Ырыскыбызды жедирбейли МЕГАКОМ: сиз экөөбүздү кантип алдап келишкен? Ушу тушта Кыргызстанда чуу болуп жаткан Мегакомдун таржымалынан кепти баштайлы. Колунда уюлдук телефону бар кыргызстандыктар чынында чөнтөгүнөн канча акча кайсы жактарга, же кимдердин жыргал жашоосуна кетип жатканын элес албайт чыгаар. Азыр бул компанияда туш тараптан иликтөө башталды, анын алгачкы жыйынтыктары миллиондогон долларлар чет жактарга, ким бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жатканын көрсөттү. MegaCom - бул "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун (ЖАК) бренддик аталышы. Ал Кыргызстандын телекоммуникациялык рыногундагы GSM 900/1800 стандартындагы уюлдук кызмат көрсөтүп жаткан кыргыз-орусиялык компания болуп саналат. Өлкөнүн калктуу аймагынын 90 пайызын жапкан компания дээрлик 2 млн. абонентти тейлейт. Бу жердеги көрүнүктүү компаниялар, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик структуралар, дипломатиялык миссиялар - Мегакомдун кардарлары. Компаниянын корпоративдик кардарларынын саны эки миңден ашык жана тынымсыз өсүү үстүндө жана Кыргызстандагы эң ири он салык төлөөчүнүн катарына кирет. MegaCom - сапаттык менеджменти жагынан эл аралык сертификация алган Кыргызстандагы бирден бир оператор болуп саналат. Аны менен катар бизнес башкаруу боюнча заманбап талаптарга төп келет. Компаниянын өлкө боюнча 1065 базалык станциясы бар, 6 500 сатуучу түйүнү, 8 ири тейлөө борбору жана 6 фирмалык салону иштейт. Компаниянын командасы өз тармагы боюнча устат саналган кесипкөйлөрдөн куралган жана Кыргызстанда эң ири иш берүүчүлөрдөн болуп эсептелет. MegaCom кайрымдуулук озуйпасын да көтөрүп, үйбүлөлүк типтеги "Нурмээайса" балдар үйүнө, башка алты коомдук уюмга колдоо көрсөтөт. Андан сырткары, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана спорт чөйрөлөрүндө демөөрчүлүк иштерди аткарат. Эми, азиз окурманым, сиз экөөбүздүн эсебибизден жылына миллиондогон акчаларды тапкан бул компаниянын толтура кирешесин кимдер кандай жолдор менен "саап", сыртка чыгарып кетип, бекер жана майлуу "сүткө" маарып келгенин айтып берели. Акыркы териштирүүлөр Мегакомдон түшкөн акча каражаттарын "саап" алуу боюнча бир катар схемалардын бетин ашкереледи. 10-февралга карата, маселен, "Мегаком" компаниясынан - "Альфа Телеком" ЖАКтан - "БиМоКом" жоопкерчилиги чектелген коомуна (ЖЧК) жана "MGN Asset Managment" ААК компаниясына акча каражаттарын чыгарып кетүү амалдары аныкталды. Эми ошол сиз экөөбүздүн акчабызды ашыгы менен кантип соруп жаткан механизмдерди чечмелеп берели. o Аванс төлөмдөрүнүн карталары (АТК) аркылуу акчаларды чыгаруу механизми 2009-жылдын 1-сентябрында "БиМоКом" ЖЧК компаниясы, ар кайсы маалыматтар боюнча, Максим Бакиевге таандык "Маркетинг коммуникациялары" ЖЧК компаниясы менен № 0052/у келишимин түзөт. Анда 221,79 миллион сомдук аванс төлөмдөрүнүн карталарын (АТК) сатуу каралган, бул сумма АТКнын номиналдык наркынан 40 пайызга ылдый болгон. Чынында АТКнын номиналдык наркы 363,79 миллион сомго тете болуп саналат. Бирок, АТК тууралуу маалымат "Альфа Телеком" ЖАКтын Биллинг системасында катталат. Өз кезегинде "Маркетинг коммуникациялары" ЖЧКсы өлкө абоненттерине, мындайча айтканда, сиз экөөбүзгө АТКны рынок баасы менен сатуудан жана өзүнө турган наркын 40 пайызга көрсөтүү аркылуу эбегейсиз пайдага туйтунушкан. Ал эми "Альфа Телеком" ЖАК АТК маалыматы үчүн акы албай калган. "Альфа Телеком" ЖАКтын жетекчилиги эч кандай юридикалык негизи жок туруп, "БиМоКом Лтд" ЖЧКнын пайдасына акча каражаттарын которуп келгенин өзүңүздөр байкадыңыздар. o Ишенимдик башкаруу механизми аркылуу акчаларды чыгарып кетүү схемасы 2009-жылдын 9-сентябрында "Альфа Телеком" ЖАКтын жетекчилиги "MGN Asset Management" ААК менен, атап айтканда, анын баш директору М.Фокс-Рабиновичтин колу аркылуу активдерди ишенимдик башкаруудагы универсалдык келишим түзгөн. Бул келишим "Альфа Телеком" ЖАКтын ишенимдик башкарууга өткөрүлгөн акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын башкарууну көздөйт. 2009-жылдын 1-декабрынан 2010-жылдын 15-январына чейин ишенимдик башкарууга 1 млн. АКШ доллары берилген. Ишенимдик башкаруудан түшкөн пайда бар болгону 1100 долларды түзгөн?! Ошол эле учурда ишенимдик башкарууга берилген акча каражаттары - бир миллион доллар - кайтарылган эмес! Ушундан эле сиз экөөбүздүн эсебибизден кандай гана кыянатчылык менен жыргап келишкенин көрсөк болот. Жогоруда баяндалган фактылар тартип коргоо органдарына өткөрүлүп, бардыгы тергелип, иликтенип, жооптуу адамдар жазага тартылат деп ишенебиз. Айтор, бул механизмдер аркылуу гана "Альфа Телеком" ЖАКтан баш-аягы 9 миллионго чамалуу АКШ доллары чыгарылып кеткен! Азыркы кезде "Альфа Телеком" ЖАКтан "БиМоКом Лтд" ЖЧКнын пайдасына чыгарылып кеткен 165 миллион сомдун таржымалы иликтенип жатат, ал бүтөрү менен кабарлайбыз. |