Кыргыз гезиттери




Абийир астында Элмурза акталууда
Унчукпай жаткан Элмурза Сатыбалдиевге ар кайсы маалымат булактары тийише коюп жүрүшөт. Алдары деле жетпейт, тек гана этекке эрмешкендей кылышат да. Ушак-айың, жалаа жабыштырышып. А Элмурза өзүнө айтылган сындарга кабагым-кашым дебейт, мүнөзү ушундай. Башкасын айтпасак да, Э.Сатыбалдиев абийир үчүн, шейит кеткен 87 баатыр үчүн саясатка аралашпай койгон. А башка Бакиевдин командасындагы кайбарлар маркумдарды уруп ойнобой парламентке келип алышканы кызык, кысталактар! Эми алардын жүзү курусун, жок дегенде моралдык жактан тазаланууну ойлошпойт беле? Ал эми эртеңки күнү, 7-апрелде баатырлардын жылдыгы өткөндөн кийин, "чоң муштум" байкебиз саясатка аралашып калышы толук мүмкүн, себеби, өзүн-өзүн люстрация кылды да, эй! Эгерде президенттик күрөшкө бу жигит аттанса, анда туруштук бере турган саясый күчтөрдүн шайы ооп калат го, андыктан, али тамаша оюндар алдыда экенин эскертмекчибиз!

"Парламент кетсин!" урааны чакырылат
Соңку кездерди караң, өлкөбүздү сасык тумоо оорусу сыяктуу курултайлар вирусу каптап турган кербези. Кимиси, кайдан, эмнеге, канча курултай өткөрүлөрүнө карапайым элдин мээси жетпей, бирде оңду, бирде солду карап турушат. Ал эми жакында өтчү курултайдын башкы урааны: "Парламент кетсин!" экен. Бул демилгенин артында кимдердин кулагы көрүнүп турат дебейсиңерби? Таппасаңар сыйпалап калгыла, Отунбаева менен Каптагаевдин. Вот! Эне-ең...


Ооз ачырган ойт бермелерден...
Роза апчебиздин таңгалыштуу жоруктарына эл деле көнүп бараткансыйт. Ошентсе дагы соңку үч кабарга көңүлүңөрдү буруп коелу. Биринчиси, жашыруун булактардан кабар болгондой, былтыр 7-апрелде оппозиция лидерлери дээрлик түгөл камалганда, жалгыз Отунбаева табышмактуу жоголуп кеткен. Кийин Э.Ибраимова "эжекебизди надежный жерге катып койгонбуз" деп табышмактаткан. А азыр сенсациялык маалыматтын учу чыгып жатат. Көрсө, РИО айым ал күндөрү америкалык атайын кызмат менен көз ымдашып, "Ганси" авиабазасына жашынып, окуяларды ошол жактан көзөмөлдөп турган экен. Экинчиси, жакында Талас менен Нарынды кыдырып келгенден кийин, аердеги жергиликтүү калк редакциябызга телефон чалышып, катуу жинденгендерин билдиришүүдө. Анткени, Акаев менен Бакиевдин доорундагы болбогон осол жорукту башташып, өткөөл президентти кайтаргандар элдин баарын тинтип, имараттарды иттер менен шимшилетип, облакимчиликтердин, мектептердин чатырларына снайперлер бугуп жатышып, айтор, Кыргызстанда согуш болуп жаткандай жинди оюндарын көрсөтүшүптүр. Мындайды көрбөгөн карапайым эл, албетте, жерге түкүрүнөт да. Үчүнчүсү, апчебиз ошол жолугушуулардын биринде "эркин маалымат каражаттары чектен чыгып, мамлекеттик бийликти каралап, ушактан баштары чыкпай калышты" деп балп эттирди. Кудум эле Акайыч менен Курсалиевичти сөзмө-сөз туурап. Жарыктык Исаковна (!), ошол жаман эркин гезиттердин жардамы менен бийликке келбеди беле?


Эки Мелис эки саат эмнени сырдашты?
Өткөн жуманын этегинде шаардын "Асанбай" кафесинде эки Мелис: парапсихолог Мелис Карыбеков менен журналист Мелис Эшимканов шашпай эзилише масилет кургандарын көргөндөр бар. Бири айтат, "Карыбеков жакында Каратал аттуу уулдуу болуп, ошону майлашты" деп. Экинчиси айтат, "жо-ок, бул экөө бекер жолукпайт эле, чоң саясаттын чемичкесин чагып, бир балээни баштаганы турушат" деп. Бул боюнча Эшимкановго телефон чалсак, сыр жашыргандай күлүп, теманы башкага буруп кетти...


Ф.Кулов менен А.Атамбаев биригеби?
Бул версияга ишениш, албетте, кыйын. Бирок, Түндүктүн аксакалдары, аттуу-баштуу саясатчылары өз ара кеңешип, Чүйдөн чыккан бул эки күчтүү азаматты бириктирүү максатын көздөп жатышыптыр. Атүгүл экөө президенттик шайлоодо бир командада болот дешүүдө. А бизге Феликс Шаршенбаевич менен Алмаз Шаршеновичтин өздөрүнүн позициялары белгисиз. Азырынча ойлонушуп, оң-сол жамбашка оодалактап атышса керек да...


Ө.Бабановго ким кол салганы атат?
1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго киллер жалданганы боюнча маалымат тар чөйрөдө желдей тарады. Биздин угушубузга караганда, Өмүрбек мырзага үлкөн ажыдаарлар тиш кайрап атыптыр. Не болгон азуулар шакылдап атат дейсизби? Көзүн тазалоого сырткы күчтөр кызыкдар экени, өлкөдөгү каржы-экономикалык саясаттан Ө.Бабановду сүрүп чыгарууга ашыккандардын кыжырдануусу күчөп баратыптыр. Суук кабар Москва тараптан согууда. Бул эмнеси? Эгерде мындай аракеттер көрүлсө, намыстуу кыргыз эли тыңчыкма уулу үчүн туруп береби? Бул теманы дагы да казып бермекчибиз...


Коендор: Ахмат, Камчы, Садыр…
Азыр парламентте аюудай бакырып, "Ата-Журттун" атынан далайлардын жонунан кайыш тилип аткан "үч мушкөтөр" бар эмеспи. Ахматбек Келдибеков, Камчы Ташиев жана Садыр Жапаров деген. Булар "эл унутуп калды" деп бүгүн баатыр болуп жүрүшөт. А чындыгында бул эргулдар 2005-жылдын сентябрь айында парламенттин сессиясынан чуркап чыгышып, ЦУМдун жанынан куралчан кармалган Рысбек Акматбаевдин машинесин коргошуп, милиция менен жакалашканга чейин барышып, кыскасы, Өмүрбек Суваналиев айткандай, кримавторитеттин колго суу куяр "шнырлары" экенин далилдешпеди беле? Рысбектин алдында коен сымал бүжүрөшкөнүн тана албайбыз. Эми ушулар бүгүн Түштүктү түрө кыдырышып, "күзүндө Кыргызстанга хан болобуз" деп күпүлдөп жүрүшкөндөрүнө жакаңды кармайсың.


МЕНТ Шамиль генерал Суваналиевдин тырмагына тең келеби?
Өкмөттүн укук коргоо органдарын көзөмөлдөгөн вице-премьери бар. Эски сандыктын түбүнөн таап алгансыган эски МЕНТ Шамиль Атаханов деген. Бу оен өткөндө ИИМге барганда айтыптыр: "Гезиттерге интервью берген Суваналиев милициянын аброюн түшүрүп атат, ушундай саясатчынын барынан жогу" деп. Эми айткылачы - укук коргоо чөйрөсүндө Атаханов деген ким дагы, Суваналиев ким? Пилди карай кандек үргөндөй эле кеп да. Итиркейди келтирип...







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика