунтукка алат" деп эскертти.
Казакстандын авторитардык президенти Нурсултан Назарбаев мурдагы советтик Орто Азияда алдын ала саясый бурулуш жасады. Ал өзүн 2020-жылга чейин бийликте калтыра турган референдумдан баш тартып, анын ордуна быйыл апрелде мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоо тууралуу жарыя кылды.
Коңшулаш Тажикстанда өткөн жумада оппозициялык исламисттик топ Эмомали Рахмондун өкмөтүн сынга алды. Жогорку даражалуу партиялык кызматкерге кол салуу болгон соң, ал "мамлекеттин авторитардык башкаруусун, коррупциянын күч алышын жана диний, саясый укуктардын басмырланышын" айтып даттанып чыкты.
Тунис менен Египеттеги окуялардын мынчалык тез жана чукул мүнөздө өнүгүшү "араб толкуну" постсоветтик аймакты каптабайт" деп тыянак чыгаруу акылсыздык экенин көрсөтүп турат. Бирок, мурдагы советтик республикалардын эли 2003-2005-жылдары болгон "түстүү ыңкылаптардын" дагы бир айлампасына тартылып, көчөгө чыгарына анча ишендирбей турган жагдайлар бар.
Биринчиден, "түстүү ыңкылаптар" ар кандай натыйжаларга алып келди. Украина менен Кыргызстанда баары кайра эле мурдагы ордуна келгени байкалган, бирок экинчи көтөрүлүштөн кийин Кыргызстан эми парламенттик башкаруунун экспериментин башынан өткөрүп жатат. 2003-жылы Грузиядагы "жоогазын ыңкылабынын" башында турган президент Михаил Саакашвили жүргүзгөн реформалары үчүн мактоого татыгыдай болду, бирок, каршылаштары аны өтө эле "жаасы катуу" деп доомат артышууда.
Экинчиден, мурдагы советтик башчылар көп учурда элге да жагат. Орусиянын азыркы премьер-министри Владимир Путин сыяктуу эле, Лукашенко менен Назарбаев да көпчүлүктүн колдоосуна ээ, бирок, алар оппозицияны алсыратып, бөлүп-жарып турган маалымат каражаттарынын жана коопсуздук кызматтарынын ийкемдүү ыкмаларын пайдаланышат.
Советтик системаны эске салган Лукашенконун системасындагы тынч жашоо, жумушсуздуктун аздыгы жана айлык-пенсиялардын тиешелүү деңгээли белорустардын көбүнө жагат. Бирок, ал мунун баарын белорус товарларына кардар таап берип, арзан энергия менен камсыз кылган Орусиянын эбегейсиз чоң субсидияларынын эсебинен гана камсыз кыла алат. Лукашенконун саясый өмүрү биринчи иретте Москванын берешендигинен көз каранды.
Мунайга бай Казакстанда Назарбаев эл ичинде мурда-кийин анча байкалбаган мамлекеттүүлүк сезимин бекемдеш үчүн кыйла сабаттуу авторитаризмди колдонуп, базар шартына ылайык реформа жүргүзүшү өлкөгө 150 миллиард доллар өлчөмүндө чет элдик инвестицияларды алып келген.
Ошого карабастан, бийликти башкага өткөрүү маалы келгенде, айрыкча, аны укумдан- тукумга калтыргысы келген башчылар үчүн коркунуч келерин Египеттин мисалы даана көрсөттү.
Буга өтө окшош жагдайлар мусулмандашкан Борбор Азияда көп, анткени, ал жерде карып бараткан өлкө башчылары жандоочтук телекөрсөтүүнү жана "Twitter" порталын көрүүгө жетишкен жаштардын көбөйүшүнө туш келүүдө.
70 жаштагы Назарбаев бийликти колдон-колго өткөрүү маселесине эмитен эле туш болду. Жакында көтөрүлгөн референдум тууралуу демилге бийликти, анын кыздарынын бирөөнө өткөрүп бериш үчүн убакыттан утуу максатында иштелип чыккан экен. Анын ордуна эми баарын таң калтырып, референдумда эмес, шайлоодо утуп чыгарына ишенген Назарбаев демократиянын сырткы сыпатын калтыра турган мүмкүнчүлүк алууда.
Дүйнөдөгү эң начар автократиялык өлкөлөрдүн бири болгон Өзбекстанда 73 жаштагы Каримов башкарып турганда, 2005-жылы Анжиянда жүздөгөн кишинин башын жуткан көтөрүлүштүн кантип басылганын эстеген кишилер оңой менен нааразылык акциясына деле чыккысы келбейт.
58 жашка чыкса да, кыйла сергек көрүнгөн Рахмон Тажикстанды башкарып турат, ал жакта да 1992-97-жылдары болгон жарандык согуштун тагы ушундай эле таасир калтырышы мүмкүн.
Владимир Путиндин өз рейтинги да, президент Дмитрий Медведевдин рейтинги да мурдагыдай эле жогору. Ошого карабастан, пенсия менен социалдык чыгашалардын кескин көтөрүлүшү азыркы учурда мамлекеттик бюджеттин тең салмактуулугун камсыз кылыш үчүн бир баррель мунайдан кошумча 100 доллар талап кылууда. Элдин турмуш деңгээлин көтөрүш үчүн азыркы бийликте турган тандемге былтыркыдай 4% эмес, алда канча көбүрөөк өсүш темпи керек болот.
Баары биригип "Кремль жана Компания" ишканасын түзгөн саясый жетекчилер менен мамлекеттик ишкана башчылары өзүнүн азыркы жайма-жай жашоосуна зыян келтирүүнү каалабайт. Демек, Тахрир аянтындагы окуялар аларды Орусияда мыйзамдын үстөмдүгү жана экономиканын жаңыланышы зарыл экендиги тууралуу ойлорго алып барышы мүмкүн.

Нил Бакли
"Financial Times",
2011-жылдын 15-февралы
Которгон - "Zpress.kg"