Ээси жок өлкөдө

Гүлдөй кызга балта чабышты!

Ушул күндөрү интернет баракчаларында көргөн кишинин үрөйүн учурган видео пайда болду. Анда 14-15 жаштагы 5 кыз (кыргызда бул курактагы кыздарды секелек дечү эле, буларды анткенге да оозуң барбайт экен) бир кызды жабылып сабап атканы тартылып алынган. Анысы аз келгенсип, ооздорунан байма-бай чыгып аткан "жагымдуу" сөздөрүн укканда, өзүн эргул сезген эркектин да төбө чачы тик турчудай.

Тасмадагы "баатыр" кыздар борбор шаарыбыздагы №54 мектептин 8-классынын окуучулары. Талоонго калганы аталган мектепке ушул окуу жылында жаңы келген классташы. Окуя өткөн жылдын ноябрь айында болгон экен, "кыңыр иш кырк жылда билинет" болуп, эми ачыкка чыгып отурат. Буга чейин ошол мектептин окуучуларынын арасында гана телефондон-телефонго өтүп, тиги кыздар "жылдыз" болуп жүрүшүптүр. Мектебинде ушундай башаламандык болуп атса, директору эмнени карап жүрөт? Журналисттердин мындай суроосуна мектеп директору: "8-класстын кыздары жөнүндө "чуу" болуп атканын уккам, бирок, эмне болгонун түшүнгөн эмесмин" деп жооп берди. Бешөөнүн тепкисинен жабыркаган кыз азыркыга чейин дарыланып жүрөт. Башынан бир нече жаракат алып, психологиялык жактан да жабыр тартып, кекечтенип калыптыр.
Бул окуя боюнча мурда анча-мынчасын угуп жүргөн тартипсиз кыздардын ата-энеси, мектеп директору, мугалимдери интернеттеги видеону көргөндө таң калышты. Эми сабаган кыздарга кылмыш иши козголгондон кийин мугалимдери "жакшы окуган, мектепте өзүн үлгүлүү алып жүргөн, жакшы үйбүлөнүн адептүү, элпек кыздары эле" деп таңкалышууда.
Тепки жеген кыз мынчалык эмне күнөө кылды экен? Окуучулардын айтымында, ал айылдан келгенине бир жыл толуп-толбой, мектептеги көп балдарды өзүнө ашык кылган имиш. Анан тиги көңүл борборунан ооп калган кыздар "жаңы сулууну" ордуна коелу деп чечишсе керек. Эми минтип көздөгөн максаттары кайсы бир деңгээлде ишке ашып, сулуу кыз оорулуу болуп отурат. Башында шамал ойногон классташтарынын жоругунан кийин канчалаган дарыланууга, психологиялык жардамга муктаж экени белгисиз. Балким алган жарааттары бүт өмүрүнө доо кетирсечи? Буга ким күнөөлүү? Кыздарын көзөмөлдөй албаган ата-энеби? Бирок, антип да айта албайсың. Кантип ата-эне "балам жаман болсун, кылмыш кылсын, бирөөнү сабасын" деп тилек кылмак эле? Назиктиктин, аруулуктун, мээримдүүлүктүн символу болгон кыргыз кыздары эмне мынча бузулду? Минтип отурсак, 10-20 жылдан кийин кайда барабыз? Деги мектеп билим бербей эле болочок "пахан", "махандарды" даярдоочу жайга айланып баратабы? Айтор, суроолор көп...

Бегимай Бакашева

P.S. Мектеп окуучуларынын арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн Ички иштер министрлиги Жаштар иши боюнча министрлик менен бирге 14-19-февраль күндөрү "Антирэкет" операциясын өткөрдү. Бул чаранын алкагында өспүрүмдөр аралашкан 71 кылмыш иштин бети ачылган. Жашы жете электер иши боюнча инспекция тартиби начар делген 55 баланы каттоого алды. Балдар иши боюнча комиссиянын кароосуна 90дон ашык материал жөнөтүлдү. ИИМдин маалымдашынча, ошондой эле окуучуларга тарбиялык мааниси бар бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.




  Дүйнөгө дүрбү

Муаммар Каддафиге кысым көрсөтүү күчөдү

Ливиянын лидери Муаммар Каддафи 22-февралга караган түнү мамлекеттик сыналгы каналдан 20 секунддай көрүнүп, "эч жакка кеткен жокмун, чет элдик маалымат каражаттарына ишенбегиле" деди. Шейшембиде Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынында Ливиядагы кризисти талкууламакчы.

Колчатырчан Каддафи
22-февралга караган түнү Муаммар Каддафи жаан астында колчатырын кармап алып, машинесине кирип кетип, күбүрөнүп жалгыз отурганын өткөн түнү дүйнөлүк сыналгы каналдар улам-улам көргөзүп жатышты.
"Мен Триполидемин, Венесуэлага кеткен жокмун. Иттердин буйругун аткарган сыналгы каналдарга ишенбегиле. Мен Жашыл аянтта чогулган жаштарга кайрылып сөзүмдү айтайын дедим эле, жаан башталып кетти. Иншалла, бул жакшы белги!" - деди мукактана, 41 жылдан ашуун бийлиги тушунда эң ири элдик толкундоого туш болгон Ливия лидери.
Анын алдында эле Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг Каддафи Венесуэлага жол тартты деген маалымат алганын кабарлаган.
Шейшембиде (22-февралда) Ливиянын бир катар лоялдуу, же бийликке жан тарткан өкүлдөрү кызматынан чегинип, өлкөнүн Индия, Араб Лигасындагы жана дагы бир катар элчилери мындан ары Каддафинин режимин колдобой, эл тарапта болорун жар салышты.
Ливиялык эки аскердик учкуч Мальтага качып өтүп жансоога сурап, аба күчтөрү демонстранттарды бомбалоого буйрук алганын, өздөрү андай буйрукту аткаруудан баш тартып ушул кадамга барганын билдиришти.
Башкалаа Триполиде жана миңдеген демонстранттар чогулган эки чоң шаар - Бенгази менен ал-Байдада аскердик учактар аэропорттун тегерегин жана эл жыйналган жерлерди абадан аткылап жардырышты.
Мындай зомбулук чара үчүн Ливиянын бийликтери эл аралык коомчулуктун каарына кабылды.
Укук коргоо уюмдары 15-февралдан бери Ливияда 400дөн ашуун адам набыт болуп, дагы жүздөгөн киши жараат алганын кабарлап жатышат.
Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши шейшемби күнү кечинде чукул жыйынында Ливиядагы кризисти талкууламай болду.
Анын алдында БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Ливиянын бийликтери демонстранттарга согуштук учактардан, асмандан ок ачканын айыптап, бул "акылга сыйбаган аракет дароо токтотулушу зарыл" экенин белгиледи.
Ливия өзү ушу тапта төрагалык кылган Араб өлкөлөрүнүн Лигасы да шейшембиде кечинде шашылыш кеңешме өткөрмөй болду.
Чет элдик дипломаттар көчөгө чыккан элдин амандыгын ойлоп, Бириккен Улуттар уюмун Ливиянын аба мейкиндигин учууга тыюу салынган аймак деп жарыялоого үндөштү.
Ливиянын БУУдагы элчисинин орун басары Ибрахим ад-Дабаши Ливия лидеринин уулу сыналгы каналдан элди коркутканы калкты ого бетер кыжырдантканын белгиледи.
"Ливиядагы окуяларды көрүп туруп, кечээ Муаммар Каддафинин уулу элге каршы иш жүзүндө согуш жарыялаганын угуп билген соң, мындан ары унчукпай тура албайбыз деп чечтик. Ливия элинин добушун дүйнө коомчулугуна жеткирүү - эми биздин парзыбыз", - деди ливиялык элчи.
Орусия Ливиядагы 500дөн ашуун жаранын шашылыш алып кетүүгө камданып, төрт учак жөнөтмөй болду эле, кийинчерээк өлкөнүн аба мейкиндиги жабык экенин тактады.
"Жарандык согуш чыгып кетеби?" деп чочулаган миңдеген ливиялыктар деңиз жолу аркылуу Италиянын чек арасын көздөй агылганы кабарланууда.

Венера Сагындык кызы, "Азаттык"