Кыргыз гезиттери



  КАРЫШКЫР САЙ

Калпычы генералдар

Өлкөдө кылмыштуулукка каршы катуу күрөш башталды. Республика боюнча 70ке жакын кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлдөрүнүн камакка алынышы коомчулуктун катуу колдоосуна ээ болуп, укук коргоо органдарынын духун көтөрүүдө. Эгемендик алгандан бери эки бийлик менен тең тил табышып, коомго мите курттай илешкен кримчөйрө бүгүнкү бийликтен "крыша" таба албай, Көлбаев, Анапияев деген анабашылары куйругун түйүп, калгандары чилче тарап, чээнге кирип кетти.

Эгемендик алгандан берки жаңы тарыхыбызда, министрлер турмак президентке чейин аянтта, Рысбек Акматбаевдин астында бөйпөлөңдөгөнү алигиче көз алдыбызда. Азыркыга чейин эле укук коргоо кызматтарынын дээрлик көпчүлүк жетекчилери өз башын, үйбүлөсүн, эртеңкисин ойлоп, кылмышкерлерге тиш салууну мындай кой эптеп, табакташ болгонго аракеттенип жүрүшкөнү жалпы журтка эчак маалым. Чындыгында эле коррупцияга белчесинен баткан өлкөдө кылмышкерлер өтө эле тайралаңдап, керек болсо, акчанын жардамы менен укук коргоо органдарына өз кишилерин дайындап жатса кантесиң? Албетте, "эртең кызматтан алып салса, мени, үйбүлөмдү ким коргойт?" дейсиң да. Анан эми минтип көнүмүшкө айланып калган мыйзам ченемдүүлүктү бузуп, кылмыштуу дүйнөгө согуш ачкан ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиевдин жоругун кандай түшүнүүбүз керек? "Жаңы шыпыргынын" чечкиндүү кадамдары чындыгында эле буга чейин болуп көрбөгөндөй тобокелчиликти, көзү жок баатырдыкты элестетип, шыпыргы эмес эле "химчисткага" айланып бара жаткандай. З.Рысалиев эмнесине ишенип согушка аттанууда? Эмне анын бала-бакырасы, үйбүлөсү, эч кандай коркок билиш кылчу жагдайы жокпу? Албетте, бар. Биздин оюбузча, биринчиден, ал бийликтин кылмыштуулукту жоюу боюнча бекем чечимине, саясый эркине ишенгени үчүн экинчиден, өз элине адилеттүү, бакубат коом каалаганы үчүн орустар айтмакчы, "если не я, то кто" деген деңгээлге жетип, ЧОҢ КАЗАТКА аттангандай. Анысы го жакшы, а эртең эле, ошол бүгүнкү бийлик башындагылар айнып кетсе кантет, анда кандай болот (?) деген суроо да жок эмес.
Ошентип, эртең биз ишеним артып жаткан А.Атамбаевдин коалициясы бузулуп, жаңы өкмөт куралып, азыр кыйналып жаткансыган "атажуртчулар" жаңы макамга ээ болсо кантет? "Кечээги карызыңдан кутул", маанисинде криминалга кайрадан шанс берилип, таз кейпибизге кетпейбизби? Эмне мындай жагдай элдин "адилет коом" куруу үчүн болгон далалатынын мизин кайтарып, элди артка чегиндиреби? Жок, андай болушу эч мүмкүн эмес. Феликс Кулов дагы ушул жарым криминалдык системанын запкысын чегип, К.Бакиев борбордук аянтта Р.Акматбаев менен келишип жатканда өлүм менен өмүрдүн ортосунда турганын унутпас. Андыктан, жаңы коалиция түзүлүп, А.Атамбаев бийликтен четтетилген күндө дагы, кандай коалиция түзүлбөсүн "криминалга каршы күрөш басаңдабайт" деп айтууга негиз бар. Себеби, аны коом каалап, коом талап кылып турат.
Андыктан, бүгүнкү согуштун арты эмне менен бүткөнүнө карабастан, кандай деген күндө да "Зарылбек баатырдын" XXI кылымдын башындагы эрдиги, аңызга айлануусу турган иш. Албетте, Кыргызстан деген мамлекет сакталып калса десеңиз? Анткени, буга чейин, кылмыш дүйнөсүнө кол салуу, азыркыдай ачык, тикелей жүргүзүлбөгөнү белгилүү эмеспи. А эгерде коалиция кайрадан түзүлүп, криминалга жалтактай турган бийлик орносо, бүгүнкү күндүн баатырлары кантет (?) деген суроонун жообу барбы? Бар! Алар андайга батынбайт. Зарылбек баатырды эли-жери коргойт, ал жаңы лидер катары элине кызмат кыла берет. Аны эли колдойт, жаштар колдойт, биз ММК өкүлдөрү колдоого алабыз. Ошону билишсин, бийлейм дегендер! Айтор, "мактаган кыз тойдо осурат" дегендей болуп, Зарылбек Рысалиев "калпычы генералдардын" катарына кошулуп калбаса экен деген кеп да.

Сабыр МУКАНБЕТОВ




Мирбек СЭЗди кыйратпайт эй!
Бишкектеги эркин экономикалык аймакка Ысык-Көлдүн мурунку губернатору Мирбек Асанакунов келди. Мирбек мырзаны тажрыйбасы жок жетекчи катары билебиз. Губернатор болуп турганда дагы ири областты көтөрүп, "жарк" эткен иштерди жасаганын көрбөптүрбүз. Анан бул стратегиялык аймакты мындай жетекчинин колуна салып берүү кооптуу эмеспи? Мындай жооптуу ишкана башына тажрыйбалуу Амангелди Муралиев, Эсенгул Өмүралиев, Турсунбек Чыңгышев, Бакыт Иманалиев сыяктуу иштин жөнүн билген, кыраакы инсандарга келсе болмок.


Ишенгибиз келет...
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди каралоо үчүн Бакиевдин бийлиги эмнелерди гана кылбады? Порно-морно видеолорду алып чыгып, болушунча шыбаганга аракет кылышкан. Азыр Бакиевдин бийлиги жок. Бирок, youtube.com сайтында бул видео дале илинип турганы неси? Аталган сайтта премьер-министр Алмазбек Атамбаевди ырчы кыз Юлия Руцкаяга жабыштырып, каралаган видео дагы илинип турат. Мамлекеттин абройлуу саясый ишмерлерин ушунакай мааниде көрсөтүп атканы "кыргызмын" дегендерди намыстантып, чыйралтып атат. Себеби, биз Өмүрбек Чиркешович менен Алмазбек Шаршеновичтин таза инсандар экенине ишенгибиз келет...


Карагыла, Көмүскө өкмөткө кимдер талапкер?
Кыргызстанда Көмүскө өкмөт түзүлдү. Негизи бул өкмөттү парламенттеги оппозиция түзүп, расмий өкмөткө атаандаштыкты жаратышы керек болчу. ЖКдагы оппозициялык партиялар "Ата Мекен" менен "Ар-намыс" саясый оюндардан арыла албай, бул вазыйпаны аткара алышкан эмес. Ошондуктан, бул демилгени Улуттук конгресс колго алып, көмүскө өкмөттү түзүп чыкты. Альтернативдүү премьер-министр Аликбек Жекшенкулов болсо, альтернативдүү ЖК спикерлигине Муктар Өмүракунов шайланды. Көмүскө өкмөттүн мүчөлөрү сынак менен кабыл алынат. Мисалы, Көмүскө өкмөттөгү министрликтерге төмөнкү саясатчылар талапкерлигин коюшу мүмкүн, булар: Акылбек Усупбаев, Керим Турапов, Кубанычбек Кадыров, Азиз Турсунбаев, Темирбек Курманбеков, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Алманбет Шыкмаматов, Мелис Эшимканов, Өмүрбек Суваналиев, Осмонакун Ибраимов, Сабыр Муканбетов, Адахан Мадумаров, Бакирдин Субанбеков, Элмурза Сатыбалдиев, Алманбет Матубраимов, Дастан Сарыгулов, Самей Четимбаев, Бегалы Наргозуев, Улугбек Ормонов, Рахат Ачылова, Чолпон Жакупова, Искендер Айдаралиев сыяктуу бир катар талапкерлер бар. Батыштын өнүккөн өлкөлөрүндө да ушундай көмүскө өкмөт түзүлүп, өздөрүнүн программа, идеяларын алып чыгып, расмий өкмөткө атаандаштыкты жаратат. Кайсы өкмөт жакшы иштеп атканына эл өзү баа берип алат.


П.Рахмановго кылмыш иши козголду
Башпрокуратура мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигин жетектеп турган учурда "кызмат абалынан пайдаланган", "ишенип тапшырылган мүлккө кол салган" деген фактылар боюнча Пайзуллабек Рахмановго кылмыш ишин козгоду. Маалыматка караганда, аны менен кошо Мамлекеттик материалдык резерв фондунун башчысы Үсөнакун Жусуповго жана анын орун басары Александр Шутка да кылмыш ачылды. Иш козгоого Балыкчыдагы "Ысык-Көл Дан-азык" ишканасына таандык имараттын жасалма документтер менен арзан баага сатылып кетиши негиз берген. Пайзуллабек Рахманов 2008-2010-жылдары мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигин жетектеп турган. Апрель окуясынан кийин ага Башкы прокуратура тарабынан издөө жарыяланган болчу.



кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика