sMs


Урматтуу окурман, эгер сиздин бактыңыз ашынып, жүрөгүңүз толкуп турса, же тескерисинче, көңүл чөгүп, кыжырыңыз келсе, биз сиз менен бөлүшүүгө даярбыз. Үкөгүбүздө СМСке орун көп. Мейли куттуктоо жазыңыз, же кимдир бирөөгө сүйүү арзууңузду билдиресизби, же коомдук саясый турмушту талкуулайсызбы, өз эркиңиз.
Билдирүүлөр
аптанын ар күнү
кабыл алынат.

"Учур", эмне үчүн Келдибеков, Ташиев, Мырзакматовду каралап жатасыңар? А эмнеге Текебаевди каралбайсыңар?..


6083. Эдил Байсалов, сиз кантип уялбастан "мен байкабай кол коюп койсом керек" деп айтып атасыз? Сиз элдин бактысына кызматтан эрте кетипсиз. Сизге окшогондор бийликке келип, элдин убалына калууда. Кудай элдин багына сиздейлерден эрте тазаланса болот эле!
9300 абоненти

6084. Салам "Учур"! Шайыр тамада+музыка.
Тел: 0779-20-00-71

6085. Элмурза Сатыбалдиев кыргыздын патриоту, бу жигитке куугунтук кылбагыла!
Макс

6086. Кыргыздар! Бизди Бакиевдин "куйруктары" болгон "Ата-Журт", "Ар-намыс" партиясындагылар алдап жатат. Тымызын ойлору жаман. Буларды эрте жазда тазалабасак, отоо чөптөй жайылып кетсе кыйын болуп калат. Кыргыздарга жакшылык кылайын деген эч ойлору жок.
Чагылган

6087. Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бир күндө эле элин унутуп калды. Шаардагы павильондорду алып жатат. Элин ойлогон азамат да ушундай кылабы? Анчалык эле элди ойлосо, кредиттерин төлөп бербейби?
4548 абоненти

6088. Саламат Садыкова эже! Сиз кыргыздын эң таланттуу өнөр адамынын бирисиз. Концерттик кийимдериңизди жаңылатпасаңыз болбой калды. Мен сиздин талантыңызга баа берип жогортон сыйлайм!
2888 абоненти

6089. Айылдыктар! Саясат 7-апрелде эле бүткөн. Жерди иштетели. Малыбызды багалы, жаз келе жатат. Баары бир Жунусов жумуш таап бербейт, Аликбек арык чаппайт, Мадумаров май бербейт, Ташиев таш бербейт, Урмат ун бербейт. Андан көрө өзүбүзгө ишенели, азыркыны колдойлу. Атамбаев алдабайт, Отунбева өлтүрбөйт!
5094 абоненти

6090. Валентин күнү! Валентин деген жөөт эки эркекти жашыруун түрдө үйлөндүргөн. Бул көрүнүштүн эч кандай сүйүүгө тиешеси жок! Тескерисинче, сүйүүгө шылдың мамиле кылышканын даңазалаган. Аны жиликтебей туруп, "день святого Валентина" деп шылтоолоп атканыбыз туура эмес.
Олжобай менен Кишимжан

6091. Бөкөнбаев айылында жашагандар! Айдоо жерлери арыктады. Бак-дарактарды кыйып бүттүк. Суу келчү арыктар бузулду. Айыл чети таштандылар, ичи алкаштар. Санжыра билбеген акшакалдар, итирейген малдар. Орусча сөгүнгөн балдар, машине өтсө чаңдар. Ушуларды оңдогонго кимде ал бар?!
Абориген

6092. 8-мартты Копенгагенде Клара Цеткин деген жөөт, сойку аялдарды көчөгө алып чыгып, "эл аралык аялдардын күнү" деп дүйнөгө жар салып жиберген.
...777 абоненти


6093. Түбөлүк жашоонун ачкычы - кыргыз элиме кызмат кылуу.
5457 абоненти

6094. Салам "Учур" газетасы! БГУнун 1-курсунда окуган казармандык Жеңишбек Чолпонбековго салам жолдойм. 23-февраль майрамың менен куттуктайм! Мен сени чексиз сүйөм жана дагы сүйөм! Казармандык КАСИде окуган 1994-жылы туулган Бегайым Токтогулова.
BELLA

6095. Акаев, Бакиев, Атамбаев, Отунбаева! Бул адамдар Манасты, кыргыз тилин, айыл-чарбаны көтөрбөгөндөр болуп тарыхта калышат.
9509 абоненти

6096. Кубат Оторбаев, УТРКда мурдагыга караганда орусча берүүлөр көбөйүп бара жаткансыйт. Силердин орусча берүүңөрдү орус тилдүүлөр уруп ойнобойт. Кыргыз тилин колдобосоңор, тили бурууларга баары бир. Ушунчалык эле орусча сүйлөшкүңөр келсе, атайын канал ачып алгыла да, чукуша бергиле.
Таза кандуу кыргыз

6097. Белла! Сенин 25-февраль туулган күнүң менен куттуктайм! Жеңишбек сүйгөнүң менен бактылуу бол, тилегиңди Кудайым берсин, ыймандуу кыз бол!
1448 абоненти

6098. Өзүм курдуу (1994-жыл) кыз-балдар менен достошом. Атым Бегайым.
Тел: 0770-44-14-48

6099. И.Арабаев атындагы универдин 8-микрорайонунда окушкан Ф-110, 210 группаларынын студенттерине салам жолдойм.
4144 абоненти

6100. Салам "Учур"! Кош болгун махабатым, тагдырга мен багындым. Экөөбүздү бөлүп салган, айрым кызга мен таарындым. Өзгөрбөйсүң сен мага, канча мезгил өтсө да. Жалгыз сени сүйөмүн, тагдыр бизди бөлсө да.
()^() (@B+J@)

6101. Кара-Булуң айылынын тургуну аяшыбыз Жаныбекова Сагынды туулган күнү менен куттуктайбыз! Ден соолук, узун өмүр каалайбыз!
Моке, Асыл

6102. Жамандык кууп жетпесин, шүмшүктөр кидать этпесин. Жалдырап жүрбөй камокто, жалпы журт арак ичпесин. Кошунаңар чочко бакпасын, сасыса конок качпасын. Далдырап жүргөн адамдын, тартпасын эч ким акчасын. Кыргызга душман түтпөсүн, бандиттер банкта күтпөсүн. Косягың толуп турганда, сотторго ишиң түшпөсүн. Ден соолук болсун Теңирден, жансакчың болсун негрден. Фирмага жетпей калсаң да, хотябы болсун тегирмен. Жакшылык бизден калбасын, жамандык башка салбасын. Семирип жүргөн байларың, сегизден аял албасын. Эмесе аппак алалы, курсакка куюп салалы. Кызыл өңгөч кызарсын, ичеги байкуш узарсын.
Тост алдыргыч

6103. Салам "Учурка"! Жакшы көрүп жаным бирге деп жүрсөм, жандүйнөмдө жасалмалуу жан белең? Жаман айтып жүрөгүмдү ооруткан, кандай жансың сүйөрүмдү билбеген?
()^() (@B+J@)

6104. Кара-Булуң айылынын тургуну Тоголоков Алмазды туулган күнү менен куттуктайбыз! Ден соолук, узун өмүр, бейпил жашоо каалайбыз!
Молдосун, Асылкан

6105. Ж.Сатыбалдиев, "Ошко көп кабаттуу үйлөрдү курат элек. Жер жок болуп атат" дейсиң. Ала допучандардын 6 үйүнүн ордуна көп кабаттуу 60-70 квартиралуу үй түшөт. Мына сага жер.
Таза кандуу кыргыз

6106. Азыркы убакта ПРООНго жөөттөр жаңы программа киргизип, жакшы акча менен каржылашып, жарандык ички паспорттон "улуту кыргыз" деген графаны алганы жатышат. Кыргыздардын оюн сураган эч ким жок! Чет элге чыкчу паспорттон "эл аралык стандарт" деген шылтоо менен эчак эле алып ташташкан. Муну кандай түшүнсөк болот? "Улутуңду жок кылып, уй-койлоруңа паспорт берейин" деген кеппи?
Мукаш

6107. ЭлТРдин "Билерман Ордо" программасы беш мадыра баштын ордуна, билимдүүрөөк орто муундагы адамдарды чыгарсаңар боло! "Спутникке чыктык" деп мактанасыңар. Буларыңар кыргызды уят кылмай болду!
4440 абоненти

6108. Президент, бийликтегилер, парламенттеги депутаттар! Силер теле-радио аркылуу куйкумдуу, сүйкүмдүү сөздөр менен эл алдына чыкпай эле койгулачы! Ушу силерден тажап бүттүм. Эптеп-септеп атып кабылдамаңарга жетем. Андан ары мендей карапайым адамдарга жол жок. Себеби, мендей адамдар алар үчүн саман-топон имиш. Алардын баарына жооп берип, мүдөөлөрүн чечүүгө убактылары жок экен. Анда, булардын бизге кереги барбы (?) деген суроо туулат. Ошон үчүн 3-революциянын кереги жок. Дагы да болсо карапайым элдер чайналат. "Бириң өлүп, бириң кал" деп коюш керек. Элдин кызыкчылыгын ойлогон эч ким жок!
Адыл

6109. Салам "Учур"! Биз Кыргызстандан сырт жүрсөк да, ар бир саныңарды калтырбай окуйбуз. Ар дайым чындыкты жазгыла!
Кыялбек, Екатеринбург

6110. Кыргыз эли бул жашоодон тажады. Кымбатчылык - карапайым элдин курсагын ач кылды. Ушунун айынан, айласы кеткендер ар тарапка тарады. Эгер жумуш болуп жергеңде, бала-бакыраң кашында турса жаманбы? Мындан өткөн ыракат барбы? Эмнеге бийликтин жогорку бутагында тургандар карапайым элдин тагдырын ойлобой жатышат? Булар биздин тагдырыбызга кайдыгер болсо, кыргыз эли мындайга чыдабайт. Керекпи дагы бир жолу революция кылат. Анда оңолбосо дагы кылат. Пока бийлик элге кызмат кылмайынча. Андыктан ойлонгула! Силерди түздөп салыш ит бекер!
4548 абоненти

6111. Биз кыргыздар, өз эркибиз менен орусташуу жолуна түштүк. Алкынган Алмаз Атамбаев кайрылуусун орусча баштады. Ушундай учурда түркмөн болгум келет.
3950 абоненти

6112. Түндүк-Түштүк согушу Кудай жалгап болбой калды. Бахинин балдары "ата-журтчулар" аркылуу президенттик шайлоого акчасын жумшашат.
0394 абоненти

6113. Туугандар! Илим-билим, маданият, интеллигенция кайдан башталып, паранжыны кимдер тагынды эле (?), билип койсок! Түндүккө келгендер элди сыйлабай, "элик" деп жатышат. "Ашыңды ичейин, ырысыңа чычайын" деп.
4905 абоненти

6114. Камчы, Акматты жамааты менен кошуп туруп, жердеш-тууган деген өнөкөт оорудан айыктырыш керек.
Замзам

6115. Кыргыз тилин туура сүйлөйлүчү. "Боводу", "таги" деген ала допучандардын сөзүн сүйлөбөй.
9059 абоненти

6116. Бешик-Жондуктарга жана Мамбеталиев мектебинин мугалимдерине чоң салам жолдоо менен иштерине ийгилик каалап кетмекчимин. Ар дайым бар болгула!
2064 абоненти

6117. Эгерде Ленин болбосо, кыргыздардын кийими жыртык, курсагы ач, байларга малай болуп жүрмөкпүз. Эгерде Ленин болбосо, кыздарыбыз 10 жашында бай-манапка токол болуп, 40 жашка жетпей кемпир бойдон, бул дүйнө менен кош айтышмак. Эгерде Ленин болбосо, 1916-жылы Кытайга качкан кыргыздар Ысык-Көлгө кайтып келмек эмес. Ал жерде азыр орустар ээлик кылып, Орусияга карап калмак. Эгерде Ленин болбосо, байлар колу-бутубузду байлап, базарга алып чыгып, чет элдин байларына кул кылып сатып жибермек! Ошондуктан, Владимир Ильич, сиздин урматыңызга Ала-Тоолук кыргыз "23-февраль майрамыңыз менен" деп гүл десте сунат!
Жайчыбек, Талас

6118. Гүлалы, сага ыраазычылыгымды билдирем! "Атын атаса, куту сүйүнөт" дегендей сын-пикир дагы керек.
Улутман

6119. Мирлан! Мен сени сүйөм!
2367 абоненти

6120. Гени бузулуп бараткан эл болсок да, генералга бай өлкө Кыргызстан!
7545 абоненти

6121. Татынакай кыздардын намысына шек келтирген кыргыздын кээ бир салттары мага жакпады. Жапайылык деп түшүнөм. Андан сырткары, тажия, тойлордо элден ашкан аш, шорпону ашка, шорпого кошуп элге бермейди токтотсоңор!
0956 абоненти

6122. Гүлалыны саят кулаалы, жарга барып жашынса.
Бүркүт

6123. Салам "Учур"! Мен кыз-келиндер менен таанышам. Маякка жооп бербейм. Таарынбагыла.
Тел: 0777-242-842

6124. Салам Лейлек району! Айылдагы аяш аваларга чоң салам!
2842 абоненти

6125. Урматтуу "Учур" гезити! Силердин кесиптешиңер болгон "Алиби", "Фабула" газеталарын ооздуктабаса чектен чыгып баратат. Себеби, трайбалист журналисттер чогулуп алып, Түндүк-Түштүк маселесин козгогон, ачык эле чагымчы макалаларды жазып жатышат. Кой деп койгулачы!
Баргы

6126. Кыргыз элине кандай президент керек? Эч бир тууганы жок, балдары үйдө чоңойгон акылдуу, өзү импотент эркек!
Зина

6127. "Ата-Журт" Бакиев атасын жутуп алган. Алардын түбөлүгү жок. Эми кийинки атаңар болгон Ташиевди жутасыңар! Абайлагыла!
8923 абоненти

6128. Ошко Закиржан Бакиев "президент болом" деп барганда, Оштун эли кууп чыкты. Азаматсыңар! Кыргыз эли Бакиевдерге алданбайлы.
Баха

6129. Оо "Учур"! Сен жеңип чыкчы базарчынын гезитин. Мааниси жок, сөзү арзан суперге кезиктим. Ырчы-чоорчу, ушактары жүйөөсүз, материалдары супсак, гезиттердин баркын түшүрүп атат.
9095 абоненти

6130. Ала-Тоону жаңыртып, араб тилде айкырып, аялдар салам алейкум, эркектер валеку салам деп, жатамын ага кайгырып. Кыргызча кылып табынсак, Жараткан укпай койбойбу?
Теңирчи

6131. Акаевди антаңдатып качырдык, Бакиевди тамтаңдатып качырдык. Бул экөөнүн таманынан өпкөндөр, аял ханга жагынганы катындык!
Кутман

6132. Канча адам "калк үчүн" деп атылдык, канча жолу алдандык, биз сатылдык. Бакиевге байпак болгон эркектер, "эл үчүн мен иштейм" деши катындык!
Кутман

6133. Жантөрө! ЭлТРдеги "Эл кеңеш" берүүсүндө "азыркы курулуп аткан жер үйлөр шаардын көркүн бузбайбы?" десе, сен болсо минтип айтып жатасың: "Ош шаарында 75 миңдей жер үйлөр бар. Биз куруп жаткан 750 үй шаардын көркүн эч кандай бузбайт" дедиң. Сен эмне, Ош шаарын аралаганда көзүңдү жумуп алып жүрөсүңбү? Ош шаарынын көркүн, анын ичинде борбордук бөлүгүн, бири-бирине туташкан жер үйлөр бузуп жатат. Муну эсиңден чыгарба, Жантөрө!
Эмил

6134. Жапаровбу паспорт деген койлорго? Жүнү сообу бийлеп берген тойлордо? Буларга да кезек келет шашпасын, жаз келсинчи, айдаш керек тоолорго!
0088 абоненти

6135. Баратабыз кай жакка, кай тарапка? А биз жаштар чачырадык ар тарапка. Таштай албай үйлөрүн өзү курган, ата-энелер калды окшойт айыл жакта!
0088 абоненти

6136. Тоону сатат көнгөндөр, бир кыргызды 150гө бөлгөндөр. Арбактары урбай койду буларды, 7синде жер кучактап өлгөндөр!
4008 абоненти

6137. 175-маршрутканы айдаган Алтынбек мырзаны 23-февраль майрамы менен куттуктайм. Мага жигиттик мүнөзүң жагат.
4512 абоненти

6138. Чолпон-Ата менен Бостеринин ортосунда жайгашкан Хутордо 6 сотых жер сатылат. Жол боюнда. Баасы ынандырарлык. Аны чалсаңар сүйлөшөбүз.
Тел: 0555-77-58-87

6139. Урматтуу Алмаз Атамбаев! Сиз президент болчу адамсыз. Өткөндө "күйүүчү майдын баасын төмөндөтөм" деп сөз бердиңиз эле, ал иш оңунан чыкты. Эми жөн эле 5 миң сом акчаны капчыгыңызга салып алып, Ош базарын кыдырып, тамак-аш алыңыз. Анан ошо азык-түлүк менен үйбүлөңүз канча күн жашайт экен?..
Куке

6140. Чоңдор жүрөт жер талашып, кырылышып, суурулушуп, жакалашып. Ушуларга чын жүрөктөн кааларым, өлсөңөр да жаткыла көр талашып!
Кайдыгер

6141. Элмира Кайып кызы! Кайсы кайненең жөнүндө айтып жатасың? Сенде кайнене барбы? Калпты да чени менен сүйлөчү. Күйөөң деле сени жакшы тарбиялабаптыр да.
Кочкорлук

6142. Урматтуу аяштарым Ырысбай, Таалай, Канат, Алмаз, Жанболот, жолдошум Молдоосун! Силерди Мекенди коргоо күнү болгон 23-февралыңар менен кызуу куттуктайм! Аман-эсен бар болгула!
Асыл

6143. Салам "Учур" гезити! Тамашоу теле-долбоорундагы командаларга ысык салам жолдойм. Силер суперсиңер. Мен силерди сүйөм!
Низа

6144. Бөрү, Камчынын баатыр чыкканына ичиң күйүп жатабы? Сендейлердин колунан келбегени июнь айындагы Түштүк жергесиндеги каргашалуу окуяда белгилүү болду. Баатыр боло албайсыңбы, мактанба!
Бек, Сокулук

6145. Кыргызстанда 70% адамдар "Ата-Журтту" колдойт. Анан кантип кууп чыгат? Жанагы Памир Алай, Нарындык кыз, көлдүк периште, Динара дегендер калп эле алдап атасыңар. Силерди мен тааныйт болушум керек. Текебаевдин айылдаштары окшойсуңар?
Акмандык жигит

6146. 5765 абоненти, ичиңдин баары арам окшойт. Неге мынча кара ниетсиң? Же "Ата-Журт" эжеңди чанып кеттиби? Колуңардан эч нерсе келбейт.
Темир, Нарын

6147. Төлөйкан Исмаилова, сиз Мелис Мырзакматовго шек келтирбеңиз. Ал Оштун жүрөгү. Сиздин гумжардамыңыз Ош элинин кан жуткан күйүтүн жеңилдете албайт!
3441 абоненти

6148. Апам "көпүрө бол" деп айткан, бирок, ал сөзүнөн бат кайткан. Эми кантип ишенебиз биз сизге? Же апаңыз дагы эмне деп айткан?
Кутман

6149. Салам "Учур"! Сиздер эң мыкты гезитсиңер. "Ата-эне кызды бирөөгө бериш үчүн багабы?" деген темада сүйлөшөлү. СМС жазгыла. Кимде кандай ой-пикир бар?
Мерикей

6150. Сабыр Муканбетов деген жазмакер, сиздин акыл-эсиңиз жайындабы? "Оштуктарды кубалап, Таш-Көмүргө пост курат имиш". Ушундай дөөдүрөктү чыгара бересиңерби? Бул деген согушка чакыруу. Элди бөлүп -жаруу, бир сөз менен айтканда, бул адамга бир нерсе жетишпейт. Жазса кичине ойлонуп жазбайбы? Эми ойлоп көр. Чүйдүн 40 пайызын Түштүктүктөр түзөт. Анан, аларды кууп, кыргын салат имиш. Анан алар качат экен. Эй журналист, кичине Кудайды карап жазсаң боло, жазат десе эле жаза бербей. Сен ойлонгондой, эл экиге бөлүнбөй эле жакшынакай бир үйбүлөдөй жашап жатат. "Учур" газетасы мындай ашыкча кетип аткандарды карап койсоңор. Деги эле Түндүк-Түштүк деп улунуп-жулуна берген журналисттердики өтүп кетти.
Самайбек

6151. Салам "Учур"! Кыргыз улуту Кыргызстанда титулдук улут болуп эсептелет. Эгерде кыргыз кыздар аргасыздан башка улутка турмушка чыга берсе, улутка жаман залакасы тиет. Себеби, 20-30 жылда субэтнос пайда болот. Мен 30 кыз-келинди билем. Алар ажырашып, кайрадан турмуш кура албай жүрөт. Жүрөк ооруйт.
9251 абоненти

6152. Кыргыз элим биз колдогон жан. Өкмөт акчанын махабатына кирип алган окшойт. Элди унутуп, Кыргызтелекомду сатканы жатышат. Бирок, сатканга кыргыз эли каршы. Абайлайлы кыргыз калкым, өкмөт саткандан кайра тартпай калды өңдөнөт.
4091 абоненти

6153. 0429 абоненти, башкасын билбейм Абжалиев Алияр 20 жыл башкарса да Ош шаары алдыга чыкпайт. Ал кишинин билими жок, иш-тажрыйбасы төмөн, жөндөмү начар, принциби жок губернатордун элге кереги не? Андан көрө бардык жагынан төп келишкен, иштин майын чыгарган, ташты талкан кылган, темирдей тартипти, тазалыкты, тактыкты талап кылган, билим деңгээли жогору болгон, салык тармактарында үзүрлүү эмгектенген Абдалиев Кабыл Кушпаковичке окшогон эр-азаматтарды губернатор кылып шайласак жарашат. Элге акчалуулар эмес, билимдүүлөр кызмат кылсын деген оюмду жеткизгим келди сизге.
0046 абоненти

6154. Бөрү деген СМСчиге айткым келет. Маймыл, маймылга жакшы мүнөздөмө берет да. СМС жазбай, кыйын болсоң Түпкө жумурткадан жасаган амлетиңди көтөрүп бар. Маймылга окшоп жол карабай, Акүйгө барсаң, өзүң жасаган амлетиңди өзүңө кандай образдар менен тойгузганын билбей каласың. Ташиевдей эр жүрөк болуш үчүн, кайрадан Бөрү болуп төрөлүшүң керек. Сага окшогон амлет жасаган Бөрүлөрдүн не кереги бар Кыргызстанга?!
6004 абоненти

6155. 5765 абоненти, "Ата-Журт" 1 саатта качса, сен канча саат жыргайсың?.. Тамашаны жакшы көргөн неме окшойсуң?
4600 абоненти

6156. Ундун баасы былтыркыдан эки эсе кымбаттады. Калган майда-чүйдө азык-түлүк күндөн-күнгө кымбаттагандан кымбаттап баратат. Муну кимдер кымбаттатып атат? Жаңы өкмөтпү же эски өкмөтпү? Анан уялбай туруп, "ортомчулар кылып атат" дегенде жаның кашаят экен. Ошо ортомчуларга алы келбеген бийлик да бийликпи? Алы келбейби, "алым келбейт" деп, алы келе турганга кызматын өткөрүп берсин. Карапайым элге кыйын болду. Дагы эле жегичтердин арааны жүрүп жатат. Алар калган-каткан темир, таш, кум, арматура, кирпич, цемент, трактор деги койчу, көзүнө көрүнгөндүн баарын сугунуп жатат. Чындап эле 3-революция болот окшойт.
2680 абоненти

6157. Паракорлук кескин көбөйүүдө. Айрыкча сот тармактарында. Мындай жаман адаттан кантип арылабыз? Адвокаттардын жоопкерчилигин ким көзөмөлдөйт? Алар өздөрүнүн ишке тиешелүү кагаздарын жок кылып жибергенде, кылмышка же жазага тартылабы?
0046 абоненти

6158. Урматтуу Курманбек Салиевич! Сиз кыргыз элинин сыймыгы болчусуз. Сиз барда биз мынчалык кыйналган эмеспиз. Кымбатчылык мынчалык болгон эмес. Сиз кеткенден кийин Кыргызстандан береке учту. Качан келесиз? Кийинки президенттик шайлоого талапкерлигиңизди койсоңуз, мен сиз үчүн добуш берем. Бирок, бир туугандарыңызды калтырып келиңиз. Бул жакта аларды "камайбыз" деп атышат. Баса, ден соолугуңуз кантип калды. Табарсыктын кай жерде жайгашканын таанып калсаңыз керек. Себеби, сизди "табарсыгы бош, памперс колдонот" деп айтып жүрүшкөн. Азыр кайсы мамлекетте жүрөсүз? Өткөндө "Белорусиядан кетиптир" деген да сөз угуп калдык. Эгер эч ким батырбай атса, ээгиңизге чокчо сакал жармаштырып, чекарадан өтсөңүз, мени менен байланышыңыз. Биздин үйдө сиз үчүн орун бар. Эч болбоду дегенде, биздин үйгө президент болосуз. Мен ага гарантия берем. Себеби, экөөбүз гана жашайбыз.
1727 абоненти

6159. Кубат иним, кечки "Азаттыктан" Жылдыз сага "менин тилимди кычыштырып койсоң, укмуш сөздөр чыгат" деди. Андыктан "ата-журтчулардын" эч жерин кычыштырбай эле койгулачы. Алардын тое турган түрлөрү жок.
Рахатбек

6160. "Учур", эмне үчүн Келдибеков, Ташиев, Мырзакматовду каралап жатасыңар? Же ошолорду каралай турган гезитпи? Эмне үчүн Текебаевди каралабайсыңар? Аны деле жамандап жазсаңар болот да. Анын кемчилиги жок дейсиңерби?
1678 абоненти

6161. Курманжан датканын атын жамынып, ар кайсы чоңдордун эшигин тээп кирип барып, далай иштерди бүткөрүп жүргөнүн эчак билебиз. Ал кишиге качан сурак болот? Ушундай куу түлкүлөр парламентте отурса, кыргыз эли кантип оңолмок эле? Бирдеме дей электе актанып-айкырып, беттен алып, кайра кишини "ит" кылат. Асел Акматалиева азаматсың! Элдин оюн туура жазыпсың. Жакында буларга окшогондорду Акүйдөн айдап чыгабыз! Чыгыш керек!
Революционер, патриот

6162. Бакиевдин "куйруктары"! "Атамбаевди кууйбуз" деп ойлобогула жана убара болбогула! Бул адамдын ичинде кири жок, таза адам. Мага бул адам тууган же дос эмес. Калыстыгымды айтып атам. Үйбүлөлүк башкарууга каршы туруп, окко төшүбүздү бирге тосконбуз. Каныбыз менен келген бийликти, кайрадан бакиевчилерге белек кылып берип ийбейбиз. Биз кыргыздын чыныгы патриоттору дагы деле баарына даярбыз! Бийлик талашпай ушуга каниет кылгыла! Эл тынч жашасын десеңер.
3275 абоненти

6163. Жаңы Зеландия мамлекетинде 3 миллион калк жашайт. Бул аралда 70 млн. кой багышат. Карышкырдан кийин этти кыргыздар эмес, биздин чиновниктер, анан Жаңы Зеландия аралында жашаган адамдар жейт экен.
5777 абоненти

6164. 0429 абоненти, өзүңдү дагы президенттин жардамчысы кылып жазып албайсыңбы? Сен кураган бийлик бутактарынын ичинен Атамбаев менен Жекшенкуловду гана окшоштургансың. Калгандары сенин туугандарың болуш керек. Аларга өзүң кызмат таап бер.
Уланбатор

6165. Урматтуу "Учур" гезити! Сиздер мигранттардын турмушу, укугу тууралуу жазгылачы. Же биз мигранттар Кыргызстанга керегибиз жокпу? Алматынын патрулдары укмуштуудай кутурду. Кыргыздарды баса калып, колдорунун келишинче ыза кылышат. Шылдыңдашат. Биздин бир үмүтүбүз Атамбаевде. Соода кылганга уруксат алып бериңизчи?!
Мигрант

6166. Урматтуу президент, премьер-министр, ИИМдин башчысы Рысалиев! Сиз рэкеттерди кармап, туура кылып жатасыз. Бирок, булардын тамыры кенен жайылып кеткен. Жада калса бир учу парламентте экенин унутпаңыз! "Ата-Журт", "Республика", "Ар-намыс" партияларынын ичинде отурушат. Ошолорду да тазалаш керек. Эл силердин иш-чараңарды толугу менен колдойт. Коркпогула!
0400 абоненти

6167. 5765 абоненти, "Ата-Журт" партиясына асылба! Керек болсо, элдин көйгөйүн жалгыз "Ата-Журт" партиясы гана ойлойт. Сен жиндилерге окшобой, жөн жүргүн! Болбосо менден бирди көрөсүң!
4502 абоненти

6168. Аликбек Жекшенкулов! Мен сизди мыкты саясатчы деп билем. Аныңыз жакында билинет. Биздин жигиттер сиз менен сыймыктанышат!
Тарамыш

6169. Элмурза аке, Гүлнур жеңем Америкадан эмне белек апкелиптир? Билсек болобу? Кызыкдармын. А сиз аэропорттон тосуп алдыңызбы?
Күйөрман

6170. Элмурза аке, сизди соттоп атышты эле. Аягы эмне болот? Мен сизди жакшы көрөм. Чынында эле акылдуусуз, баатырсыз, айкөлсүз! Эмне үчүн ушундай жакшы сапаттарыңызды кыргыз эли колдонбой жатышат. Деги эртерээк эле акталып чыксаңыз жакшы болмок!
Күйөрман

6171. Роза Отунбаеванын муз тепкенин биринчи жолу теледен көрдүм. Ирина Роднина деген орустун фигуристка кызын элестеттим. Мына, ажодон үлгү алгыла. Жанында жүргөн спорт-чиновниктери эмне үчүн муз тебишкен жок? Алардын андай шыктары өрчүгөн эмеспи?
7320 абоненти

6172. Өмүрбек Текебаев ага, президенттикке талапкерлигиңизди коюңуз! Сиз жеңесиз. Биз сизди колдойбуз. "Сүткө күйгөн, айранды үйлөп ичет" дейт. Анын сыңары, башка кандидаттын акчасынын да, өзүнүн да кереги жок. Биз сизди гана шайлайбыз. Сиз Кыргызстандын президенти болууга татыктуусуз!
1298 абоненти

6173. Теледен "иттерди аттырабыз" дегенди көрүп, кошунам экөөбүз аябай капа болдук. Бирок, иши жок отурганда, иттерди союп сатсаң деле чоң жумуш эмеспи. Мобу ит заманда.
Күйдүмчок

6174. Нарындык кыз, сен кагазга ороп сүйлөсөң боло. Оозум бар деп, ойду-тоону сүйлөй бербей. Кыздын кыздай эле болгону дурус го?!
5238 абоненти

6175. "Керемет көчтү" кайта-кайта көрсөткөндүн себеби болсо керек. Мүмкүн Кубат Оторбаев чоңдорго жагынып аткандыр. Мисалы, Акылай - Отунбаева, Актан - Атамбаев, такай - Бабанов дегендей.
Айбек

6176. Төлөйкан Исмаилова, сендей уяты жок аял кыргызда экөө эле. Экинчиси Абдрасулова. Мелис Мырзакматовго тийишпегин. Ал элдин уулу. Жашым элүүдө болсо да, Мелис үчүн өлүмгө эне катары даярмын. Сен Ошко кел. Атайын сага деп уксус алып койгом. Аны болсо колдонгонго мен жардам берем. Ющенкого окшош болуп калсың.
Ажар

6177. Т.Исмаилова Ж.Сатыбалдиев менен бир тууганбы? Экөө тең балык же эт эместерден. С.Жээнбековду бир тууган кылып алышсынчы!
Айко

6178. Казармандык Абдыбековдорго жана Токобаевдерге салам жолдойм. Ошону менен бирге Токтогулова Бегайымды 25-февраль туулган күнү менен куттуктайм. 17 жашка келдиң. Дүйнөдөгү эң сулуу кыздардан бол. Ден соолуктуу, ыймандуу, билимдүү, болууга умтул.
4414 абоненти

6179. Эгер Жетим-Тоону Кытайга берсеңер, 3-революция точно болот. Революциядан коркпосоңор да элдин каргышынан корккула. Ал силерди жөн жаткырбайт. Ишенбесеңер далил катары айта кетейин. Акаев, Бакиевдер өз убагында элден коркушкан эмес. Коркпогон үчүн жанагындай кадамдарга барышкан. Ошол учурда элдин каргышынын таасири кандай экенин көрүп жатасыңар. Мекени жок цыган, лөлүлөргө окшоп, элине келе албай жүрүшөт. "Жериңдин, элиңдин тузу урсун" деген каргыштан корккула! Кытайдын темир жолуна эч ким таңсык болгон жок.
5184 абоненти

6180. Урматтуу СМСчилер! Келгиле, биз да чогулуп, коом түзөлү. Жаңы идеяларды, ойлорду айтып, кыргыз эли үчүн керектүү иштерди жасайлы. Кандай дедиңер?
Жалил

6181. Кыргызстанга президенттик үлгүдөгү башкаруу керек экенин өзүңөр көрүп атасыңар. Парламенттик башкарууну кыргыздар өздөштүргүчө, жердешчилик, тууганчылык болуп, такыр ит акмагыбыз чыгып кетмей болду. Бирок, президенттик башкарууда да ажону көзөмөл кыла турган күч керек. Антпесе, Акаев, Бакиевдер вампир болуп кетишти да.
Жек

6182. Араб менен еврейлер Ибрагим (Авраам) абышканын балдары. Алардын чырына Манастын урпактарын эмнеге аралаштырышат? Авраамдын балдары тынчыса, дүйнө эли тынчыйт.
3950 абоненти

6183. Бизге коркпогон, улутчул, мекенчил президент буюрбайт окшойт. Себеби, жер-суунун аттарын да которуштан коркуп, Москванын көзүн карашат. Качанкыга чейин ошо жакты карап жашайбыз? Аларсыз биздин күн өтпөй калганбы? Тескерисинче, Орусияга курч мүнөзүбүздү көрсөтүшүбүз керек эле. Ошондо гана биз менен эсептешип жашашмак.
7171 абоненти

6184. Талас шаарындагы №4 орто мектебинин 10 "а" классына чоң салам! Ар дайым бактылуу болгула!
Айбек Азранов

6185. Жакында Коалиция кулайт. Мекенибиз тынч болбойт. Мунун баарын Бакиевдин "куйруктары" жасайт. Ошон үчүн карапайым элдерден суранычым, сиздер сабырдуу болуп, чагымчыл күчтөрдүн иш-аракеттерине кайдыгер карап, токтоолук менен иш алып баргыла.
Эркин

6186. Атамбаевдин жардамчысы Икрам, сен катуу өзгөрдүң! Жерге түш! А болбосо Максимдин кейпин кийесиң, кичине жөнөкөй болуп жүрсөң?! Финансы, кадр иштерине катуу киришип кеттиң го...
0512 абоненти

6187. "Баракелде" сайтынын редактору Наргиза Мансурова азамат кыз экен! Бир жылда "Баракелдени" популярдуу кылып койду. Ийгилик каалайм!
8344 абоненти

6188. Депутат Канатбек Исаевди өлкөнүн президенти кылыш керек! Ушундай азамат жаштарды колдойлу?!
Нура

6189. Сабыр Муканбетов деген журналист Кыргызстанды Түндүк-Түштүккө бөлгөн жок. А бөлүнгөндөрдү жазды, "сабак алгыла" деген мааниде...
Бектур, Ош

6190. "Учур" гезитинин жалпы жамаатында иштеп жаткан эркектерди 23-февраль майрам күнү менен куттуктайм! Бактылуу, таалайлуу болуп, узун өмүр сүргүлө! Калемиңер курч, өзүңөр абройлуу болуп, элдин мүдөөсүн ойлогон жакшы гезиттерден боло бергиле!
2680 абоненти

6191. Ат-Башыдагы "Плаза" ресторанында иштеген Гүлбахар, "Учур" гезитинин СМС номерине телефонуңду жазып ийчи. Бул билдирүүнү окуган Гүлбахардын тааныштары, ага билдирип койгулачы сураныч.
Бегимай