Ыманаалы Саркулов, Шаардык жол кыймылы коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси:
"МАИчи кыздар жагымдуу көрүнөт"

Азыр айдоочулар жолго чыгып атканда "МАИ тоспосо экен" деп тилек кылары бышык. Анткени, эл арасында "МАИчилер каалаган жеринен тосот", "акча алат" деген нааразычылыктар көп. Жогоруда айтылгандардын тегерегинде Бишкек МАИсинин жетекчиси Ыманаалы Саркулов менен маектештик.

-Бишкекте орто эсеп менен 140 миңден ашуун авто унаа бар экени бизге маалым. Борбордун жолдору ошончо унаага тардык кылып атканы байкалууда...
-Борбор шаарыбыздын генералдык планы союз учурунда иштелип чыккан. Андан бери орчундуу деле өзгөрүү болгон эмес. 2005-жылкы каттоодо автонун саны Бишкекте 80 миңдин тегереги гана болчу. Акыркы 5-6 жылда өсүп отуруп, былтыр142 миңге жетти. Баш калаанын жолдору автолорду батыра албай атканы жашыруун эмес. Проблеманын негизги өзөгү машиналардын санынын көбөйүшү.
-Тыгындарды жоюу боюнча кандай иштер болуп жатат?
-Былтыр 24 чакырым узундуктагы 22 көчө капиталдык ремонттон өттү. Бул дагы тыгындарды азайтканга жакшы таасирин тийгизип атат. Баарыбызга маалым болгон Медеров көчөсү мурда Карл Маркс көчөсүнө келип такалчу. Бүгүн ал күн чыгыш тарапка чейин созулуп, Алма-Ата көчөсүнө кошулду. Панфилов көчөсү темир жол аркылуу өткөрүлүп, бир тараптуу болуп ачылууда. Ага карама-каршы каттамды Логвиненко көчөсү камсыз кылат.
-Ош базарынын тегерегиндеги башаламандык качан иретке келтирилет?
-Ошону жоюу үчүн Бишкек мэриясы да, биз да аракеттерди көрүп жатабыз. Анда Кулиев, Бейшеналиева көчөлөрүн бир тараптуу кылууга жана кеңейтүүгө сунуштарды даярдап атабыз.
-Азыр борбор көчөлөрүндөгү тыгындын жаралышына ишканалардын, окуу жайлардын, ооруканалардын астындагы ой келди токтотулган унаалар да салым кошуп аткансыйт. Атургай кээ бир жерлерде атайын унаа токтотуучу жайларды уюштуруп, акы төлөтүп алышат?
-Ал жер ошол соода борборунун, ишкананын ээсине көз каранды болуп атпайбы. Ал эми өтө зарыл жерлерге мэриядан атайын чечим чыгат. Бирок, туура эмес жерге машинасын токтотуп койгондорду айтсак, бизде жүктөп алып коюуга укугубуз бар, болгону экскаваторубуз жок. Ошону алып берүүнү азыр өкмөттөн суранып атабыз.
-Сиздердин байкооңуздарда жол эрежесин коомдук транспорт көп бузабы, же жеке унааларбы?
-Борбордо күнүнө жолдо жүргөн коомдук транспорттун саны 3,5-4 миңге жетет. Анын ичинен былтыр 2 миңден ашууну эреже бузуу менен катталган. Салыштырмалуу түрдө коомдук транспорт эрежени көбүрөөк бузат десек болот.
-Мурдагы жылдары окшош номерлүү машиналар үчүн атайын рейддерди уюштуруп жүрдүңөр эле. "Крутой номерлер" МАИлерди тоготпой койгон учурлар болбойбу?
-Бизди автонун номеринде кандай цифра турганы кызыктырбайт. Жол эрежесин бузган ар бир адам тиешелүү негизде жооп берет. Мисалы, машинаны токтоткондо номерине эмес, айдоочунун ошол унаанын ээси экендигин, мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтерине карайбыз. Биз үчүн учурдагы баш оору "крутой номер" эмес, караңгылатылган терезелер болууда. Жакында эле президент уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жарыялаганын айтты. Ошол себептен, биз караңгылатылган терезелер менен катуу иштеп атабыз. Айнекти ким караңгылатып, жашынып жүрөт? Элге көрүнгүсү келбеген, же жанындагы адамын көрсөткүсү келбегендер да. Мындай машиналар биздин көз жаздымда калбайт. Караңгылатылган айнек менен жүрүүгө айрым гана учурларда уруксат берилет.
-Мисалы?
-Кайсы бир кылмышты изилдеген топторго же атайын баалуу нерселерди ташуучу транспортторго. Бирок, сөзсүз түрдө документ менен жүрүшү керек.
-Мындан эки жыл мурда МАИ катарына кыздарды алдыңар эле? Пайдасы тийип атабы?
-Чындыгында кыздарды жумушка эркектерге караганда ишине так, коррупцияга аралашпайт болуш керек деген ой менен алганбыз. Мунун азыр пайдасы, албетте, тийип атат. Жакшы жагына токтолсом, айдоочуларыбыздын көпчүлүгүн эркектер түзөт эмеспи. Эреже бузуп, биздин кыздарга кабылганда өзүлөрүн бир топ ыңгайсыз сезип, андан кийин колдон келишинче эреже бузбоого аракет кылып калат экен. Дагы бир жагы, аялзаты өзүнүн келбетине талыкпай кам көрөт эмеспи. Көчөдө турганда дагы келишимдүү көрүнүшөт. Муну мага "кыздарыңдын турганы аябай жагымдуу" деп көп айтышат.
-Унаалардын техникалык абалын текшерүү маселесине токтолсок. Идеалдуу текшерүү кандай болуш керек?
-Мында сырткы көрүнүшүнөн тартып, мотор, унаадан бөлүнүп чыгып аткан газдын экологияга кандай таасир этип жатканына чейин текшерилет. Ошол эле учурда авто ээлери мамлекетке салык да төлөшү шарт.
-А бизде сиз санаган нерселердин бардыгы толугу менен аткарылабы? Анткени, көбүнчө айдоочулар "эч нерсе өтпөй эле акча менен бүтүрүп коебуз" дешет...
-Акыркы жылдары бул жаатта мамлекетке түшкөн акчанын саны эки эседен ашык көбөйдү. Муну менен акча тескери жакка кетпей, толугу менен мамлекетке өтүп атат деп айтууга болот. Ал эми ар бир машинаны текшерип чыгуу жагына токтолсок, чынында эле проблема бар. Себеби, бардыгын текшерүү үчүн азыркы талапка жооп бере турган, бардык керектүү жабдыктар менен камсыздаган жайлар болушу керек. Бизде андай жайлар жок. Бул өтө чоң акча талап кылат. Моюнга алыш керек, бул жагынан бизде кемчилик бар.
-МАИ кызматкери пара алып кармалса кандай жаза колдонулат?
-МАИ кызматкерлери пара алары эл арасында айтылып эле жүрөт. Демек, мунун чындыгы бар. "Таптакыр пара алуу жок" деп айтууга болбойт. Эгер биздин кызматкердин пара алгандыгы фактылар менен далилденсе, ал сөзсүз иштен айдалат. Мисалы, былтыр арыздын негизинде эки кызматкерди кызматтан алдык. Коррупцияга айдоочулар да кошумча болуп атышат. Эрежени бузат, анан МАИ кызматкеринен эптеп кутулуу үчүн же расмий түрдө айыппул төлөөдөн качып, биздин кызматкерлердин колуна акча кармата коет. "Малды көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр" дейт өзү антип атса, кызматкер кантип азырылбайт? Ошондой көрүнүштөрдү жок кылуу үчүн Бишкек шаарына толугу менен көзөмөлдөөчү камера коюп бергиле деп суранып атабыз. Ошондо гана биздин кызматкерлер кандай иштеп атканын толук көзөмөлдөй алабыз.
-Айдоочулар арасында "МАИчилер тосуп алып, анан автонун кемчилигин издейт" деген нааразычылык бар. Негизи МАИ кызматкерлери кайсы жерден тосууга укугу бар?
-Шаардын бардык жеринен. Бирок, мен "МАИ көрүнгөн жерден каалаган убакта токтото берет" дегенине кошулбайм. Анткени, кайсы кызматкердин кай жерде иштей турган тартиби күн сайын жазылып турат. Анүстүнө Бишкек шаары боюнча кызматкерлердин саны жетишейт. Ошол себептен 8 гана саат иштечү кызматкерлерибиз 12 сааттан иштеп атат. Бир күндө 12 саат иштеген кишинин жумуштан кийин каалаган жерине барып, унаа тосконго алы деле жетпей калат. Негизи МАИнин жолдо туруусунун өзү кырсыктын алдын алат. Мисалы, катуу айдап бараткан айдоочу ылдамдыкты азайтат дегендей.
-Айдоочу күбөлүгүн сатып алуу менен айдап жүргөндөр жок деп сиз да, биз да айта албайбыз. Жасалма күбөлүк менен чыныгы күбөлүктү бир көрүп аныктоого болобу?
- Болот. Ал боюнча биздин кызматкерлерге атайын сабак өтөбүз. Жасалма күбөлүк менен жүргөндөр жок эмес, бирок саналуу. Айдоочу күбөлүгүн тескөө кызматын 2009-жылдын февраль айында мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп бергенбиз. Ошондуктан, айдоочу күбөлүгүнө биздин тиешебиз жок.
-МАИчилер менен пикир келишпестиктер болуп калган учурларда кырдаалды камерага тартып алуу мыйзамдуубу?
-"Камера менен тартып алууга болбойт" деген мыйзамда жок. Эгер МАИнин ишине нааразы болуп, камерага тартам дегендер болсо, каршылык көрсөтпөгүлө деп атабыз. Бирок, тартып аткан адам биздин кызматкерге эскертип коюшу керек. Дагы бир шарт, ошол видео кайсы жерде, эмне максат менен пайдаланары айтылышы зарыл. Жашыруун тартып, интернетке же башка каражаттар аркылуу жарыялоо мыйзамга туура келбейт.

Бегимай БАКАШЕВА



Он миңи кайтарылды
10-февраль күнү түнкү саат 00.30 чамаларында эки каракчы Москва - Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинен 21 жаштагы Ш.Доорбай уулунун 10 миң сом акчасын тоноп жатып колго түшкөн. Жабырлануучунун багына ошол маалда кайгуул күзөт кызматынын түнкү патрулу келип калып, каракчыларды кармоого үлгүрүшкөн. Алар Москва районунун Беловодски айылынын тургундары 21 жаштагы У.Байзаков менен 22 жаштагы Б.Келдиев дегендер экен.

Түндүктөн түшкөндөр
"СЭЗ-Бишкек" ишканасынын короосунун алдынан С.Эрзоматовдун автоунаасынан 131 миң сомун жана 11 160 долларын белгисиз уурулар уурдап кетишкен. Арыз ээсинин айтымында, ал "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаасын короонун алдына токтотуп, 10 мүнөткө кирип чыккыча унаа эшигин ачышып, жогорудагы акчаларды жана "Берен" ишканасынын ар кандай документтерин да алып кетишкен.

Тумагын тартып кетишти
10-февралда 43 жаштагы Т.Молдобеков милицияга арыз берип, Бишкек шаарынын чыгыш автобекетинен эки адам коркутуп, норка тумагын тартып алышкандыгын маалымдаган. Кылмыш иликтенүүдө. Ушул эле күнү Ала-Арча жана Иваницина көчөлөрүнүн кесилишинен түнкү саат 02 чамаларында 3 каракчы иштен кайтып келаткан 19 жаштагы Т.Темирбаевага кол салышып, 1500 сомун, алтын сөйкөсү менен шакегин, уюлдук телефонун тартып алган 23 жаштагы Ж.Назаралиев, А.Бектуров, 22 жаштагы С.Элдияр уулу дегендер түнкү милиция күзөтүнүн кызматкерлери тарабынан колго түштү.

Аялы айыпталууда
Сокулук районунун Манас айылындагы өз үйүнөн башы жарылып өлтүрүлгөн 32 жаштагы Ж.Карабаевдин денеси 10-февраль күнү шаардык ооруканага алынып келинген. Кылмыш изи сууй электе милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары анын аялын, 32 жаштагы Ж.Атабекованы кармашты. Азыр тергөө жүрүп жатат.