Демократия аралында

Төлөйкан Исмаилова, "Жарандар коррупцияга каршы" уюмунун төрайымы:
"Мелис Мырзакматов бизди коркуткан"

Ош коогалаңы чыккандан кийин укук коргоочуларга, өзгөчө Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасуловага нааразы болуп, күнөөлөгөндөр көп. Биз мына ушунун негизинде "Жарандар коррупцияга каршы" уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаиловага кайрылып, ой-пикирине гезит бетинен орун бердик.

- Өткөндө сиз жетектеген "Жарандар коррупцияга каршы" уюму бийлик башында тургандарга карата кайрылуу жолдоду. Анда көмүскө бизнеске каршы иш баштоо демилгесин көтөргөн экенсиздер. Буга эмне себеп болду?
- Ушу күндө жарандарыбыз коррупциядан, жакырчылыктан, маалымат албагандан жүдөп турат. Улуттук бюджет - бул адамдын жүрөгүндөй. Ал жакшы иштебесе, толук кандуу жашоо болбойт. Тилекке каршы, кайсы тармакты алба, бюджеттен тышкары фонд деген бар. Бүгүнкү аткаминердин баары ошонун эсебинен жан багат. Мисалы, мен 36 саат Борбордук шайлоо комиссиясын жетектедим. Ал жердин бюджетин карап көрсөм, кызматкерлердин маяналары өтө аз экен. Бухгалтер болсо мага бюджеттен тышкары фонддун тизмесин көргөзүп, "сиз төрайым катары каалагандай пайдалансаңыз болот" деди. Ошол замат "балдар өлүп атса, акча жетпесе, минткенибиз жарабайт" деп Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө Боршайкомду реформалоо жана таза шайлоо өткөрүү боюнча 6 талап коюп, кайрылуу жасадым. Бирок, УӨ мүчөлөрү буга реакция кылган жок. Ушундан соң, коррупция гүлдөгөн жерде иштей албасымды айтып, кызматтан баш тарттым. Мындай мисалдарды санай берсең толтура. Ошол эле "Кумтөр" кенинин Кыргызстанга түшкөн акчалары эл аралык, таза стандарттар менен иштебейт. Аткаруу бийлиги ал жердеги көп сырдуу, жашыруун механизмдерди ачыкка чыгарууга кызыкдар болбой атат. Рейдерлик токтобой, Акаев менен Бакиевден калган мүлктөр баягы эле коррупциялык ыкма менен бир ууч аткаминерлердин ич ара талашына түштү. Эң өкүнүчтүү нерсе - криминал саясатка кирип жана үстөмдүк кылып жатат.
Биз мына ушул көрүнүштөрдөн улам, "маалыматтын баары ачык болсун, эл билсин" деп билдирүү жасадык.
- Кепти өзүңүзгө бурсак, Ош коогалаңы чыккандан кийин "өзбектерге жан тартты" деп укук коргоочуларга нааразы болгондор көп...
- Ош окуясынан кийин бир тууганым көпкө чейин таарынып жүрүп, кечээ жакында эле сүйлөшө баштадык. ЖОЖдо иштеген бир кошунам таптакыр эле учурашпай калды. Аялдамага барсам, таксисттер мурдун чүйрүп, салбай койгон учурлары болду. Азыркы күнгө чейин "укук коргоочулар Батыштан акча алат, тыңчы" деген кара пиар токтой элек. Акыйкатчы баш болуп, "туура эмес маалымат берген" деп күнөөлөгөндөр бар. Бул эми алардын жеке укугу дечи. Эң башкысы, биз өз милдетибизди так аткардык. Мен коогалаң чыкканда чет өлкөдө жүргөм. Азиза да Ереванда болчу. Угарыбыз менен баарын таштап учуп келип, жөнөгөнбүз. 13-июндан тарта 30-июнга чейин ошол жерде жүрдүк. Жакындары өлгөн, үйлөрү күйгөн адамдардын улутуна карабай, колдоо көрсөтүп аттык. Аларга гуманитардык жардам кылуусун суранып, эл аралык уюмдарга чыктык. Өкмөт жасабаган ишти биз жасадык. Азыркы бийликтин аман-эсен калышына укук коргоочулардын салымы зор. Биздин аракетибизден улам дүйнө жаңжалды чыгарган карапайым эл эмес, башка күчтөр экенин билди. Ал жерде баары жүрдү да. Криминалы да, кызыкдар күчтөр да. Бизди "өзбектерге жан тартышат" деп жаман көрүшкөн. Бирок, кийин статистика деле 70% өзбек улутундагылар жапа чеккенин көргөзбөдүбү. Бул трагедияны жакшылап иликтеп, мыйзамдуу платформа түзүп, элибизди укуктук жолго салууну эртелетүү керек!
- Улуттук комиссия тополоңдун чыгышына өзбек лидерлери күнөөлүү деген бүтүм чыгарды го...
- Антип бөлбөш керек. Анткени, алар дагы биздин жарандар. Асмандан түшкөн жок да. Башынан эле кыргыз бийлиги аларды шайлоо маалында пайдаланып, саясатка аралаштырып көндүргөн. Болбосо Убактылуу өкмөт Кадыржан Батыровду консультациялык кеңешмеге эмне үчүн мүчө кылып киргизди? Антип от менен ойнобош керек да. "Автономия сурады" деп эле кыра бериш керекпи? Эмнеге муну Конституциянын долбоору каралып жатканда, "мындай болбойт" деп тынч жол менен түшүндүрүшкөн жок? Бир дагы жакшы бийлик адамдын канына татыбайт. 7-апрелдеги окуя да, Ош кыргыны да бизге сабак болушу абзел. Көп улуттуу өлкө болгондон кийин баарына тең караш керек. Биз жөндөн-жөн эле сүйлөй бербейбиз да. Өкүнүчтүү жери, кыргыз жигиттери башкача ой жүгүртөт экен. "Биз кыргызбыз, кыргыз жери кыргыз үчүн" деген сөздүн түбү жакшылыкка алып барбайт. Чет жерде жүргөн мигранттарыбыздын да тагдырын ойлойлу да.
- Июнь окуясынан соң чет өлкөгө кеттиңиз. Ошондо сиздин өмүрүңүзгө чындап эле коркунуч туулду беле?
- Андай коркунуч биз Түштүктө жүргөндө эле башталган. Нариманда тазалоо иштери жүрүп атканда "2 киши каза болду" деп маалымат берсем, бул жактагы журналист 20 деп угуп алыптыр. Биздин кызматкерлер карасуулук милицияны өлтүргөнү үчүн өзбек улутундагы адамдарга карата ок чыгарган. Бул боюнча 16-июлда Ош прокуратурасына чакыртып, "массалык өлтүрүү боюнча жооп бересиңер, туура эмес маалымат тараттыңар, күбө катары сурайбыз" дешти. Оштун мэри Мелис Мырзакматов мени "аркалыксың, түштүктө эмне кылып жүрөсүң, аман-эсениңде кет" деп коркутканга чейин барды. Чындап эл-жер үчүн күйгөн, атуулдук сезими күчтүү адам минтип айтпайт да. Жакын адамдары артыбыздан калбай, баскан изибизди аңдып жүрүштү. Акыйкатчы Турсунбек Акун да түнү бою чалып, коркутуп чыкты. Бишкекке келсем коңшуларым, "сизди белгисиз адамдар издеп жүрүшөт" дешти. Бизде офис-менеджер болуп иштеген кызыбыз француздар менен Феликс Шаршенбаевичке жолугууга барса, ал "криминал заказ берди, сак болсун" дептир. Бирок, кийин ал киши "антип айткан эмесмин" деп танып чыкты. Бул да мен үчүн бир чоң жаңылык болду. Биздин саясатчыларыбыз дале болсо советтик номенклатура менен жабык иштерине көзүм жетти. Ошон үчүн бизге 10дон ашык жаңы муундагы лидер керек.
- 7-апрелдеги окуя боюнча сот болуп атканда Оксана Малеваная, Каныбек Жороев, Нурлан Турсункуловдор чет өлкөгө качып кетишти. Алардын сыртка чыгуусуна ошол кездеги өкмөттө отурган мартабалуу аткаминер менен укук коргоочуларды күнөөлөп атышат. Силердин буга чындап эле тиешеңер барбы?
- Малеванаябы же Жороевби, же дагы башка бирөө болобу, аны система кордоп атса, биз жардам беребиз. Кезинде Бермет Акаеваны 200 спецназ Кеминде курчоого алганда да биз кыйкырып чыкканбыз. Бакиевдин да убагында аман-соо калышына далалат кылганбыз. Эгер аны өлтүрүп койгондо Түндүк-Түштүк ортосунда жаңжал чыкмак. Малеванаяны мен жакшы билбейм, Жороевди сот болгон күнү көрдүм. Биз аларды колунан жетелеп чек арага чыгарган жокпуз. Өздөрү качып кетишиптир, аларды чет өлкө кабыл алды. Алар бизде адам укугу жетиштүү корголбогонун, сот процесси таза, ачык жүрбөгөнүн билгенден кийин башпаанек бере берет.
- Үстүдө Ош окуясынын чыгышына криминалдын катышы бар экенин айттыңыз. Учурда бийлик буларга каршы күрөшүүгө бел байлады. Анын өтөсүнө чыгарына ишенесизби?
- Криминал саясатка 2005-жылы аралашканы маалым. Быйылкы парламенттик шайлоо учурунда да партиялар акчасы көптөргө басым жасап атып, криминалдык лидерлер парламентке кирип кетти. Бүгүнкү бийлик алар менен күрөшөбү, же Азимбек Бекназаровго окшоп, "соодалашуу" менен акчасын алып кое береби, аны алдын ала айта албайбыз. Акча алыш үчүн кармаса анда жыйынтык болбойт. Бийлик кандай күрөшкөнүн сот процессине катышмайын так айтуу кыйын. Себеп дегенде, бүгүнкү күндө ошол кармалган адамдарды биз көргөн жокпуз. Ал тургай терактка катышы бар деп камалган балдардын да абалын биле албай жатабыз. УКМК ушунчалык жабык орган, Кеңешбек Дүйшөбаев мырза милицияда иштеген адам болгондуктан, ал жерге иштиктүү реформа жүргүзө албай жатат. Тез арада УКМК институтуна жарандык коомдун катышуусунда реформа башташ керек. Кыйноо жана мыйзамсыз иштер жабык жерде болот жана ошо институтту башкарган адамдар өз билгенин кылып, тоскоолдуктарды пайда кылат. Эгер бул иште ачыктык болбосо, азыркы президент жана өкмөттүн демилгеси бүдөмүк бойдон калат.

Санжи Туйтунова