Эргеш Мадеминов:
"Баскынчыларга өкмөттүн алы жетпей жатат"

Убактылуу өкмөт, андан кийин келген өкмөт дагы "рейдерлик баскынчылыкка жол бербейбиз" деп какшап келишет. Бирок, иш жүзүндө андай болбой келатканына күбөбүз. Мына ушундай баскынчылыкка Сүлүктүдөгү шахта кени мисал. Окуяны баскынчылардын курмандыгы болуп атышкандардын атынан Эргеш Мадеминов айтып берди.

- Былтыркы жылдын май айында Назаров Раим Сүлүктү шаарынын мэри Жамалдин Калакуловдун, шаардык прокурор Жуманазар Асатовдун жардамы менен Сүлүктүдөгү шахтаны рейдерлик баскынчылыкка алышкан. Ошол учурда Убактылуу өкмөт "рейдерлик баскынчылыкка баргандарга жаза көрөбүз" деп айтканына карабай, алар жазаланбай, тескерисинче, мыйзамдуу жетекчилерге иштөөгө мүмкүнчүлүк беришпей, ушул убакка чейин кенди өз алдынча казып жатышат.
- Раим Назаров деген ким өзү?
- Бул шахтанын мурдагы жетекчиси. Бу киши 2007-жылы "Сүлүктүкөмүр" акционердик коомунун ЭКГ-10 "А" маркасындагы экскаваторун мыйзамсыз түрдө сатып койгондугу үчүн эки жылга колония поселенияга отуруп чыкканын билебиз. 2008-жылы бул киши шахтаны жетектеп турганда Маммүлктүн уруксаты жок, көз карандысыз баа түзбөй туруп, Республика боюнча бирден бир болгон "шагающий" экскаватор деп коет, ошону мыйзамсыз түрдө 33 миллион сомго сатып жиберген былыгы бар. Бул акча шахтанын кассасына алиге чейин түшө элек. Бул жерде негизги акционер Маммүлк, акциялардын 45%ына ээ. Мамлекеттик тоо-кен казууну көзөмөлдөө ведомствосунун "силердин минтип казганынар болбойт, токтоткула" деген каты бар, ошого карабай казып жатышат да.
- Негизи шахтага жетекчи кандай шайланат? Кандай негизде Раим Назаров деген жетекчи болуп отурат?
- Акционерлердин жалпы жыйналышын өткөрүп, ал жыйналыш директорлор кеңешин шайлашы керек. Директорлор кеңеши болсо акционердик коомдун жетекчисин шайлайт. Маммүлк агенттиги "акционерлердин чогулушун өткөргүлө" деп бир нече жолу кайрылган. Себеби, үч жылдан бери мындай чогулуш өтө элек экен. Бир жылдык отчету 2008-жылдан бери бериле элек. Акционерлер отчетун алып, эмне болуп атканын билип турушу керек да. Маммүлк министрлиги менен финансылык көзөмөлдүн катышуусу астында 15-декабрда акционерлердин жыйналышы болмок. Маммүлктүн, финнадзордун өкүлү барды, а тигилер болсо жыйынга катышкан жок. Ошондуктан, жалпы чогулушта кворум болбой калды, себеби, 46,5%ды түзгөн гана акционерлер катышты. Директорлор кеңешинин мүчөсү Жапар Сатаровду маммүлктүн өкүлү Мирбек Жолоковду сабап, башаламандыкка жол беришти. "Бийлик Сүлүктүгө келе элек, бул жерде бийлик жүргүзөбүз, колуңардан эч нерсе келбейт" деп айтышты. Анан 12-январда мыйзамдын чегинде акционерлердин жыйыны өттү. Жаңы директорлор кеңеши шайланды, алар мени жетекчи кылып шайлашты. Бирок, жумушту "баштайлы" деп келгенибизде, өткөрмө-көзөмөл түйүнүнө атайын ички иштер кызматкерлерин дайындап койгон экен, алар бизди камап, сабап салышты. Эки балабыз ооруканага жатып чыкты. Бирөөсүнүн буту сынган, бирөөсүнүн кабыргасы кыйшайган.
- Бул боюнча укук коргоо органдары не деп атат?
- Ошол укук коргоо органдары дагы бул ишке аралашкан да. Эч ким иш козгой албайт. Ошол Мирбек Жолоков дегенди сабап салышканда судмедэкспертизадан өтүп, "мен кызматымды аткарып жүргөн учурда сабап салышты" деп арыз жазды. Бул боюнча укук коргоо органдары эч кандай иш козгогон жок. Себеби, Сүлүктү шаарынын прокурору Жуманазар Асатовдун ошол шахтада "долясы" бар. Анын жашаганы мындай прокурордун жашоосуна окшобойт. Прокурор кызмкаткерлеринин айтымында, бир жылдын ичинде 2010-жылы болгону эки эле иштин бетин ачыптыр. Калгандарын бүт "чөнтөккө" "солоп" бүтүрөт дейт.
- Азыр көмүр казылып жатабы?
- Ооба, ошолор казып жатат. Биз жумушка барсак эле камап коюп жатса, Башпрокуратура шаардык прокурорго "эмнеге кийлигишип жатасың" десе, "мен кийлигишкен жокмун" деп өзүн сүттөн ак адам кылып көрсөтүп жатат. Чынында иш таптакыр башка. Азыр көмүр мыйзамсыз эле казылып, сатылып жатат. Кийин буга ким жооп берет? Назаров Раимбек келгенден бери шахтада өндүрүмдүүлүк 23%га түшүп кетти, өздөрүнүн чыгымдарын 14%га көбөйтүп алышкан. Баткен облустук прокурорунун "Назаров Раим соттолгонуна байланыштуу башкаруучулук кызматта турганга укугу жок" деген протести бар. Аны эч ким көзүнө илген жок. Бул жерде рейдерлик баскынчыларды алып чыгууга бийлик алсыздык кылып жатат окшойт.
- Сүлүктү шахтасында чыр чыкканда "бир жетекчисин белгисиз бирөөлөр уурдап" кетти деген маалыматты уктук эле. Ал кимиси эле?
- Назаров Раимбекке экскаваторду сатып жибергени үчүн финполиция кылмыш ишин козгоп, эки-үч жолу суракка чакырса, ал көрсөтмө берүүдөн баш тартып барбай койгон. Себеби, буларда "баарын акча менен жаап коебуз" деген түшүнүк бар да. Анан Финполиция өзү кармап кетип, кийин кепилдик менен чыгарып коюшкан. Бирок, тергөө жүрүп жатат.
- Шахтерлор иш ташташып, кендин астынан чыкпай койду дегенчи?
- Бул да болбогон кеп. Мына биз ошол жерде болдук. Он чакты тууганын тамак-ашын даярдап берип, калганы качып кетишкен. ЭЛТРдин журналисти ошолордун иш таштоосун тартайын деп барган экен, кендин ичине киргизбей, кууп чыгышты. "Кассетаңды тартып алам, камераңды чаап салам" деп коркутуп. Себеби, ичинде эч ким жок да. Негизи эле тарыхты карасак, шахтачылар "айлык-акыны көбөйт, жашоо-шартыбызды оңдо" деп талап коюп, иш ташташат. "Ушул жетекчи калсын" деп иш таштаган акылга сыйбаган көрүнүш да.
- Бийликтегилерге кайрылып көрдүңөрбү?
- Президентке, премьерге, ЖК спикерине, депутаттарына, Башпрокуратурага кайрылдык. "Эгер биздин өлкөдө мыйзам иштей турган болсо, бул иш жакшы жагына чечилет" деген үмүтүбүз чоң.
- Маммүлктөн башка акционерлер кимдер?
- Раим Назаров 43% акцияга ишеним кат алган болчу, бирок, азыр анын мөөнөтү деле бүтүп калган болуш керек. Андан башка дагы 1%, 2% акциясы барлар бар. Акционердик коом жөнүндөгү мыйзамга ылайык, канча акциясы бар экенине карабай, баары тең укуктуу акционер болуп саналат.

Акыл БАКТЫБЕКОВ




  Коркок, билимсиз Б.Апиловду кабыл албайбыз!

Кыргыз Республикасынын президенти Р.Отунбаевага,
Кыргыз Республикасынын премьер-министри
А.Атамбаевге
Кайрылуу
Урматтуу Президент!
Урматтуу
Премьер-министр!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2010-жылдын 7-апрелинде бүткүл Кыргызстандын эли мурдагы өзүмчүл бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы көтөрүлүп, апрель революциясы көздөгөн максатына жетти. Апрель окуяларынын учурунда Кыргыз эли 86 эр-азаматынан айрылды. Алар элдин мүдөөсү, өлкөнүн эртеңки келечеги үчүн өз өмүрлөрүн беришти. Миңдеген атуулдарыбыз денелеринен жаракат алышты. Элдин каны менен келген элдик бийликти сактап калуу үчүн ушул тапта да Республикабыздын бардык жарандары тикесинен тик турушууда.
Ошол кезде бакиевдик бийлик жана анын жактоочулары өздөрүнүн кызмат орундарын таштай качып, кара баштарын калкалоо менен алек болгондугу жалпы журтчулукка жакшы белгилүү. Алардын бири Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Б.Апилов болгондугун билесиздер. Б.Апиловду эч ким куугунтуктап, кызматтан кетирбесе да, ошол коогалаңдуу 6-8-апрелде кызмат ордун таштай качып, өзүнө ишенип тапшырылган мекемени жана анын кызматкерлерин кароосуз калтырган. Кыйын-кезеңде кызматка чыкпай, телефон чалууларга жооп берген эмес. Ошол күндөрү мамлекеттик каттоо кызматынын имаратын, анын мүлкүн, өзгөчө маанилүү иш-кагаздарды ар кандай ээнбаштардан, мародерлордон сактап калууда аталган мекеменин кызматкерлеринин мээнети зор. 7-апрель күнү кечинде ээликкен адамдардын тобу имаратка кирип келишип, өз билгендерин кыла баштаганда, ошол кызматкерлер алар менен сүйлөшүү жүргүзүп, мекеменин мүлкүн талоонго бербей сактап калышкан. 9-апрелге чейин башчысыз калган мекемени кайтарууга алышып, ошол эле маалда ишти үзгүлтүккө учуратышкан эмес.
9-апрелде каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Б.Апилов өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арызын жазып, бухгалтерия менен эсептешип, айлык-маянасын алып кеткен. Аны эч ким куугунтуктаган эмес. Мындай аракети менен ал өзүнүн коркоктугун, жоопкерчилиги жоктугун көрсөттү. 9-апрелде каттоо кызматына жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Б.Берикбаев дайындалып, иш калыбына келе баштады. Себеби, Б.Берикбаев бул мекемеде 10 жылдан ашуун иштеп, жетекчинин орун басары кызматын аркалап келген. Ал өз ишин мыкты билген, уюштургуч сапаттары менен коллективде мурда эле кадыр-барктуу жетекчи болгондугун белгилей кетмекчибиз.
Азыркы тапта Мамлекеттик каттоо кызматынын жамааты 9 айдан бери кайда жүргөнү белгисиз болуп, эми соттун чечимин көтөрүп келип, кайра мурдагы кызмат ордун талашып жаткан Б.Апиловдун жоругуна таң калып жатат. Өз каалоосу менен кетип калып, эми кайра кызмат үчүн жанталашып жаткан Б.Апиловдун билими да бул жерде иштөөгө жол бербейт. Андыктан, коллектив аны менен иштешүүгө макул эместигин айтып, иш таштоого мажбур болушууда.

Урматтуу Президент!
Урматтуу Премьер-министр!
Сиздерге кайрылуу жолдоп жатканыбыздын себеби, өлкөдөгү мындай башаламандыкка чекит коюп, мурдагы жетекчи Б.Апиловдун пайдасына чечим чыгарган Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, өз ишин мыкты билген, коллективдин колдоосуна ээ болуп жаткан Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Болот Берикбевди өз ордунда калтырууну суранабыз. Өлкөдөгү саясый абалга жамынып алып, элдин үнүн укпаган соттун чечимин кайрадан карап, жетекчини дайындоодо элдин тандоосун канааттандырат деп Сиздерге ишенебиз.

Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо
кызматынын эмгек жамааты