Эки кызын бир күндө төрөгөн ырчы
23-февраль мырзалардын майрамында Жылдыз Тутуева жолдошуна баалуу белек ыйгарып, кайын-журтуна майрамдык дасторкон жайды. Акыркы убакта ырчы чыгармачылыкка катуу киришпегени менен жеке жашоосунда жаңылыктар көп экен. Улуу кызы Ранелядан кийин Аэлита аттуу кыздуу болуп, учурда декреттик эс алууда. Кызыгы, эки айга толгон Аэлита, эжеси Ранелянын туулган күнүндө төрөлгөнүн карабайсызбы (?). Кыздардын өмүрү узун болсун дейли.


Азат менен ЖанЭл үйлөнбөйт
Акыркы убакта жаш ырчы Азат Болотбек менен ЖанЭл тууралуу ар кандай кептер айтылып жүрөт. Айрым гезиттер "жакында Азат менен ЖанЭл үйлөнөт экен. Атургай, кыз-жигиттер үйлөнүү тойго даярдык көрүп атышат" деп жазышты. Бул маалыматты тактаганыбызда, Азат мырза "ЖанЭл экөөбүз чыгармачылыкта доспуз. Ал менин клибиме тартылган. Ошондон улам мындай кептер тарап кетти" деп актанды. Эмнеси болсо да, эки жашка ийгилик каалап коелу.


Гүлнарадан "Ыйык сезим"
Эстрада ырчыларынын "Баатыр энеси" Гүлнара Кахарованын үйү балдардын күлкүсүнө толгон. "Мен балдарым менен бактылуумун, менин байлыгым - балдарым" деп бала-чакасы, бактылуу турмушу менен сыймыктанып келген Гүлнара айым "балдарды сүйгөн эненин сезиминде чек жок, балдар башкача сезим тартуулайт" деген мазмунду камтыган "Ыйык сезим" аттуу жаңы ыр жаздырды. Репертуарын ар кандай темада жаңылап аткан ырчы, учурда март айында боло турган жеке концертине даярдык көрүүдө.


Мирлан Жетигенов "Сейтекти" жакшы көрөт
"Ырчы Мирлан Жетигенов көрүнбөй кайда кеткен?" десеңиз, ал Бишкекте эле. Элдин жакшылык-тойлорун башкарып, тамада болуп жүрөт. Бөлөк ырчыларга окшоп, өзүн "пиар" кылып, афишасын көчөлөргө чаптабастан, "Сейтек" өспүрүмдөр борборуна концерт өткөрөт. Бир жагынан Мирлан мырзаныкы туура окшойт. Себеби, ашыкча чыгым коротуп, убара болбойт. Жакында эле аталган борбордо отчеттук концертин берген Мирлан мырза учурда капчыгын кампайтып, эс алып атат. Себеби, концерттин билеттери бир ай мурда сатылгандыктан, залга эл батпай аншлаг болгон. Ал күнү ырчыны куттуктап, 20 жылдан бери көрө элек классташтары келгени кызык...


"Устаттан шакирт өтөт" дечү беле?..
Шаңдуу ырлары менен эл оозуна алынып калган "Кеңеш" тобу буга чейин жаш таланттарды көлөкөдө багып келген. Эми аларды эл алдына чыгарчу кез келиптир. Тактап айтсак, "Кеңештин" жетекчиси Мүзүр Мамбетов өзүнүн шакирттери: Бекен менен Астра айымга колдоо көрсөтүп, "Бекас" деген жаңы топ түздү. "Быссымылда" дегенде эле топтун саамалыгы "Тагдыр тузагы" деген чыгарма болду. Минтип, чыгармачылыкка баш-оту менен берилген устат жана шакирттердин эмгегине жакында күбө болосуздар.


Аваз продюсеринен тажадыбы?
Жаш ырчылардын чаңында калбай, эмгектенип келаткан Аваз Акимов мындан кийин продюсерсиз иш кылат. Эркиндикке көнүп калган ырчы экс-продюсери Канат Кадыржандын талаптарына чыдабай кол үзгөнүн айтат. Андан сырткары, ырчы буга чейин жалаң кыздарга арнап, "Кошуна кыз", "Гүл кыз", "Айганыш" деп ырдаса, эми келе жаткан айымдардын майрамына белек кылып, "Апаке" аттуу жаңы ыр жаздырып атканын кошумчалайт.


Элмирбек наам алды
"Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев төкмө акын гана эмес, кошокчу, дастанчы, обончу, "Айтыш" коомунун устаты катары белгилүү. "Иштесең тиштейсиң" дегендей, жакында эле төкмө акындын эмгеги бааланып, кыргыз маданиятына кошкон зор салымы үчүн Маданият министрлиги тарабынан КРнын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылды. Эл үчүн кызмат кылып, чоң жоопкерчиликти моюнга алган өнөр адамдарынын эмгеги минтип бааланып турса, сүйүнөт экенсиң.


Айнура Касымова