"УЧУРдун" көмүскө кожоюну жок! "Фабула" басылмасы "УЧУРдун" көмүскө кожоюндары Ташкул Керексизов менен Элмурза Сатыбалдиев" деп балп эттириптир. Эми башка жагынан шыбап ийсе унчукпай деле коймокпуз, бирок, жалпы гезиттин атына сөз тийип аткан соң, катачылыкты түзөп койбойлубу? Ташкул аке менен Элмурза мырза эч кандай "УЧУРга" тиешеси жок, болгону башкы редактор менен түз мамиледеги адамдар. Бул жагын "Фабуланын" көмүскө кожоюну Рыскелди Момбеков досубуз да эң жакшы билет. Андыктан, окурмандарга көшөгөнүн артында эч ким жашынып турбаганын билдирип коелук!.. "Дос элек коон эккенде..." Өкмөт башбаканы Алмаз Атамбаевдин "эски малдын көзүндөй" досу бар болчу. Туйгуналы Абдаримов аттуу. Алмаз мырза бу жигитти ар дайым колдоп, кызматтан-кызматка сүрөгөнүн билчүбүз. Жалган дүйнө оомал-төкмөл эмеспи, бир кезде кайран Туйгуналы туйгундугун көрсөтүп (досун укпай), Курманбек Бакиевдин короосуна кире качкан эле. Корея өлкөсүнө элчи болуу менен "куйрук" түйүп. Ушунакай кадамына КСДП лидери нааразылыгын билдиргени эсибизде. А бүгүнчү? А.Шаршенович бийликтин чокусуна чыкканда, Т.Абдраимов кызматсыз калганына капаланып, "досум, дос элек коон эккенде, не болду бозо сүзгөндө?" деп, жер муштап атыптыр. Анан калса А.Атамбаевдин бийлигинин кулашын санап, түш жоруп атканы да жашыруун эмес. Кыязы, Тукебиз катуу таарынган көрүнөт, ак көңүл Алмаз байке сатып кеткен Тургунбек Кулмурзаевди деле кечирген, мунусуна деле "устукан" ыргытып коер... Көкбөрү кумарына канбаган "атажуртчулар" Ар жуманын жекшемби күндөрү Курманбек Бакиевдин мурдагы "акжолчу", азыркы "атажуртчу" депутаттары Сокулуктун түндүк тарабына эл чогултуп, ат чаптырып, улак тартышканын койбоду. Барган сайын эле буларың ураандашып, көк түтүн буу чыгарышып, көкбөрүнүн кумарына ой-да батышканы жанды кашайтууда. Азыр жаз жакындап, күздүк эгиндер кылтыя баштаганда, "атажуртчулардын" улак тартышмайы күчөп, айдоо жердин тамтыгын чыгарып атышса да, "кой" деген кожо жок! Ой, жергиликтүү жоон билек жигиттер жокпу (?), эгин талааны тыттырбай сактап калганга... Прокурордун күлүк аты жан берди Сүлүктү шаарынын прокурору Жуманазар Асатов "Сүлүктүкөмүр" ишканасына "крыша" болуу менен байыганбы (?), айтор, кымбат баадагы асыл тукум аргымактарды топтогонго куштар экен. Жакында 15 миң долларга алган күлүк аты өлүп калып, прокурордун маанайын кыйла түшкөнү маалымдалды. Дегеле соңку убактарда Сүлүктүнүн чоңдору Ж.Калакулов, Ж.Асатов, Р.Назаров өңдүүлөр жаңы бийликтин күчү Баткен облусуна жете электей тайраңдашканын айтып түгөтө албагандар бизге чейин келишти. Буларды тескеп, ишин иликтеген мамлекеттик органдар жокпу ыя? Ш.Б. пул эңсегенде сотко береби? Жаза аткаруу башкармалыгынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков былтыр гезитибизди сотко берип, 30 миң сом өөнөп кеткен. Быйыл да кур жатпайын дегениби, айтор, бизге чыккан макалага чычалап, "УЧУРду" дагы сотко бергенин билдиришти. Азырынча сотко оозеки түрдө кол булгагандай кылышты, а расмий чакыруу келе элек... Аба майдан арак эмес, өй! Коалициялык өкмөт бийлик бөлүшө келгенде "Манас" эл аралык аэропорту "Республика" партиясына тийиптир да. Өткөн аптада ал орундан Болот Абдырахманов ыргып, Эрик Шайдинов аттуу "республикачы" ээрге конуп отурат. Бу жигит "Аю", "Продкорпорация" сыяктуу ишканаларда арак чыгарып, сатып, анан акча санаганды гана үйрөнгөнүн билебиз. Тажрыйбасы аэропортту башкарып кетүүгө жетеринен күмөнүбүз бар. Себеби, бул тармакта иштеп көргөн эмес да. Эми караң, адистигине төп келбесе да, жооптуу кызматты аркалап отурат. Деги мамлекеттик кызматты башкарууда ырааттуулук болбой калганы өкүндүрөт. "Партияга бөлүнгөн" деп эле удургуп, профессионалдуулукту карабай калганыбыз ишти өлтүрөрү шексиз. Бу не жорук? Эл аралык байланышты камсыздаган аба майданын арак саткан киши тейледи дегиче шорубуз катпайбы? Кызыктын баары али алдыда көрүнөт... "Кошелектун" чөнтөгү жылан сыйпагандай... Мурдагы сандарыбызда "Кошелек" атка конгон Мурат Малабаевдин Кыргызстанга келгенин, саясатка аралашууга ниети бар экенин кыйытканбыз. Тилекке каршы, "Кошелектун" чөнтөгүндө пулу тартыш экен. Неге? Бат эле изилдей койдук. Ал Бажыканадан (Аскар Акаевдин тушунда) "особо" тапкан байлыктарын аялына каттата берип, өзүнө жылан сыйпагандай эч нерсе жаздырбаптыр. Эми ошол байлыктарына ээ боло албаганын байкатып атпайбы, жарыктык киши! Анан кантип Бакиевдин бөлтүрүктөрүнө "Крестный отец" болот? "Республика" менен "Ар-намыстын" ичи тынч эмес "Республика" партиясынын ичинен ынтымак кеткени сыр деле болбой калды. Негизги күчтүү топ катары Алтынбек Сулайманов баштаган түштүктүк тың чыкмалар болсо, экинчи тарабы аркалыктар болуп бөлүнгөнүнө таң каласың. Тар кызыкчылыкты көздөп, шайлоо үчүн түзүлө калган партиянын өмүрү узарбасын жакында билесиңер. Баса, "аркалыктар" деп тергегендин артында Канат Исаев турары маалым. Бу жигит жеке эле партиянын бир бөлүгүн чойбостон, "атажуртчуларга" да кыр көрсөтүп, парламент ичиндеги "уюшкан топ" курууга да белсенгендей. Курулай улутчул, "хапуга" кесиптештерине таканчык берген да Канат мырза... Ал эми "Ар-намыс" партиясынын ичи дагы ыйкы-тыйкы, Акылбек Жапаров президенттик шайлоого чыгууга тымызын жан үрөп, партия ичин бөлгөнгө даяр экени байкалууда. Ошентип, азырынча эки партиянын ичиндеги ит тартыш ыдыроону көздөгөндөй... Дагы жаз менен "парламенттик согуш" күч алып, өздөрүн-өздөрү "капут" кылары ачыктала баштады. Бекен Назаралиев жайлап кетиптир... 2010-жылдын соңунда журналист Бекен Назаралиев качып кеткен президентке барып, кенен-кесир интервью алып келген. Курманбек Бакиевдин ал маеги "Жаңы Ордо" басылмасына чыгып (көп нускада), өзгөчө Түштүк регионуна тарап кеткенин билебиз. Кызыгы, гезиттеги экс-ажонун маеги Түштүктөгү Ош-ТВ, 7-канал аттуу телеберүүлөрдөн окулуп, резонанс жаратыптыр. Карапайым көрөрмандар "Оме-ей, Бакиевдин күнөөсү жок экен да, мына, өзү айтып атат го... Энергетиканын сатылышына, кымбатташына Данияр Үсөнов күнөөлүү турбайбы..." дешип, көпчүлүк катмар тескери бурула баштаптыр. Калемдин күчү деген ушул, Бекен акага баракелде! Акыры-ын жүрүп жайлап кетиптир... А.Муйбиллаев кимдерге пул берген? Өткөн жылдын соңунда Каржы полициясынын экс-жетекчиси Акимжан Муйбиллаев Кыргызстанга келип, кызын турмушка узатып, дүңгүрөгөн той берген эле. Бу жоругун уккандар таң калышкан, себеби, Акимжан 7-апрелден кийин Утурумдук бийлик тарабынан издөөгө алынган болчу. Анан камалмак тургай, мына минтип той берип, дооран сүргөнү Кудайга жагабы? Көрсө, кептин баары биякта жатыптыр да. Жакында эле А.Муйбиллаев санаалаштарына "пулуң болсо кулуңмун" дегендерди таамай белгилеп, "калбырынан" кантип кутулганы боюнча мактаныптыр. Бу "оендун" төш какканына караганда, акча берүү менен кылмыш ишин жаптырып койгонбу? А пулду кимдер бөлүшкөн? Суроолор көп. Таңгөрү, баягы эле Утурумдук бийликтин мүчөлөрү болуп жүрбөсүн?.. Тфу! Айкырчаак депутат дейби? Ың-жыңы билинбей жүрүп эле "Республика" партиясынан депутат болгон Назар Ариповдун кемчонтой жоруктары чыга баштады. Соңку убактарда Назар ака агасы Тиллаберди Ариповду Лейлек районуна аким кылууга чуркап, "атажуртчулардын" кареги менен тең айланып (себеби, Баткен облусу ташиевчилерге "устукандалган"), тердеп-кургап жүргөн кези. Эске сала кетсек, 7-апрелден кийин Тиллаберди эл тарабынан ошол эле ордунан куулуп чыккан. Эми кайра бакиевчилердин доораны келгенде кызматка жулунган кербезиби?.. Ал эми депутат Н.Арипов өткөн 7-февралда кабинетинен мас болуп, айкырык салганын жүрөгү түшкөндөр айтууда. Таңгөрү, өнөрү күч го! Мындай түрү менен боюнда бар келиндерди кокустатып койбойбу?.. |