Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Жаз 2011

Аялзатынын сезимдери ачык түстөр менен...

Быйылкы жаздын модасы былтыркысынан анча айырмаланбайт. Демек, жаңы кийим алууга каражат коротуунун кереги жок. Ураа! Гардеробуңузда болгон кийимдериңизди алып чыгып, болгону аксессуарларды кошумчалап кийе бериңиз.

Актуалдуу өңдөр
Бул жазда ачык, алыстан көзгө уруна турган түстөр модада. Сырткы кийимдер болобу, аксессуарларбы, айтор, кызыл, сары, ачык көк түстөгүлөрүн тандоого аракет кылыңыз.

Сумкалар
Келаткан жазда клатчтар, мүшөк сыяктуу, сабы узун жана кыска сумкалар модада. Негизгиси, сумка булгаарыдан тигилиши керек. Жок дегенде сабы, чөнтөгү, же башка жеринде кооздомо, кошумча бөлүктөрүндө булгаары болгону жакшы.

Чач
Өтө көптүрүлгөн, же бир бөтөлкө гель жана лак коротуп жасалгандардан оолак болуңуз. Быйыл чачыңыз канчалык жөнөкөй болсо, ошончолук саркеч көрүнөсүз. Иретсиз кыркылган чачтар да актуалдуу. Алар орто жаштагы айымдарга 18 жаштагыдай сезимдерди тартуулайт.

Бут кийим
Мода дүйнөсүндө кайсы бут кийим модалуу (?) деген суроого дизайнер-модельерлер эки жээкке бөлүнүп, жооп беришүүдө. Бири өлбөс классиканы колдосо, экинчи жээк аскер адамдарынын орой өтүктөрүн элестеткен чокойлорду сунуш кылууда. Рок жылдызы кийген темир-тезектери көп бут кийимден да бирди алып койсоңуз, керегиңизге жарайт. Ал эми романтикага ыктаган айымдар үчүн дизайнерлер назик, сексуалдуу образ бере турган туфлилерди ойлоп табышты. Булардын өңү ачык, шуру, бантик, ар кандай жиптер менен кооздолгон.

Пальто
Эрке кыздын маанайындай болгон жаздын аба ырайы баарыбызга маалым. Бирде күн көздү уялтса, бирде жаан төгүп кирет. Мындай туруксуз жагдайда жука пальтолор жана плащтар жардамга келет. Быйыл алардын эки түрү актуалдуу. Биринчиси, аялды сезимтал, назик көрсөткөн ачык түстөгүлөрү. Жакасы жазы келип, бели бекем курчалат. Булар кымча белдүү кыздарга арналган. Ал эми толук айымдар үчүн кенен тигилген пальтолор модада. Топчулары ачык түстө, кооз. Күн жылууда боорун ачып кийүүгө өтө ыңгайлуу.

Жинсы
Эч качан модадан кетпес жинсылар бул жылы да актуалдуулугун жоготпойт. Көбүнчө денеге чапталышкан, багалеги тар шымдар саркеч айымдардын гардеробун толуктайт. Мектеп курагындагы секелектерге эскилиги жеткен тытык, же кошумча кооздолгон кездемелери бар, рок жылдыздардын шымын элестеткен шымдар модалуу.

Куртка
Ар бир аялзатынын гардеробун жок дегенде бир курткасыз элестетүүгө болбойт. Ушул жазда орто жаштагы айымдар үчүн кара, күрөң түстөгү чүпүрөк курткалар сунушталат. Ал эми жаштарга киндиктен аз-маз ылдый, жалтырак кездемеден тигилген курткалар модалуу.

Шляпа
Көптөн бери анча актуалдуу болбой келген шляпалар быйыл "тирилет". Ачык түстөгү, ар кандай формадагы шляпалар менен айымдар өз гардеробун толуктай алат.

Көйнөктөр
Бул жазда свитер-көйнөктөр, футляр-көйнөктөр, юбкасы кенен көйнөктөр модада. Булардын дагы бир актуалдуу түрү токулган кыскалары. Моданы өзгөчө кууган айымдарга 60-70-жылдары актуалдуу болгон "кичинекей" көйнөктөр сунушталат. Буларды көргөндө аягына чейин тигүүгө кездеме жетпей калгандай элес калтырат.

Аксессуарлар
Жиптен токулган аксессуарлар модада. Мисалы, ичке жиптен токулган шарф, кофтага тагып алчу гүлдөр, мобилдик телефонду салчу баштыкчалар ар бир айымдын кийимин кооздой алат. Тегерек сөйкөлөр да өтө актуалдуу.




Анастасия МИНАКОВА, модельер:
"Колго жасалган буюмдар модада"
-Ушул жазда кандай сырткы кийимдер модада?
-Быйылкы моданын былтыркысынан айырмасы аз. Ийни жазы плащ, пальтолор өткөн күздө актуалдуу болгон. Азыр деле ошолор модадан кете элек. Негизи кандай сырт кийим болбосун, быйыл аны ар кандай ачык түстөгү аксессуар менен кооздоп алуу керек.
-Офисте иштеген айымдарга кандай сунушуңуз бар?
-Офистеги аялзатына түбөлүк классика стили бар эмеспи. Ал быйыл да модадан четтеген жок. Болгону костюмдун ичинен кийилчү мурдагы ак же кара түстөгү көйнөктүн ордуна ачык кызыл, көк же сары түстөгү көйнөктөрдү кийиши керек. Ага түспөлдөш сөйкө тагынып, же сумка көтөрүп алса болот.
-Көптөгөн мода журналдарында "быйыл аксессуарлар өтө олуттуу" деп жазышууда...
-Туура. Кандай гана стилдеги кийим болбосун, аны көркүнө чыгара турган ар кандай кошумча нерселер менен кооздоп алса болот. Бирок, "сөзсүз мындай же тигиндей аксессуар болушу керек" деп айтуудан алысмын. Анткени, ушул жылы алардын колго жасалгандары модалуу. Кийиз, жип, кагаз, чүпүрөк, топчу, булгаары, айтор, колдо бар бардык нерселерден өз фантазияңызга жараша буюм жасап алсаңыз болот. Крокодил же жыландын терисине окшош кездемелер кошулса андан жакшы. Чачка бир гана чоңураак гүл болуп жасалган кыпчыткыч, кошумча көрк берет.





Салтанат АКЕРОВА, модель:
"Мага өзүмө жарашкан кийим модалуу"
-Салтанат, ушул жазда кайсы түс модада болоруунан кабарың барбы?
-Мода көрсөтмөлөрүндө көбүнчө ачык түстөгү кийимдерди көрсөтүп жатышат. Бул мага жагат. Анткени, кызыл, сары өңдөр аялзатынын сезимталдыгын көрсөтүп турат эмеспи.
-Анда гардеробуңду ачык түстөгү кийимдерге толтуруп аткан турбайсыңбы?
-"Толтуруп" атам деп айта албайм. Анткени, мен мода кубалабайм. Мен үчүн келбетиме жарашкан, тулку-боюмдун сулуулугун көрсөтө алган кийим модалуу.

Торгой БЕКМУРАТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика